АБДЫРАМАНОВ Шабданбай: ШАБДАНБАЙ АБДЫРАМАНОВ: ЖАҢЫ ДҮЙНӨНҮН АЧЫЛЫШЫ

АҢГЕМЕ

Жай түнү улам салкын тартып тереңдеп баратат.

Түн коңур. Кыштак тыптынч. Ар кай жерден аңк-аңк этип үргөн иттин үнү угулуп, кайра дым болуп тынып калат. Түнкү мунарыкта асман түпкүрүнө найза болуп сайылган мырза теректердин кылда учтары акырын жорткон жел менен саал ары-бери оолжушуп, сан-миң жалбырактары алда бир сырды шыбырашкансышат. Бир туруп акырын жааган жамгырдын шыбыртына окшоп кетет.

Сакен кырка тизилген мырза теректердин бирине жөлөнгөн калыбында дүмпүйгөн бактуу короону беттеп үнсүз турат. Далысы менен теректин кабыгынын терең жарыктарын, анын салкындыгып сезет. Анын бардык сезүүлөрү өзгөчө курчуп кеткендей: шырп эткен жаратылыштын добуштарын сергек угуп да жатты, түнкү мунарыкта үрүл-бүрүл тарткан нерселердин баарын көз учуна илип да жатты.

Кандайдыр бир түнкү канаттуу өтө бийиктен учуп өткөндөй болду — анын «шу-шу» эткен канат күүсүнүн эпкинин алда каякка узап кеткенге чейин кулак учу менен чалып турду. Тээ алыстан айгыр аттардын алышканы угулду — болгондо да «же мен, же сен» дегендей жан аяшпай кармашышты — түн тынчтыгын экиге бөлүп жибергенсишти. Араң угулган дарыянын шары бирде шамалдын огу менен шаркырап кулактын түбүнө жакындап келип, кайра басаңдап, ал турсун, биротоло үзүлүп, угулбай да калып жатты.

Сакен ушул кыштакта туулуп, ушул кыштакта өскөн. Ал эмне үчүн мунун баарын бул убакка чейин байкаган эмес? Же бүгүн баары өзгөчө болуп кеттиби? Эмне үчүн мындай?

*   *   *

Сакен сегизинчи классты жакшы окуган окуучулардын катарында бүттү. Бир, эки деп кол учу менен саналуучу отличниктердин катарына кирген жок. Андай эсепке кирбегенине Сакен кейибейт да, тигилерге суктанбайт да. Анткени колунан антүү келбей турган болсо, балким, суктанышы мүмкүн эле, ал эми Сакендин буга мүмкүнчүлүгү сөзсүз бар болучу. Бирок өзү андай болууну атайын максат кылып коюп аракеттенген жок. Мунун себептерин так айтуу кыйын: тим эле максатсыздыгынан болдубу же үшүндөгү сабатсыз ата-энесинин бир жолу да табелин текшерип: «Сен төрт алыпсың, эмне үчүн беш албайсың?» деп талап коюп, бирде тилдеп, бирде уялтып турушпагандыгынан уламбы, же буга Сакендин башкалардан аша кеткен оюнкарактыгы себеп болдубу, иши кылып, мына мындай деп так жыйынтыктоо мүмкүн эмес эле.

Болбосо айрым маселелер боюнча түшүнүгү алиги отличник балдардан кем эмес болучу. Ал эми арифметикалык, алгебралык маселелерди чыгарууда биринчилерден болуп үлгүрчү. Бирок көп убактысын топ кууганга кетирчү. Чекесинен май терин жылтыратып, үрпөк чачын сексеңдете чандуу аянтчада жүгүрүп жүргөнү жүргөн. Топ десе ичкен ашын жерге коёт.

Ар кандай талаштарда өз курбуларына топ бербей, кылдаттык менен тартып алып, кыткылыктап күлө алга суурулуп жөнөчү. Минтерине ар убак өзү да ишенчү, жолдоштору да тан берчү.

— Сакен… Сакен, мени ал… мени,— деп балдар анын тарабында болууга аракеттенишет.

Сакен көркөм адабий китептерди деле башкалардан кем эмес окуй турган, бирок башы менен сайылып окугандардан деп айтууга болбойт эле. Анын оюнкарактыгы үйдө болсун, мектепте болсун баарын жеңип кете турган. Сабак мезгилинде да кагаздан томолоктоп, досторунун бирин байкатпай уруп коюп же жазып жаткан калемин беките салып, тигинин чукуланып изденгенине маашырланып, эки бөйрөгүн бүлкүлдөтө бир паска ичтен күлүп кызыгына батат. Кысталышка жеткенде гана бере коюп тамашалайт.

