АШИРБЕКОВ Мурзаш: МУРЗАШ АШИРБЕКОВ: ТАБЫП, НЕБЕРЕ ЖАНА ЖЫЛАН

АҢГЕМЕ

Табып менен небере дарылык чөп терип жүрүштү. Ушу тапта неберенин көңүлү кушбак эле. Анткени, бүгүн дары чөптөрдү көп тапты. Аска тектирчелерине, таштан-ташка улактай түйүлүп секирип жүрүп, таятасы көрсөткөн ошол дары чөптөрдүн бирди-жарымын таап алса жомокто гана айтылчу түгөнгүс кенчке ээ болгонсуп, мулуңдап жүгүрүп таятасына жеткенче шашат.

– Ушунуңа да миңкалла шүгүр. – Жаратканына табынып койду табып.

Өлгөн кызынын кыркын чыгаргандан кийин ушул жалгыз небересин чөлдөн тоого алып баса бергенине аз эле күн болгон. А небересинин он сөзгө бир ооз жооп кайтарбай зил болуп, ичтен сызып жүрүшү карыя табыптын ичин бук кылып, жарып жибере жаздачу. «Табып атанбай неге кызымдан мурда мен өлүп калбадым. Же табып болуп анын жанын алып кала албагандан кийин, ушул тырнактай наристени зарлатып…»– деп күндө жүз маал өзүн-өзү жеп, түгөтүп жүрчү эле бечара табып. Эми минтип дары чөптөргө алаксып, данектей жүрөгүнөн ааламдай орун алган энесинин жаркын элесин азга болсо да жадысынан чыгара түшкөн небересинин күлгүн жүзүн көрүп туруп тагдырына тооп кылып атпайбы…

♦ ♦ ♦

Алар Ноокаттан Араванды карай созулуп, жарып койгон анардай мала-кызыл, одур-бодурлап, экиге чарт бөлүнгөн аскалардын түбүндөгү күрпүлдөп, ажыдаардай сүр берген зор дайранын сол жээгин бойлогон сокмо жолдо келе жатышты. Ушул даңгинин орто ченине келишкенде сол тараптагы асканын жогортон ылдый карай адам баткыдай жаракасы бар экенин байкашты.

— Бул жерди кап өтпөс дейт балам. Кап артылган унаа батпайт, – деди табып.

Эми небересин жетелеп, ошол кап өтпөстүн жолуна салды.

Тооба, кап өтпөстүн ары жагы улам кеңейип кетет экен, кудум кыбыла тараптан шынаа кагып, ажыратып койгонсуп.

Жыландын изиндей ийрелеңдеген билинер-билинбес бозомтук жол тоому менен топудай дөмпөйгөн адырдын оң жантаймасына чыгып келишти. Табып соксойгон моло таштын жанына чөк түшө отуруп, кырааты менен аят окуп, бата кылды. Небереси үн-сөзсүз аны туурады.

— Мындан кийин аяк-буякка өтүп калсаң бул жерге кайрылып бата кылбай өтпө. Бул жерди Бала-Мазар дейт. Мазардын алдына коюлган баланын сөөгүнө Адам атадан жаралган пандалардин бардыгы бу жарыкчылыкта да, тиги дүйнөдө да милдаткарбиз, – деди табып.

Калыбы небересинин көңүлүн дагы көтөрөйүн деди окшойт, кантсе да табып ичте каткан санжырасын бир кызык кылып айта баштады:

— Оногу үңкүрдү карачы? – Табып сөөмөйү менен те бет маңдайдагы далдайган жалама асканын бетиндеги уйдун тезегиндей кара такты жаңсады. – Көрдүңбү? Көрсөң ошол үңкүр. Ошол үңкүргө мен кичине экенимде аравандык бир бай миң коюн кыштатчу. Үңкүрдүн оозунан кыялап чыгып кеткен тасмадай изге саресеп салчы. Паамдадиңби? Паамдасаң ошол кыяны учуп өлгөндөрүнө карабастан жалчыларына бай салдырган. Бечара мусаапырлардын убалы жеттиби, кийинчерээк байдын өзү да кой-пойлору менен көчкүнүн алдында калып кетти.

