АСАНБАЕВ Насыпбек: НАСЫПБЕК АСАНБАЕВ: «СЫЙПАЛАМА ЭКРАН»

Сатира

Заңгыраган бөлмө ичинде отурушуптур. Ортодо китеп-журналдар чачылган стол турат. Төрдө Аскар Акаев адатынча жадырай күлүп бир нерселерди сүйлөп аткандай. Жанында болсо адамды тымызын сынай тиктеген Майрам Акаева. Экөөнүн тике маңдайында Алтынбек өзү отурат. Эмнени сүйлөшүп аткандары эсинде жок. Аңгыча эле Алтынбек чөнтөгүнөн талпыйган сыйпалама телефонун сууруп чыгып, чукулап калды. Баятан унчукпай отурган Майрам ушул жерден кепке аралашты.

— Алтынбек Сулайманов, телефонуң сонун го тим эле, — суктанганы же какшыктаганы белгисиз.

«Албетте сонун болот да» деди берки ичинен. Бирок сыртынан анысын билдирген жок.

— Ооба, бул азыр бизде мода, — деп койду саал жыйлмайып.

— Койчу, силерге эми араң жеттиби мындай? – Майрам таңыркай сурады. Бирок беркинин жооп беришин күткөн да жок. Шып этип ордунан туруп, — Азыр бизде кандай мода экенин көрсөтөйүнбү? – деди.

 

Алтынбек эмнени көрсөтөр экен дегенсип тигини жалдырай карады. Майрам адатынча шашылбай басып Акаевтин жанына барды да, анын чыкый жагын сөөмөйү менен акырын нукуду. Ошол замат күйөөсүнүн жалтыраган башынан кадимкидей экран пайда болуп, андан катар тизилген тогуз чекит чыга келди. Майрам тогуз чекиттин үстүнөн бири-бирин туташтырган сызык чийип койду эле, кудум сыйпалама телефондор коддон чыккандай жарк этип экран ачылды. Ооба, кудум эле телефондун экраны пайда болду. Менюсу турат, сааты турат, күнү турат, аба ырайы турат. Деги бүт баары.

Майрам Дүйшөновна Алтынбекке мактангандай жылмая карады да, кайра бурулуп Аскардын жалтыраган башындагы экранды чукулап иштей баштады. Мына, «ырлар» деген файлды ачып, бир ырды басты эле: анысы жаңырды. Кудай сакта! Майрам тандаган ырды Аскар Акаев тим эле келиштирип ырдап атат.

«Сагынганда бир келерсиң, /саргайганда бир келерсиң /Ала-Тоону көргөөнү» / – келиштире заңкылдагыдай болсо, оозуң ачылат. Андан кийин Майрам аны өчүрүп, башка ыр койду. Бул жолу Аскар «Ооруба жубайым, /бар болгун жудайымды» тытты. Андан кийин аны да токтотуп, сүрөттөрдү ачты. Жалтыраган баштан чакыйган сүрөт көрүнүп, оозу болсо алардын тарыхын айта баштады.

«1998-жыл. Резиденция. Оңдон солду карай Ельцин, Назарб…» Майрам сүрөттү шып эткизе сүрөттү жаап «Саясат» деген папканы ачты. Ичинде толтура видео файлдар жүрөт. Жаркылдаган шакеги бар манжасы менен бир файлды тандап, «плейди» басты. Күйөөсү эми эч жаңылбай саясат тууралуу сүйлөй баштады. Ушул жерден Алтынбек өзүн кармай албай калды:

— Укмуш! Баракелде сизге! Баракелде! Чын эле кыйын аял экенсиз! Бизде мындайга азырынча эч ким жетелек. Куттуктайм сизди! – тура калып колун сунду.

Бирок Майрам анын колун кармаганга шашылган жок. Бир саам таң кала карап турду да:

— Бизде эч ким жете элек дейсиңби? Сен эмне, башыңа мындай башкаруу коюла элек деп ойлойсуңбу? – деди.

Алтынбек эмне дээрин билбей, бир саам дабдырай түштү. Анан тамашалап атат деп ойлодубу:

— Коюңузчу, тамашаңызды! Кайдагы башкарууну айтасыз да, — деп башын кашылай ырсаңдай күлдү.

Анткени менен тигил аял бир да жылмайган жок.

— А бечара десе. Башындагы башкарууну билбей туруп мага ырсаңдап койот дагы, — деди мисирейип.

Муну укканда Алтынбек эмне дээрин билбей көзү алайды.

— Апкелчи башыңды, кодуңду ачып карап көрөйүн, — Алтынбекти карай колун сунду Майрам.

Алтынбектин жүрөгү оозуна кептеле түштү.

— Жок! Жок, тартыңыз колуңузду! Менде жок андай! Менде жок, — артты карай кеткенчиктеди.