Танапис мезгилинде да кыздарды бурчка камап же партага кысып чыңыртып, анан алар ачуулана бергенде, болбосо колуна келген нерсе менен атып уруп шаштысын алганда каткыра күлүп сыртка көздөй качып жөнөйт. Канткен менен да кыздар аны өздөрүнө жакын көрүшө турган. Булар, албетте, балалык оюнкарактыктан чыккан мамилелер болучу. Ошон үчүн кыздар Сакендин шоктугу боюнча мугалимдерге эч качан даттанышкан эмес, анын тамашаларын, негедир көтөрө беришчү…

Сакен да классташ кыздарынын баарын бирдей көрүп, бирдей мамиле кыла турган: биринин боюнун сымбаттуулугу, экинчнсинин жүзүнүн жукалыгы, дагы биринин көзүнүн капкаралыгы бөлүнүп көңүлүнө түшпөй турган. Алар менен мектепте гана тамашалашып ойноп, ал эми үйүндө эч качан оюна алчү эмес.

Ата-энеси Сакенди бир аз эркерээк да өстүрүшкөн. Ошондон улам, бир жагынан окуусуна жолтоо болбосун дешип, үй жумуштары менен анын колун көп байлашпай турган. Отун алып келип, уй байлап, үй жумушуна кол кабыш кылса да Сакен анын баарын тез бүтүрүүгө аракеттенчү. Атасы тапшырган иштерин бүтөрү менен тарсылдата тепкилеп топ кууганга өтөт.

Сакен жайкы мезгилдерде кечки тамактан соң отурган жеринде болсо отурган жеринде, жаткан жеринде болсо жаткан жеринде уктап калчу. Минтиши атасына жакчу эмес, бирок жемелеп жукалаганы менен да уулунун бул адатын калтыра алган жок.

Бирок… бирок баары күтүүсүз болду: ал баарын башкача көрө баштады — жолдошторун да, айланасын да, өз кыштагын да… Кеч кирери менен уктап да калбайт…

*   *   *

Мектеп окуучулары жайкы каникулга тарашканы менен бир нече күндөр бою бири-биринен ажырашпай, айыл чарба жумушунда иштешип чогуу жүрүштү.

Эртең менен тамекинин жалбырагын үзүшүп, аны араба менен сарайга жеткиртишет да, маңдай-тескей отурушуп, тизүүгө киришишет. Үйрөнгөн колдор тынбай шыпылдап жалбырак тизгени менен тилдери тынбай сөз менен болушат.

Сакендин оюнкарактыгы бардык жерде калбайт: кыздардын бир буюмун бекитип коюп издетип же жайылган тамекилер арасында бир бурчка бекине калып, кыздарды бакырта чочутуп жиберип, кыздар ийне менен сайгылап артынан кууса, кыткылыктай там айлана качып кутулат.

Иштен соң балдар дайыма топ кубалашат. Кээде колхозго келип калчу кинону көрүшөт: кино бирде клубда коюлса, бирде уй сарайда, болбосо мектепте… Балдар мектепте коюлса экен деп самап турушат. Анткени көп жылдар бою өз үйү болуп калган мектеп эне койнундай жылуу да, мээрим да учурайт.

Бой тартып келатышкан өспүрүмдөр өз балалыктарын кайра таап алгандай абалга келишип, көңүлдөрү кандайдыр жумшап, бири-бирине баштакыдан да жакын боло түшкөнсүшөт. Минтиши, балким, эми алар бул мектептин босогосун кайра аттабай, мындан аркы окууларын төмөнкү айылдагы орто мектептен уландыра тургандыктары үчүнбү, иши кылып, бу мектебине келишкенде өткөн жылкы уясына кайра кайткан келгин куштардай кубанычтуу абалда болушат. Муну кээси байкаса да, кээси байкабайт.

