АСЫЛБЕКОВА Зульфира: ЗУЛЬФИРА АСЫЛБЕКОВА: КӨПҮРӨ

АҢГЕМЕ

Уулубуз Дастандын биринчи класска барып, окуганына бир айдай болуп калды. Окуусу жакшы. Былтыркы жүлүнүнөн жасалган оор операциядан, ошондогу чоң наркоздон кийин, ден соолугуна забын болуп окуусуна тоскоол болобу деп корктум эле. Кудайга шүгүр, эптеп басып жүрөт. Эртең менен атасы жумушка кетип баратып, аны окуусуна жеткизип кетет. Сабагы бүткөндө бир жарым жашар уулум Жоодар экөөбүз, аны тосуп келебиз. Жолдо улам тыныгып, араң келет.
Сабактан кийин бүгүн Дастандын классташ бир баласы биз менен чогуу үйүбүзгө келип калды. Тамактанышып алып, экөө бөлмөсүндө бир нерселер менен алектенип жатышты. Мен Жоодарды уктатып жаткам. Бир оокумда Дастан бөлмөгө кирип:
– Апа, досумдукунан диск алып келе калалычы?– деп калды.
– Өзү эле барып келсин, сен барбай эле койчу, жолдо кыйналасың,– десем ал кыйыктанып, үндөбөй тултуюп таарына жерди карап, дубалды чукулай туруп калды. Кыйбай кеттим.
– Үйү кай жерде экен, жакынбы?
– Жапжакын. Муногул эле жерде деди, – деп, Дастан деле барар жерин анык билбейт экен.
Заматта анын бүркөлүп турган кабагы алда неден үмүтөтө күн чыккансып жаркылдап ачыла түштү.
Аны көрүп жок дей албай:
– Бат келгиле, сарысанаа болом,– дедим.
Ичимен аны жибергим келбей турду. Каруусу жок, тез чарчайт. Бир бутунун күчү алсызыраак болгондуктан сүйрөп басат. Улам эле жыгыла берет. Тизесинин айрылганы айыкпайт. Аны эптеп дарылап, таңып койсоң деле кайра жыгылат. Бутуңду кичине аясаң боло деп калам. Таяк берсем арданып аны албайт. Бала эмеспи тынчы жок, бир жерге байыр алып тура албайт, дайыма басып-турганды жакшы көрөт. Бардык нерсеге кызыгат. Оңдоп, бузуп, кайра башкача ойлоп тапканды жакшы көрөт. Жаны кыйналбаса, баланын басып-турганына не жетсин. Бир чети ооруга моюн бербей минтип, аны жеңип турганына сүйүнөм. Жакында эле бул, Бишкектин чыгыш тарабындагы Ново-Покровкадан үй сатып алып, жаңы көчүп келгендиктен, кошуналарды али жакшы тааныбайбыз.
Ошентип, экөө сыртка чыгып кетишти. Мен баланы уктатып коюп, усталарга тамак жасап баштадым. Кирпичи тургузулуп, шыйпыры жабылган менен ичи бүтө элек, эки кабат үй. Бир бөлмөсүн бүтүрүп эле кирип алдык. Антпесек усталардын быйыл бүтүрөр түрлөрү жок. Беш уста-балдар иштейт. Тамагы менен жатагы бекер болгондон кийин жай иштешет экен. Эптеп убакыт өткөзмөйлөрдү жалдап алганбызбы? Мага колдорунан жумуш арбыбагандай сезилет. Жаш аялметпиз. Улуу кызыбыз бешинчи класста. Кичүү эки уулубузду сүннөткө жаңы олтургуздук. Жалгыз иштеп, бизди багып жаткан күйөөмө жеңилдик болсун деп чарбакка да жашылчаларды өстүрүп алгам. Мурда иштетилбеген семиз жер болгонгобу, жакшы түшүм берүүдө. Айтор, жумуш көп.
Арадан жарым сааттай убакыт өттү. Дастандар келген жок. Тынчым кетип, аларды күтө-күтө көчөгө чыктым. Эч жерден көрүнбөйт.
