АШИРБЕКОВ Мурзаш: МУРЗАШ АШИРБЕКОВ: НАРИСТЕ СЕЗИМ

АҢГЕМЕ

– Aпa, атам эмне кат жазбайт? – Муктар апасын жеңден тарта булкулдатты.

– Колу тийбейт да…

– Анан эмне сен Шакир абамы көрсөң эле кат келдиби деп жүгүрө бересиң го… Апа, эмне унчукпайсың? Тиги Төрөштүн, Мариптин, Шариптин аталары да согуштабы? А, айтсаң апа?

— Ооба, ошолор да согушта…

— Атам менен биргеби?

— Ооба.

— А алардын аталарынан Шакир абам кат алып келе берет, кат келе берет. А атам эч кат берип жибербейт. Атам бизди жаман көрсө керек.

— Ата, кагылайын балам ай, адамдын жүрөгүн эзбечи! Атаң бизди жакшы көрбөгөндө кимди жакшы көрмөк эле? – Каңырыгы түтөй Уулбү баласын сыга кучактап, төбөсүнөн жыттай жооткотту.

— Атаң сени абдан жакшы көрөт, сени мойнуна мингизип алып айылды бүт кыдыртып чыкчу. Жакында өзү келет… Ошондуктан кат жазбайт да…

— Атам келеби?

— Ооба.

— Кайсы жак менен келет?!

— Тиги жактан.– Уулбү баласына батыш жактагы бетин куу шыбак басып, созулуп жаткан Таш-Короонун боз адырын тилип өткөн жалгыз аяк жолду көрсөттү.

— Ошол жактан – Ноокаттан келеби атам? – Тирмийип тиктеп калган Муктар алыстан бир караанды көрдү:

— Апа, апа дейм! Тетиги келаткан атам болуп жүрбөсүн?

– Ал эмес, атаң кийин келет.

– И сага. Ошол келаткан атам. Мен азыр алдынан тосом, көрөсүң го ошол…

– Ал эмес дейм… Мукта-аар?!

Ал апасынын сөзүн уккусу да келбей тызылдап жүгүрүп кетти.

– Жооткотом деп кайра балээге калдым го!.. Кайсы балээ басып, ушул жактан келет деп койдум эле.

Муктар жүгүрүп отуруп, ал караанга жетейин дегенде алысыраактан тык токтоду да, өз көзүнө ишенбей кирпигин бал-бал ирмеп жиберди. Ал шинелине погон тагынып, башына шуштугуй тумак кийип, согуштан кайтып келаткан атасы эмес эле, шыбак чаап, отун топтоп жүргөн бүкчүйгөн абышка экен. Уулбү баласын караган боюнча бир ордунан катып калгандай болуп турду. Анын бир байлам бөз жоолугу дилдирейт. А Муктар башын салаңдатып, анда-санда куу шыбактын башын сыдырып коюп, жалгыз аяк жолдо кайтып келатты.

Кеч киргенде Уулбү үлүңдөгөн май чыракты маңдайына коюп, баласынын дал-дал болгон шымын жамап отурду. Муктар атасын ойлоп жатып уктап кетти. Атасынын маңдайындагы жылдыз алыстан эле жаркырап, куу шыбак баскан талаанын жалгыз аяк жолунда келаткан экен. Муктар «атаа» деп жүгүрүп баратты. Атасы алыстан эле кучагын жайып Муктар жетээри менен мойнуна мингизип алды да, үйүнө келбей кыштакты аралап жөнөдү. Муктардын да каалаганы ушул эле. Ал атасынын маңдайындагы жылдызын кармалап ойноп, балдарга мактанат. А кыштактагы балдар бүт ага таңданып, ээрчип алды. Ансайын кубанып, Муктар атасын «чү-чү» дейт.

Атасы дөкүлдөп жөнөдү эле, ээрчиген балдар жетпей калды.

Аңгыча бир чоң аңга туш келишти да атасы шарт секиргенде мойнуна минген Муктар ыргып кетти. Жүрөгү оозуна кептелип, дирт этип чочуп тура калса түшү экен.

