АШИРБЕКОВ Мурзаш: МУРЗАШ АШИРБЕКОВ: ЫРЫСКЫ

АҢГЕМЕ

– Эртең малдардын кезүүсү дагы бизге келип калыптыр, – деди апасы.

– Ушу өлө талган малдардын кезүүсүнөн бул жарыкчылык дүйнөдө кутулбайт экемин да, – деди уулум.

– Каникул учуру эмеспи. Балаң окуудан калмак беле? – дедим мен.

– Эмнеси жакшы. Базар күнгө туш келип атпайбы. Каникулда дайыма ушундай, – деп кейиди апасы.

– Кезүү – кычы, – деп жыйынтык чыгарды уулум.

– Эчтеке эмес, – дедим мен, – ушинтип бир-эки жыл кызмат кылып берсең, анан ага-эжелериңдей, өз алдыңча болуп кетесиң.

– А, кезүүчү? – дейт уулум.

– Аны неберелерибиз өткөрүп алат, – дедик аялым экөөбүз.

Эртеси «Күн ысып кетти. Баланын башына ысык өтпөдү бекен? Мээси сызгырылып кетпеди бекен» деп аялым кулагымын кужурун ала бергендиктен ысык тамак алып түш кыңкайган маалда мал жайылчу Жаман-Адырга чыгып бардым. «Бекер убара болупсуз. Эрте менен өзүм ала келген айран менен нандын чети оюла элек. Алмаларды гана жеп койдум», – дейт уулум мулуюп.

Бет маңдайдагы нар өркөч керилген тоолорду карап отурам. Адаттагыдай эле анын керемет сөөлөтүнө суктанып, ысырык жыт, жашыл тулаң коюнун искеп-искеп алгым келди. Ушул учурда балтырым чым дей түштү. Багелегимди түрсөм бир чоң сары кумурска тумшугу менен сайылып турат. Аны кагып түшүрдүм. Кагып түшүрдүм да, ошол кумурска түшкөн жерди карап, кумурскалардын кербен жолуна көзүм түштү. Саресеп салып жүргөн адам кумурсканын жолун жазбай тааныйт. Бирок ушул учурда ничке сокмо жол жабылып, анын үстүндө жайнаган кумурскалардан куралып, кыймылдуу сары шоона гана каршы-терши өкүм сүрүп жатты. Сары шоонанын бир учу ылдыйдагы кылкылдап бышып турган буудай талаасына созулуп кеткен. Ошол тараптан буудайдын бир данын тумшугуна көтөрүп же өзүнөн он-он беш эсе чоң саректерди сүйрөп келаткан кумурскалар, кайра ошол тарапка шашылып бараткан салт кумурскалар…

Ордуман туруп, кыймылдуу сары шоонанын жем ташыган шарданын ээрчип, кумурскалардын уюгуна бардым. Жувалдыздын көзүндөй ийиндин бир жамбашында допудай майда топурак. Ушул топурактын үстү да, ийиндин айланасы да эриш-аркак болуп жөрмөлөгөн кумурскалар. Бир гана ийиндин тешигинде тартиптүүлүк, адептүүлүк. Ийиндин ичиндеги кумурскалар зып-зып чыга калышып, ырыскы-дөөлөтүн көтөрүп келатышкан башка кумурскаларга жол бошотууга ашыгышат.

Кумурскалардын ушул тиричилик-дүйнөсүнө карап отуруп мен бала кезде баркына жетпеген, так ушул адырда болгон бир окуя, эл айтмакчы бечара, жоош-момун, ыраматылык Акун абамдын карапайым элеси көз алдыма күнү бүгүнкүдөй тартыла түштү…

Согуш бүтүп, эми кара кагаз эмес, жоокерлер өздөрү келе башташты. Бирок өткөн жылкы кургакчылыктын кесепетинен дан дагы кымбаттап кетиптир. Бечара Акун абамдын кыйылып туруп саткан, жылда эгиз тууп берчү эчкисинин пулуна алып келгени эки чаксага жетпеген буудай. Ошол буудайдын жарымын кетмендеп, сээп келүү үчүн жөнөп калдык.

Жаман-Адырдын буудай аңызы. Аңыздын анда-санда жеринде көр чычкандар ийининен сүрүп чыгарган топурактар допудай дөмпөйөт. Ошол топурактардын бирин ары сүрүп салып, чолок кетмени менен менден чоңураак бир бала көр чычкандын ийинин казып жатыптыр. Өз ишине ушунчалык ынтызарланып алыптыр, биздин жанына келип токтогонубузду да туйган жок. Абам салам бергенде гана селт эте артына кылчайып, кетменин көтөргөн бойдон аңкайып туруп калды.

