АШИРБЕКОВ Мурзаш: МУРЗАШ АШИРБЕКОВ: ТУРМУШ КЕЧҮҮСҮ

АҢГЕМЕ

— Мен көчөдө кайыр сурап калсам да иштебейм! – деди Кыдырбек.

Ал биздин ишке кирмек болгонубузду жактырган жок. Балким, көрө албай жаткандыр…

— Эмне, шаарда атаңын үйү бар беле? Иштебесең кантип күн көрөсүң? – деди Абды.

— Баласың сен! – Кыдырбек кызаңдай түштү. – Күнүнө элүү тыйындык тамак жесең, бир айга он беш сом кетет. Үйдөн ар айда жыйырма сом жиберип турбай өлүппү?

— Кеп акчада деле эмес. Иштесең турмуш үйрөнөсүң, наркы-беркини билесиң, – дедим мен.

— Болуптур! Иш менен турмушту экөөңө бердим. Деги мени тынч койгулачы… – Кыдырбек тетири карай жатып алды.

Үчөөбүз бир төшөккө жатканбыз. Кыдырбек бат эле коңурук тартып уктап кетти. Абды деле унчукпай дымып калды. Ал да «а дүйнөгө» жөнөдү окшойт. Менин гана көзүм чакчайып, уйкум келбейт.

* * *

Абды экөөбүз мектепте окуп жүргөндө Фрунзе дегенде ак эткенде так этип, таттуу кыялдарга өрөпкүп «Университеттен бир окусак» деп тамшанчу элек. Ошол көздөн учкан Фрунзеге да акыры келдик. Бирок өзүбүз көксөгөн журналистика бөлүмүнө кире албасыбызды дароо эле билдик. Ага түшкөн арыздар эң эле көп экен. Жарымынан көбү өндүрүштөн келгендер дешти. Биздин стажыбыз жок эле, ошол себептен өтпөсүбүзгө көзүбүз жетти да, акыл сурап деканга кирдик. Ал киши журналистика бөлүмүнүн жаңы ачылып жаткан кечки группасына кирүүгө кеңеш берди. Биз кечки бөлүмүнө экзамен тапшырдык. Кыдырбек менен ошондо таанышып, бирге жашап калдык. Экөөбүзгө басмакакадан жумушчулук орун табылды. Мен ушуларды ойлоп жатам. Тап-такыр уйкум келбейт…

– Тур, тур дейм! – Абдынын түрткөнүнөн ойгонуп кеттим. Саатыма карасам туп-туура жети. Оң жакта Кыдырбек жатат. Ал чалкасынан түшүп бейкапар. Абды экөөбүз шашыла кийинип сыртка чыктык. Саргая баштап, эртеңки керимселге дирилдеген тиги чоң жыгачтардын жалбырагындай биздин жүрөгүбүз элеп-желеп. Ананчы, өмүрүбүздө бүгүндөн баштап чыныгы жумушчу болуп иштөөгө баратпайбызбы. Басмаканага да кирдик. Кечээги бизди жумушка алган басма цехинин начальниги Иван Григорьевич жолукту. Ал кабагы салыңкы, көп сүйлөбөгөн москоол киши экен. Бизди көргөндө оң бутун сылтый басып жаныбызга келди да:

– Келдиңерби студенттер, кана эмесе жүргүлө! – деп ээрчитип цехке алып кирди. Цехтин ичи кенен залдай экен. Төрт бурчунда төрт басма машина турат. Машинанын баш жагындагы туурасынан коюлган жоон үбөлүк «гыш-гыш» этип ар бир айланган сайын эсептегендей бирден чоң баракты печатка басып чыгарып турат. Биз кызыгып, айланага карап жатабыз. – Бүттүңөрбү? – Иван Григорьевич кашын жыйыра, мурутун түктүйтүп бизди бир карап алды. – Нина, буларга иш тапшыра бер!

Ары жактан бир жумушчунун алдына барып, баятан бери бирдемелерди көрсөтүмүш болуп жаткан кыз алдыбызга келип сынагандай бутубуздан жогору карай бир сыйра карап алды. Кур калган жокпуз, жука эрин, чукул көз, кууш маңдай, кыска кыркылып, бардык учун тиреп байлап койгондуктан бир тутам болгон желке чачы эчкинин куйругундай сербейген кыз алдыбызда турду.

