АШЫРМАТОВ Уланбек: УЛАНБЕК АШЫРМАТОВ: УЛУТУБУЗ ДҮЙНӨЛҮК АТААНДАШТЫККА ЖАРАМДУУБУ?

Дүйнөлүк жаңы илимий изилдөөлөр, «4.0 индустрия» же «цифралык индустрия»  аталган жараян, дүйнөдө укмуштуудай өнүгүү жана өзгөрүүлөргө себеп болуп жатат. Бул жараяндын натыйжасындагы технологиялык автоматташтырылуу, роботтор, жасалма акыл (artificial intelligence) биотехнология жана генетикалык индустрия; кесиптик  структурадагы түзүлүш, билим берүү, саламаттык, коопсуздук, төлөмдөрдүн ажырымы (айлык маяна), жана жумушсуздуктун көбөйүүсү сыяктуу маселелерди дисциплиналар аралык изилдөөнүн темасына айландырды.

Жаңы кылымда инсандын биологиялык, психологиялык жана интеллектуалдык портрети жаңыдан белгиленер болсо, жаңы жашоонун стандарттары, мыйзамдары, этика-эстетикалык нормалары табигый мыйзам ченемдүүлүктөн улам себеп-натыйжа чынжыры ичинде  дүйнөлүк өндүрүүчү күч тарабынан белгиленери чындык. Тилекке каршы, биз, мамлекет жана коом катары өндүрүүчү эмес, керектөөчү коом болгондугубуз үчүн  учурдагы кризис жана тунгуюк улана берет.

Ошондуктан жаңы кылымда улут, коом, мамлекет катары ирденүүнү кааласак, эрктүү чечим чыгарууга жарамдуу болсок, дүйнөлүк агымдын багытын башка жаатка бура албасак да, дүйнөлүк агымдын каптап кетүүчү апаатына каршы туруштук берүүчү иммунитеттик концепция иштеп чыгуубуз зарыл. Ал үчүн алгач мамлекеттик жана коомдук бүтүндүктү сактоочу, системалуу туура терминологиялык коомдук тил жаратуубуз зарыл.

Дүйнөлүк жаңы илимий изилдөө жараянындагы окумуштуу-илимпоздордун эмне жөнүндө сөз кылып жаткандыгын жетик түшүнө турган саясатчы, башкаруучуларды жана булардын иш-аракеттерине аң-сезимдүү түрдө катыша алаар коомду тарбиялоонун зарылдыгын качан түшүнүп жетебиз?

Кыргызстан жана жалпы калктын учурдагы саясый-экономикалык, социалдык-маданий, илимий-экологиялык маселелерин туура багытта жөнгө салуу үчүн, өлкө ичиндеги керексиз, жандууга да, жансызга да пайдасы тийбеген, баалуулугу калбаган түшүнүк адаттар үчүн чачылган ысырапкерчилик иш-аракеттерге коротулчу каражаттарды (акыл, акча, эмгек/энергияны) ар бир жарандын саламаттыгын, коопсуздугун сактоого жана билимин арттырууга жумшала турган механизмди иштеп чыгууга жана аны иш жүзүнө ашырууга улуттук акыл-эсибиз, эркибиз жетеби?

Эскертүү: бул материал боюнча төмөндөгү комментарийлерге кирип өз пикириңизди калтырууда бирөөнү келекелеген же басмырлагандан алыс болуңуз. Эрежени сактабаган окурмандардын пикири жарыяланбайт!