– Күнүң ушуга түштүбү эмитен, жаш туруп… – деди абам балага нааразы үн менен. Анан кайдыгер гана сурап койду:

– Caгa ким үйрөттү бул өнөрдү?

Балада үн жок. Абам баланын топурактай бозоруп, дирилдеп турган өңүнө үңүлүп карап алды да түкшөмөлдөй сурады:

– Көзүмө эле жылуу учурайсың… Оногу, Чегедендеги, ыманы басалаамат болсун, Ысакбайдын калта кактысы эмессиңби?

Бала шылкыйган башын ийкегилеп койду.

– Бу бечаралардын күйүтү күлдөй сапырылат, – деди абам, каадалуу адам кылып мага кайрылып, – агасы уруштан кайтпай калды. Жеңеси жылкы кайтарып жүрүп, көчкүнүн тагинда калды. –Анан кайра балага бурулду. – Баса, апаң кайгыга алдырып, өмгөктөп калды деди эле, эми кичине өзүнө келип алдыбы, бечара?

– Ооруп атат… – Бала буулугуп айтты.

– А, сагырларчы, бечара эгиздер?

Асан менен Үсөн… нан… деп ыйлашат… – бала токтоно албай өксүп ийди.

Менин жүрөгүм сыздап кетти. Абам да шашкалактап калды:

– Кой, айланайын, кой ыйлаба. Чоң эле жигит болуп калган экен десе. Жигит да ыйлайбы? Кой.. Э, көрүшүп дагы койбоппуз. Келе колуңду. Мурдуңа наалат десе. – Абам баланын бетин баскан оң колун бери тартты да алаканын кош алакандап, далдалчы сымал бир топко силкилдетти.

Бала өпкөсүн баса албай койду. Абамдын шайы ооду.

– Келе, торбоңду алып кел. – деди абам кокусунан, буудай ыраңына кызыл жүгүрө түшүп. – Мынабу буудайды бөлүп алалы. Уруктукка жарымы эле жетет.

Сүйлөп атып, баланын ары жакта жаткан торбосун алып, куржундун түбүндөгү буудайды теңдеп, бөлүштүрө баштады.

– Албайм. – деди бала жаштуу көзү менен абама карап. Анан ордунан туруп, кетмен, торбосуна да карабай кетмекчи болду.

– «Карынын кебин капка сал» деген кеп бар. Бу го дан экен. Бу жаңы ийлап атат деген үкалариң үчүн. Me, карма! – Абам дендароо болуп бозоро түшкөн баланын колуна жарымдай буудай салынган торбосун кармата койду.

– Мен сага аш-паш дебей эле чочоңдоп ийдим окшойт. А, гаптин маңызы быякта… Акун абам ийиле түшүп, балапан тутуп ала тургансып, шыбырт алдырбай ийиндин оозунун топурак сүрүлгөн жеринен карама-каршы бир кадамдай жагына жылып барды да, бери кел дегенсип балага ымдады. Бала да абамды туурап, этияттык менен жанына барганда кулагына шыбырады:

– Жата калып, жерди тыңша.

Бала төрт аяктап чөгөлөй, оң кулагы менен жерди тыңшай баштады. Качан өөдө болгондо анын өңүндө кандайдыр бир нерсеге катуу таңдануу пайда болуп калган эле.

– Эмне экен? – деди абам купуялуу.

– Жердин ичи… дүпүлдөп атат…

– Жердин ичи эмес, көр чычкандын «токмогу», – деди абам. Тиги бала экөөбүз тең аңкайып калдык. Абам биздин кейпибизди сынагансып, сыдыра карап алып, мурутун сылай, купуя жымыйып, анан табышмактуу сөзүнүн жандырмагын чече баштады: – Токмогу дегеним, балдарым, көр чычкандын куйругу. Жайды жайлата, күздү күздөтө тыным албай жыйнап алган буудайдын саректерин кыш ичи ушинтип, куйругу менен токмоктоп, жанчып чыгат. Азыр буудайын тазалап бүтүп, чарына түшкөн учуру. Биз калакат кылбаганыбызда мүмкүн сен казып отуруп, ийиндин түбүнө жетип, мынабу биздин буудайыбыз эмне болуп калыптыр, он, он беш кадак дан таап алышың ыктымал эле. Болгондо да бир бүдүр чары жок, кызылдай тазасын. А ошо данга жетиш кыйын. Көр чычкан дан казынасын миң бир түркүн амал менен бекитип, миң бир түркүн ийиндер менен чаташтырып таштайт. Ошентсе да экөөңөр тең мен айткан гапти жадыңарга түйүп койгула. Азыр буудай токмоктоп аткан бечара чычкандын куйругунун тери-гөшү эмес, кыпкызыл чыбыгы гана калган учуру. Ушунчалык жанын кыйнап, неге эле ага зарыл келди дейсиңер? Бу макулук да балдары үчүн гана жанын сабайт. А, сен, балам, азыр каза бергениңде данын таппасаң дурус болот эле дегеним, чычкан ар жылы жети-сегизден үч, төрт жолу бала тууп, чоңойтот. Ошондуктан тукуму курут болуп кетпеси үчүн азыркы балдарынын өмүрүнөн да кийинки балдарынын ырыскысы үчүн жүда сак болот…

