АТАКАНОВА Айжан: ДИЛАЗЫК: ОЮНЧУК ЧЕБЕРИ

ПРИТЧА

Алыскы өлкөлөрдүн биринде балдарды сүйгөн аксакал жашаптыр. Ал дайыма балдарга оюнчуктарды жасачу экен.

Оюнчуктары абдан ичке болгондуктан, балдар ойногуча эле сынып калчу экен. Оюнчугу сынган бөбөктөр кайрадан башкасын берүүнү сурап келишчү. Аксакал камсанабай башкасын берет, бирок ал оюнчук андан да ичке экен.

Акырында буга ата-энелер да кийлигишчү болду. Алар аксакалга келип:

— Сиз эмнеге балдарга дайыма бат сына турган ничке оюнчуктарды бересиз? Сындырып алып басылбай ыйлашчу болду, — дешет.

Анда акылман карыя:

— Бир аз жылдар өткөндө кимдир-бирөө бу балдарга өз жүрөгүн тартуулайт. Балким, ничке оюнчуктарды сындырбоону үйрөнүп, алар башканын жүрөгүн аяганды да туюшар?.. – деди.

Ата-энелер көпкө ойлонуп, акылманга ыраазычылыгын айтып тарап кетишти.

ТАРБИЯЧЫ МЫК

Соодагер узакка созулган жол жүрүүдөн кайтып келди.

Уулунун шоктугуна катуу кайгырды. Жаш бала энесин укпайт, коңшуларына оройлугун көрсөтөт. Майда-барат көп кылмыш кылат. Тыюу салууларга көңүл буруп да койбогон макоо.

— Кандай кылыш керек?

Атасы зомулукка баргысы келген жок. Ананчы! Уулу да!

Соодагер чоң жыгач мамыкты короонун ичине көрүнүктүү кылып орнотуп койду. Уулу тентектик кылган сайын мамыкка чоң мыктан кага берди.

Күндөн күнгө мамыктын бетиндеги мыктар жайнап кетти.

Бала мамыкты байкамаксан болгону менен муну көргөндө уялчу болду. Ар бир кыймылын көзөмөлдөп сылык, адамгерчиликтүү боло баштады.

Буга атасы аябай кубанды. Мындан аркы жасаган жакшы аракети үчүн бирден мыкты сууруп койчуу болду.

Мыктар азайгандан азайып, баласы адамгерчиликтүү, сылык болуп калды. Үйдөгү жумуштарды так аткаргандыктан, апасынын көздөрү кубанычтан балбылдаганычы.

Бир күнү атасы кычкач менен акыркы  мыкты сууруп аткан. Мунусу балага таасир калтырып, ал ыйлап жиберди.

— Эмне ыйлайсың? –деди атасы.

— Мыктар калбай калды.

— Ооба, мыктар калган жок. Бирок мен мыктан калган тешиктерди көрүп турам. Алар калып калды…

БААРЫ СЕНИН КОЛУҢДА

Качандыр бир мезгилде шаарда улуу акылман жашаптыр. Ал тууралуу кептер шаардан тышкарыга да жетип, алыстан кеңеш алууга көптөр келишчү экен.

Бирок шаарда анын даңкына көз арткан киши бар болчу. Бир күнү жайыттан көпөлөктү кармап алып, жумулган алаканына салды да:

— Акылманга барып, көпөлөк кайсы алаканымда экенин сурайын. Тирүүбү же өлүкпү? Эгер өлүк десе алаканымды ачып, көпөлөктү учурам. Эгер тирүү десе алаканым менен кысып өлтүрүп салам. Ошондо кимибиз акылдуу экенибизди түшүнөт, — деп ойлоду.

Бары ойлогондой болду. Көз арткан адам шаарга келип акылмандан сурады:

— Оо, акылман, көпөлөк кайсы колумда? Ал өлүкпү же тирүүбү, айтчы?

Акылман ага кыраакылык менен карап:

— Баары сенин колуңда, — деди.

Орусчадан оодарган Айжан АТАКАНОВА