Айтарыман адашып кеттим окшойт дегенсип, тамагын кырынып алып, табып кеп маңызына эми түштү:

— А, нагизи ол үңкүр ажыдаардыкы. Илгери-илгери ушул үңкүрдү бир ажыдаар мекендеп, ушу тегеректе мыдыр эткен жан көрүнсө «лык» этип, соруп коюп жата берчү экен. Ошонун кесепетинен Ноокат менен Араванга адам баласы алака кылып катташа албай калыптыр.

Ошентип ажыдаардын даңкы лөлүлөрдүн лөлүсүнө да жетиптир. Ажыдаардын кайда экенин билбей жүргөн лөлүлөрдүн лөлүсү дароо эле жетип келет.

– Эй, канкор, ажыдаар, – дейт лөлүлөрдүн лөлүсү, – мен сени менен арбашканы келдим.

– Шартыңды айт! – дейт көптөн бери наар татпаган ажыдаар сүйүнүп.

– Шартым бул: экөөбүз үч кечейи-үч күндүз арбашабыз. Сен мени oп тартасың, мен дуба менен сенин демиңди кайтарып, сенин атыңды табышка аракет кылам. Үч күн ичинде сенин атыңды таба албасам менин дубамдын касиети түгөнөт. Ошондо сен мени жөн эле сугунуп коё аласың. Непада атыңды туура таап алсам сен жарылып өлөсүң. Мен сенин башыңды кайнатып, мээңди чукуп жейм. Ошондо мен сен билгендин баарын билем: жер алдында жаткан сансыз байлыктар көз алдыма чырак болуп жанып турат. Жер-ааламды айланып кыдырсам, ар бир тал чөп аягыма оролуп, кайсы дартка даба экенин өзү айтып турат… Ушул шартка коркпой макул болосуңбу? — дейт лөлүлөрдүн лөлүсү.

Ажыдаар макул болот.

Лөлүлөрдүн лөлүсү менен ажыдаар үч кечейи-үч күндүз арбашат. Ажыдаар ажыдаарлыгын кылып, чоктой кызарган көз менен лөлүнү арбап, муштай кара лөлүнү кызыл жардай алжайган алкымына балапандай «лык» эткирип сугунуп коюу үчүн демдеп-демдеп ышкыра оп тартат. Лөлү олтурган ушул жердин куму эшилип, карарган чөбү түп тамырынан бери жулунуп, ажыдаардын алкымына кетет. Көрдүңбү, ошондон бери бул жер жайдак калган. Ушул эле дейсиңби, көкөлөп учуп бараткан куштар да кутулбайт ажыдаардан. Лөлүлөрдүн лөлүсү гана былк этпейт. Алка-шалка терге түшүп, ажыдаардын арбоосун, оп тарткан демин дубасынын күчү менен кайтарып, ошону менен бирге пал ачып, анын атын таап алуу үчүн жан далбас уруп атат.

Мына шарттагы үч кечейи-үч күндүз да аяктап баратат. Эми лөлүлөрдүн лөлүсүнүн жилкини куруй баштады. Аалам жарган ышкырык аралаш узун кара чачтары лөлүнүн өзүн сүйрөп аткансып, ажыдаардын араандай ачылып, тандырдын оозундай алоолонгон алкымын көздөй куюндай удургуп сапырылат. Үстүндөгү шөлбүрөгөн кийимдери бөздөй жыртылып учуп, эми көзөдөй эки эмчегин булайтып, дырдай жылаңач калды. Ана, көчүгү да жерден көтөрүлө баштады. Кара-көк болуп, чаначтай көөп түштү лөлү. Көзү чанагынан акшыйып, муунуп өлүп баратып, ошентсе да лөлү лөлүлүгүн кылып, акыркы бар күчүн сарптап туруп, «чеч… топчуңу!!!» – деп кырылдап ийди.

Ушу сөз лөлүлөрдүн лөлүсүнүн оозунан чыгаар-чыкпастан кулак угуп, көз көрбөгөн алаамат болуп кетти. Бүт капчыгайды жин ургандай уйгу-туйгу салган ажыдаардын карды алкымынан тартып куйругуна чейин чарт жарылды. Ичиндеги кан-жини сел жүргөндөй «кув-шав» этип ылдый акты. Эми эле үрөй учурган ажыдаардын зоңкойгон башы гана калып, териси үңкүр ичине талпактай жайылды. Көрсө ажыдаардын сыры топчуда экен. Лөлү «чеч топчуңу!»дегенде кардынын топчулары чечилип кеткен турбайбы…

Табып бир демге тыным алды. Бу жарыкчылыкта ажыдаар менен лөлүдөн башкасын бүт бойдон жадынан көтөрүлтүп ийген бала жер алдынан күңгүрөп кабар берип жаткансыган таятасынын үнүнө дагы кулак төшөй баштады.

