АТАКАНОВА Айжан: ДИЛАЗЫК: БАКТЫЛУУ БҮЛӨ

ПРИТЧА

Жаш жигит акылманга келип кеңеш сурады.

— Сиздин билимдүүлүгүңүздүн сыры эмнеде? Сиз бактылуусуз. Сизди сыйлагандар көп, өз жашоосун жакшыртууну каалгандар сизге кайрылышат. Мен көп окуйм. Бирок кыйынчылыктар жармаша берет.

Жооп берээрден мурун акылман бир жылмайып, аялын чакырды:

— Сүйүктүүм, конок келди, таттуулардан жасаганга камыр көптүрүп койчу.

Аялы ашканга бет алды. Бир аздан кийин бөлмөгө келип:

-Сүйүктүүм, камыр даяр, — деди.

Анда акылман:

— Эми камырга бал, жаңгак жана кургатылган жемиштерден кош.

Аялы:

— Үйлөнүү тоюбузда жасайбыз деген азыктарданбы?

— Ооба, дал ошолордон жаса.

Бир аздан соң аялы ийлегенге жыттуу пирогун көтөрүп келгенде акылман конокту алдырардан мурун:

— Кымбаттуум, аябай аракеттендиң, бирок муну кембагалдарга алып бар, — деди.

— Пирогго убал го!

— Сен кантип акылман болуу керек деп сурабадыңбы? Аялыңа пирог жаса деп айт.

Жигит үйүнө учуп келсе, үйүндө аялы курбулары менен бажырап сүйлөшүп отурган экен. Буга карабай акылмандын айтканындай кылгысы келип:

— Сүйүктүүм, — деп эркелетип сөз баштады. – мага камыр жасап берчи.

Нааразы болгон аялы:

— Көрүп турасың го бош эмесмин, үйдө тамак бар, — деди.

Бирок күйөөсү буга ачууланган жок. Аялы курбуларын узаткан соң гана тамак жасоого киришти. Бир аздан кийин күйөөсүнө:

— Камыр даяр, бирок мен пирог эмес, токоч жасайын дегем,- деп бир сааттан кийин тарелкага салынган токочун көтөрүп келди. Кере дем алган күйөөсү:

— Кымбаттуум, сенин эмгегиңди баалайм. Бирок бул токочторду кедейлерге алып бар да, таратып бер, – деди.

— Дагы эмне? Азыктарды түгөтүп камкор болуп калганын деле!

Ошентип аялы күн сайын ошол токоч тууралуу күйөөсүнүн мээсин жеп, эскертчү болду.

Ошондо ал акылмандын үйүнө чуркап барды.

— Сен мени алдаптырсың! Бардыгын сен айткандай жасаганым менен бардыгы артка кетти.

Акылман конокту отургузуп айтты:

— Сен менден кантип акылман болуу керектигин сурабадыңбы. Эми сен көрдүң, – менин аялым бакыттын булагы. Ал эми сен окууңа карганда аялың менен урушуп, убактыңды көп коротосуң. Бул жерде акылдуулук барбы?

— Мен аялымды таштап башкага кетейинби анда?

— Сен оңой жолун издеп атасың. Бул туура эмес. Сага да, аялыңа да бири-бириңди сыйлоону, сүйүүнү үйрөнүү керек. Үйүңө аялыңа бар, ага чейин китептер тууралуу ойлонбо.

— Мен ансыз деле аялым үчүн бардыгын жасап атам, — деп жигит ачуулана түштү.

— Ал бактылуубу? Силер бири-бириңерди сүйүү үчүн тандагансыңар. Бирок сен китеп окуу менен алектенгенде аялыңды унутуп калгансың, ал сени курбулары менен талкуулап жатат.

Жигит ачууланып үйүнө келатып, жүзүм саткан соодагерге жолукту. Мындай жүзүмдү аялы менен таанышканда сатып алганын эстеди. Аялы да жүзүмдү жакшы көрчү. Бирок акыркы жолу качан алып бергенин эстей албады.

Жүзүм сатып алганы менен аялын кубанта алган жок, ал уктап калган эле. Бетинде көз жаштын издери байкалып турду. Күйөөсү муну көрүп, үстөлгө жүзүмду койду. Эртең менен аялынын сүйкүмдүү кучактаганынан ойгонду.

Мындан кийин алар бири-бирине көңүл бөлө башташты. Ал эми күйөөсү баягы китептерин кармап да койгон жок. Жакшы нерсенин бардыгы үйдөн башталарын чындап сезди. Бир канча убакыт өткөн соң дарбазаны бирөө тыкылдатты. Эшиктин алдында кайгыга чөмүлө ыйлаган жаш жигит турду, колтугуна китеп кысып алган.

— Акылман, мага жардам бериңиз. Мени досторум жиберишти, бир гана сиз бактылуулуктун жолун билет экенсиз. Канчалык ойчулдардын китептерин окусам да жашоом оңолбоду. Колуктум каардуу да, заардуу да болуп баратат.

Жаш жигиттин оюн уккан соң:

— Кир үйгө, аялым тамак жасамак эле, — деди.

Орусчадан оодарган Айжан АТАКАНОВА