АСЕК уулу Эрнис: ДИЛАЗЫК: ЖИНДИН КИЙИМИ

«Жүз уламыш жүрүмү» китебинен

Бир мамлекетте эл шайырларынын тобу болуптур. Бир жылы түшүм болбой, ачкачылык болот. Шайырлар ачкачылыктын айынан чоочун жерлерге багыт алышат. Бийик тоолор аркылуу өтүүгө туура келет. Тоолордо илгертен киши жеген таш боор жиндер жашайт деген имиштерди угуп келишкен. Шайырлар тоодо түнөгөнгө туура келет. Муздак шамал улуп турат дейт. От жагып, уктап калышат. Шайырлардын бирөө үшүгөнүнөн улам өздөрү аткарган жиндин кийимин кийип, оттун түбүнө келип олтурат.

Уктап жаткан шайырлардын бири ойгонуп, оттун жанында олтурган жинди көрөт. Коркуп кетип, кыйкырган бойдон качып жөнөйт. Аны уккан калган шайырлар дүрбөлөң түшүп, качып жөнөшөт. Жиндин кийимин кийип олтурган шайыр дагы элдин дүрбөлөң болгонун көрүп, а да коркуп, артын карабай качып жөнөйт. Калгандары аны көрүшүп, “жин артыбыздан кубалап келаткан” экен деп, ого бетер жинди болушат.

Тоодон ылдый дыргаяктап, тикенек, ташка тилинип, ылдыйга чуркап түшүп, арыкка жыгылышат. Эртеси эртең менен ойгонушуп, жарыкта жиндин кийиминде өздөрүнүн теңтушу экенин көрүп, же күлөрүн, же ыйларын билбей калышат.

Бул жалган дүйнөнүн пенделери да ушундай. Рухий ачкалыктын айынан “түбөлүк жыргалга жетебиз”, “көөдөндөгү “менди” тазалайбыз” деп жолго чыгышат. Бирок жандары беш абалда (жеке өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүк, ички туюм, кабыл алуу, адат, ой) болгондуктан, ошол көөдөндөгү “менге” гана ишенип алышат. “Мендин” (Будда: “Мен — бул закым сыяктуу, убактылуу” дейт) чыныгы турмушка болгон жалган мамилесинен улам, алар өмүр менен өлүмдүн айлампасында айланып жүрө беришет. Ошентип өздөрүнүн көз карандысыздыгына жетише алышпайт. Жамандыктын үч жолуна түшүп, арыктын түбүндө калышат. Таңдын атканы – бул өмүр-өлүм айлампасынын таңы. Ошондо баары ачык болуп, беш абалда “мен” жок экенин түшүнүшөт. Ошол “менди” жоготуу менен гана Нирванага жетесиң.

Мунарадагы төө

Бир кедей болгон экен. Күн-түн дебей, ай-жыл дебей падышанын колунда кызмат кылат. Арыктап, алынан тайыйт. Падыша кедейдин акыбалын көрүп, боору ооруп кетет да, өлүк төөнү белекке тартуулайт. Кембагал падышанын белегин алып, терисин сыйрый баштайт. Бычагы өтпөй, курчуткандай таш издеп кирет. Анан мунарага чыгып барып, ошол жактан бүлөө таап алат. Бычагын курчутуп, ылдый түшүп, төөнүн терисин сыйрып кирет. Мунусун көп жолу кайталайт: бир мунарага чыгып, бычагын курчутуп, кайра түшүп, терисин сыйрып, кайра чыгып… Акыры тажап, төөнү көтөрүп алып, бүлөөнү көздөй мунарага чыгып жөнөйт. Ошентип элдин шылдыңына калат.

Башы иштебегендер ушундай. Касам ичип, ант берип алышып, кайра эле байлык чогултуу менен алек болуп, бактысын байлыктан гана көрүп калышат. Анан кудайга сыйынып койгондорун кантейин. Алар төөнүн өлүгүн мунарага көтөрүп чыккан сымал, көп аракет кылгандары менен, жыйынтыгы жок.

Төө, кумган жана алардын кожоюну

Бир киши карапаны арпа менен толтурат. Төөсү карапага башын салып алып, арпаны жеп кирет да, анан башын чыгара албай калат. Төөнүн башын чыгара албай калганын көрүп, киши кыжаалат болот. Ошондо бир чал келип мындай дейт:

— Кайгырба, кантип чыгаруу керек экендигин үйрөтүп берейин. Менин кеңешимди уксаң эле, чыгарасың. Төөнүн башын кылыч менен кыя чап, өзү эле чыгып кетет.

Киши чалдын сөзүн угуп, төөнүн башын кыя чабат. Ошентип төөнү да өлтүрүп, карапаны да сындырып алат.

Бул келесоодой иш кылгандар дүйнөдө оголе көп. Алар “бодхиге (акыйкатка) жетсем” деп, буддизмдин үч багытына умтулушат. Ал үчүн тыйуу салынган нерселерди тутунуусу кажет. Беш каалоонун айынан тазалык жөнүндө осуятты бузган болушат. Осуят бузулдубу, бүттү, окууң бузулат. Бардыгын таштаган болосуң. Тигил төөдөн да, кумгандан да айрылган келесоодой болосуң.