АСЕК уулу Эрнис: ЭРНИС АСЕК УУЛУ «АЙЛА ЖОК, АЙЛА ЖОК» ДЕЙТ

Окурмандардын табити өзгөрдү. Өзгөчө жаштардыкы. Жеңил-желпи нерселерге качыра баштады. Массалык маданият деген жүрөктүн үшүн алат. Эч нерсе дей албайсың. Колго калем тиет. Айла жок…

Верлен, Малларме, Рембо

«Каргыш тийген акындар» деп үчөө жөнүндө Верлен жазган. Жазгандары да, сүйлөгөндөрү да, жашоолору да союп каптагандай окшош. Улуусу Поль Верлен болгон. Артур Рембого акыл үйрөтчү. Эс тартканы соолуккан жок. Алгач сүйүүгө мас болду. Жалындап ыр жазды. Андан соң жинди суунун түбүнө түшүп, Европаны түрө кыдырды. Жаш досу Рембо менен уруша кетип, ок чыгарып, жарадар кылып, түрмөгө да жатып чыкты. Түрмөдөн динге берилип, Кудайга мас болду. Андан соң аракка мээси чыланып калган бейм, Өлүмгө мас боло баштады. Өлүмдү оозунан түшүрбөй, не деген күчтүү ырларды жаратат.

Малларме кыз жандуу эле. Анан табийгатка суктанганда, он сегиз миң ааламды унутуп койчу. Ошентип жүрүп, жиндиканага туш келди. Жиндикананын терезесинен сыртты карап, керемет ырларды жаратты. Бирок Стефан Малларменин да өмүрү кыска экен.

Үчөөнөн Артур Рембо озунуп чыкты. Жаштыгына, жетимдигине карабай, Европага Рембонун атагы тез тараган. Ошол учурда дүңгүрөгөн символизм агымынын атасына айланды. Жакын санаалаштары Верлен менен Маллармени оозунан түшүргөн жок. Бир өлкөдөн бир өлкөнү жөө кыдырып, селсаяк акын атанып, ыр дүйнөсүнө жаңылык алып келди.

Верлен, Малларме, Рембо… Караңгы түндөн чыгалбай, жарык ырларды жазып, капаска камалып, каргыш тийген акындар…

 

Владимир Набоков

Набоковду кийин, кийин эле окудум. Мектептен да, университеттен да өткөн жок элек. «Бала көз» деп коем. Кинооператор же фотосүрөтчү болсо, шумдук кадрларды берет эле. Жөнөкөй адам маани бербеген нерселерди ушундай таамай, так сүрөттөп жатып калат десең. Орустардын эмигрант жазуучуларынан мындай мыкты романист чыккан жок. 20 жашында эле орустун дөө-шаа жазуучуларын таңгалдырганы бар. «Ой, бул балакай тапанча көтөрө чуркап, бир ок менен болгон чалдардын баарын атып салбадыбы, ал чалдардын арасында мен да бармын» деп И.А.Бунин жазып чыккан. Набоковдун чыныгы атагы АКШдан дүңгүрөдү. Америкалыктар «бул эч кандай орус эмес, америкалык!» деп мактанып турушту. Набоковду түп-тамырынан бери изилдеген билермандар, орусчага караганда англис тилинде мыкты жазуучу экен деген тыянакка келишкен. Набоковду кайта-кайта окугандан тажабайсың.

 

Михаил Булгаков

Орустун интеллигенциясы Булгаковду эмне мынча көкөлөткөндөрүнө түшүнбөйм. Катардагы жазуучу сөрөйлөрдүн бири сыяктуу. Жок, «Булгаков, Булгаков, Мастер и Маргарита» деп эле жатып калышат. «Мастер жана Маргаритасын» бир нече ирет окуп чыктым. Жукпады. Биздин Айтматов да «Кыяматтагы» сюжетин дал ушул Булгаковдон уурдаган да. Болгону бечара доктур Булгаковдун фантазиясы күчтүү болуптур. Мыкты фантаст десек жарашат. Ал эми «Мастер жана Маргарита» — великая дешевка! Кудайды, шайтанды оозанып, башыбызга чай кайнатыптыр да. Бирок, ойлонтот, эй!

 

Грант Матевосян

Адам психологиясын, тагдырын, кулк-мүнөзүн Матевосяндай бериш кыйын. Айыл турмушун Матевосяндай айтыш кыйын. Матевосянды окугандан кийин армяндарды кадимкидей сүйүп каласың. Жазуучу менимче ушундай болуш керек. Өз элиңдин табийгатын, дене булчуңун, акыл булчуңун окурмандын жүрөгүнө уялатыш не деген күч! Университетте Гоар деген армян кыз менен окуп калдым. Ленинградда балдар үйүндө чоңоюптур. Атасы атактуу кылмышкер болгон экен. Апасы каза болуптур. 13 жашынан армян тилин, дилин, тарыхын окуп тааныган экен. «Кээ бир армяндар мендей армянча сүйлөй албайт» деп калчу. Анан: «Мени Матевосяндын китептери тарбиялады, атам да, апам да — Матевосян» деп калар эле. Деп көзүнө жаш алар эле. Кийин Матевосянга кат жазып жүрдү окшойт.