— Ошондо элдин коюн жалданып кайтарган бир жетим бала алыстан лөлү менен ажыдаардын арбашканын көрүп калат. Аларды карап, койлору качан эле кыштакка түшүп кеткенине карабастан бала да үч кечейи-үч күндүз кезерип отура берет.

Качан лөлү ажыдаарды жеңип, анын башын кырк кулачтуу казанга салып, ушу биз отурган жерде кайнатып атканда гана жетим койчу салам айтып, лөлүнүн жанына келет.

— Ой! – деп чочуп тура калат дырдай жылаңач лөлү.

Анан жаш бала экенин көрүп:

– Бул жерге качан келдиң? Эмнелерди көрдүң?! – дейт калчылдап, өңүнүн кан-сөлү качып.

— Азыр эле келдим, – деп жооп берет тигинин түсүнөн коркуп кеткен бала.

Лөлүнүн көөнү жайланып, эми гана үстүндө илип алар эч нерсеси жок экенин байкап, абийирин жабышка бирдеме сурады. Ал дал-дал болгон чепкенин чечип берди. Чепкенди киндигинен ылдый ороп алып, анан баланы карап отуруп, дагы лөлү лөлүлүгүн кылып, билип койду:

— Көзүңөн көрүп турам. Ачкасың, баарын көргөнсүң. Майлиң-а. Кудайга айтканың бар экен. Саңа паашалардын-паашасында жок дүйнө берем. Паамдап аткандырсың кирпигимден тартса жыгылгыдай болуп турганымды. Кынтайып кичине көз ызгытып алайын. Агача сен казанга ит, куш жолотпо. Муну эсиңе бекем түй. Мен ооз тийбей туруп ушул шорподон ким даам татып койсо мүрт өлүп кетет. Шарт ошондой. Алкымыңа азгырылбай чыдай тур. Мен баштын мээсин гана жейм, калган гөш-шорпосу сеники. А, жаңкы сага берчү дүнүйө анан кийин… – деп лөлү кыңкайып, үргүлөп барып, анан тарс уктап кетти.

Өлгүдөй чарчаган лөлүнүн ойгоно турган түрү жок. А баланын өзөгү мына, мына үзүлүп түшкүдөй. «Шорпосунан бир ууртам ичип, бир кулагын кесип жесем эмне болмок эле. Бу оңбогон лөлү менен кызганып атат. Дагы мээсин эле жейм дейт», – деп бала боркулдап кайнаган казанды карап, шилекейин агызып отура берди. Акыры чуйкулдаган напсисине жеңдирген бала ордунан ыргып туруп, лөлү билбей деле калаар деген үмүттө казандан серейип чыгып турган ажыдаардын кулагынын учунан кабыктай калыңдап кесип, оозуна салып жиберди. Салып жиберери менен өзү да «Чыр-р» этип айлан-көчөк атып кетти.

Чыңырган үндөн лөлү селт этип ойгонду. Ууртунан бир тилим кулак булайып, өлүп жаткан баланы көрүп, баарына түшүндү. Кыбыланы карап чөк түшө калып, аттын жалындай калың чачтарын тытып-тытып, кудум бөрүдөй улуп, боздоп жиберди…

— Таята, таята дейм, – деди бала тунжураган тынчтыкты бузуп, –  ошо лөлү уктап калбай биринчи болуп өзү ажыдаардын мээсин жесе жакшы болмок экен. Чөптөр өзү айтып тургандан кийин кайсы оорудан болсо да адамдарды сакайтып алат эле да.

— Э, балам, баласың да, – деп кейип койду табып.

— Жердин жети катмарындакы катылган дүнүйөгө ээ болгон лөлү адамдарды аяп коймок беле. Теңирим пешенеге жазган өмүргө канаат кылбаган падышадан тартып, жакасы үзүк сөкүргө чейин баарын кул кылып, мал сыяктуу алдына айдап алат эле да. Лөлү лөлүлүгүн кылбай коймок беле. Баса жер-ааламдагы кумурскадай жайнаган адамдардын кимисин сакайтып, кимисинин өмүрүн узарта алат жалгыз лөлү? Ошондо адамдар лөлүнү бири-биринен кызганып, бири-бирин кырып иймек. Нагыз кыямат башталып, жер астын-үстүн болуп кетмек аңизгече. Озунуп ооз тийип коюп, лөлү менен ажыдаардын шартын бузуп, бүткүл жумурай-журтту зор алааматтан сактап калган баланын сөөгү коюлган бул жер ошондон бери Бала-Мазар аталып калган. Ары-бери өткөнүңдө ар дайым батаңды үзбө. Мазарга карап даарат ушатпа,балам, ушуну эсиңе түйүп кой.

