АСАНБАЕВ Насыпбек: Г.МАРКЕС: «КАРЫГАН, ӨТӨ КАРЫГАН КАЛДАЙГАН КАНАТТУУ КАРЫЯ»

Габриэл Гарсия МАРКЕС
КоторгонНасыпбек АСАНБАЕВ (18/01/2017)

АҢГЕМЕ

Үч күндөн бери тынымсыз куйган жаандан чаяндардын өлүгү үйгө жайнап кетти. Түнү менен табы көтөрүлүп кеткен наристеге кара тумоо жукпасын деп санааркаган Пелайо аларды ыргытыш үчүн көлкүлдөп баткака толгон короону кечип өтүп деңизди карай жөнөдү. Шейшемби күндөн бери дүйнө азалуудай тунжурайт. Асман менен деңиз күлгө окшош нерседен куралгансып турса, март айындагы жарыктын сапырылган күлмайдасындай жылтылдаган жээк кандайдыр балыр менен чириген үлүлдүн кабыкчаларынан кайнатылган боткого айлангансыйт. Түш чен экенине карабай күн нуру алсыз болгондуктан Пелайо деңизден келатып короонун тээ түпкүрүндө араң жан кыбырап, онтоп турган нерсени айра тааный албай кыйналды. Акыры жакындап келгенинде гана адам өткүс баткакта канчалык турам десе да тура албай көмкөрөсүнөн жаткан калдайган канаттуу карыяны көрдү. Зор куштукундай канаттары ага жолтоо болуп жатыптыр.

 

Үрөйү учкан Пелайо жүгүрүп барып ооруган баласына компресс коюп жаткан аялы Элисенданы жетелеп келди. Алгач экөөнүн тең жүрөгү болкулдап үн катпай карап калышты. Тигил тим эле кайырчыдай самтырап кийинип алыптыр. Өң-түсү жок бир тутам чачы жалтыраган башын араң жаап, дээрлик тиши жок муңайган чалдын аянычтуу абалы бүтүндөй улуулугун күбүп турду. Шалтактаган, самсаалап түлөгөн калдайган канаты биротоло баткака тыгылып калыптыр. Пелайо менен Элисенда аны бүт ынтаасын коюп тинте карап атып, аягында анча деле таң калбай, ал тургай кандайдыр бир мурдатан эле биле жүргөн сыпаттарын тапкандай болушту. Ошондо гана алар батынып бир нерселерди сурашты эле тиги буларга түшүнүксүз тилде, деңизчилердин үнүнө окшогон үн менен жооп кайтарды. Акыр аягында экөө анын канатын деле унутуп салды да, бул кайсы бир бороондо кырсыктаган чет элдик кемеден аман калган бирөө болсо керек деген чечимге келишти.
Бирок болгон-бүткөндү бүт билген билерман кошунасын бир көрүп коюуга чакырышты эле, ал бир карап туруп эле булардын пикирин жокко чыгарды.

— Бул периште тура, — деди ал буларга. – Картайган бечараны балага кетип бараткан жеринен жаан уруп түшкөнүнө бөркүмдөй ишенип турам.

Кийинки күнү Пелайо кадимкидей периште кармап алыптыр деген кабар баарына тарады. Бирок билерман коңшунун азыркы периштелер көктөгү кайсы бир козголоңдон качып кутулгандар деп ишендиргенине карабай, таяк менен сабоого кудурети жетпей койду. Ошону менен Пелайо аны альгвасилдин[1] таягын кармап алып жатаарга чейин аш үйдө туруп кайтарды да, жатаарда баткактан сүйрөп чыгып зым менен тордолгон тоокканага тооктор менен кошо камап таштады. Ошону менен түн ортолоп, жаан басылганына карабай Пелайо Элисенда экөө чаян өлтүрүп чыкты. Көп өтпөй табы жайына келген наристе курсагы ачканын билдирди. Мына ошондо гана алдардын периштеген мээрими ойгонду. Ага атайылап сал жасап, таза суусун, үч күнгө жеткидей азыгын камдап берип туруп, өз тагдырын өзүнө карматып деңизге койо берип жиберишмей болду. Бирок таң заардан туруп эшикке чыгышканда бардык кошуналары тооккананын айланасына топтолуп алып, ыйык-мыйык дегенди унутуп коюп эле кудум адаттан тыш нерсе эмес, жөн гана айбанканадагы жырткычты тамаша кылгандай тордун тешиктеринен ар кандай тамактарды ыргытып жатышыптыр.

