АТАКАНОВА Айжан: ДИЛАЗЫК: БУЛГАНГАН УЯ

Бир көгүчкөн дайым эле уясын алмаштырып турчу экен. Жагымсыз, ачуу жыт ал үчүн чыдагыс эле. Бир күнү ал абдан акылдуу, улгайган, тажрыйбалуу көгүчкөнгө даттанып кирди. Муну уккан акылдуу көгүчкөн башын чайкап мындай деди:

— Дайыма уяны алмаштыруу менен эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Сага тоскоол болуп жаткан жыт уядан эмес, өзүңдөн чыгып жатат, – дептир.

Тазалык үчүн сыйлык

Бир жолу күйөөсү жумуш боюнча алыска кеткен. А анын аялы абдан таза эле, үй ичин, эмеректерди жалтыратып, керек болсо бурчтагы ылайдан жасалган түкүргүчтү да жууп турчу. Ушунча эмгектин аркасы менен жүрүп, аялы каранбай өзүн-өзү унутуп калды.

Ошентип алыстан кайткан күйөөсү жол бою чаңга толгон тамагын тазалоо үчүн бурчка түкүргөнү барды. Бардыгы жалтырайт. Ошондо ал аялынын бетине түкүргөндөй эч нерсе кыла албады.

Элүү жылдык сыйлашуу

Улгайып калган түгөйлөр алтын тоюн белгилеп жатышкан. Эртең менен чогуу тамактанып отурган аялы минтип ойлоду:

— Мына, элүү жылдан бери жолдошума жагуу үчүн дайыма нандын кытыраган катмарын берип келдим. А бүгүн бул деликатестин мага тийишин каалайм.

Ал нандын үстүнкү катмарын кесип алды да, майдан сүйкөп өзүнө коюп, алдыңкы катмарын күйөөсүнө берди. Маңдайында күтүп отурган жолдошу сүйүнгөнүнөн аялынын колун өөп, мындай деди:

— Кымбаттуум, сен бүгүн мага кубаныч тартууладың! Мен элүү жылдан бери жакшы көргөн нандын алдыңкы катмарын жебей келдим. Дайыма нандын ошол бөлүгүн сенин жешиңди каалап келем, себеби сен аны абдан жакшы көрөсүң.

 

Эмне болду?

Молдонун ачуу кыйкырыгынан улам коңшулары коркуп чуркап келишти.

— Оо, молдоке, эмне болду сага?

— Эл-журт, ооруп жатат!

— Эмнеге, кай жериң ооруп жатат?

Молдо:

— Анткени ооруп жатат!

— Ой, эмнеге ооруп жатат? — деп сурашты.

— Оой! Кандай келесоосуңар, ооруп жатат, анткени колумду ийне менен сайдым.

Таң калган коншулары баштарын чайкашты.

— Оорутарын билсең, эмнеге ийне менен саясың?

— Антпесем, силерге даттана алмак эмесмин, кыйкырып! — деп дагы бир ирет мүңкүрөп алыптыр.

 
   

Алты даана нан

Бир киши дайыма алты нан сатып алчу экен. Кандай аба ырайы болбосун, нан алуу үчүн күн сайын базарга барат. Бир күнү досу сурап калат:

— Айтчы, сен эмнеге күн сайын алтыдан нан сатып аласың. Мунун баарын жеп бүтө албайсың да.

Анда досу:

— Мен сага кылдаттык менен түшүндүрүп берейин. Бери ук, бир нанды өзүмө калтырам, бирөөсүн таштап салам, экөөсүн кайтарып берем да, экөөсүн карызга берем.

Муну уккан досу башын чайкап:

— Бир да сөзүңдү түшүнгөн жокмун, кайра түшүндүрүп берчи.

Анда беркиси:

— Өзүмө деп калтырган нанды жейм. Таштап салам деген нанды кайненеме берем. Кайтарып берем деген эки нанды атам менен апама берем, ал эми карызга берген эки нанды уулдарыма берем, — деди.

Орусчадан оодарган Айжан АТАКАНОВА