АШИРБЕКОВ Мурзаш: МУРЗАШ АШИРБЕКОВ: НАН

АҢГЕМЕ

Кеч. Эскилиги жетип, кыймылдасаң эле «кыйч-куйч» эткен сөрүдө буттарымды салаңдатып отурам. Апам айткандай качан эле «кабыргам кайышып» калган. Аргасыздан бийик тоолордун күңүрттөнгөн чокуларына көз салам. Аппак булуттар тоонун чокусунан ылдый түшүп баса беришиптир. Суу ичкени түшүшсө керек. Согушка кеткен атамдын мылтыгы менин колумда болсо апам айткан жомоктогу мергенчидей болуп, секин жашынып барып, булуттар суу ичип жаткан жерден атып алат элем. Ошондо булуттар асманга учуп кете албай бүт бойдон маске майга айланып калат эле. Анан ошол майдан кочуштап-кочуштап туруп биринчи апама, анан Зыйнатка берет элем. Оу, ал булут-майлар биздин айылдын баарына жетет болчу. Ааламдын күндүзгүгө окшоп агара баштаганы көңүлүмдү бурду! Тоонун аркасынан төп-төгөрөк ай чыкты. Жүрөгүм болк этти. Ай – дандырдан үзүлбөй калып калган жалгыз загыра нанга окшоп кетти…

Күндөгүдөй эле апам кырмандан эл жатаарда кайтты. Мойнунан кучактадым, ал адатынча бооруна кысып, саамайымдан жыттады. Анан бет аарчысына ороп келген нанын экиге бөлдү. Бул биздин кечки ырыскыбыз. Тамшанып жей баштадым. Ушул учурда көнүмүшкө айланган мындай шартыбыз эртең эле күтүлбөгөн жерден таңкаларлык окуяга айланып кетерин кайдан билдим.

Бирөө мени «күп» этип басып жыгылганынан чочуп ойгонуп, алкымым оозума тыгылып калды.

– Айланайын! Кулагын карасаң кулагын. Делдейип, куду эле Нуркасымдыкы эле, – деп жыгылган бирөө ичеги-боорумду аралаштыра кучактап, бетимди түктүү муруту сайгылап, чопулдатып өпкүлөп жатты.

Эсимди жыйсам костюм-шым, ак шапке, ак ботинке кийген, мурутун чычайта жогору кайрыган, эки бети анардай киши экен. Анын кучагынан араң бошоп, апамды карасам босогодо селейип, катып калыптыр. Илеби эле дирилдейт:

— Кандай ак жолтой адам… Оозуңузга май… Бир кашык май болсочу…

Ал киши эми төрдө, төрт бүктөлүү төшөктүн үстүндө отурат. Чайдан улам ууртап, атама атаган бир кулачтай эки тизим данектин бир тизимин чекеден сыдырып, «кырс-кырс» чайнап, сөзүн улады.

— Кабатыр болбогула. Мен согуш башталгандан бери Нуркасым менен бир болдум дебедимби. Айтмакчы, ушул айылдагы Уулжан кемпирдин үйү кай тарапта?

— Тигил өйүздө, – шашып жооп бердим.

— Ошол кемпирдин баласы Азимкул да жеңил жараатта кайтып, Оштогу госпиталда Нуркасым менен бирге.

— Оозуңузга май, ак жолтой адам! – Апам дагы сүйүндү. – Бечара энем мөгдөп калды эле, эми чыйралып алат экен.

Мейманыбыз көпкө отурган жок. Апамдын сүйүнчү берейин деген далалатына да көнбөдү.

— Андан көрө мага бере турган сүйүнчүңөрдү Нуркасымга арнаган белегиңерге кошуп койгула. Ошол жесин. Мен эми кайтайын. Уулжан апага сүйүнчүлөп коюп, Көк-Белге барам. Зарыл жумуш бар эле, ошону бүтүрүп, эртең таң азанда келем да, ала кетем. Даярдана бериңиздер.