Алда кандай болуп кетти деп жүрөгүм шуу этти! Нары бастым, бери чуркадым, акыры алда неден кооптонуп чыдай албай атын чакырып кыйкырып да кирдим. Ой тобоо, бейгам жиберип койгонумду карасаң!
Көчөдөн көрүнбөгөн соң нары, дөңгө чыгып карасам поезд жол бар экен. Анын нары жагы ээн талаа, айдоо жер окшойт. БЧК каналы да ошол тарапта экен. Ал жакта да Дастан жок! Жүрөгүм жарылып кетчүдөй дүкүлдөп чыкты. Кайрадан үйгө жүгүрдүм. Уктап жаткан балам эмне болду? Ойгоно элек экен. Аны да көтөрүп алып, жанагыл поезд жолго кайрадан чуркап чыктым. Негедир ошол тарапка эле тартып туруп алды. Ички туюмум балаң ошол жакта дегенсийт. Бир аз баскандан кийин тээ, алыста сербейген эки кичинекей караан көрүндү! Анын биринин араң басышынан Дастанды тааный койдум. Ошол! Бир чакырымдай алыстыкта жаңы салынып жаткан үйлөр көрүндү. Экөө ошол тарапка баратышат. Алыс эмеспи!
– Даста-а-ан, Даста-ан!– деп кантип кыйкырып жибергенимди да байкабай калдым.
Балам кайрылып, көрүп калабы деп кол булгаладым. Жок. Ээн талаа, сыдырым жел алардан мен тарапка согуп тургандыктан, аларга үнүм жетпеди көрүнөт. Балдар дагы эле нарылап, бейкапар кете беришти. Бир кылчайып артын карап коюшпайт!
Балдар да. «Сезимтал, кыраакы, чоң кишидей эле акылың бар эле. Сөзгө мынчалык эмне берилип кеттиң, балам ай!» дедим кыжалат тарта. Тааныбаган баланын үйүнө бара бер деген мен да келесоо экемин. Эмнеге жибип кеттим, деп өзүмдү жемелеп жаттым.
Башыман ак жоолугумду жулуп ала кыйкырып, балдарга булгалап кирдим. Бекер. Ачык күндөн ак нерсе көрүнбай калабы деген ойдо, колумдагы баламдын кызыл жемпирин чечип алып, кайра-кайра булгалай бердим. Аңгычакты кудай жалгап балдардын алдынан бир киши чыгып, аларга мен тарапты көрсөтүп калды.
Баары бурулуп, мени көргөндөй болушту. Үч караан жолугушту да, сүйлөшкөнсүп саамга туруп калышты. Санаам саамга тынчый түшүп, жай бастым. Анан эле баары нары басып жакынкы бир үйгө кирип кетишти. Алардын кайдыгерлигин көрүп, кыжырым кайнап чыкты! Жете барып, баламды желкеден алып сүйрөп келсемби, чекилик болор, ачууга алдырбай турайын. Көп өтпөй жанагыл киши, балдар үйдөн кайра чыгып, бир азга сүйлөшө туруп калышты.
Мен утурлай басып баратып дагы эле балама бери кел деп ачуум менен кол булгалап аттым. Акыры чыдабай аларды көздөй чечкиндүү бет алдым.
Күн ысык, чак түш болчу. Темир жол менен басканга буйдоо, карагай шпалдары жакын, чоң аттасаң чуңкуруна бут түшүп, кадамың арбыбайт. Шпалдарынын да ышпалдасы чыгып бүткөн. Араларын чөп баскан, куурайлары куурап бутка сайылат. Бөтөлкөнүн сыныктары, урчук таштар, уңкул-чуңкулун айтпа, жүдөтөт. Ээн талаа. Үп.