Ушул сезим тулкусун бийлеген Сакен Айзаданын жанында отурду — жөн гана отурбастан, курбулук сезим менен колун анын ийнинен нары өткөрүп, наркы ийнинен ала саал тарта отурду. Сакендин алаканы кыздын жумурулана толуп келаткан сыйда денесин сезди — анын жагымдуу жылуу табын сезди. Демейде тыкчыңдап жолотпогон Айзаданын да көңүлү жибий түшкөн беле, каршылык көрсөтпөстөн, Сакен жакка саал ыктай берди. Эреркей түшкөн Сакен бир жагы тамашаны күчөткүсү келип, оң колун кыздын ачык көкүрөгүнөн салып жиберди: Сакендин колуна чайнектин капкагындай жалпагыраак келип учтанган эмчеги урунду…

Колун тез кайра тартып алды. Сакендин эти ток ургандай дүр этип, тырмагынын учтарына чейин чымырап кетти. Ал заматта эсин жыйып, өз абалына көңүл бурду: төбөсүнө орой түйүлгөн кыздын чачы анын тумшугуна жакын эле — кыз жытын сезди… Жүрөгү кулундай туйлап, каны дүргүп башына тээп чыкты. Мындай күчтүү сезимди Сакен али баштан кечирген эмес болучу.

Сакен азыр экранды тиктеп отурганы менен анда эмнелер болуп жаткандыгын түк ажырата алган жок — ал бүткүл ой-сезими менен башка дүйнөгө кирип кеткен эле…

Сакен кинонун кандай бүткөнүн да сезбей калды.

Айзада менен Сакен жай басып келатышты. Жай түнү мемиреп тыптынч. Асманда сан миң жылдыз. Тигилер сүйлөшкөн жок, ар кимиси өз ички ою менен…

— Жакшы кино бекен? — деди Айзада.

— Түзүк эле,— деп Сакен араң айтты.

Анан дагы үнсүз кете беришти.

Сакен жөтөлүмүш болот. Коңур жел бет жалмалайт. Дарактар шуудурашат.

— Кош, Сакен.

— Айзада… кетесиңби?

Айзада бир кылчайды да, кайра кайрылып, калың бактуу короосуна кирип кетти.

Сакен сороюп көпкө чейин турду. Айзадалардын короосу дым болуп тынып калды.

Сакен демейкиден эрте ойгонду — ойгонгондо да адатынча уйкусырабай, көзү чайттай ачылып кетти.

«Кантип жолугам Айзадага? Кантип бетме бет келем?» деген ой менен бирге кандайдыр сүрдүү коркунуч жүрөгүн өйүп турду. Башына бир шылтоо кылт этип түшө калганда сүйүнүп кетти: атасы «Сакен, тиги адырдагы биртке огородду отоо чөп басып кетиптир. Бригадирден эки күнгө жооп сурап алып, чаап койсоң. Эми эле тиричиликке пайдасы тиет» десе, «Макул, балдарды алгоого чакырып, бир күндө чаап коём» деп, бирок күндөн күн өтүп жүргөндүгүн эстеди. Азыр тамеки тизүүгө барууга жүрөгү даабаган Сакен кетменин алып, адырды көздөй жөнөдү. «Бригадирге айтып коюңуз» деп эскертти атасына.

Ээн адырда Сакен өзү жалгыз күн карама чаап жүрдү. Эгер демейки убак болсо жип менен байлап да үч күн токтотуу мүмкүн эмес эле. Ал эми бул жолу ага эмне болду? Ушул үч күндө бир мүнөт да зеригүүгө убактысы болгон жок. Кан-жанынан бөлүп ала албастай футбол оюнун да эстебеди. Ал кетменин тындырбай шилтеп иштеп да жүрдү, кээде кетмен сабына таяна жарым саат, бир чай кайнам кыймылсыз турган учурлары да болду — анткен менен анын ою тынымсыз иштеп жатты. Ал өмүрүндө биринчи жолу адамдын төрөлүшү, анын өмүрү, өлүмү жөнүндө, өзү жөнүндө, Айзада жөнүндө ойлонду…

Төртүнчү күнү Сакен тамеки тизүүгө чыкты. Жалбырактан кечке өзүнө жетердей жулуп, арабага жүктөдү да, сарайга барды. Балдар чуу түшүп топ кууп жүрүшкөн эле. Сакен адатынча бой уруп кирип кеткен жок — топ, негедир, кызыкчылыгын баягыдам ойготподу.

Көңүлүн бийлеген чочуңку сезим менен сарайга баш бакты: кыздар келише элек экен, эки-үч токтолгон аялдар гана жалбырак тизишип отурушат. Сакендин көңүлүндөгү кимгедир болгон каалоо, ошону менен бирге жүрөгүн сестенткен сезим да көөдөнүндө уюлгуп турду. Ар мүнөт сайын жол тарапты жалт каранып, антип алагды болуудан улам тамекинин жалбырагын жыра сайып, мурдагыдай тизе албай жатты.