♦ ♦ ♦

— Сүйүнчү?! Сүйүнчү?!

— Эмне? – Зыйнат түшүнбөй элейет.

— Сүйүнчү? – дедим кайра. – Атам уруштан келиптир.

— Кана?!

— Ошто!

Анан эртең менен болгон нерселердин баарын Зыйнатка төкпөй-чачпай айтып бердим, Зыйнат менден көзүн албай муюп угуп турду. Кийин башын жерге салып, тунжурап калды.

— Эмне болду сага? – Башын көтөрдүм. Анын коркуп тургансыган чоң көздөрүнүн кычыгында сымапка окшош жаш кылгырып, жылт-жулт этти.

— Атамчы?.. – деди.

Бир саам жалдырама тийгенсип мисирейип калды. Анан мени медер туткансып сурады. – Согуштан… менин атам да келеби?

— Келет, – дедим өзүмчө ушунчалык ишенич менен. – Менин атама окшоп саал-паал иранин болот да, келет.

Зыйнат чындап эле атасы жолдо келаткансып кушбак болуп калды.

— Ошту көргөнсүңбү?

— Жок!

— Биз эртең Ошко барабыз, атама.

— Атаңа эмне алып барасыңар?

— Билбейм… Апам эртеңге суранып, анан кичине буудай сурайм деп кырманга кетти.

— Жүр, – деди Зыйнат жеңимден тартып кокусунан. – Жүр, жүр!

— Каякка жүр? – Эми мен таңдандым.

— Машак терип келебиз. Мен күндө барам го. Коркпо, кароолго көрүнбөйбүз.

♦ ♦ ♦

Кайракы буудай эгилген боз адырдын бир жылгасындагы сел оюп кеткен кемердин ичиндебиз. Бая эки жакты карап туруп, бир боо буудайдан чубай качкан дестебизди машактап жатабыз. Ушу кезде улуган үн угулду.

— Бөрү! – дедим мен.

— Ит! – деди Зыйнат.

— Бөрү!– дедим мен.

— Ит! – деди Зыйнат жемин жедирбей. – Кудайкул абалардын ити. Кечээ да улуган.

Ошондо апам Кудайкулдун ити улуйт, дагы бир балээ болгон окшойт деген.

Жүрөгүм «зыр-р» этип, калтырай түштүм. Ишенгим келбегенсийт. Зыйнатты акырайып карадым.

— Мен… айткан жокмун… – Зыйнат мукактана түштү. – Апам айтты деп атам го.

— Сенин апаң жакшы… – деди бир пастан кийин сөөмөйү менен жер чукуп отуруп. Анан ыйлап жиберди. – Мен түндө корктум.

—  Ыйлаба, – дедим алаксытып. – Ыйлаба. Үйдө жатып эмнеден коркмок элең.

— Үйдө жаткан жокмун. Эми жаталы деп жатсак ираис келди. Бир торбо буудай алып кирди. Анан апам айвандагы чарпаяга төшөк салып, мени жаткырып койду. Кап-караңгы. Уктайын десем эле желмогуз кемпир келет… Коркуп ыйлай бердим. Ичкериден апам: «Өксүбө! Бөрү жейт беле сени? Биз отурабыз го үйдө. Атаңы тартпай өл, шөмтүрөп» деп урушту. – Зыйнат дагы шолоктоду. Ичим сыздап, ага боорум ачыйт. Кантип сооротуштун алапайын таппайм.

— Ой! – деди бир ачуу үн ушул учурда. Зыйнат мага жабыша түштү. Менин алкымым оозума тыгылып, кемердин бооруна ыктадым. Акырын өйдө карадым. Биринчи эле кемердин кылда кырында турган уйдун тезегиндей жалпайган кош кара туякка көзүм урунду. Анан тезекке таяк сайып койгонсуп, ширидей каткан шыйрак. Шыйрактын үстү аары чагып алгансып томпоёт. Ошол аары чаккан жерин жыттап жаткансып аттын казандай башы салаңдайт. Казандай башты көтөрө албагансып ичке мойну чыбыктай ийилген. Ушу кынжыйган ат үстүндө сол колу менен тизгин тартымыш болуп, оң колу менен узун камчысын үйрүп, машактай саргарган чал отурат.