Үчөөбүз «лам» дебей отурабыз. Оор тынчтыкты абам өзү бузду:

– Көзү көрбөгөн ушул көр чычкан, чычкан жаны менен, жанын карч уруп, жыл бою канча бала тууп, канча бала чоңойтуп чыгарарын ойлоп көргүлөчү, балдарым…

Чычкан чычкан жаны менен ушунча баласын багып отурса… А биз адам болуп туруп, эгиз наристени багалбай, атүгүл жалгыз кара курсагыбыздын алапайын таппай, эми минтип, көр чычкандын ырыскысынан үмүттөнүп отурабыз а, жалдырап… Көтү куураган согуш болбосо ушинтет белек… Илайим гөрүңдө өкүргүр пашис. Эми гөрүңдө өкүр-а!

♦ ♦ ♦

Азыр дал ошол алда качанкы көр чычкан ийининин алдында отургансып сездим өзүмдү. Бул оор ойдун кучагынан арыла албай баламын жанына келсем, ал чоң сындырым нанды күкүмдөп жатат.

– Эй, эмне кылып атасың?

– Кумурскаларды багып атам.

– Мынча нанга кумурска эмес мал тоёт ко. Тепсендиде эле калат. Бу нандын убалынан коркпос болдуңар го, – деп кейидим.

– Карасаңыз өзүңүз, иттей ач экен, бечаралар, – деп жана эле мен байкаган, а азыр андан көбүрөөк, нан күкүмүн үймөлөктөп, быжылдаган кумурскаларды көрсөттү. Тим эле жумурай-журтка ырыскы чачып жаткансып, шенейип коёт.

– А, биз силердей кезде көр чычкандын ырыскысын талашканбыз.

Уулум аңкайып оозумду карап калды. Мен ага жана баштан эске түшкөн окуяны айтып бердим. Айтып бердим да баламын жүзүнө сынай тигилдим. Жок, менин эмне максат менен айтканыма түшүнгөн жок. Ошол кездеги ийин казган бечара баланын, анын үйүндөгү ачка жаткан эки эгиз инисин, алар үчүн көр чычкандын ийининдеги дан бир ууч болсо да, өмүр узартарлык азык экендигин түшүнгөн жок. Болор-болбос бир жомок уккансып кайдыгер.

Өзүмчө бушайман болдум. Кантип эле ачарчылыктын азабын, нандын улуу касиетин өз балдарыма жеткиликтүү тил менен айтып, түшүндүрө албадым экен. Анан кайра өзүмдү өзүм ичимден жектей баштадым: «А өзүң ошол каатчылыкты эмне үчүн унутуп калдың? Бир күнү базарда колунан жерге түшүп кеткен мантысын алдырбай, улам кылчактаган баласын жетелеп кете берген бир адамга ичиңден нааразы болдуң… А өзүң алып коюшка, бирөөнүкүн… деп уялдың». Ашканада былчыйта тебеленген туурам нанды алып ээрдине, бешенесине тийгизип туруп, коюн чөнтөгүнө катып алган чалга, жакшы абышка экен деп, ичтен ыраазы болуп коёсуң дагы. Балдарың эмес өзүңдүн тарбияң жетишпейт».

Менин оюмду уулумдун чочуган үнү бузуп жиберди:

— Уйлар буудайга жакындап калыптыр. Гароол өлтүрөт, агари!

Чын эле уйлар маңдайкы сырттын бетиндеги кылкылдап бышып калган буудайга жакындап калган экен. Анын артынан карап туруп, кайгы-капа деген эмне экенин билбеген таалайына, жаркын заманына жетине албай кубанып турдум. Ушулардын бактысына илаим заман тынч болсун дейм ичимде.

Берекеси төгүлгөн буудай аянтын бойлой түтүнү ырыскы жыттанган айылыма түшүп келе жаттым. Мындай учурда дайыма көңүлүм эргип кетчү эле. Бирок азыр кандайдыр жүрөгүм дүпөйүл болуп, кыйынчылыкты бат унуткан пендечиликти ойлоп, алардын бир мүчөсү өзүм экендигин сезип, беймазаланып калдым…