♦ ♦ ♦

Кара көөлүү буудайдан жабылган нанды тамак үчүн бирден бөлүштүрүп жаткан келинге буудай сапыргыч Берди аба:

– Балам, мобу Муктарга да өзүнчө нан бер. Бул бүгүн баарыбыздан көп иштеди. Атасын тартып кайраттуу болгудай, – деди.

Уулбү бүгүн кырманда иштемек болгондуктан Муктарды ала келген. Эртең менен Берди аба аны, «кана атка кандай экенсиң» деп жалгыз атка мингизип койгон эле. Чынында Муктар «мала ташка» чегилген кош аттарга минген берки эки тестиер балдардан эч калышкан жок.

– Эгер атты жакшы башкарса күндө эле мингизе бериңиз, аба, – деди уулун мактаганга шердене түшкөн Уулбү.

– Өзү макул болсо… – Берди аба Муктарга кайрылды. – Минесиңби?

– Минем. Күндө минем, – деди кубанып. Муктар атка минүүнү аябай жакшы көрүүчү. Баары чай ичүүгө отурганда бир-эки тиштеген нанын апасына бере коюп, Муктар те Таш-Короо жакка жүгүрүп жөнөдү.

– Ботом, уулуң каякка барат?

– Атам каяктан келет деп эле кыйнай бергенинен ушул жактан келет деп, тиги Таш-Короонун жалгыз аяк жолун көрсөтүп койдум эле. Ошол жактан караан көрүнсө эле атам келатат деп утурлап жүгүрүп барат да, башка экенин билгенде башын жерге салып кайра кайтат.

Отургандардын баары тым-тырс болуп, Муктарды карап калышты. Акырында Берди аба көңүл көтөргөндөй болду.

– Кейибе, балам. Бул иш баарыбыздын эле башыбызга түшпөдүбү. Баарыбыздын балдарыбыз согушка кетпедиби. Бул апаат согуш чыкпаса, кылычтай балдарыбыздын баары жоого аттанбаса, мына жетимиш алтыга кирген мен ушинтип күнү-түнү кырманда буудай сапырат белем. Баарыбыздын башыбызга бүлүк түшүрүп, жадесе ушул бармактай наристеден бери сыздаткан душманга да кудайдын айтканы бардыр. Бирөөнүн балдарын сыздаткандар өздөрүнүн балдарынан урмат көрбөйт. Жоо сүрүлүп артка кайтып жатат деп атпайбы, согуштан кайтып жаткандар. Биздин айылдыктар да келишет. Тагдыр бизди муңайтып эле коет дейсиңби, балам? …

– Ой, Муктар солдат менен келатат! – Бул үн баарын селт эттирди. Баары ошол жакты карап калды. Чын эле Муктар солдат кийимчен киши менен келаткан экен. Ал алыстан эле далдайып, Муктарды колдон жетелеп, бирдеме деп сылтый басып келатыптыр. Аларды көргөндө Уулбүнүн жүзү албырып, калтырап кетти да, кантип бакырып жибергенин өзү билбей калды.

– Кудай ай! Чын эле Керимим келип калган окшойт! Балам экөөбүздүн тилегибизди берген окшойт! Карааны так эле өзү! Керимим!..–Уулбү атылып тура жөнөдү. Берди аба баш болуп, баары анын артынан дүрбөдү. Так ушул учурду күткөнсүп келе жаткан солдат токтой калып, Муктарга бирдеме деп, анан кол алышты да кайрылып жолдон туура Көк-Бел тарапка бет алды. Чачы жайылып, эки колун алдыга суна кулачын жазып жүгүрүп бараткан бу да, артында дүрбөгөн эл да, кан буугандай тык токтоп, сөлөкөттөй орду-ордуна селейип калышты. Мурда ошол жол менен Көк-Белге өткөн солдаттар болсо алыстан эле токтотуп алып, элди ээрчите, өзү да утурлай, анан тааныбаса да кучактап көрүшүп, «Деги согуштун жайы кандай, балам? Пашистерди каерге чейин куудуңар? Жакында биротоло жеңгидейсиңерби?» – деп суроо артынан суроо жаадыруучу