— Алып бер, машактарды! –деди ал ачуулуу. Машактай сары кишинин каштары, кирпиктери, сакал-муруту да төө тикендей бириндейт.

Катып калыпмын.

— Алып бер дейм, камчы менен жонуңан жөөк алып жибере электе! – Төө Тикендин чый-пыйы чыгып кетти.

Дагы селт эттим. Машактарды алып бергенче шаштым.

— Келе колуңдагыны! – Тикен эми Зыйнатка кайрылды. Зыйнат көзү алайып, колундагы буудайдын беш-алты талын кырда турган мага сунду.

Төө Тикен бизди куржалак калтырып, кырман жакка өпөң-өпөң бастырып жөнөп калды.

— Кагылайын ава, садага болоюн ава, машактарды таштап кетиң! – Зыйнат кемердин ылдыйкы жайыгынан чыга калып, Төө Тикендин артынан чуркады. – Нуркасым авам аскерден келиптир. Машакты таштап кетиң.

Тикен атынын мойнун буруп Зыйнатка айтты:

–- Уясынан түшүп калган балапандай эмне чыйпылдайсың, албарсты?! Бүгүндөн нары ачка калбайсың. – Төө Тикендин эки бөйрөгү «бүлк-бүлк» деп баратты.

Үйгө келип, босогону аттаар менен көргөн көзүмө ишенбедим.

— Эли-журтка тегеренсең аз. «Журттуу адам – жут болбойт» деген ушул эмеспи, а? – Уулжан энем өзүнчө сүйлөнүп, чоң аякка камыр жууруп, апам кесип, казанга боорсок салып жатат. Бурчта чегилген жумурткалардын кабыктары үйүлөт. Текчеде оозуна сото тыгылган эки шише май турат.

Бул түнү апам менен Уулжан энем кирпик көзүн кагышкан жок. Мен да уктай албадым. Мага беришкен кичинекей майлуу токочту биринчи болуп атама берем деп апама окшоп боорума катып алып, атамдын жүзүн жомоктогу түрлүү баатырлардай элестетип, дым этпей жата бердим.

Таң эми эле атайын дегенде эшикке атып чыктым. Ээлигип, бир ордумда тура албадым. Аркадагы дүңүрөйгөн адырдын түбүндөгү шейиттүү жарга карадым. «Мен эми ал жардан коркпойм!» – «Асылуу» турган чыбык атымды шап минип, тызылдата жарды көздөп чаап жөнөдүм. Жардын так алдына келгенде гана тизгин тартып, тык токтодум. Ушул учурда аркы беттен бирөө кыткылыктады. Эки тизем калчылдап кетти. Мык менен таманыман жерге кагып койгонсуп, артка кайта албайм.

— Жүдө эле шок экенсиз, жээн бала, – деди кыткылыктаган үн.

— Жээн балаңыз сизден үлгүрсүн, таежеңе, – деди жоон үн.

Эки караан мага келатышат. Кыйкыра албайм. Жүрөгүм бая эле чыгып келип, алкымыма капталып калган. Айлам жок, «дирт-дирт» этип, теше тиктеп турам.

— Ой айланайын жээн, тиги эмне?! – Аял үнү чыйылдап жиберди. Кичине караан чоң караанга андан бетер жармаша түштү. Токтой калышты.

— Эй, сен кимсиң? – деди жоон үн. – Эмнеге делдейесиң?!

«Бул үндү кайдан уктум эле?» Жер жарып келаткан. Эми мен аларды, алар мени таанышты. Жүрөгүм оозуман чыгып кетпей кайра ордуна секин жылып баратканы сезилип турду.