— Кана эмесе, жүргүлө. Печатка кагаз алып келебиз. Мен бул цехтин мастеримин. Силер да бүгүндөн баштап ушул цехтин жумушчусусуңар, – деп ал кыз илеби-илебине тийбей чак-чак сүйлөп, бизди ээрчитип жөнөдү. Кагаз түрүүчү складга келдик. Бул жерде да кагаз кыркуучу бир машина турат. Кыркылган актай кагаздар ирети менен шыпка чейин үйүлөт. Эшиктен түшкөн күндүн нуруна кагаз тозоңдору уйгу-туйгу. Кагаз эле жыттанат. Мобу жыйылып турган кагаздан жыйырма бешти арабага жүктөп, басуучу цехке алып баргыла. – Нина жыйылып турган кагаздардын бирөөнү көрсөттү да чыгып кетти.

Бул кагаз өтө эле сыйгалак экен. Кармасак деги эле эп келбейт. Жүктөп бүткөнүбүздө жанагы эле пачка-пачка болуп чеке бели тегиз турган кагаз, азыр ара-ара болуп пачка экени да белгисиз.

— Ай, бул эмне кылганыңар?! – Нина биз алып келген кагазды көрүп чочуп кетти. Кызарып туруп калдык. Аңгыча цехтен чыга калган, майланышкан комбензон кийген чап жаак, саргыч чачын жылма тараган орус жигит жаныбызга келди. Ал күлүңдөй бизге бир, жүктөлүү турган кагазга бир карап алды. Бир пачкадай кагазды эки четинен кармап ыкшап-ыкшап койду да, анан ие көтөрүп колун бир аз бошото алдыдагы кагазга дүк койгондо, жанагы эби-сыны жок пачка эми тептегиз төрт бурч кейипке келди.

– Силер кагазды алганда телегага бүктөөсү боюнча жүктөгүлө, өзүңөргө оң болот. Бул кагаз сыйгалак. Башка түрлөрү жабышкак келет. Ал кагаздар мынча кыйнабайт. Үйрөнгүчө билбегениңерди сурагыла. Менин атым Саша, тиги биринчи машинада печатникмин, – деп ал жигит биздин атыбызды да сурап билгенден кийин мындай койгула деп жанагы өзү алган пачканы кордонго жая бизге көрсөтүп, анан мыйыгынан күлө көзүн кысып койду да цехке кирип кетти. Чынында биз ал жигитти жакшы көрүп калдык.

Андан ийин Нинанын көрсөтүүсү боюнча печатка баштан барактарды фальцовкага ташыдык. Аерде баштан барактарды бет-бетине дал коюп олтурган аялдаp. Саат төрттө иштен чыгып, талыкшып үйгө келдик. Кыдырбек уктап жатыптыр. Ал биздин шыбыртыбыздан ойгонуп көзүн ачпай:

– Кандай иш? Иш жактыбы? – деп сурады.

— Ананчы… – Мен чаалыккан түрүм менен жооп бердим.

* * *

Абды, Кыдырбек үчөөбүз окууга жөнөдүк. Сабак кечки саат жетиден башталат. Биз тротуар менен барабыз. Карама-каршы келе жаткан үч кызды көрсөтө Кыдырбек:

– Карачы, просто чүрөктөр экен, – деди.

Анан артына карап баратып, алдыдагы келе жаткан кемпирди омуроолоп кетти.

— Ай, балам! Адамча карасаңчы, көзүң барбы? – Теңселе түшкөн кемпир өзүн түзөп анан Кыдырбекке карады.

— Эмне? Мен сизден көз сурап жатамбы? – Ал корс этти.

— Акылсыз десе. – Кемпир буурул ак башын чайкап басып кетти.

— Карачы! Камгактай жеңил экен ай. – Кыдырбек өз сөзүнө маашыр боло кыт-кыт күлдү.

— Айып сенде. Кечирим сурашың керек эле. – Ал менин айткан сөзүмдү капарына албай, кайра:

— Ошентип-ошентип көнүп кетет, – деди да, биз менен катар жүрө берди.

