АШИРБЕКОВ Мурзаш: МУРЗАШ АШИРБЕКОВ: ЧАЛДЫН МОНОЛОГУ

АҢГЕМЕ

Чал адатынча дөбөгө чыкты. Алоолонуп батып бараткан күндү карап отурду. Мурда ал күндүн чыгышын күтчү эмес беле? Бала кезинде эле чедирейген курсагын чапкылап, кылтыйып чыгып келаткан күнгө карап жүгүрчү.

Күндүн чыгышы менен жубай күткөн.

Кийин чал таң азандап ушул дөбөгө келип, бала тилечү. Алтымыш жашка чыкканда гана перзенттүү болду. Күн менен кошо «баа» деген баланын үнүн укту. Дагы таш боор тагдырдын кесепети: аялы баласынын үнүн угууга үлгүрбөй калды.

– Алдуу-күчтүүсүң, аял ал. Кыйын болот сага, – дешти кишилер.

Чал дулдуюп үндөгөн жок. Жан күйдүрүп айткан туугандарынын сөзү ага таасир этпеди.

Өзү багып чоңойтту баласын.

Батыштан өрт чыкты. Кыл жигиттер булуттай сүрүлүп, ага каршы аттанды. Таң сүргөндөгү жылдыздар сымак, айыл ичи суюлуп жатты.

Чал ашыкча сүйлөгөн жок:

– Илгери жигиттер жортуулда сыналчу. Ата даңкын уят кылба. Каардуу барып, аман кел, жалгыз чынарым. – Кыбылага карап ак батасын берди. Атасын тарткан олбурлуу өспүрүм муңайбастан жөнөп кетти.

— Мерез чал. – деп сөз тийгизди кээ бирөө. –Көзүнө чолок жаш алып койбоду да…

♦ ♦ ♦

…Молотилка гүртүлдөп, анан «карс» этип токтоду. Кырмандагылар дендароо болуп калышты. Бир демге ич күйдүргөн тынчтык өкүм сүрдү. Аны чал бузду:.

– Тишке таш тийди! – Ал ок жеген аюудай бакырды. – Ким салды ташты?!

Кырманда иштеп жатышкан шоро баскан кызыл көздүү кемпир-чалдар, мала ташка минген жаш балдар селейип катып калышты. Чалга жин тийди деп ойлошту алар. Ал айрысын колуна кармап, баарынын көздөрүн бир сыйра теше тиктеп баратты.

– Ким салды ташты!?

Алайып корккон көздөр…

Чал айыптууну ажырата албады. Карылыгы жетип, тунарып бараткан көзүнүн курчу жетпеди. «Аттиң ай!» Ал айрысын ыргытып жиберип, башын мыкчып локуюп отуруп калды. Анын билгени бар. Өткөндө да молотилканын барабанына бир боо буудай менен кошо таш түшүп, тиштери сынып, МТСтеги жалгыз механик келгиче үч күн өткөн болчу. Ошондо чал төрт жерге чийден вал токуп, кырман жанчып, күнү-түнү өзү буудай сапырбады беле. Чарчап-чаалыккан бирөө атайылап таш салып жүрөт ко деп ойлоду эми кексе чал.

Мурда эч ким чыдабай койгондо чал жалаң дамбалчан болуп, картаң булчуңдарын ийкемге киргизип, суу байлык чоң боолорду саартан кечке бир тынбай барабанга салып берер эле.

Ошондо «О, кайран эр, дале күч-кубатын жоготпоптур» деп шыпшынышкан кызыл көздүү кемпир-чалдар. Карыса да сынын жоготпогон далдайган мүчөсүнө, күрөө тамырлары көгүштөнгөн бакыбат билегине алдыртан көз артып, суктанган келиндер эми чалды аяп турушту.

Ушул күндөн баштап молотилка бузулган жок. Чал барабанга дагы иштей баштады.

Түш болот… Кырмандагылар бир демге эс алышып, өздөрүнө бөлүнгөн үлүштү – жука жабылган бирден нанды жей башташат. Майда балдар ырдашат. Бардыгы эле ырчы болуп кетти. Алардын темасы бирөө гана: Атасын сагынгандыгын, фашисттин өлүмүн, аталарынын согуштан тезирээк келишин тилеп ырдашат. Аңыздагы буудай оруп жүргөн келиндердин ырлары да ошондой. Чал-кемпирлер көздөрүн кызартып, шолоктоп ыйлашат. Ачуу жаш нан менен кошо чайналып жатканын да билишпейт алар.