— Бу, жарым түндө сенделип, жар боюнда сага эмне бар?! – деди Зыйнаттын апасы чийилген каштарын жыйрый зекип. Анан жумшара түшүп: – Мен болсо кырмандан кайттым эле. Жолдон мынабу жээн жолугуп, жеткирип коёюн деп…

Сүйүнчүгө келген киши килейген алаканы менен жонуман таптады.

— Бул Нуркасымдын өзүн тартып анык баатыр болгон турбайбы. Түнү да коркпой жүрө берет экен. Мен буларды Ошко, атасына алып барам дебедимби, таежеңе.

Нан, боорсок, жумуртка, данек, как өрүк дагы анча-мынча кийим-кечек менен эки көзү жык толтурулган куржунду көк эшекке артып алып, чыкканыбызга көп болду. Апам эшекти жетелеп Уулжан энем бечара колуна чыбык алып, жаш баладай тепеңдеп айдап алган. Бая таңгамаал үйгө кирип-кирбей апамдарды шаштырган тиги киши шапа-шупа жолго аттанарыбыз менен эле «Аял заты бири-бири менен асиреттешкенди жакшы көрөт. А биз, эркектер, мындайраак басалы» деп мени колдон жетелеп алган. Ал жолдугата өмүрүмдө укпаган кызык нерселерди айтып келе жатат.

Алардын көбү жалгыз өзү эле барып душмандарды койдой кырган атама окшош баатырлар жөнүндө. Мен аңырайып оозумду ачып, кызыгып угуп, бир эсе ошо баатырларга суктансам, бир эсе өзүм кичине болуп калып, ошо баатырларга окшоп душмандарды жаткан жерден эле койдой кыра албай калгандыгыма ичим күйүп, сыздап келатам.

Аңгыча Чегедендин коён томуктан башка чөп чыкпаган боз адырына келип калдык. «Ой!» деп жанагы киши артка секирип токтоп калды. Алдыбызда араандай оозун ачып, бизди карап, бир кескелдирик туруптур. Тиги кишинин коркконуна мен күлүп жибердим. Үйрөнгөн адатымды карматып, ага мактангым келди. Тап бергенде эле кескелдирик шарт кайрылып качып жөнөдү. Учуп жетип, куйругунан таманым менен бастым.— Кес куйругуңду, кес! Кес куйругуңду, кес! – дедим.

Ачкамар артка тап кылымыш болуп, кайра буттары менен жер тырмап, алдыга жүткүнүп, акыры айласы түгөнгөндө куйругунун учун таштап коюп тызылдап кете берди.

–- Бу, сен чындыгында эле кыйын экенсиң. – Жанагы киши чын эле таңгалып, жонуман таптады. Мурдум дердейе түштү. Кырдын үстүндөгү жыландуу дөңгө чыкканда таяктай суналып жаткан бир жоон сары жыланды алып, моюнчадай кылып желкеме салып, башы менен куйругун көкүрөгүмө ийип алдым. Эми тиги киши менин жаныма жолобой койду. «Бул азали чакпайт, булардан уйлар гана коркуп, айланып өтөт», – десем да болбойт.

–- Э, бейкылык, ташта нары! – деди апам байкап калып, – Нообат кайтарганда бул бейкүнөө жандарды үйгө да алып барып алат. Ташта дейм нары, а!

♦ ♦ ♦

Кырк чакырымдай Ошко кантип келип калганыбызды да билбейм калдым. Биринчи караван базарга барып, ичине жык токулуу эшектер толгон коргонго биз да көк эшекти байлап, коргондун оозунда олтурган избарчыга дайындап койдук. Тиги киши оор куржунду бир колу менен эле мүрүсүнө салып алып, жер тамдарды туташтырып турган коргондорго кысылган ийри-буйру жолдор менен бизди ээрчитип кете берди. Акыры үстү камыш менен жабылган узун үйгө туш келдик.

— Казарма ушул, – деди энтиге токтоп, жанагы киши. – Мына акыры келип да калдык.

— Менин жалгыз ботом кайсы айнекте, айланайын? – Уулжан энем чыдабай чый-пыйы чыга түштү.

