АТАКАНОВА Айжан: ДИЛАЗЫК: АЧУУ ПИЯЗ

ПРИТЧА

Балдарым менен бирге болууга менде дайыма убакыт болгон жок. Жумуш, карьера, өздүк жашоо. Бирок менин балдарым шоколаддан тартып компьютерге чейин эч нерседен кем болушпады. Балдарымдын кемчиликтерине көз жумуп койгондуктан алар менин мээримим жетишпей жатканын кечирип коюшчу. Ошентип таттуу балалык бат эле өтүп, балдардын татаал өспүрүм курагы келди. Бирин-бири күнөөлөмөй күчөдү. Мен ушунчалык жаман ачылыш жасаптырмын: балдарым мээримсиз чоңоюшту. Алардын чоңоюп жатканын эске албаганым аз келгенсип, жакшы менен жаманды ажыратууну да үйрөтпөптүрмүн.

Бир күнү кезектеги пикир келишпестиктен улам ашканада пияз аарчып отургамын. Көзүмдөн жаш куюлуп жатты. Апам кирип келип:

— Эмне ыйлап атасын? — деп калды.

— Пияз аябай ачуу экен. Кээ бир сорту бар го, такыр жаш чыгарбайт, — дедим.

— Азыраак сугарып коюшса керек.

Ошондо тушундүм: эгер балдарды кичинесинде көп сугарбаса, алар чоңойгондо башкалардын көзүнөн жаш агызат турбайбы…

Эненин кеңеши

Мен иштеген ооруканадан тыныгуу учурунда медайымдын өспүрүм кызына берген кеңешин капыстан угуп калдым.

— Сен абдан кылдаттык менен өзүңө өмүрлүк жолдош тандооң керек. Атаңды карачы, анын колунан баары келет. Оңдогонду, машина жууганды, свет оңдогонду, люстра такканды, баардыгы колунан келет. Андан тышкары бут кийим, сантехника, бакчадагы инвентарды да оңдой алат…

Эненин мындай кебин укканда абдан туура кеңеш берип жатат деп ойлогом. Сөзүнүн аягында: “Эч качан мындай адамга турмушка чыкпа. Анткени үйүңдө жаңырган деле буюмуң болбойт” –дебеспи.

Бир туугандар

Бир адам өзүнүн үй-бүлөсүн абдан сүйчү экен: апасын, атасын, агасын, аялын, балдарын. Бир жолу агасы менен катуу урушуп кетип, тогуз жыл сүйлөшпөй коюптур. Экөө тең өздөрүн ак сезип, кечирим суроого барышпайт.

Ошентип бир туугандардын бири катуу ооруп калат. Ал өлүм алдында жатканын жана эч нерсени өзгөртүүгө болбосун түшүнөт. Агасын бир көрүүнү эңсеп, көзүнөн аккан жаш моюнуна чейин куюлат. Бирок текебер болгондуктан бир тууганы менен сүйлөшүүнүн ордуна душман бойдон кала берет.

Арадан эки күн өтүп агасы каза болот. Жаназасына бир тууганы келип, агасынын денеси жерге берилип жатканына кайгырып турду. Кайгыга муунган иниси “Мени кечир, мен сени жакшы көрөм!” деп кыйкырганы менен агасы аны уккан жок.

Уккан жок, анткени өлүк эле. Ал эми тирүү кезинде текеберликтин айынан азыр көрүстөнүндө отурган бир тууганына бул сөздөрдү арнай албады.

Эң негизги сөздөрдү айтууга жетишпей калганга дейре жаман сөздөрдү айтуунун кереги бар беле?

Которгон Айжан АТАКАНОВА