БАКЕЕВА Бурулкан: БУРУЛКАН БАКЕЕВА: АКЫН

АҢГЕМЕ

Белгилүү бир акын базарды аралап келе жаткан. Үйүнө картошка, пияз алмакчы эле. Аялы эртең менен какшаган: “Ыр жазгандан башка дагы тамак деген болот” деп какшыктаган. Аялы бошобой калып, суранганда гана базарга басып келбесе, деги эле келбейт. Күнүмдүк көр тиричиликтин бүт түйшүгү аялынын мойнунда. Пиязын алды, анан картошка саткан катарды аралап келатып селдейип туруп калды. Маңдайындагы картошка сатып отурган аял да муну тааныды. Ортодогу көрүшпөгөн жыйырма беш жылдык мезгилде экөө тең өзгөрүшкөн. Бирок бири-бирин таанышты. Аял биринчи сүйлөдү, кечээ эле көрүшүп, бүгүн кайра учурашкандай сүйлөдү. Эч кандай толкундануу, кубануу жок, арадан жыйырма беш жыл өтпөгөндөй күлдү:

— Ой, классташ, сен дагы базарга келесиңби?

Аял сүйлөгөндө маңдайындагы түшүп калган үч тишинин аңырая көрүнгөнүн, жоолугунун астынан булая чыккан ак чачтарын, алдындагы картошка салган каптарынын жанында чоң курсагы дардая, тизелерин эки жакка ие талтая отурганынан бери акын дароо байкады. Байкады дагы заматта жыйырма беш жыл бою сүйүүдөн курган, ырдан бүткөн кооз мунарасы көз ирмемде кулады. Ошол ыр мунарасында жыйырма беш жыл мурунку мажүрүм талдай буралган кыз кыялында жашаган.

Кыздын акыркы кездешүүдө ыйлап калганы жүрөгүнө орноп, сүйүү мунарасын кура баштаган. Тагдыр экен, экөө улуу дайранын эки жээгинде калышканда кусасына чыдабай жүрөктү сыздаткан ырлар жазылып, элге даңкы тараган акын болду. Ырына “боздогон сүйүү баяны” деп ырчылар обон чыгарышып, элге тарап кеткен. Бир көрсөм деп жан сырын эч кимге айтпай, алтындай уулду, күмүштөй кызды төрөгөн аялынан да бийик койду эле го. Мына көрдү. Көрдү да сүйүүдөн куруп бүтпөгөн мунарасы талкаланды.

Жолугушуу ушундай болот деп күткөн эмес. Ошол мунарасында, жүрөгүнүн тереңинде жашаган, буралган кыз дагы мендей болуп унуталбай, азап тартып эстейттир деп ойлочу. Жыйырма беш жылдык аралыктагы мезгил сырткы кебетесин эле эмес, жан дүйнөсүн дагы өзгөртүптүр. Акын анысын аялды көрүп эле түшүндү. Акын жүрөгү сезимтал эмеспи. Жашоо басынтып жүдөгөн, көр тиричиликтин көйгөйүнөн ашып кете албаган бул аял өзүн эч качан эстебегенин, өзүндөй болуп жүрөгүндө сактабаганын сезип, өзүнө өзү күлүп айла таппады.

— Сенби, кандайсың? – деди акын ички толкундануусун араң басып.

Аңгыча бир кардар келе калып ага беш килодой сатты. Катарындагы картошка сатып отурган аялдар бирин-бири түрткүлөшө шыбыраша түшүштү. Алар акынды таанышкан эле.

— Силерге мактанып, ошол акын классташым болот дебедим беле, — деп аял дарылдай күлгөндө чоң курсагы бүлкүлдөгөнүнө акындын көзү түштү.

Акынды даңкка жеткирген ырлар өзү жөнүндө экенин аял билбейт эле. Учурашмакка аял өзү биринчи колун сунду. Акын аялдын колун кармап, анан карап калды. Анын колдоруу катуу, анан улам картошканы кармай бергенденби, каралжын болчу.

— Кандай, классташ, — деп аял эркектин колун катуу кыса бир силкип бошотту.

— Өзүңчү, — деди акын калп күлүмүш эте.

Жылдар бою көксөп келген жолугушууну мындай болот деп күткөн эмес. Чачын ак чалгыча кыялында кандай экенин, бир башкача аздектеген арманы маңдайында турат. Аялдын өзүнө болгон учурашуусунан, кебете-кемпиринен эле баарын сезди. Аял өзүндөй болуп эч качан эстебептир. “Өттү – кетти” деп өткөнгө кол шилтептир.

Өзү болсо жыйырма беш жыл кыялы менен жашаптыр. Ээ…ээ… жашооң түшкүр. Эл суктанып окуган ырлар, боздогон сүйүү баянын сыздап ырдаган ырчылар мына бул аял үчүн жазылганын билгенде эмне болушар эле.

Аздан кийин акын эл аралап кызыктай болуп баратты. Ал өзгөчө ырларды жазган, өзгөчө жан эле. Жүрөк тереңинде эми башкача ырлар жараларын туйду. Далайда барып демин басты. Жашоо ушундай беле. Көрүшпөгөн ушул жылдар ичинде ушул аял болбосо укмуш ырлар жазылмак эмес, ырчылар обон чыгарып, эл сүйүп ырдамак эмес. Баары бир ушул аялды кыз кезинде сүйгөнү үчүн ырлары жазылбадыбы. Көрсө өзүн өзү алдап, жаш кездеги кыялы менен чачын ак чалгыча жашаптыр.

Өзү жөнүндө укмуш ырлар жазылганын, акынды атакка жеткиргенин билбеген аял, бир араккорго кор болуп жашаган аял, куураган тиричилиги, бир кара курсагына араң акча таап, “картошка, картошка алгыла” деп улам кыйкырып коюп отура берди да, заматта акынды унутту. Акын да аны унутканы менен ырлары эл арасында ырдалып калды.