Берди аба азыр «лам» деп үн чыгарууга жарабады. Же артка, же алдыга жыларын билишпей Муктар келгенче баары кыймылсыз тура беришти. Колун сунган бойдон ылдый таштабай катып калган Уулбү бир далайдан кийин эсине келгендей «өх» деп, кандайдыр өзүнө жат үн чыгарып пешенесин басып отура калды. А Муктар күндөгүдөй башын жерге салбай күлүңдөп, чыйрак келатты. Жакындап калганда бардыгы анын колундагы солдат берип кеткен бир ууч конфетти көрүштү…

♦ ♦ ♦

— Апа!

— Ов, каралдым.

— Атам качан келет?

Уулбү эми эмне деп жооп берерин билбей калды. Ага эң оор, эң эле зарлантчу сөз уулунун ушул «Атам качан келет» дегени. Бул сөздү уккан сайын жүрөгүн бирөө тилип алгансып сыздайт. Эмне дээрин билбей аптыгат.

— Марип менен Төрөштүн аталары келди. А, атам алигиче келбейт. Сен согуш бүткөндө келет дебедиң беле? Кечээ Мариптин атасы мен сурасам согуш бүттү дебедиби. Эми келеби атам, а?

Уулбүнүн көптөн бери чыдамы эми төгүлгөндөй жашып кетти:

— Келсе кана, балам. Кеткенде эки кат жазган боюнча дарексиз. Согуш да бүтүп, эл кайтып, кайтпагандын дареги билинип жатат. Тынч элди бүлүндүрбөсө ушундай болот белек. – Ушул учурда эшиктен эки-үч киши менен беш-алты аял киришти.

— Ке… Келиңиздер… – Уулбү селее түштү. Келгендердин оозунда бирдеме кептелгендей кубара бирин-бири тиктей апкаарышып, бир демге кандайдыр ич бышырган оор тынчтык пайда болду. Акырында үзүлүп-үзүлүп каргылданган үн ошол оор тынчтыкты жиреп, жүрөк тилгенсиди.

— Кайрат кыл… Уулбү… Чырактай балаң бар…

— Керимим!!! – Ачуу үн чыгара Уулбү эстен тана жыгылып баратканда кармап калышты.

Баятан бери эмне болгонун түшүнбөй аң-таң болуп турган Муктар да:

– Апа-а!!! – деп кучактай жыгылды.

Эсине келе түшкөн Уулбү:

– Керимим!!! – деп кайра шалак этти.

Ушул сөз кулагына ийнедей кадалган Муктар апасын түртүп жиберип, күнөөлөгөндөй келген кишилерди карап, көзүн бал-бал ирмегенде туптунук жаш карегине толуп кетти. Анан ал буулуга:

— Калп айтасыңар!.. Атам өлбөйт! Силер калп айтып жатасыңар! Атам келет!.. А-а-а!! – деп чыңырган бойдон күндөгү атасын тосчу куу шыбактуу талаанын жалгыз аяк жолуна жүгүрдү. Ал адаттагыдай күмөндүү болгон жалгыз караанды да көрбөдү, бирок күндөгүдөн ишенимдүү, чын эле атасы күтүп тургансып баратты. Качантан берки атасын күтүп, сагынычтан пайда болуп, наристе жүрөгүнө кат-кат болуп уюп калган зил анын «ата-а» деген үнү менен атылып чыгып жатты. Анын сызгырылган муңдуу үнү бүт ааламды жайпап кетти. Ушул наристенин жүрөгүнөн чыгып титиреткен муңдан күчтүүлүк кылып, эч ким ага көңүл айта албады. Ошол өз оозунан чыгып, бүт ааламды көлкүтүп, эритип жибергендей болгон кайгынын эң аягына коюлган чекит сыяктуу болуп, куу шыбак баскан кең талаанын ортосунда чымындай тызылдап, Муктар кете берди…

Ана, анын үнү денени зыркыратып, чучук-мээге өтүп жатат:

– Ат-а-а!!!