Чал уккусу келбейт мындай муңду. Ал жалаң дамбалы менен түзөңдөгү сеңселген кара гылтырык буудайды аралап жөнөйт. Желге толкуган буудайдын арасында ырыскы селин жиреп бараткансыйт. Денесин кылкан аймалайт. Чалга жагат ал. Ушундан күч-кубат алып жаткансыйт. Улам арылайт. Ушул учурда чал ээр үстүндө коргошун уютуп койгонсуп былк этпеген ашып-ташкан жаштык күчүн, белдүү адамдар менен эңишке түшкөндө бүгүлүп калчу боз аргымактарды, андай учурларда эч качан өзүн уятка калтырбаган лөкүйгөн, кашаң торусун эстейт. Алда качан чым жамынган аялы менен биринчи жолу таанышкан жаштык учуру, уулунун жадырап-жайнап талпынган балалык кези көз алдына тартылат…

♦ ♦ ♦

Иш дагы башталат. Күн батарда чал айрысын бир боо буудайга сайып коюп дөңсөөгө жөнөйт. Эч ким унчукпайт ага. Баары билет чалдын сырын. Ал дөңгө чыгып, мандаш урунуп олтурат да, алоолонуп батып бараткан күндү карайт. «Күн дайыма күйүп батат» дейт ичинде. Айлана күүгүм тартат. Тунжурап отурган чал сексен таяп бараткан өзүнүн карылыгы, аялынын өлгөн күнү, уулунун муңайбастан майданга аттанган учуру жөнүндө ойлонот.

Бул көрүнүш эртең дагы кайталанат. Ал чалдын күндөлүк салты.

 

♦ ♦ ♦

Жеңиштин кабары чагылгандай тез тарады. Соолуп бараткан көлгө бир байлам суу жыккансып, айыл ичи бир аз толо баштады. Ал чалдын уулунан кабар кеткенден бери жок. Почтальон келин чалды көрсө качып кетет. Ал кыбылага карап отурат да саартан кечке уулун күтөт. Көк теректе конуп отурган сагызган шакылыктайт.«Оозуңа май, жакшылыктан кабар айт!»

♦ ♦ ♦

Чал бел байлады. Далдаага бекинип турду да, почтальон келин өтүп баратканда шап тизгинден алды. Келин көзү алайып, чочуп кетти. Чал унчукту:

– Менден неге качасың балам, куурап бараткан эски дүмүргө болор-болбос суу жылжытып койсоң не болот? Ачыгын айтчы, гөрмөйүл чалдын жүрөгү жарылат дейсиңби? Медер туткан жалгыз чынарымдан кандай кабар бар?

Келин бетин басып, эчкирип ыйлап жиберди. Чал шалдая түшүп, тизгинден колун бошотту. Келин кандайдыр башын шарт көтөрүп, тизгинди жыйды да, атын такымга басып, чаап жөнөдү. Шолоктоп ыйлап баратат.

Көк-Теректен сагызган шакылыктады.

Чал үйүнө кирип комузун алды. Ал өмүрүндө чертип көргөн эмес. Тек гана кыргыздарга салт катары илинип турчу. Ал дөңгө чыкты. Суйдаң булуттардын ар жагында жез табактай кызарып күн батып баратат. Чалга булут күйүп, тээ маңдайдагы күн нурунан саргарган ичке суу кан агып жаткандай сезилди. Чал кайгысын сыртка чыгара албай, уйгу-туйгу болуп, көөдөнүндө кайнады.

Комузду коомай кармап, ничке кылын бир илип черткенин өзү да билбей калды. «Зың-ң»– зилдин үнү сыяктанды. Чал жеңилдей түштү. Дагы ичке кылын чертти. Зырылдаган ничке үн чалдын канча жылдар бою жүрөгүндө топтолгон зилин сыртка чыгаргансыйт. Анан чал комузду чалды-гуйду кылып, шартылдата черте баштады. Бул – чалдын монологу. Бир демде алдынан бир нерсени көргөнсүп токтой калды.

Колунан комузу түшүп кетти. Кандайдыр анын алдына лөкүйгөн кашаң тору тартыла түштү. «Өк!»– ордунан козголо албады. Чал онтоп жиберди. Жүзүнө сары жаш сарыкты. Кан сыяктуу. Чал аны сезген жок. Билсе даты бир ирет өзүн-өзү жемелеп алмак. Жаратылыш күчү жеңди аны.

Чал бар күчүн топтоп, көзүн чоң ачып, батышка тигилди…

Эртеси жадырап-жайнап күн чыкты. Чал аны көрбөй калды. Анын мурда бир тал агы жок капкара чачы, муруту, ал тургай кашы, кирпиги да ушул бир түндүн ичинде куудай агарып кеткен. Бул да чалдын монологу.

Ал көзү чанагынан чыгып, батыштагы теше тиктеген калыбында отурган жеринде катып калган эле…