АСЕК уулу Эрнис: ЭРНИС АСЕК УУЛУ: АЛЫКЕ ЖАНА ЮРИЙ КУЗНЕЦОВ

Алым байке Токтомушев жөнүндө айтып олтурсаң сөз бүтбөйт. Соңку жылдары Алыке экөөбүз абдан көп сүйлөштүк. Бир жолу: “Эрнис, ыр жазарыңды билем, бирок ушунча болуп мага ырларыңан окуп бербепсиң. Бирин-экин ырың менен бөлүшпөйсүңбү?” деп калды. Окумуш болдум. “Ой, сен таптакыр башкача жазат турбайсыңбы!” деп койду. Эртеси Алыке телефон чалып, компьютеринен бир текстти таппай жатканын, таап берчү небереси үйдө жок экенин, шашылыш керек болуп жатканын, “тезинен келе калчы” деп чакырып калды.

Барып, таап берсем, үстөл үстүндөгү Юрий Кузнецовдун ырлар жыйнагын колуна алып, барактап: “Мощный акын, ээ? Акыркы кездери Кузнецовду көп окуп жатам. Анан бир ыры бар эле” деп китептин ичинен бир баракты мага сунду. Алыке аны өз колу менен жорголотуп көчүрүп чыккан Кузнецовдун “Завещание” деген ыры экен. “Ушуну кыргызчага котороюн деп негедир даабай жатам. Сен которуп көрбөйсүңбү, ыя?” деп калды. Ырга көз жүгүртүп, “макул” деп баш ийкедим…

Үйгө келип которуп жатып, кызыктай абалда калдым. Алыкенин “даабай” жатканын түшүндүм. Көрсө, Алыкенин көкүрөгүндөгүнү Кузнецов берип койгон экен да. Кыргызчалаганымды мен да ак баракка өз колум менен жорголотуп жазып, Алыкеге бардым. Карап-карап туруп: “Колуң майда турбайбы, кана өзүң окучу?!” деди. Окуп бердим. Тунжурап калдык. “Жакшы которупсуң. Жакты мага. Муну эми чыгарыш керек. Кузнецовдун китебин берейин сага. Үч ырын белгилеп койдум. Ошону которсоң, өзүм баш сөз жазып, анан “Ала-Тоо” журналына чыгаралы” деп калды. Макул болдум.

Бирок чолоо тийбей, кийинкиге калтырып жүрө бердим. Андан кийин деле Алыке экөөбүз көп эле жолуктук. Бирок Кузнецовдун ырларын бир да жолу “котордуңбу?” деп сураган жок. Кийин менин да эсимен чыгып кетиптир… Атбашыдан Алыкенин өтүп кеткенин укканда, дароо ушул ырды эстедим…

КЕРЭЭЗ
I

Согуш бүткөн жыл аягы эсимде,
Бир кайырчы олтуруптур кечинде –
Калпагына түшөт жалгыз аппак кар,
Күбүрөнөт күбүп жатып энтиге.
Дал ошондой айткан сөзүм ушулдур:
Эмнем болсо, ал байлыгым, кушумдур.
А керээзим – бүт кайтарган тушумдур.

II
Кучагымды тапшырамын карашамал, уланга,
А сүйүүмдү толкундарга, көк деңизге, туманга.
Үмүттөрдү – мейкиндикке, сокурларга, убалга,
Эркиндигим – темир бетон дубалга.
Ааламга – калп. Мен ыраазы ушуга:
Көр казгыла көлөкөнүн тушуна.

Аялдарга калтырамын канымды,
Мажүрүмтал алсын кайгы жанымды.
Сабырдуулук – теңсиз күрөш, убайга,
Аялымды тапшырамын Кудайга.
Ааламга – ой. Мен ыраазы ушуга:
Көр казгыла көлөкөнүн тушуна.

Жалкоолукту өзөн менен өнөргө,
Таман чаңды – алыстыктан көрөргө,
Жыртык чөнтөк – жылдызы көп асманга,
Абийирди – сүлгү менен көртүрмөдө калганга,
Ааламга – эс. Мен ыраазы ушуга:
Көр казгыла…

ЗАВЕЩАНИЕ

I
Мне помнится, в послевоенный год
Я нищего увидел у ворот –
В пустую шапку падал только снег,
А он его вытряхивал обратно
И говорил при этом непонятно.
Вот так и я, как этот человек:
Что мне давалось, тем и был богат.
Не завещаю – от даю назад.

II
Объятья возвращаю океанам,
Любовь – морской волне или туманам,
Надежды – горизонту и слепцам,
Свою свободу – четырем стенам,
А ложь свою я возвращаю миру.
В тени от облака мне выройте могилу.
Кровь возвращаю женщинам и нивам,
Рассенную грусть – плакучим ивам,
Терпения – неравному в борьбе,
Свою жену я отдаю судьбе,
А свои планы возвращаю миру.
В тени от облака мне выройте могилу.

Лень отдаю искусству и равнине,
Пыль от подошв – живущим на чужбине,
Дырявые карманы – звездной тмье,
А совесть – полотенцу и тюрьме.
Да возымеет сказанное силу
В тени от облака…
1974