— Шашпаңыздар. Бул жерде тартип катуу. Ираниндерди эшикке чыгарбайт, сырттан келгендердин бирин да ичкери киргизбейт. Кагаз менен гана сүйлөштүрөт. Эми мен кирейин да силер жөнүндө Нуркасым менен Азимкулга сүйүнчүлөп, анан командирине жолугуп, мынабу куржундагыларды көрсөтүп атып ишендирип, силерди ичкери киргизүүгө көндүрөйүн.

— Ошент, ошент, тезирээк садага болоюн. Илайым бу дүйнө, о дүйнө жамандык көрбө айланайын. – Уулжан энем көз жашын шыпырып атып алаканын жайды. Апам экөөбүз да шаша-буша бата бердик. Тиги киши шып этип, ачык турган эшиктен кирип кетти.

Анын тезирээк чыгышын күтүп, эки көзүбүз төрт. Уулжан энем жөжөдөй чыйпылдайт:

— Айланайын жанагы бала эмнеге кечикти? Командири болбой атат окшойт. Эмне, анын мага окшогон энеси жок бекен, а?

Акыры ичинен тынып, көз ирмебей эшикке тирмийген апамын да тынчы кетти.

— Мен кирип эле барайынчы, – деди ал акырын ордунан туруп.

Баары бир апам коркуп, батынбай секин кадам таштап, кантсе да акыры жанагы эшиктин босогосун аттады. Жүрөгүм көкүрөгүмү жарып чыгып кеткидей болуп «түрс-түрс» этет.

Бир аздан кийин эле «чыр-р» эткен апамдын үнү угулду.

— Атты! Атып таштады-ы! – Ага удаалаш чыңырган Уулжан энем отурган жеринде кулап түштү.

— Апа-а! – Мен жанагы эшикке октой атып киргенимди билбей калыпмын. Бир маалда апам экөөбүз бири-бирибизди кучактап, өңгүрөп ыйлап жатыптырбыз.

— Ыйлабагыла, ыйлабагыла. Бир итке алданганыңарга мынчалык жаныңарды жерге урбагыла. Кимдин баласы, кимдин эри, кимдин атасы гана согушта эмес азыр. Илайым эсен эле болсун, уруш бүтсө эле бир кутмандуу күнү жарк этип келип калат да… –Муштумдай болгон бейтааныш чал чебелектеп, бизге суу чачып жүрөт.

— Ух-х… – деди апам акыры. – Ыйлаба, балам. Илайим атаң эсен болсо болду. Бул абам туура айтат. Ыйлаба балам, кайрат кылалы.

Бирок Уулжан энемдин абалы жаман болду. Бул жер казарма эмес эле аскерге алынган аттар убактылуу багыла турган аткана экендигин, бизди алдаган адам аркы жактагы ачык эшиктен чыгып кете бергенин укканда кайрадан эсинен ооп, түйүнчөктөй чүрүшүп калды.

Аны апам экөөбүз эки колтугунан сүйөй ар кимден сурап олтуруп, караван сарайды араң зорго таптык. Аз пул бердиң деп жаңжалдашып, эшегин коргондон чыгарбай бирөө менен жакалашып жаткан кара ширидей арык избаарчы бир-эки ооз сөздөн биздин абалыбызды түшүнүп, избаар дооламак түгүл өзү барып эшегибизди чечип келип, чомунун басмайылын бекем тартып, араңжан Уулжан чоң энемди ага мингизип койду.

Күн кеч болуп калган. Чоң жол бойлоп, илкип кайтып жөнөдүк.

— Балаңдын боорун же балаңдын кара боорун оюп жеп, кан кусуп өла, илайим! – Апам оозго кирген жаман сөздөр менен баягы жүзүкараны каргап-шилеп коёт.

Баятан бери эшектин үстүндө камырдай ылбырап, араң келаткан Уулжан чоң энеме тил бүттү.