* * *

Абды экөөбүз цехтин ичин шыпырып, таштандыларды ящикке салдык да, эки четинен кармап таштандыларды төкчү жерге алып жөнөдүк. «Бырс» эткен күлкүдөн улам жан жагыбызды карасак кароолчу кемпирдин жанында беш-алты кыз бизди карап турат.

Кээ бири бизди карап оозун баса ичинен күлсө, башкасы аны кой дегенсип анысын түртө мостоёт. Алар чоочун кыздар, бул жерде иштешпейт. Практикагабы же мүмкүн башка иш менен келишкендир. Кийимдери таза, ыраңдуу эле кыздар экен.

— Бетиң боз ала чаң. Кара май да жугузуп алыпсың, – дедим мен көзү гана жылтырап көрүнгөн Абдыга.

— Сеники меникинен кем эмес, – деди ал.

Экөөбүз тең мостоюп, эмне кыларыбызды билбей, кызарып туруп калдык. Экөөбүздүн кебетебизди көрүп жанагы оозун басып араң тургандары ачык эле күлүп жиберишти. Көзүбүз ымыр-чымыр боло түштү.

— Бүгүндөн нары цехти шыпырбайбыз. – Экөөбүз Нинага жарыша айттык. Шыпыргыч ооруп калыптыр келгиче аткара тургула деп кошумча иш берген ошол да бизге.

— Эмне үчүн?

— Биз шыпыргыч эмеспиз да.

— Эмне кеп, жолдош студенттер! – Сылтый басып, кабагын чытыган Иван Григорьевич жаныбызга келди.

Биз болгон ишти ага айттык. Ал салыңкы кабагын бир аз жаза жылмайды да:

— Анан силер да эби менен чаң болбойсуңарбы,– деди. Кайра мурутун түктүйтө эки кашынын ортосун жыйрып, кабагын түйүп.– Кошумча наряд жазып берейин дедим эле. Каалабайт экенсиңер мейли, өз ишиңерди иштей бергиле, –деп басып кетти.

— Болуптур. Сен барып складдан кара боёк алып кел, – деп Нина Абдыны жөнөтүп мага да иш буюрду. Мен бланкаларды биринин үстүнө бирин коюп төрт пачкасын таңып жатканымда Нина колумдан жулуп алды:

— Ай, сен бир нерсени ойлойсуңбу?!

— Эмне болду?

— Эмне болду дейт! Момундай байла дебедим беле! – Ал бланканы кагазга ороп мага көрсөттү.

— Кечиресиз. Айтканыңызга түшүнбөй калыпмын, орусча сөзгө анча… – дедим орусча чала сүйлөп.

* * *

Биз эшиктен кире бергенде Кыдырбек столду кучактай отуруптур. Алдында бир килого жакын колбаса, ак нан, кант турат.

— Иштер тоймоой! – деди ал бизди карай былч-былч чайнап.

— Дараметиң чоң го, – Абды күлө карады.

— Ананчы. «Бекер кепин болсо, өлмөк керек» дейт. Келгиле, андан көрө бекер тамактан силер да жегиле.

— Кандай бекер тамак? – деди Абды.

— Э дос, бүгүн барып университеттен каттарды карасам бир кат шуудурайт. Калың экен. Ичин ачсам үч сом акча салып коюптур. Кызыгын эми таптым. Башта деле каттарды көп карачумун, бирок ичинде акча болот деп үч уктасам түшүмө кирчү эмес.

— Ал кат кана?!

— Тытып салгамын.

— Каттын ээсинин фамилиясы ким?

— Байкаган жокмун. Эмне эле такып калдың? Иши кылып кат экөөңө эмес. Кел, тамактан же.

— Жебейм! – деди Абды. – Эгер ошол каттын ээсин билсем!…

— Сен да жебейсиңби? – Кыдырбек мага кайрылды. Мен эмне дээрди билбейм.

— Жашоонун да жолун билиш керек, жолун!..–Кыдырбек мыскылдуу күлдү.– Кой дос. Ушинтип кыйналгыча колхозго эле кет. Минтип жүрсөң адам болбойсуң. А адам аз эле жашайт…

— Болду!!! – Мен титиреп тура калдым.

