АШИРБЕКОВ Мурзаш: МУРЗАШ АШИРБЕКОВ: ГЕРКУЛЕС

АҢГЕМЕ

Ал тээ туңгуюктан жогортон үрүл-бүрүл көрүнгөн жарыкчылык дүйнөсүнө жанталпез менен ынтылып, бирок борчук таштарга араң жармашыл турган буту-колдору талып, калтаңдап, кайра «күү» деп ылдый кулап кете тургансып, ошого карабастан өжөрлөнүп, аздан болсо да улам көтөрүлүп келе жаткандай сезди өзүн. Анан ошо жогортон эки аялдын үзүл-кезил үнү угулду:

– Бечара жигитти тим эле кызыл-ала койдой сабап кетишиптир…

– Ички органдарынын бирөө жарымынын чел кабыкчалары жарылып кеткен окшойт, түндөтөн бери өзүн билбейт.

– Операционный бошоору менен тез алып киргиле, — деди.

Кандайдыр көзгө көрүнбөгөн эшик ачылгансып, ага удаалаш эркектин катаал үнү:

– Оорулууга тынчтык бергиле, бежиребей!

Жумшак бут кийимдердин шыбырты алыстады. «Кимге тынчтык бергиле» дейт. Магабы? Эмне үчүн? Өзүм каердемин деги? А? Анын оюн оор туман басып жатты. Кыялында көзүн ушалап, ачкысы келди. Ошондон уламбы, билинер-билинбес кыймыл жасады. «Ик-к!» Ичек-боору аралаша түштү. Көзүнүн умачтай ачылып, акыл-сезиминин ордуна келишине ушул катуу оору себепкер болду. Үзүгү көп кинотасмалардын кадрлары сымак кечээки өткөн күндөрү көз алдына тартыла баштады…

♦ ♦ ♦

Тили кайсы күнү чыкканын эсине тута албаган наристелердей эле ал дагы кайсы күнү «жүрөгү сүйүү отуна алоолонуп күйө баштаганын» билбейт. Бирок ал кызсыз эки дүйнөнүн жыргалчылыгы мага бир тыйын татыбайт деп билет.

Чынында кыз деле каршы эместей. Оюн-шоокко же сейилге чакырса илинчектебей чыгат. Бирок табити опера менен театрга анча чаба бербейт. Ошондуктанбы, көбүнчө дискотекага барышат же кафелердеги бурчтагы тегерек столго отурушуп, саман түтүгүнөн коктейл сорушат. Кынала басышып, бир оокумда кайтышат. Кыздын жагымдуу күлкүсү шаардын ажайып кечине жуурулушуп отурат. Анын жүрөгү элжирейт.

— Билесиңби?– дейт кыз бир маалда дагы «шыңк» этип. – Сен жакшы жигитсиң. Эч кимдин көөнүнө азар бергиң келбейт…

— Оң колунун жумшак алакандары менен тегиз кыркылган тыт көчөттөрүнүн кеч күзгү бирин-серин сары жалбырактарын сылай басып, сөзүн улантат. – Бир гана кемчилик – ортосаар, чабал болуп калгандыгың. Чынында аялзатына үлбүрөгөн назиктик жарашса, эркектерге далдайган көкүрөк көрк берет эмеспи, а?

— Адам өзүн-өзү жасап алмак беле?

— Кечирип кой, мен тек гана кээде Геркулес сындуу адамдарга таңданам, бирок алардан коркомун да.

Ушундай маанидеги сөз кийинки учурда көбүрөк айтылчу болду. Кошого жошо болуп бая күнкүнү айтпайсыңбы. Жеткен жерде алдыда турган кыз шып этип түшүп кетип, бирок жүргүнчүлөр самандай тыгылган автобустун ичинен үч-төрт адамды жөөлөп өтө албай, ал бир токтоочу жайга ары өтүп кетпедиби. Кайра энтеңдеп артына жүгүрүп келсе, кыз жок…

Кыздан биротоло ажырап калдым деп ал өзүн ишендире албай койду. Болбогон бир шылтоо таап же жок экен деп айттырып, чыкпай коёрун билип турса да, азгырылма үмүттүн кулу болуп, кечээ кечке жуук жатаканага дагы барып, анын эшигин алыстан акмалап турду. Чын эле көп өтпөй кыз чыкты. Жалгыз эмес – экөө. Жанындагысы эки далысы кулачтай келип, бетине кан тепкен болук жигит. «Геркулес!!!» кылт этти оюна. Чок жутуп алгансып, сыздап кетти. Алар жакындап өтө бергенде өзүн чоң түп кара жыгачтын далдасына тарта берди.