Бирин-бири кубалаша, кол тийбей чыңырышып, кыздар кирип келишти. Сакен иш менен алаксыган киши болуп, аларга көңүл бөлбөгөнсүдү. Айзада апасы менен бирге бир нече күнгө кайдадыр бир жакка кеткендигин кыздардын сөзүнөн кулак учу менен чалды — заматта көңүлү чөгүңкү тарта түшкөнсүдү… Көз алдына Айзаданын тегерек ак жүзү, узунурак мойну тартыла берип жатты.

Ал астыртан кыздарды көздөн өткөрөт: алар көзүнө демейдегиден өзгөчө болуп түшкөнсүшөт… Баягыдай болуп баары эле бирдей көрүнбөйт, кандайдыр бир нерселери менен айырмаланышат… Сакен буга ичтен таң калат. «Мен жок үч күн ичинде алар ушунчалык өзгөрүп кетишкенби? Же менин көзүм өзгөчө курчуй түшкөнбү? Кызык… кызык…»

Күндөр өтүп жатты.

Сакен баягысындай кыздар менен мушташып-тиштешип ойнобойт. Саал четтеп, алардын оюндарын жылмая тиктеп турат. Ал өзүнчө ойлуу. Көзү да өзгөчө курчуй түшкөндөй:.. Мурда ал адам сулуулугун бетинин жылмалыгынан, мурдунун кырдачтыгынан, кашынын каралыгынан издечү. Кышын-жайын бетинен безетки кетпеген Чыныгүлдө да сулуулук бар деп ал эч качан оюна алган эмес. Бүгүн анын эндүү тарткан жамбаш сөөгүн, кымча белин, мойнун койкойтуп узун көрсөткөн жапыс ийиндерин суктануу менен карап турду. Жоош жылмайган Саткындын аппак балтырларынын укмуштай сулуу экендигин ал биринчи жолу ажыратты. Шыңкылыктап күлкүсү тыйылбаган Канымгүлдүн күмүш шыңгыр үнүнүн ушунчалык жагымдуу экендигин биринчи жолу сезди ал…

Кечки чайдан соң эртеңки тиричилик жөнүндө божураша сүйлөшүп отурушкан карапайым ата-энесинин сөздөрүнөн да, бири-бирине болгон мамилелеринен да көрө баштады жагымдуулукту… Оокаттын айынан бири тилдеп, экинчиси ыйлап туруп кеткен учурларын да көргөн, бирок бири-биринин көңүлүн биротоло муз кылып кетер катуу нерселерге чейин эч качан барышкан эмес…

Адамдар гана эмес, өзүн курчаган жаратылыштын көрүнүштөрүнөн да көрө турган болду жарашыктуу нерселерди.

*   *   *

Сакен күн сайын кечкурун дүпүйгөн бактуу короонүн тушундагы кыркалакей өскөн мырза теректердин бирине жөлөнүп, көпкө чейин кыймылсыз тура берет. Бирок Айзада чыкпайт. Анткени, Сакен кызга бет багып барып, «кечинде сыртка чык, сөзүм бар эле» деп айтууга алиге чейин батына алган жок. Кыз мүмкүн эртең чыгар… А балким, бир жылдан кийин… Ким билет, бир нече жылдан соң… Кеп анда эмес. Эң башкысы — Сакендин алдында жаңы дүйнө ачылды… Ал эми баарын ошол кыз аркылуу көрөт. Дүйнө анын алдында ушунчалык сырдуу, ушунчалык сулуу… Акыл жеткис терең да…

Мына, дагы түн. Сакен кыркар тизилген мырза теректердин бирине жөлөнгөн калыбында үнсүз турат. Бет алдында дүмпүйүп карарган бактуу короо. Кыштак мемиреп тыптынч уйкуда. Алыстан-алыстан каардуу алышкан айгыр аттардын үнү угулду. Кандайдыр бийиктен учуп өткөн түнкү канаттуунун канат күүсү тээ алыска узап кеткенге чейин угулуп турду. Ар кай жерден аңк-аңк этип ит үрүп, кайра жок болот.

Жалбыз баскан арыктын ичинен «кур-р-р» этип сайраган курбаканын үнүнөн да кандайдыр бир муңкангандай күү туюлат. Дүйнө сырдуу. Асман бетиндеги миң-сан жылдыздар алтындын күкүмүн чачып койгондой жылтылдашат. Жарк этип учкан жылдыз заматта көккө сиңип жок болуп кетти. Ал ошол жайдан көз албай көпкө чейин тиктеп турду, бирок көзүнө эч нерсе илинбеди. Сакен бул сырдуу жылдызды мурда көргөн эмес…