Майраш болсо болбой эле колун сунуп келатты. Эми ал Алтынбекке тим эле кинодогу робот аялдай көрүндү. Ооба, анын көздөрү кадимкидей от чачып, сунган колу өзүн көздөй чубалып келатыптыр.

Бечара коркконунан башын баса калды:

— Жок! Менде жок андай! – Алтынбек кыйкырган бойдон артына бурулам дегенде: уйкусунан ойгонуп кетти.

Караса өзүнүн эле төшөгүндө башын мыкчып отуруптур. Оозу тим эле батташып кургап калган. «Өх-х» деди ошондо эсине келип. Башын бекем кучактаган колун алып ордуна жатмакчы болуп артына бурулду. Бирок ордуна жатмак тургай төшөгүнөн кантип чыга качканын да билбей калды. Көрсө, жанында жаткан аялын көрүп чочуп кетиптир бечара.

— Жаным, сага эмне болду? Эмне жаман түш көрдүңбү? — аялы жалооруй тигилди.

— Өхх! – деди Алтынбек дагы бир жолу. Эмне кылаарын билбей керебеттин кырына кайра отурду. Аялы жанагыдай эле мээримдүү сүйлөгөнчө акырын артына келип, үстүн жылуу жууркан менен жапты. Анан:

— Эмне башың ооруп атабы? Кармалап берейинби? – башын карай колун сунду.

— Жок! Кармаба! – деп кайра ордунан ыргып турду. Тим эле калчылдайт. — Башыма жолобо, акмак! Башыма жолобо! – башын кармаган бойдон артка кетенчиктеди.

Бир маалда жанында турган шкафты ача коюп, ичиндеги кийимдерди сапырып ыргытып, бирдемке издей баштады. Алгач колуна калың моюн орогучу тийди. Жалтыраган башына нары-бери орой салайын деди эле, анысы такыр эп келишпей койду. Эптеп оромуш болуп, шкафты кайра чача баштады. Акыры эки-үч жыл мурунку топусун тапты да, башындагы моюн орогучту жулуп ыргытып, анысын баса кийди. Аялын болсо такыр жылдырган жок. Ал кыймылдайын десе эле жин тийген немедей кыйкырып-өкүрүп, колуна тийген кийим-кечекти тоголоктоп ыргытып атты. Анын бул кылыгынан чочулаган аялы көзүн алайткан бойдон кыймылдабай отуруп берди.

Ошентип эптеп топусун кийген соң, колуна тийген кийимдерин ары-бери кийип, чуркаган бойдон эшикке чыга качты. «Өх-х» деди ошондо дагы бир жолу. Бирок эшикке чыкканы менен эмне кылып, кайда барышты билген жок. Бир чети жинди болуп атамбы деген да ой келди. Анткен менен кудум өңүндө болгондой таасир калтырган түшү анын жүрөгүн такыр тынчытпай койду. «Чын эле ошондой болсочу?» деген санаа басты аны. «Чын эле аялыбыз башыбызды сенсорный экран кылып, өзүбүздү телефондой башкарып алган болсочу?!»

Көз алдына ыр койсо ырдап, текст койсо шатырата окуп аткан Акаевдин элеси тартылды. Анын башындагы экранды эстегенде, коркконунан өз башын да сыйпалап жиберди. Жылтырайт. «Кой» деди ошондо. «Кантсе да аялыма жолобой алысыраак тура турайынчы. Балким өзүмө келермин» — туш келди басып кетти. Машинасына да отурган жок. Жөн эле көчө бойлоп баратты. Ак жайдын күнү башына топуну баса кийип алган немени жанынан өткөндүн баары таң кала карады. Алтынбек болсо алардын бирөөсүнө да маани берген жок. Башын салган бойдон дулдуңдап кете берди.

Бир маалда жол боюндагы зым карагайда жабышып турган жарнакка көзү түштү. Анда кайсы бир концертке чакырган Жамбыл Камчиевдин сүрөтү бакырайып илинип туруптур. «Во!» деп кудуңдап кетти заматта. «Ушуну барып аңдып көрөйүн. Балким бир шек шоораты билинээр» деген чечимге келди. Дароо такси тосуп, спорт сарайды карай чү койду.

Жамбылдардын бүгүн концерт койчу күнү болчу. Демек, ошол жерден тапмак аны. Ойлогондой эле Жамбылы спорт сарайдын ичинде жүрүптүр. Кадырлуу немени эч ким тоспой эле артистердин жанына киргизип ийди. Бирок бараарын барып алып, эмне дээрин билбей мукактанып туруп калды. Акыры айласы кеткенде Жамбылды өзүнчө бөлмөгө чакырып, байкатпай тамырын тартып көрмөй болду. Балээнин баары ушул жерден башталды. Аялы да жанынан калбай кошо жүрөт экен. Ал да кирип алса болобу. Жүрөгүн эзген суроонун жыйынтыгын билгиси келип шашып турган неме анын аялына карайбы, калп эле кобурамыш болуп барып Жамбылдын башын кармалап көрмөй болду. Чү дегенде эле кулактын үстүн, оң чыкыйды нукулап көрмөккө кол сунду. Бирок Жамбылың түшкүр азоо тайдай туйлап, башын чулгуп жиберди эле, колу чыкыйына эмес: саал ылдыйраак, кулагына тийип калды. Мына ошондон эле балээ башталды.