♦ ♦ ♦

Алар тоо этегиндеги жер тамына келишкенде анжиандык алиги чал аялы менен дагы күтүп турушуптур. Чал табыптын алдын торой бел боосун мойнуна илип, таазим кылып, сыңар тизелеп отура калды. Аял, аял эмей эле чилбидей кубарып, сөөгү гана калган сөлөкөт кыя чапкансып, шылк этип, табыптын бутун кучактай жыгылды.

— Сизден өтөөр дарыгер таба албадык, улукманым, – деди чал.

— Баари бир… Ушинтип кыйналгыча… Ушу азапты жегиче… Азыр өлүп кетсем сөөгүм ыраазы сизге, жан ата, – деди сөлөкөт.

Булар мурда да келишкен. Пулу ашып-ташкан ушу чал мурдагы аялдарынын согончогу канабады деп шылтоолоп, базарда кайыр сурап жүргөн, азыркы сөлөкөт, ушул кызды багып алып, өзүнө нике кыйдырып коёт. Чалдын тилеги кабыл болуп, мунусу уул төрөп берет.

Бир күнү аял бешигин жасаганы ача салса, ичине жыландын бир баласы токоч болуп жатып алыптыр. Эми байдын эрке токолу болуп калган аял сүт берип, ун чачып туруп, ийинине киргизип жиберүүнүн ордуна чакчаңдап жыландын баласын жанчып, өлтүрүп таштайт. Бар балээ ушундан башталат. Эне жылан өлгөн баласынын күйүтүнө чыдабай, кек кууп, аңкайып уктап калганда билдирбей келип, аялдын оозунан сойлоп ичине кирип кетет. Анан аял тамак жесе ошонун баарын ага аш кылдырбай ошо жылан өзү жей берет. Ошентип, канча оокат жебесин баары-бир өзөрүп, ачка кала берет. Мунусу аз келгенсип, эми жылан келиндин ичин жан чыдаткыс оорутуп, кутургандай туйлай берчү болду. Ошентип, ал бечара, өзүнө өзү көр казып, күн өткөн сайын ыргайдай ката берди.

Ошондо аргасы куруган чал менен аялы табыптан табып издеп жүрүшүп акыры ушул табыпка келишкен эле. Бирок, кеч келип калышкан экен. Анткени табып «Жылан тамакты көп жеп, семирип кетиптир. Мен эми жөн чыгара албайм. Агерде дары берсем жылан көчүк тамандан качып чыкса го кудайдын бергени, непада кекиртек менен качса алкымына тыгылып, бу келин бечара бейажал өлүп кетет», – деп буга өзүнүн дабагер боло албасын айткан.. Бөөдө забынына калам деп, ынабай койгон. Эми минтип ал бечаралар боло турган бүт күнөөнү өздөрүнө алып отурушпайбы акыры, мукурашып…

♦ ♦ ♦

Таш казанда кекире сыяктуу бир тутам курук чөп салынган суу боркулдап кайнап жатты. Суу канчалык кайнап, канчалык соолуган сайын каңылжаарды уулаган жыт ошончолук көп чыгып, жер-ааламды каптап баратты. Акыры казан түбүндө бир чөйчөкчө киргилт суюктук калды. Ушул ачуу дарыны чала суутуп туруп, табып жанагы аялга ичирди. Ал бечара кан-сөлү жок бетин бырыштырып атып, эки-үч жолу «лык-лык» жутуп жиберди. Анан… Анан чөйчөктөн илебин үзбөй атып, адам эмес, жер денесин дүркүрөтөрлүк чыңырып ийди. Түпкүчтөй ийилип барып, томолонуп кетти. Анан… Анан дирт-дирт этип, чалкасынан суналып калды. Табып келинге үңүлүп, бир дем карап турду да жай гана кынынан бычагын сууруп алып, аялдын бүлтүйө түшкөн алкымын акырек алдынан ылдый тилип туруп, жоон сары балык сыяктуу сулкуйган бирдемени сууруп алды.