— Кой балам, – деди ал жер астынан сүйлөгөнсүп күңгүрөнүп, – баласын каргаба. Бала бейкүнөө, а бейкүнөөгө каргыш өтпөйт. Кара башына көрүнсүн. Мейли аш болсун. Өзү сүйүнчүлөгөн балдарыбыздын баш-көзүнөн садага болсун…

— Ырас эле, – деди апам бир аз тунжурап баскандан кийин чочугандай селт эте башын көтөрүп баягы ат багар чал айткандай бу анткор биздин баарыбыздын аты-жөнүбүздү кайдан билип алды… Болду-болбоду өзүбүздөн эле, коңшу-колоңдордон эле бирөө-жарым төкпөй-чачпай айтып берген муну… Көрөсүз го, күмөнгөр адамдын эле колунан келет бул иш, көрөсүз го…

Менин денем «дүр» деди. Таңга жуукку окуя жарк этип келе түштү алдыма. «Зыйнаттын апасы кайдан тааныйт аны? Жээн бала дебедиби. Экөө караңгыда эмне кылып жүрүшкөн? Кызык-кызык кеп айтып сүйлөшкөндөрүчү? Ал киши Көк-Белге кетпей эле… Мени көрөрү менен шашып-бушуп, жолдо да апамдар менен бир ооз сүйлөштүрбөй алаксытканычы? Ат-таа!» Тилимди тиштедим.

Кеч да болсо күнөөмдү жуумакка башымды шылкыйтып күңк эттим:

— Мен… билген элем…

— Антпе балам, – Уулжан чоң энем дагы күңгүрөндү. Мага айтты деп токтоп калдым. Жок, ал апама кайрылыптыр. – «Күнөкөр бирөө, күмөнгөр — миңта» деген макал бар. Жумалай-журт эңшерилип, бөксөрүп, өксүп олтурат. Кайсы бирин күнөөлөйсүң. Мындай бейбашчылык жөнүндө күнөөлөгөн адамды кабыргасы кайышып турган калайык-калк аяп коёбу? Ошо шоруң кургандын артында чиедей жаш балдары калса ким багат аларды ушул каатчылыкта. Күнөөгө жыккан адамың таги-түгү ак болсо кантесиң? Кой балам, пешенеге чийгенди көтөргөнүбүз жакшы…

Чоктой ысык дүмбүл жутуп алгансып, ичим сыздап кетти. Ач, жылаңач дирилдеген Зыйнат тукумдан жаңы чыккан жөжөдөй бөлбүрөп шолоктоп ыйлап турду дилимде.

— Биздин шорубуздун катканы эсеп эмеспи эне, – дедим үшкүрүп.

— Деги кудайды карап тоносочу. Кечээтен бери наар тартпай өзөгүбүз үзүлө турган болдук. Баарыдан да куштай делгирип алган бу балам бечарага убал болду.

Мөлт-мөлт жашын төгүп алып, бу саам жеңи менен серпип таштабай, эч качан айтып бере алгыс аёо сезим менен мени жалбарып карап турган апамды көрүп туруп менин да боорум ачып, буулугуп кеттим. Мойнунан кучактап, көкүрөгүнөн жыттап, өксөп-өксөп ыйлагым келди. Апам болсо жооткотоюн дедиби, бооруна тартып, бешенемден сылап туруп айтты:

— Жана сен эмне деп айтайын дедиң эле, садага болоюн?

— Менби? И… – Эми эмне деп айтарымды билбей кыстала түштүм да азыр гана көңүлгө «дык» эте түшкөн оюма сүйүнүп кеттим.

— Менби! Мен нан бар дедим эле.

— Мына! – Кечээ өзүм тиш кыйбай атама арнап катып алган токочту койнуман сууруп чыктым. – Энем үчөөбүз ушуну бөлүп жейли.