Тири укмуштай кабардан үрөйү учуп, санаага баткан ыйык ата Гонсага саат жетиге жетпей жетип келди. Бул убакта баягыдан да жеңил ойлуу ышкыбоздор келип алып туткундун келечеги тууралуу ар кандай жоромолдорун айта башташкан болчу. Араларынан эң эле жөнөкөйлөрү аны алькальд[2] кылабыз деп чыгышты. А кай бир дымагы күчтөр аны түз эле генералдык беш жылдыз тагынып, бүтүндөй согуштун баарын жеңип чыгат деп болжоду. Муну «тукумдукка» сактап, бүтүндөй ааламдын оор жүгүн көтөрө турган канаттуу, акылман адамдардын жаңы түрүн чыгарыш керек деген учкул ойлуулар да болду. Бир гана динчил болгонго чейин отунчулук менен жан баккан олбурлуу Гонсага ата зым тордон ичкери салаңдап алып ыйык сүрөөлөрүнөн окуду да, андан кийин топураган тооктордун арасында периштеден да карыган корозго көбүрөөк окшошуп турган карыяны жакындан карап алуу үчүн эшикти ачып коюсун өтүндү.

Бул убакта тигил бир бурчка тыгылып алып жайылган канатын күнгө кургатып турган. Айланасында түндөн берки зыяратчылары ыргыткан тамак-аштын кашектери, жер-жемиштердин кабыктары жайнап жатты. Коомдогу уятсыздыктан алыс неме эскирген көзүн араңдан зорго көтөрүп карады да, тоокканага кирип келип латын тилинде салам айткан Гонсагага өз тилинде бир нерселерди күбүрөнгөн болду. Мына ушул жерден Гонсаганын Кудайдын тилин билбегенин жана анын элчисинин саламына жооп бере албаганын көрүп, эл ичинде биринчи жолу шек жаралды. Ыйык ата болсо элчиге өтө жакын келгендиктен, андан адамзатка таандык өтө көп нерсени байкады. Маселен, ал укмуштуудай көк жыттанып кетиптир. Канатынын ички тарабына балырлар жабышып, чалгын канаттары шамалдан будаланып калган. А боор оорутарлык келбетинде болсо периштеге таандык касиеттин чети да байкалбайт.

Гонсага ата тоокканадан чыгып тегеректеп тургандарга кичине таалим айтты да, ишенчээктиктин азабынан сактанууга чакырды. Ал жин-шайтандар сактанбагандарды азгыруу үчүн ар кандай кебетеге кире калуу ыкмасын колдоноорун эскертти. Буга далил катары бүркүт менен аэропланды айрымалоодо канат негизги белги болбогондой эле, периштелерди таанууда да канат алсыздык кылаарын айтты. Бирок бул тууралуу епископко[3] өзүнөн жогору турган адамдан Рим папасына кат жазып сурап берүүнү өтүнүп кат жазарын, натыйжада, эң акыркы жыйынтыкты эң улуу даражалуу адам билдирерин убада кылды.

Чынында анын мындай акылга сыяр кеби карапайым элдин жүрөгүнөн түнөк тапты. Бирок туткунга түшкөн периште тууралуу кабар ушунчалык тездик менен тарады дейсиң, арадан бир саат өтпөй короонун ичи кудум базардай быкылдап, акыры үйдү да талкалап кетээрде котологон элди тынчтандыруу үчүн мылтыкчан күзөтчү чакырууга туура келди. Ошончо адамдын таштандысын жыйнайм деп жүрүп бечара Элисенданын бели талыды. Мына ошондо ага короону айланта тосуп таштап, ар бир зыяратчыдан беш сентаволук акы алыш керек деген ой келди.