— Болсо болду! – Кыдырбек жайылуу төшөккө чалкасынан жата кетти.

* * *

Бүгүн шаршемби. Бул күнү бизде окуу болбогондуктан эрте эле жаттык. Ырас, үйүмдү сагынганымды эми билдим. Үй жөнүндө терең ойго баттым. Инилерим, апамды эстеп, улутуна түштүм. Баары белен, баары көңүлгө ынак. Апамдын тарамыштары көгүш тарткан мээнеткеч колдору бышырган таттуу тамактар… Муңканткан кыял менен уктап кетиптирмин…

…Жүгөрүлөр бышайын деп калыптыр. Мен чемоданымды көтөрүп үйгө жакындап калдым. Адатымча биринчи көрүп биздин ала мойнок ит жүгүрүп чыкты да мойнума асылды. Аны башынан сыладым. Ана, эшиктин алдында инилерим чүкө атып ойноп жатышат. Апам болсо мордой түтүндү булата, очокко от жагып күйпөлектөп, казанды көөлөй бир нерсе бышырып жатат. Мени байкашпайт. Чыдай албай кыйкырып жибердим.

– Aпa!

— Тур, тур, ишке жөнөйбүз! – Абдынын түрткөнүнөн улам ойгонуп кетсем түшүм экен. Биз шашыла кийинип жумушка жөнөдүк.

* * *

Күндөр өтө берди. Бүгүн биринчи жолу башталган тарых сабагынын семинарына жакшы жооп бергенибизге Абды экөөбүздүн тең көңүлүбүз ачык. Эшикте айлананы булут чүмкөп, көзгө сайса көрүнгүс караңгы. Түн бир убак болуп калса деле Кыдырбек жок. Ал бая биз жумуштан келгенден кийин «баары бир барсам «эки» алам, семинарга даярдана алган жокмун», – деп үйдө калган эле. Аңгыча эшикти шарт ача кызымтал болгон Кыдырбек да кирип келди.

— Кыздарга бардым, кыздарга, – деди ал көтөрүңкү сүйлөп.

— Кайсы кыздарга?

— Женпедке. Бир чүрөк менен тааныштым. Мощ экен…

Кыдырбек чарчагандай үшкүрө жаныма отурду. Анын өңү баштагыдай эмес. Шапайып, бетинен сары түгү чыгып турат. Ырас, өзү сулуу бала. Чучуктай шымы менен, кең мүрүлүү костюму чарчы боюна куюп койгондой жарашат. Кээде биздин кең шымыбызды чымчый кармап, силкип-силкип коёт да, «ай, мешоктон качан кутуласыңар?» деп кыт-кыт күлүп калат. Анын кээ бир жат кылыктарына таң калсам, кээде ыраңы азып баратканын көрүп аяп кетем.

— Кыдырбек! – дедим мен.

— Эмне?

– Келчи дос, ийри отуруп түз кеңешели.

— Не демексиң? – Ал кулагын түрдү.

— Көп уктагандыктан, абдан жүдөп баратасың. Эгер иштесең дениң чыңалат эле. Турмушка аралашасың. Кругозоруң кеңейет. «Окуган жокмун» деп биринчи болгон семинарга да катышпай койдуң.

— Э койчу, дос, мага лекция окуганды коюп, өзүңдү бил. Ар кимдин башы өзүндө. Мен иш сурап жатамбы силерден?

— Иштесе эмне экен. Ошого жараша акчаңды аласың.

— Айланайын коркпочу, мен сенин иштеп тапкан акчаңдан сурабайм. Акча десең мына! – Кыдырбек алдыма көк конвертти таштады. Ачып окуй баштадым: «Медерим, пул сал деген экенсиң баягы кийизди сатып сага салдым, кам санаба. Сен үчүн энең курман. Бирок баягынын баласынча деп кепке калтырба. Жакшы окусаң мен ыраазы. Пулуңду күтүп ал деп кат жаздырган энең – Барчагүл».

Мен титиреп кеттим.