Жанатан бери беркинин түрүн байкап, чочулап турган аялы чаңырып-чаркырап эле ызы-чуу салып жиберди. Анан калса Жамбылы да тура калып, аялынын артына качты. Кыязы бу күлтүйгөн неме урганы келгенби деп коркту окшойт. Бир заматта сырттан кишилер кирип келип, бөлмөнүн ичи опур-топур болуп калды. Алтынбек эмне айтаарын билбей, чыкканча шашты. Анан эмне дейт эле бечара? Башыңа сенсорный экран коюлганбы деп сурайт беле? Эл дөөрүп калыптыр деп күлбөйбү. Гезиттен гезит койбой жазып чыгаар.

Ого бетер уялып калган неме спорт сарайдан чыкты да, туш келди жөнөдү. Караса, стадион тушуна келип калыптыр, бир саам тынч алып отура турмакка ошол жакка кирип кетти. Эч ким менен сүйлөшпөй, башын салган бойдон барып орундуктардын бирөөнө отурду. «Кап» деп өкүндү. «Жакшылап шылтоо таап кармасам болмок экен чыкыйын. Чочутпай кармап көрсөм болмок экен. Балким жарк этип экран чыга калар беле». Бир чети кайра кылган кылыгына уялып, өзүн тилдеди. «Түшүмө ишенип алган мен да бир келесоомун. Кантип эле башка экран койсун» деп өзүн-өзү жемеледи. Акыры ушул ой жеңип, жүрөгү аз да болсо ылдыйлап, мына кетем деп турганда дагы бир балээ көзүнө урунду.

Качан келгени белгисиз, жүз метрдей нарыраакта жүргөн бир жаш жигит менен бир жаш кызга көзү илинип калса болобу. Жанагы жигит кыздын бутуна башын коюп жатып алыптыр. Кыз болсо анын башын кармалап атабы, же чукулап атабы, айтор бир нерсе кылып атат. Жүрөгү шуу дей түштү. «Тигил тим эле настройкалап атат окшойт» деген ой мээсине заматта пайда болду. Алгач тура калып үйүн көздөй качмай болду. Бирок жана эртең менен «башың ооруп атабы» деп башын карай колун сунган аялын эстегенде, жүрөгү ого бетер лакылдай согуп, ордуна очорулуп калды. Эми кантиш керек? Эми кайда барат? Айла жок тигил экөөнө көзү кайра түштү. Тигине, жигит дагы эле былк этпей жатат. Кыз болсо башын чукулап… «Балким жөн эле башын укалап берип аткандыр» деп ойлонду бир маалда. Баса, ушундай ойлонушка өзүн-өзү мажбурлады ал. Эптеп өзүн соороткусу келди. Жанагы коркунучтуу ойлорду бүтүндөй кубалап, кутулууну самады. «Башынан бит карап атышы да мүмкүн» деп кошумчалап койду. Муну ачык эле күбүрөнүп сүйлөдү.

Акыры эптеп өзүн бир аз сооротконго жарады окшойт. Бир маалда жанынан өтүмүш болуп карап келмей болду. Акырын ордунан туруп үстүрөөк катарга өттү да, жыла басып тигилерди карай жөнөдү. Баятан кыз буга далысын салып отургандыктан, баланын баш жагы көрүнбөй эле турган болчу. Эми бир аз басса баары көрүнмөк. Бирок кашайып бул тилеги дагы ишке ашпады. Алаңдап бараткан неме катардагы тепкичтерди жаза басып алып дапа-дүп болуп мүдүрүлүп кетти. Аз жерден мээси менен столго тийе жаздап барып араң турду. Анткен менен өзү оңоло албай жатса да тигил экөөнөн көзүн алган жок. Тигине, күтүүсүз дабыштан чочуган кыз муну селт этип карады. Андан кийин жанатан сулк жаткан жигит да ордунан турду.

«Өхх» деди дагы бир жолу Алтынбек. Көрсө, тиги жигит буларга окшоп таз эмес экен. Ал тургай чачы кулагына жете чубалып жүрөт. «Ошентчи садага! Ошондой эле болсунчу» деп жымыңдады берки. «Чачы бар немеде кайдагы экран болсун? Деги эле адамдын башына кантип экран коюлсун?» деп тим эле энеси эркек төрөгөндөй сүйүндү. Ошол кудуңдаган боюнча сыртка чыга жөнөдү. Оюнда алгач жакшыраак бир кафеге кирип тамактанып алмай болуп баратты. Таң аткандан бери ачка жүргөнү эми араң эсине келди.