Ошону менен көрүүгө ынтызар адамдар керек болсо Мартиникиден да келишти. Ошол маалда көчмө цирктин акробаттары пайда болуп, бир канча жолу жыйылган элдин үстүнөн ышкырган бойдон учуп өттү эле, аны бирөө да карап койгон жок. Анткени анын канаты периштеникиндей эмес, тек гана жылдыздуу түндө ары-бери учкан жарганаттыкындай болчу. Анан калса айыгып кетермин деп үмүттөнгөн оорулуулар да тээ тиги Кариб деңизинин жээгинен тартып келе башташты. Бала чагынан бери жүрөк кагышын санап, бирок анысы дегеле керектүү санга жетпей жүргөн аял; асмандагы жылдыздардын шагыраганынан уктай албай жүргөн ямайкалык, түнкүсүн туруп алып күндүз эмне кылса бүт бүлдүрө берген лунатик жана башка ушуга окшогон оорукчандар келип жатты. Мына ушул жер дүңгүрөткөн чабуулдун арасында Пелайо менен Элисенда гана бакыттан чарчап турду. Себеби, ошол бир жумага жетпеген убакыт ичинде алар бүт бөлмөлөрүн акчага толтуруп алышты. А кезек күтүп турган зыяратчылардын тизмеги болсо тээтиги көк жээкке чейин тирелип турат.

Бир гана ушунун баарына себепкер болгон периште бул окуяларга эч аралашкан жок. Ал анда-санда гана зым торго такай коюлган май чырактар менен шамдардын мээ кайнаткан ысыгына чыдабай өзүнүн убактылуу уясынын ичинде орун которуп турду. Алгач даанышман коңшунун бирден-бир периштелердин тамагы деп айтуусу менен ага камфар бүртүкчөлөрүн[4] берүүгө аракет кылышты. Бирок ал андан дагы, ал тургай дем салдырылган картошкадан бир да ооз тийбей туруп баш тартты. Акыр аягында гана карылыктан же периштелердин тамагы болгон үчүн эмес, тек гана тажагандан баклажан ботко жей баштады. Анын адамзатта жок бирден-бир сапаты эле ошол ашынган чыдамдуулугу эле. Ал сапаты айрыкча тооктор канатын уялаган асманга таандык курт-кумурскаларды издеп чокулаганына, кеселман зыяратчылар ооруган жерине басуу үчүн канатынын талдарын жулганына, ашынган динчилдери бүткөн боюн көрүш үчүн тургузабыз деп таш ыргытканына карабай чыдап жатып бергенде билинди. Бир жолу гана көпкө чейин былк этпей жатып алган немени өлдү го деген ойдо музоого тамга баса турган темир менен капталын куйкалап жиберип ордунан козголтуп алышты.

Селт этип чочуп туруп жаштуу көзү менен тааныш эмес тилде бир нерселерди күбүрөнгөнчө эки жолу сары чаң менен тооктун кыгын сапырылта канат какты эле — бул жалганда мурда кийин болбогон ызы-чуу башталып кетти. Ошондо да карап тургандар анын бул кылыгы ачуудан эмес, оорудан болду деп түшүнүштү. Анткени көпчүлүк анын былк этпей жатышын милдетинен качуу эмес, жөн гана башынан өткөн кырсыктан эс алып жатат деген ойдо болуп, ушуга чейин тынчын албоого аракет кылышкан.

Гонсага ата туткун тууралуу акыркы пикирди күткөнчө көпчүлүктүн уят-сыйытсыз жоруктарын эптеп-септеген насааттарын айтуу менен токтотууга аракет кылды. Анткени менен Римден келген кат маселени тез арада чечип берүүгө ашыккан жок. Ал жактагылар колго түшкөн неменин киндиги бар бекен, сүйлөгөн тили арамей тилине окшошпу, бир нече жолу катары менен чокмордун башына жыгыла алабы жана ал жөн гана канаттуу норвегиялык эмеспи деген нерселерди тактоого убакыт коротуп жатышты.

Кокус Жараткан өзү ортого аралашып, жогору даражалуу атанын убарасына чекит койбогондо бул ашкере саксынган каттар кылымдын аягына чейин ары-бери чуркай берсе керек эле.