— Мына, көрдүңүзбү? – деди табып жанагы сулкуйган нерсени кош алаканына салып, нес болуп отуруп калган чалдын алдына алып келип көрсөтүп. – Семирип да бүтүптүр. Айтпадым беле жылан шертинен кайтпайт деп. Мына эми. Атайлап артка качпай алкымына келип тыгылып, өзү да өлдү, катыныңызды да жеп тынды… Эми шарият боюнча бу макулукту да ак дакиге ороп, аялыңыз менен бир жайга көмүңүз…

Эмне болуп кеткенине түшүнө албай, бир жагы коркуп, калтырап турган бала жанагы сары балыктай болуп семирген жыландын өлүгүн белдигине ороп, катынынын ыргайдай сөөгүн артып алып, эшегин жетелеп, жер менен жер болуп бүжүңдөп бараткан чалдын карааны те куу шыбак баскан талаага сиңип кеткиче аң-таң болуп карап тура берди…

Ушу күнү кечинде, табып өзү айткандай, кудаанын кудурети менен дагы бир жигит келди.

— Эмне, баарыңар эле жылан жуткуч болуп кеткенсиңерби? Башка иш куруп кеткенсип… – деп табып кудуңдайт, кейип-кепчип.

— Айланайын аба, атайылап кылды дейсизби, карасам эле орогум кан… Анан анын тең бөлүнүп чөптүн арасында жатканын көрүп калдым, – деп безеленет жанагы жигит.

— А бу ичиңдеги түгөтү кайдан кирип жүрөт анан.

— Түштө кыйшая түшүп, уктап кетипмин. Бир маалда эле алкымым буула түштү. Чочуп тура калсам оозумда жыландын бир сөөмдөй гана куйругу калган экен. Шап тутамдай калдым, а быякка сууруп алышка алым жетпей койду, – дейт далысы кулач келген жигит, эми минтип өңүнөн кан-сөлү качып, бозоруп…

Бу сапар табып, баягыдай шыпта илинип турган түркүн-түркүн дары чөптөрдөн тандаган жок. Үйгө кирип небереси экөө кылтакка илинтип алган улардын туздалган этин алып чыгып, дагы тузга улам чыктап кайнатты. Акыры бышкан эт, эт эмес эле жалаң туз болуп калгансыды.

…Зордоп атып, туздуу этти бүт жеген жигит жайма жыгач аякка толтура куюлган сууга карап жатып, тез эле көшүп кетти. Кандайдыр анын оозу чоң ачылып, эки жаагы катуу ничке эки чаткал менен тирөөчтөнүп коюлган. Жигиттин баш жагында көчүгүн бутунун таманына жаздай, колундагы тобулгу сабоону жигиттин оозу менен табактын аралыгына коомайлап, табып отурат. А маңдайдагы баланын көздөрү балбылдап, жигиттин аңырайган оозунан өтүп баратат.

…Мына, ийинден чыккансып, жигиттин оозунан ача тилин соймоңдотуп, кара чаар жыландын башы көрүндү. «Чылп-чылп» эттирип, аяктагы суудан иче баштады.

— Таята, таята дейм, чаппайсызбы! – бала чыңырып ийди. Анын үнүнөн чочуган жылан шарт жыйрылып, көз ачып жумганча кайра кирип кетти.

— А! А, бачагар! Мени да арбап салган турбайбы! – деп үргүлдөй түшкөн табып кейип калды. Жаткан жигит да ойгонуп кетти.

— Уктай бер, – деди ага табып эч нерсе болбогондой. Эми өзү алдыга комдоно түшүп, колундагы тобулгуну көтөрө саздап, келме келтире баштады. Анан небересине карап минтти:

— Жаңкы чык жанын чыдатпайт, гөштүн баарын жеп алды да, азыр эле чыгат. Сен дагы ушар болуп олтур. Көрдүңбү, арбай баштады, – жигит жакка көз жаңсады.

Чынында эле жигиттин көзү бир калаты болуп аңтарыла уктап баратыптыр.

Жылан көп күттүргөн жок. Эми мурдагыдан ишенимдүүрөөк, жүткүнүүрөөк чыгып, башын шыр эле сууга малды. Так ушул учурда «чып» эткен үн чыгып, жыландын башы ыргып кетти. Калган тулку жигиттин оозунан балыктай сыйгаланып, аяктагы сууга «чулп» этип түшүп калды.