Колумда көтөргөн балам бар. Тез эле боргулданып тердеп чыктым. Үйүм да ээн, ачык калды. Тамагым эмне болду экен, эмгичекти күйүп кетти го. Усталар экинчи кабатта иштей беришет, тамакты карап коймок тургай эч нерсе менен иши жок. Түз жол менен мектепке барып-келгенине сүйүнүп жүрсөк, муну кара, ээнбаш боло баштаган тура, тентиреп! Сениби, сени келээрсиң деп колумду кезеп, өзүмчө жулунуп-чалынып бараттым. Көтөргөн балам да ысып, уйкусу ачылып-ачылбай, толук айга жете элек деп шым да кие элек баланы ого бетер жүдөттүм көрүнөт. Анан кантмек элем?!
Мени көрө айыбын сездиби, аңгычакты Дастан бери басты. Ох, аман-эсен келатат деп жеңилдей түшкөнсүдүм. Ага жете барып колунан алып шаштырайын деген ой менен аны көздөй адыраңдап бара бердим. Жолдугата ачуум менен ага улам муштумумду түйүп коём. Жампаңдап апкыты басылган жаман тапичкем менен узун юбкам да жүдөттү, бутума чалынып. Ачуумдун чындап келгенин туйган Дастан да утурлай демиккен болот. Улам чалынып жыгылып, кайра тура калып, шашып келатты.
Коркуп, бүткүл ою менде болуп, ооруганын деле сезбей келатабы деп кайра ага боорум ооруп кетет. Бирок аны урушуп койбосом болбойт, мындан да алыс кетип калсачы дейм ичимден.
Темир жол биз бири-бирибизге жеткенче кыскарбай эле кайра узарып бараткансыды. Аңгычакты тээ алыстан күнгө чагылышып жаркыраган поезддин терезеси көрүндү. Дал Дастандын артында.
Алды-артын карабай, улам жыгылып-тура мага ашыгып келаткан баламды уруп кетсе эмне болот? Жүрөгүм болк этип кетти! Тула боюм муздап, тимеле койнума жылан соймолоп киргендей боло түштү.
Темир жолду шагыл таш төшөп, жерден ойда бийиктетип салышкан экен. Ээн жак болгондон кийин адамга ылайыкталган эмес. Эгер темир жолдон тайса Дастандын сайга кулап кетери анык. Бул жакты мурда көргөн эмес элем. Эми эмне кылдым кокуй!
Көпүрө! Ал алдыман эми гана көзүмө урунду. Жолду бийиктетип келип БЧКнын чоң суусунун үстүнөн көпүрө салынган экен. Азыр ошол көпүрөдөн поезд өтөт. Көпүрөнүн бир учунда Дастан, бир жагында мен кичинекей бала менен. Көпүрөнүн узундугу жыйырма метрдей. Эки капталы жарытылуу тосулган да эмес, андан бала эмес килейген уй, ат деле түшүп кетчүдөй. Поезд болсо сойлогон ажыдаардай улам айбаттуу жакындап келет.
Мен Дастанга:
– Жолдон чык!– деп далбастай кыйкырсам, ал укпай, ого бетер үрөйүмдү учурду. Көпүрө алдындагы суунун да шаркыраган үнү, шамал да ызылдап…– Поезд!– деп колум менен артын жаңдасам балам түшүнбөйт. Андан бетер шашып мага жүткүнөт. Ага:– Нары кет! Четке чык!– деп чый-пыйым чыга кол булгалап жибердим.
Укпады. Ал да бул жакка алгачкы келиши көрүнөт. Ага демейкидей муштумумду түйүп, бери кел!– дегеним эле анын мээсине биротоло сиңип калганбы? Бир кыялданып алса, кечке дейре эч ким менен иши жок, кыялына башын алдырып койчу мүнөзү бар эле ошол «оорусу» кармап калды көрүнөт.
Бар күчүм менен жан үрөп, далбалактап алдыга чуркай бердим. Колумдагы бала да чырылдап ыйлап кирди. Поезд да шакылдап улам жакындап келатат. Дастанды көпүрөгө жетпесе экен деп кудайга жалынам. Экөөбүз анын эки учуна удаа жете бердик. Болгону жөн жайда бир дем менен өтүп кетчү эле аралык болчу. Эми ал көпүрө узарып кеткенсип, аягы жоктой. Андан чуркап өтүп, Дастанга жетишип калаарыма ишене албай да кеттим. Андан бөлөк кандай айла кылмакмын. Куру үмүттөн бөлөк аргам жок. Жиндидей делөөрүп, алга ашыга бердим. Эч качан минтип чуркап көргөн эмесмин.