Жигитти тааныйт экен. Өмүрүндө бирөөгө кылган жакшылыгы үчүн өзүнө-өзү биринчи жолу чындап нааразы болуп турду азыр. Анткени ушул жигит өткөн базар күндөрдүн биринде кайык менен көлдүн орто жеринде жүрүп, жанында отурган кыздарга шек алдырбоо үчүн башка кайыктагы жигиттерди туурап сууга боюн таштап, бирок чабак атууну билбегендиктен чөгүп өлө турган болгондо чачынан сүйрөп, жээкке сүзүп алып чыкпады беле аны…

«Бүттү!» Оюндагы бул бүтүмгө буттары көнбөй ээрчип алды. Колунан эч нерсе келбесине карабай, аргасыздан жалданган тыңчынын кейпин кийип, тиги экөөнүн артынан аңдый берди. Алар шаарда эл аягы тыйылып бүткөнгө чейин жүрүшүп, эми чакан бактын ичиндеги алдына күбүлгөн жалбырактар төшөлгөн олтургучка келип ийиндеше отурушту. Ал тигилердин эзилишкен сөздөрүн укпоо максатында алысыраакта, караңгылыкта бекинип, ага ушунчалык кең аалам тарып, батпай, сыгылып, деми кыстыгып баратат…

— Жардамга-а! Жардам бергиле!!!– Кыздын жүрөк титиретер ачуу үнү аны селт эттирди. Тапыр-тупур боло түштү ал жак. Жан алынын барынча чуркап, мерчемдүү жерге жете бергенде далдактап, улам артына карап, качып бараткан бирөөнүн, анын артынан кууп бараткан дагы эки караан көзгө уруна түштү. Кыздын үзүл-кесил кыйкырыгы наркы эле жагынан угулду. Караса, бирөө оң колу менен кыздын артынан кучактап, сол колу менен оозун басып, канчалык тырбалаңдаганына карабай, камгактай жеңил сүйрөп, бак ичине сүңгүп баратат. Ал кантип жетип, бейтаанышты моюндан бурап, экөө тең күп этип, кантип жыгылганын өзү да сезбей калды. Анан кызга «кач» деп өкүмдүү унчукту. Бейтааныш жоо оңой көрүнбойт. Аны өзүнөн ары көмөлөтө коюп, качууга камынган кызды желкеден алды. Бирок ушул учурда анын эки бутуна эки кол кайчылашып «чып» жармаша калды. «Др-р» деп айрылган матанын үнү менен кошо бейтааныш үстүмөндөп жыгылды.

— Ка-ач! – деди ал заардуу үн менен. Бүткүл күч-кайратын тигини жылдырбоого жумшап, жылан сымак чырмалып жатып кыз качкан тарапка бир карап алууга үлгүрдү. Жарык жолго жетип калыптыр.

Желкесинен айрылган кофтасынан ай далысы жарк дей түшүп жоголду. Эми арт жактан шашыла жакындап келаткан шарпа угулду. Бир жамандыкты сезип, жүрөгү болк эте түштү. Тигини коё берип качмак болду. Так ушул учурда арттан бирөө бөйрөгүнө дүп эттире тээп калды. Көзү караңгылап, ичек-боору аралашып кетти. Дагы «дүп-дүп-дүп», «гырч-гырч-гырч», дарактын жаш ноодасынын майда чырпыктары сынып жаткансыды. Дүпүлдөк канчалык катууласа өзүн ошончолук жоготуп баратты. Акырында тоодон кулап кеткендей болду. Топтой жеңил болуп калыптыр. «Дүп-дүп» деп таштан-ташка тиет. Аңгыча аалам алоолонуп, кыпкызыл өрт суюктугуна айланып баратты. Ал мурдагы адам чыдагыс чаңкоосуна карабастан өрт суюктугундай эле көөлгүп, эрип кеткенсиди.