Эмесе анын бүтүшү мындай болду: Күндөрдүн биринде Кариб деңизин жээктей кыдырып жүргөн көчмө цирктердин бирөөсү шаар элине ар кандай оюндарга аралаш өтө кайгылуу бир нерсени, ата-энесин укпаганы үчүн жөргөмүшкө айланып калган аялды көргөзүштү. Мунун баасы тиги периштеникинен төмөн болгону аз келгенсип, ал аялга таңгаларлык кубулуу тууралуу ар кандай суроолорду бергенче туш тараптан айлана басып карап жүрүп анын чындык экенине баарынын көзү жетти. Бул өзү чоңдугу койдой келген, кайгылуу жаш кыз жүздөнгөн коркунучтуу тарантул болчу. Бирок баарынан жаманы – анын желмогуздай кебетеси эмес, өз оозу менен айтып берген бактысыз окуясы болчу. Айтуусуна караганда, ал кыз кезинде ата-энесинин үйүнөн качып чыгып бийге барат. Түнү менен бийлеп алып кайра токой аралап келатканында кокустан эле күр-шар этип күн күркүрөп, чагылган чартылдап жөргөмүшкө айланып калыптыр. Бечара кыздын жалгыз азыгы кай бир мээримдүү кишилер түптүз оозуна ыргыткан тоголоктолгон эзилген эттер эле. Бул ары чындыктан алынган, ары турмуштук сабакка бай көрүнүш карапайым адамдарды көргөндөн башкага жарабаган текебер периштеден бат эле тартып кетти. Анан калса периштеге байланышкан кай бир акылга сыйбас кереметтер да элдин мээсин айлантты. Мисалы, көзү азиз бойдон калган сокурга үч жаңы тиш өсүп чыкты. Же баса албаган бойдон калган чолок аз жерден лотерея утуп ала жаздады. Ал эми ала оорулуу кишинин жараларына сөңгөк өсө баштады. Мына ушул көңүл жубатканга караганда шылдыңга көбүрөөк окшогон кереметтер менен ансыз да жоголуп бараткан периштенин кадырын жөргөмүш аял биротоло жокко чыгарып тынды. Ошондо гана ыйык ата Гонсага түн уйкусун бузган санаадан кутулуп, Пелайонун короосу үч күн тынбай жаан төгүп, чаяндар үйдү каптап кеткен күнгө салыштырмалуу ээнсиреп калды.

Анткени менен үй ээлеринде арман деле жок болчу. Алар чогулган акчага балкону бакчага караган, кышкысын чаяндар кире албай тургандай бийик босоголуу, терезелери периштелер кире албагандай темир менен тордолгон чоң эки кабат үй куруп алышты. Андан сырткары Пелайо альгвасилдиктен баш тартып, шаардан алыс эмес жерге койон чарбасын курду. Элисенда болсо бийик такалуу лакталган туфли менен илгери жекшемби күндөрү айымдар көздү күйгүзүп кийип алчу кулпурган жибек көйнөк сатып алды. Ушунчанын ичинен бир гана тооккана көңүлдүн сыртында калды. Кээ бир күндөрү карбол кислотасы менен жууп, мирра менен аластап калышканы периштени сыйлагандан эмес, тек гана көрүмчүдөй самсаалап учуп, жаңы үйдү булгаган тоок кыгынын ыбырсыган чаңынан кара тумоо жайылып кетпесин деген гана сактык эле.

А кичинекей бала баса баштагандан тартып аны тоокканага жакын жолотпогонго аракет кылышты. Бирок бара-бара санаалары тынып, кара тумоо коркунучу үрөйдү учурбай калды. А сүт тиши түшкөн бала торлору чирип, үзүлүп-үзүлүп калган тооккананын ичинде эле ойноп жатчу болду. Периште аны башка жумуру баштуулардан ашкере жактырып ийбегени менен, чектен ашкан кылыктарына жедеп айласы түгөнгөн иттен бешбетер чыдап берди. Анан экөө тең бир маалда суу чечекке кабылды. Баланы караган дарыгер өзүн кармай албай периштени да текшерип көрүп анын жүрөгүндөгү  укмуштай дүңгүрөк менен бөйрөгүндөгү таштарды көрүп дагы эле тирүү жүргөнүнө айраң таң калды. Баарынан дагы канаттарынын өсүүсүнө катуу таң болду. Себеби мына бул катардагы кишиден айрымасы жок организмде эч нерсе болбогондой өсүп турган канаттарды көрүп туруп, эмнеге башкаларда деле өспөйт деген ой пайда болот.