Зыйнаттын чачындай майда чырпыктарын жерге төккөн жалгыз түп мажүрүм талдын алдына олтурдук. Уулжан энем менен апам акылдашып, алакандын отундай токочту ортосунан сындырып, теңин мага берип, жартысын экөө бир туурамдан бөлүп алышты. Бирок кечээтен бери койнумда жүрүп катып калган токочко бечара Уулжан энемдин бирин-экин тиштери өтө турган түрү жок. Апам анын нанын арыктагы сууга бир пас малып туруп, анан узатты. Уулжан энем жумшап калган бир тиштем нанды көз алдына тутуп туруп, улутунуп алып, араң эле илебин кыбыратты:

— Ата, жалгызым ай, ысык-суукта кантти экен? Же ушунчалык бир үзүм нанга да зар болуп олтурат бекен азыр. Жалгызымдын жүзүн бир тоё карай албай калдым а, шорум… Жүрөгүм сезип турат муну…

— Тилиңизге тибиртке, каяктагы жок жорукту баштайсыз! – Апам чочуп кетип кемпирди жемелеп жиберди. – Өкмөт ачка коёт дейсизби аларды. Биз деле колдо болгондун баарын жөнөтүп атабыз го пронтко. Жеп алың наныңызды.

Уулжан энем тил алып, бир үзүм нандын четинен чымчып таңдайына салды. Мен болсо өз үлүшүмдү көз ачып-жумганча эле жеп койдум. Ох, тоодой нан болсо деле тойбойт элем азыр.

— Кудая тобо, – деди Уулжан чоң энем таңдайын шимип жатып, – бала кезимде уккан бир жомок эске түшөт.

Анан өзүнчө эле жомогун айта баштады:

— Илгери-илгери, төгөрөгү төп бир падыша болуптур. Ошо падыша ууда жүрүп, ак аркардын артынан кууп, жигиттеринен адашып калыптыр. Үйүнө кайтуучу жол таппай, сандалып ачкалыктан өзөгү үзүлүп өлө турган болгондо токойдун ичин жайлаган бир кембагалдын үйүнө туш болуптур. Кембагалдын катыны бир аяк атала бериптир падышага. Падыша элин таап келгенден кийин ошондой ширин атала кылып бергиле деп, дүйүм-дүйүм тамакка карап да койбой эң биринчи кырк катынын, анан бардык букараларын казабына ала баштаптыр. Акыры калктын айласы кеткенде бир акылман чал келип, «Балам, сен аябай ачка болгон маалыңда ичкен үчүн гана ошол кембагалдын аталасы ширин болуп атат сага. Ошончо күн ачка болуп туруп, анан ушул тамактарды жесең ошол аталадан ширин болбосо менин башымды ал» деген экен. Тооба, мен да жетимишке келип ушул ушакчалык ширин даам татпапмын өмүрүмдө…

Уулжан энем сүйлөп бүтүп, бир демге нес боло калды. Анан «у-ух» сыздап алды, бир калыпта үн менен апама кайрылды:

— Жаным жер тартып баратат. Кичине кыңкайып алайынчы.

Апам кемселин чечип, башына коюп берди. Уулжан энем тээ көктөн көзүн албай жатып, бир маалда бир тиштем нанын кош колдой алдыга сунуп, обдула тура калды.

— Азимкул, келдиңби, чырагым? Me, мынабу нанды жей кой. Ап. Ап садагаң болоюнум, – деди…

Энемин сөөгүн эшекке артып алып, айылга араңдан зорго келдик. Мен ошол күнү эсиме толук кирип, чоң кишилердин катарына кошулганымды эми билип отурам. Андан бери далай жылдар өттү. Азыр кой үстүндө торгой жумурткалап, токчулук. Бирок тамактануучу жайларга киргенде чачылып жаткан нандарды көрсөм зээним кейип кетет. Булоолонгон тамакты жээр алдында балдарым чыр салып, алдындагы ашын таарынып түртө салса колум оозума жетпей тык токтоп, жүрөгүм «зыр-зыр» этип, денемде кан ордуна электр кубаты айланып жаткансып дүркүрөп кетем. Таңдайымда баягы алакандын отундай токочтун ширин даамы татый түшөт…