Ошентип, жакшы эле көңүлү көтөрүлүп бараткан. Ал тургай аялын жолотпой койгонун, Жамбылды коркутканын эстеп, тим эле өзүн кармай албай ырсаңдап да алган. Эми кебетеси өзүнчө бир укмуш. Башында баягы эле топу. Үстүндө бир аз оңо түшкөн футболка. Ылдый жагында кыры чыккан шым. Бутунда эртең менен жанталаша илип чыккан баласынын тапичкеси. Бирок муну капарына да алган жок. Жанагы баланын чачы бар экени анын төбөсүн көккө жеткирип койду. Анан калса шымынын чөнтөгүндө жүргөн намыяны да ага укмуш кубат берди. Курсагын кампайтыш керек да азыр… Бирок бул кургурдун кубанычы анча деле көпкө узаган жок. Бир заматта ындынын өчүрүп, шаабайын суута турган нерсе кудум аңдып турган кайрымактай өзүнө тартып алды.

Бул жолу анын жүрөгүнүн үшүн алган кадимки эле дүкөндүн витринасы болду. Дубалы бүтүндөй айнектелген дүкөндүн ичинде толмочураак келген кыз кеп куурчактарды тизип атыптыр. Жашабагыр бир аз кийинчерээк же жок дегенде бир аз мурдараак койсо эмне. Тим эле так ушул Алтынбектин өтүшүн күтүп турган немедей, так ушул жерге жеткенде куурчагын көтөрүп чыкканын карабайсыңбы. Башы өзүнүкүнөн бешбетер тасырайган куурчакты койду да, тим эле чыкчыя жарашкан кеп чачты кийгизип таштады кайран кыз. Кудум эле жанагы баланыкындай кулакка жеткен узун чачты кийгизди. Так эле ошол баланыкындай жылтырайт.

Көзү караңгылашып, мээси ымыр чымыр болуп кетти. Ары-бери өткөндөрдүн телефону көзгө урунду бир маалда. Тигине, бир жигит телефонунун сыртын чечип досуна берип атат. «Чехол» деди акырын күбүрөп. Анан «чачол» деди тиги кеп чачты карап. «Баштын чехолдору булар» деди артынан. Бир кезде аялынын «башыңа кеп чач кийип алчы» дегени эсине келди. Жүрөгү сайгылашып, дем алуусу кыйындап баратты. Теңселип баратканын сезип, бир бурчка барып отурмай болду. Бирок жеталган жок. Эңкейе бергени бир эсинде да, көзү караңгылап барып өчүп калды…

* * *
Эсине келип көзүн ачса, аялы маңдайында отуруптур. Айланасын карап ооруканада жатканын билди. Бирок качан, эмне болуп жатканын эстей алган жок. Ордунан турайын деди эле, аялы кайра жаткырып койду. Анан калса кандайдыр бир чубалган немелер да ар кайсы жерине сайылып туруптур. Айла жок кайра жатып калды. Эч нерсе эсинде жок экен. «Мейличи» деди ичинен. «Эптеп өзүмө келсем эстеп алаармын» деди. Аялынын жалооруй карап турганын көрүп, ичтейи эзилип элжиреп кетти. «Байкушум, мени кайтарып отурган тура. Азабыма да, тозогума да чыдаган ушуга рахмат» деп ойлонду. Бирок анысын ачык айткан жок. Кийин айтмай болду. «Сөзсүз ырахматымды айтып, ыраазычылыгымды билдирейин» деп өзүнө-өзү убада берди.

А аялы болсо телефонун чукулап, ватсаптан кимдир бирөөгө маалымат жиберип атты. «Ооба, хаккерлердин чабуулуна кабылыптыр. Азыр тазалаттым» деп жазды ал. «Сен да күйөөңдү абайла. Азыр мындай чабуул көп болуп атат. Уктап жатканда системаны талкалап атышат. Кайра койдуруш оңой акча эмес экен. Аз жерден күйөөмдү колдон чыгарып жибере жаздадым» деген жазуулар кайсы бир курбусуна багытталып атты. Баса, өзүнө келе албай жаткан Алтынбек баш жагына бир аял отуруп алып иштеп атканын байкаган жок. Ал болсо Алтынбектин жалтыраган башын ого бетер жаркылдатып турган сенсорный экранды тынымсыз баскылап, кандайдыр бир программа жүктөп атты.

Кыязы, оперативдик системаны жаңылап, хаккерлерге каршы коргонуу дубалын бекемдеп атты окшойт.

Насыпбек АСАНБАЕВ
26/10/2015