Аңгыча баланын окуй турган мезгили да келди. Бул убакта тооккананын торун күн менен жаан тумтак үзүп-тытып бүткөн. Натыйжада периште кудум айласы кеткен немедей бирде тигинде, бирде мында темселеп жүрө берчү болду. Жатак бөлмөдөн шыпыргы менен кууп чыгышса, кайра заматта аш үйдө туруп калат. Ал тургай бир эле убакта ар кайсы жерде пайда боло бергендиктен, аны өзүн-өзү көчүрмөлөп бүтүндөй бөлмөгө таратып жаткандай сезишчү болду. Ошондо айласы кеткен Элисенда «Периште толгон тозокто жашоодон өткөн азап барбы!» деп бакырды.

Канаттуу карыя эми дээрлик эч нерсе жей албай калды. Жедеп эскирген көздөрү тунарып, көрүүсү начарлагандыктан эшиктин кашектерин сүзгүлөй берчү болду. Канаттары болсо кылда учуна чейин түлөп бүттү. Пелайо ага жууркан жаап туруп, айкөлдүк кылып сарайга уктаганга уруксат берди. Мына ошол күнү анын түнү менен табы көтөрүлүп, байыркы норвег тилинде бирдемени жаңылмачтай кайталап жөөлүп калганын байкашты. Бул аларды периште тууралуу санааркаткан чанда кезиккен учурдун бири болчу. Себеби аны ушуну менен өлүп калат ко деп ойлошкон. Ал эми өлгөн периштени эмне кылуу керектигин керек болсо даанышман кошуна кемпир да билбей койду.

Анткени менен ал жашоосундагы эң катаал кышын аман-эсен өткөрүп, күндүн алгачкы тийген нуру менен кошо кадимкидей оңолуп кетти. Ошондон тартып короонун эч ким көрбөгөн түпкүрүндө күн бою кыймылдабай отурду. А декабрдын башы менен кудум карылыкты кайрадан жеңип чыккандай, канаттарына жорунукундай чоң, бекем канатчалар өсө баштады. Бирок ал бул өзгөрүүлөрдүн себебин өзү да билет окшобойбу. Себеби канаттарын чоочун көздөрдөн сактап отуруп, кай бир жылдыздуу түндөрү эч ким жокто кемечилердин ырын ырдап калчу болду.

Күндөрдүн биринде эртең менен Элисенда нанүштөгө пияз туурап атканда аш үйгө тим эле ачык деңизде жүргөндөй шамал удургуп кирди. Ошондо ал терезеден сыртка көз чаптырып, периштенин учуп кетүүгө далбас уруп жатканын көрүп көзү алайды.  Анын аракети ушунчалык олдоксон болгондуктан, жер-жемиштер өсчү бакчага сокодой бороз салып кетти. Эби-сыны жок канаттары күн нурунда тайгаланып, абадан таканчык таппай калдаңдап барып сарайды кулата жаздады. Ошентсе да ал баары бир көтөрүлдү. Анын абада кармалыш үчүн болушунча аракет кылганын, картаң жорунукундай канаттарын жан үрөй кагып, эң акыркы үйлөрдүн үстүнөн учуп баратканын көрүп туруп Элисенда өзү үчүн да, ал үчүн да үшкүрө жеңилдеди. Ал аны таптакыр көрүүгө мүмкүн болбой калганда да карап турду. Себеби ал эми жашоосундагы кандайдыр бир бутташкан неме эмес, тээ мунарыкка төнүп, алыскы деңизди карай кетип бараткан элес-булас бир чекит болчу.

[1] Арап тилиндеги аль-вазир сөзүнөн келген. Сот өкүмүн аткаруудагы кенже кызматкер.
[2] Арапча аль-кади сөзүнөн келген. Бүгүнкү Испания менен Латын Америкасынын кайбир мамлекеттеринде шаар башчылык милдети менен барабар.
[3] Христиандык чиркөөдө жогорудан ылдый карай үчүнчү баскычтагы даража.
[4] Эфир майынан, чайырдан, кендирден алына турган зат.