Жигиттин кантип ордунан атып турганын табып менен небере байкабай калышты. Ал камгактай жеңил табыпты баладай так көтөрүп, килейген колдору менен көкүрөгүнө карыштырып сыгып, кергичтелген оозунан жанагы жыландыкындай тилин соймоңдотуп чыгарып, табыптын бырыш баскан бетин жалагылап, чарк айлантып жүрөт. Эгер бала сабоо менен шыйрагын какшата чапкылабаганда жигит таятасын кысып өлтүрүп салышы ыктымал эле.

Өпкө-боору эзилген табып араң өзүнө келип, жигиттин оозундагы тиштери батып кеткен эки тирөөч чаткалды араң алды.

— Өмүр бою алдыңда кул болсом да сиздин кызматыңызга арзыбай турган адам экенсиз улукман ата, – дейт чөк түшүп, колун бооруна алган жигит. Жаш баладай пышаңдап ыйлап алыптыр. Табып болсо жанагы жыландын башын денесинен бөлө чапкан тобулгу менен эми жыландын тулкун чалкасынан оодарды. Куйрук жагын саамга карап туруп, өзүнчө кобурап койду:

— Ургаачысы экен… Эркегинин кегин алайын деген экен…

♦ ♦ ♦

Табып менен небере булак боюндагы качандыр бир эгилип калган эпсиз чоң талдын түбүнө жатышты.

— Таята, – деди бала бир маалда.

— Ов, балам.

— Азыр да ажыдаар жыландар барбы?

— Болсо болгондур балам. Ааламдын учу-түбү жок.

— Эгерде…Эгерде азыр эң эле кыйын адам чыгып, ошол ажыдаарлардын бирөөнү лөлүдөй болуп жеңип, башын кайнатып жесе эмне болот эле?

— Тааң, балам…

— Ошентсе, ошо киши жолдо баратса чөптөр анын да буттарына оролуп, кайсы ооруга дары экендигин айтып берет беле?

— Айтпаганда… Айтат эле да.

– !!!

Чал онтоп ийди. Анткени, баланын апасы учук оорусу менен өлбөдү беле.

Бала башка суроо бербеди. Талдын кылда учундагы көсөөдөй болуп кургап калган шактарына чаташып калган жез табактай жалтыраган толук Айды карап жата берди. Бир маалда ага жез табакка салынган боз жыландар кыймылдап жаткансып сезилип кетти. Денеси «дүр-р»эте түштү. Ошентсе да кандайдыр корккон жок. Желге ыргала түшкөндө жыландай соймоңдой түшкөнсүгөн ошо куу шактардын арасынан Айды тиктеп жата берип, уктап кеткенин сезбей калды…

♦ ♦ ♦

…Бала мурда таятасы экөө тап-такыр көрбөгөн бийик аскалардын арасына кептелип калды. Өдө караса такыясы жерге түшүп кетип, зоокалардын учтары асманды тиреп турганын көрдү.

Зоокалардын нары жагынан жомоктогу периштелердин шаан-шөкөтүндөй жагымдуу шоокум угулуп турду. Ошол жагымдуу шоокумдан уйку ширининдей дене балкыткан назик үн бөлүнүп чыгып, улам берилеп, тээ бет маңдайдагы аскага келип конду. Эми назик үн конгон жерге алакандын отундай нур пайда болду. «Тооба, аскага да кут конот экен да» деп койду бала ичинде. Ушу тапта түшкө кирбес окуя болуп кетти. Жанагы нур жалама асканын бети менен акырын сыдырылып, ылдыйлап отуруп, бала кол сунса гана жете турган жердеги жумурткадан жаңы чыккан чөжөдөй үлбүрөгөн бир ажайып гүлдү өз нуруна бөлөп жиберди. Ошол гүл чөжөдөй чыйпылдап ийди:

— Мен учук оорусуна дарымын! Мен учук оорусуна дарымын!

Аскалар бул үндү илип алып, жаңыртып, алыска-алыска ала качып кетишти:

— Мен учук оорусуна да-ры-мы-ын! … да-ры-мы-ын, …ры-мы-ын… – дешип.

Бала болсо алдыга жүткүнө колун сунуп, бакырып ийди. Анткени, бул үн өзүнүн апасынын үнү эле…