Мына, эми көпүрөнү тызылдай чуркап өтпөсөм Дастан поезддин астында калат! Эмнеге бул жактан там алдык экен?! – деп жан ачытып да алдым. Бизди көргөн поезд да жол бошоткула дегендей улам-улам ачуу кыйкыртып кирди. Колумдагы баланы таштап чуркасам, ал да мени ээрчип, поезддин астына кирип кетеби деп корком же БЧК га түшүп кетсечи? Кокус Дастан көпүрөгө кирип калса, экөөнү тең кучактай сууга секирсемчи? Сүзгөндү билбейм. БЧК деген сугат арыгы эмес, терең. Көлбүй аккан суу да, калдыраган поезд да, иттин ичегисиндей чубалган көпүрө да, мага үч баштуу ажыдаардан жаман сезилди ошондо. Эч айла жок. Алга чуркоо, Дастанга тезинен жетүү гана керек.
Поезддин кыйкырыгы эми такыр басылбай калды. Айдоочусунун да амалы кетип калды көрүнөт. Амалсыздыгыман бар күчүмдү үрөп поездди утурлай чуркай бердим. Өзүмдүн поездге урунуп өлүп каларым түк эсиме келген жок, колумдагы балам да. Анын белинде байланган кызыл жемпири да чечилип, учуп кетти. Алда кандай жамандыкты боолгодубу, наристем бакырып ыйлап кирди. Мен үчүн алардан кымбат эч нерсем жок.
Аллахым, балдарымды сактай көр! Сакта! Күч бере көр?! – деп алга жулунуп, көпүрөнүн дал ортосуна жеткенимде бутумдагы тапичкемдин бири эки жыгачтын ортосуна кептелип кала берди. Жеңилдей түшүп, ого бетер тызылдай чуркадым. Экинчи тапичкем да жок экен, качан жоголгонун билбейм. Тамандарым ачышып чыкты. Бүт оюм эле эптеп көпүрөдөн өтүп, эки баламды тең поездге жеткирбей сайга ыргытуу. Ошентсем, алар аман калышса экөө жетелешип, үйгө барып калышаар деген гана жалгыз үмүт турду оюмда. Жандимилене:
– Четке! Четке чык! – деп Дастандарга колумду жаңсап улам кыйкырып коём. Ал болсо мага ашыгат.
Суунун шары, поезддин ачуу үнү, менин чаңырыгым, баланын ыйы, айтор, ээн талааны жаңырттык. Дастан дагы эле мени көздөй келе берди. Артындагы ажалдуу поездди кылчайып бир карап койбойт. Ал эмне, майыптыгы жанга батып же менин жемемден тажап атайылап эле ушинтип жатабы деп да коркуп кеттим. Ачуусу менен поездден качамын деп жолго кулап калбагай эле!..
– Четке-е-е! Четке! Жыгылба! Даста-ан четке! – деп ачуу кыйкырып жибердим. Шакылдаган поезд артынан жакындап келип калган болчу.
Коркунучту эми даана туйду көрүнөт, Дастан далбалактап мага умтулду. Көзүмө аксалаңдап мени көздөй жулунган балам гана көрүндү.
– Апа! Ка-ач! Апа-а!– деп коёт байкушум! Ыйлап алыптыр, эми анын жүзү мага даана көрүндү. Демите келген коркунучтан менин дагы күчүмө күч кошулуп:
– Азыр! Азыр балам! Мына, аз калды! Эч кимге бербейм силерди! О, Жараткан балдарымды сактай гөр! Күч бер!– деп Дастанга жете бара бир колум менен аны далыдан апчып алдым да, четке каргыдым.
Поезд шарактай жете келип, шамалы жаба берди да, жандай өтө берди…