Кадрлар түрүлүп бүттү. Көзүн чоң ачып алды. Кызык, былк этпесе сопсоодой эч жери оорубайт. Палатанын чоң терезесинен түштүк бет маңдайындагы керилген тоону карады. Асман мелжиген чокулардын батыш-тескей капталдарында баягы эле эзелтен кетпеген ак мөңгүлөр. Мөңгүлөрдүн ичинде анда-санда кара чекиттер. Чекиттер муз тозогуна моюн бербей тамырын жерге терең сайып алып, кылымдан бери жашап келаткан жап-жашыл арчалар экенин жакшы билет. Ошол арчаларга суктанды эми. Тоодон ылдый саан бээдей чалкайган кокту-колоттор. Кызык, ушул ажайып сулуулукту мурда эмне үчүн сезбеди экен, а? Көз жоосу терезеден ары маңдайында турган жоондугу камчы саптай ноода мырза терекке урунду. Алтын түспөл сап-сары жалгыз жалбырагы калыптыр. Жел жүрүп жатат окшойт. Жалбырак үзүлүп түшүп каламбы деп коркконсуп, дирилдейт. Алтын түспөл ошол дирилдек жаш нооданын жүрөгүндөй сезилди ага. Анткени, «операциядан кийин соо каламбы же өлөмбү! Өлөмбү!» деген суук ой тээ көңүлүнүн тереңине миң бир ийне болуп телчигип жаткан эле…

Операция столу. Денесине ийне сайылып, колу-буту бекем байлануу. Ээк алдынан  тосулуу болгондуктан — алдыңкы тулкун көрө албады. Алгач «гырч-гырч» деп, итиркей келтире терисинин кесилгенин акыл-сезиминин тээ түпкүрүнөн үрүл-бүрүл туюп туруп, андан аркысын туйбай калды…

– Дагы палата. Кан берилип жатат ага.

– Экинчи литр. – дейт жанында отурган ак халатчан кыз өзүнчө. Анан ой келди сурап коёт. – Ата-энеңиз барбы?

Кирпик ирмелди:

«Ооба»

– Сүйгөн кызыңызчы?

Анын көзү муздай болуп шыпты тиктейт. Халатчан кыз шашып кетти:

– Кечириңиз. Сизге тынчтык керек. Эч нерсени ойлобой тынч жатыңыз.

Ал терезеден ары көз чаптырды. Баягы айтып бере алгыс жаратылыш сулуулугун көргүсү келди. Аны таба албады. Мурдагы эле карыган төөдөй, көнүмүш аркайган тоо. А теректин жаш ноодасынын дирилдеген жүрөгүчү. Жүрөк эмес, жанталпез менен жабышып, үзүлүп түшүп калбайын дегенсип, өңү зилдей саргарып, чүрүшкөн бир жалбырак. Анан акырындап көшүлүп кетти.

Ойгонсо, медсестранын ордунда кыз отурат.

— Мен… Мени кечир… Алгач 02ге, анан 03кө телефон чалдым. Башка эмне колумдан келмек. Кыз киши болсом… – дейт мөлт эткен жашын ак жүзаарчысы менен сүртүп коюп.

Ал өзүнө таң калды. Баягы ажары ай көрүнгөн эмес, автобуста, магазинде, базарда жана башка эл көп жерде көрүп жүргөндөй эле жөп-жөнөкөй кыз. «Аялзатынын баары эле бирдей экенин мурда неге билбей жүрдүм экен» – өзүнө өкүнгөнсүп койду.

Кыз айтат:

— Сүйлөбөйсүңбү?

— Мени тынч койчу. Мага тынчтык керек, – дейт ал.

Кыз ордунан былк этпейт.

— Жакшы бар эми.

Кыз анын жүзүнө үңүлдү. Жылуу сезим же жек көрүмдүүлүк сезилбеген арасат, кайдыгер көз караш. Кыз ага түшүнгөнсүп ордунан туруп, акырын чыгып кетти. Ал кандайдыр оор жүктөн жеңилдегендей сезди өзүн.

Анан мырза теректин ноодасын дагы бир карап алды. Зилдей чүрүшкөн сары жалбырак түшүп калыптыр.

«Бечара ноода эмки жазда кайра көркүнө чыгып алат» деп койду кандайдыр өз дилинде.