Чындап эле Грант жазуучу эл-жерге болгон сүйүүнүн окуусун жаратып койгондой…

 

Франц Кафка

«Еврейлер жаралганда эле кары төрөлүшөт» деп жазганы бар. Еврей болуп жаралганына мынча баш катырып, мынча азап чеккен киши болду бекен? Кафканы окуп олтуруп тажап кетесиң. Арманы күч. Наалыганы күч. Жалгыздыгы күч. Анан кайра ошол күчүнө суктанасың. Кафкасыз дүйнөлүк адабият жөнүндө айтылбачудай сезиле берет.

«Жашоо дайыма бизди бир нерседен алаксытып тургандай, бирок эмнеден алаксытканын өзүбүз билбейбиз» дейт Кафка. «Кудайдан» деп оозум бош айтат…

 

Густав Малер

Музыка укканда, жаным жай ала түшөт. Музыканын сырына, касиетине таң берем. Өзүм канчалык музыкадан алыс болсом, ага ошончолук тартылам. Бетховен, Бах, Моцарт, Шопен, Чайковский… Жан жыргайт, жан жыргайт… Классиканын башка дөө-шааларын деле билбейм. Бир күнү угуп калдым. Мындай дене-бойду дүркүрөткөн музыка уккан эмесмин. Абдан кайгылуу да экен. Өзөктү өрттөп жиберди, жүрөктү мыжып салды. «Бу ким?» деп жибериптирмин. «Малер» дешти. «Өлгөн балдардын ыры» деген чыгармасы» дешти. Малер. Ысымы да бир башкача угулду. Мен үчүн Моцарт, Бетховендер бул жакта эле калды. Малер. Уккан да арман, укпаган да арман…

 

Рембрандт

Рембрандт досторуна тамаша-чын аралаштырып: «Мен сүрөтчүлөрдү жаман көрөм. Сүрөт тартуу кудайга жакпаган иш. Бирок андан башка эч нерсе кылганды билбесем не кылайын?» деген экен. «Адамдын жүзүн чагылдырыш ар бир эле сүрөтчүнүн колунан келет, бирок ошол жүзүнө тагдырын, ички сезимин, кулк-мүнөзүн бере алуу — ыйык касиет. Ал касиет Рембрандтта гана бар» деп Пикассо айткан. Рембрандт тарткан портреттерге үңүлөсүң…

 

Ричард Бах

Азыркы АКШда оозго аларлык ушул эле жазуучу бар. «Жонатан Ливингстон атындагы чардак» жана «Закымдар же Мессия болгусу келбеген Мессиянын жоруктары» деген эки чыгармасы эле жандүйнөгө бүлүк салат. Бахтын жөнөкөй тили суктандырат. Кадыресе сөздөр менен улуу нерсени айтыш ар кимдин эле колунан келбесе керек. Бөтөнчө Мессия (устат, пайгамбар) жөнүндө чыгармасы…

 

Владимир Высоцкий

«Гитарасы кимде болду экен?» дейт бир кыз. «Ал наркоман болгон, алкаш болгон. Биздин жаштарды ушундайлар бузуп жатпайбы» дейт жашап калган киши. «Кан тамырлары көөп, кызарып-татарып сахнада Гамлетти аткарып атканда, мен аны сүйүп калганымды түшүндүм. Оюн бүтүп, досторум менен ресторанга барып, ал жактан Володяга жолуктук. Ал мени биринчи жолу көрүп жатып, дароо эле: «Мен сени канча издедим. Экөөбүз үйлөнөбүз» деди. Мен ага суктанып турдум,- дейт жубайы Марина Влади.

Ал ырдап жатты. Жираф жөнүндө, майор жөнүндө, аракеч жөнүндө, согуш жөнүндө, жалап жөнүндө, чындык жөнүндө, турмуш жөнүндө.

Ал ырдап жатты. Өзү жок. Жок, жок… үнү гана угулат. Үнү гана жаңырат. «Акындар устаранын мизи менен кескилейт жылаңайлак жандүйнөсүн» деп…

«Сени гений сыяктуу жерге беришти. Кылымдын генийи болот, анан көзирмемдин генийи болот. Сен биздин жетимишинчи жылдардын генийи элең. Окуджава гитарачан Чехов болсо, сен биз үчүн Есениндин дили жаңырган Зощенконун сырлары элең. Үн жазма киоск турат. Сен ырдап жатасың… Өмүр бүттү. Сени сатмай башталды»,- деп Евгений Евтушенко какшайт.

Замана закымдайт. Саат чыкылдайт. Убакыт учат. Дүбүрттөр угулат. Жалгыздыктын көөдөнүндө дүбүрттөр угулат. «Помедленнее кони, помедленнее!» — дейт Акын. Акын… Гитарасы… үнү… Ыры…

«Акындар устаранын мизи менен кескилейт жылаңайлак жандүйнөсүн…»