* * *

Кеч күздүн жааны купайкечен бизди чыйрыктырып жиберди. Имараттын бурчундагы атайы жаан үчүн коюлган ноочолордон шыркырап, билектей суу түшүп жатат. Типографиянын короосунун айрым чуңкурая түшкөн жерлери көлчүктөп, теректин сары жалбырактары суу үстүндө калкыйт. Сээлдей, тып-тып бетибизге тийген жаан тамчысы ичиркентет. Кол арабабыздын артында чоңураак эки, алдында кичинекей бир гана дөңгөлөгү бар. Өтө жеңил болгондуктан, канчалык кагаз жүктөсөк да кыйналбайбыз. Азыр жаанга бетимди тосо элпек тартып баратам. Цехтин алдына жете бергенде «дүк» эте түштү да, арабабыз шарт оонап, кагаздын баары көлчүктөгөн сууга чыланды. Байкоосуз артында келе жаткан Абды кармай калууга үлгүрбөй калды. Көрсө, суу толгон чуңкурга арткы бир дөңгөлөгү түшүп кетип, оонап калган турбайбы. Биз эмне кыларыбызды билбей шашып калдык…

Кечинде үйгө келдик. Кыдырбек костюмун тазалап жатыптыр.

— Шөмтүрөп, карышып калыпсыңар го. – Кыдырбек кыт-кыт күлө мага кайрылды: – Иште, иште дейсиң. Иштин кандай экенине көзүң жеттиби? Ай, мен просто аяйм! Минтсеңер бат эле өлүп каласыңар, ха- ха-ха-ха.

— Ушу, сеники өттү баарынан… – Мен Кыдырбектин жакасынан жакжайта кармаганда Абды арага түшө калды. Эртеси типографияга бардык. Цехтин начальниги Иван Григорьевич бизди көрөрү менен:

— Кана, студенттер, жүргүлө. Силердин тарыхыңарды да уктум, – деп кабинетине ээрчитип кирди. Кооптоно түштүк. Ал бизди отургузуп болгон ишти кайра өзүбүздөн сурады. Биз болгон ишти толук айттык.

— Демек, атайылап кылбапсыңар да, – Иван Григорьевич бизге кунт коё карады. – Ооба балдар, түрдүү кокустуктар боло берет. Бирок абайлаш керек. Баргыла эми, иштей бергиле.

Биз айран-таң калдык. Ал туруп бизди далыдан кармап, көзүбүзгө күлүңдөй карады. Алдыбызда мурдагы түктүйгөн муруттуу чытылган кабактын ордуна жадырап-жайнаган бир киши турду.

Балдар, – деди ал жылмая, – турмуштун ар кыл кыйынчылыгы болот. Баарына чыдаш керек. Мен да согуштан чолок болуп келгенден кийин так силердей ушул типографияга жумушчу болуп киргенмин. Соо болсоң бир жөн, бирок бардык кыйынчылыктарды жеңүүгө туура келди. Тырышчаак болгула, балдар. Жаштардан көп нерсе күтүүгө болот. Силер турмуш кечүүсүнө эми кирдиңер. Жакшылап иштегиле. Жарайбы?

— Жарайт! – Экөөбүз бирдей жооп бердик.

Биз иштен чыгып үйгө келсек, үңкүйүп Кыдырбек отурат. Анын мындай ойлуу отурганын эч качан көрбөгөн Абды экөөбүз таңдана түштүк.

— Сага эмне болду? Ооруп турасыңбы? – деди Абды. Ал биздин албырып турган өңүбүзгө жалооруй карап:

— Иштебегендерди кечки окуудан чыгарат экен, – деди да көз нурун ылдый тайгылтты. Чынында биз аны аяп, эмне деп көңүл көтөрөрүбүздү билбей калдык. Оюн башкага алаксытайын деген кыял менен мындай дедим:

— Кыдырбек, бая күнү женпедден бир кыз менен тааныштым дебедиң беле. Ал эмне болду?

— Албы?.. Анын заводдо иштеген жигити бар экен… – Кыдырбек үшкүрүп койду. Күндө бизди мыскылдап күлгөн Кыдырбектин бүгүн жылдызы жерге түшүп турат.

А биздин кубанычыбыз коюнга сыйбайт. Адамды түрдүү сыноодон өткөзүп, иргеген турмуш өзү кызык экен да.