БАКЕЕВА Бурулкан: БУРУЛКАН БАКЕЕВА: ОТКО ЖАГЫЛГАН АЛЕКСАНДР ДЮМА, КЕЗЕКТЕ КИМ?

АҢГЕМЕ

Быйылкы кыш жанга тийди. Оор жана узак болуп, суугу сөөктөн өтпөдүбү. Кошунабыз сексен сегиздин ашын ичсе дагы ушул убакка чейин мындай кышты көрбөгөнүн короого чыкканымда кобурап калат. Үйүбүз муздак, үшүкчөөл жаным ого бетер титиреп, төшөккө оронуп бөйтөйүп уктап калган неберемди боорума басып, келинимдин шарактатып печкенин күлүн чыгарып атканын карап отурамын. Унчукпайт, кабагы түйүлгөн. Мага эч нерсе дебегени менен калдыратып кармаганы, кертилген отунду тарак эттире дабыратып таштаганы, сөздөн көп нерсени айтып атпайбы. Асте бол, бала ойгонот дей албадым, келиним бир нерсе дешимди күтүп атат. Шылтоо таппай турган неме быды-быдысын баштаар. “Унчукпа, теңелбе” дейм өзүмө өзүм.

Суу болгон отун түтөп күйбөйт. Келиним булкунган бойдон текчеде тизилип турган китептин колунан тийгенин алды да от тамызгылыкка барагын айрып кирди. Александр Дюманын “Граф Монте Кристо” китеби экен. Ачуума тийиш үчүн атайылады. Билет да менин китепти аздектээримди. Өзү китеп окубаган неме баркын билип коюптурбу. Баркын билсе айрымак эмес. А.Дюманын китеби менен кошо менин оюмдагыдай келинди күтүп, бирок жолукпай калган кыялымдагы келиним кошо өрттөлүп жатты.

Келиним экөөбүз талашып китеп окуйбуз, бирге кроссворд чечебиз, ушундай дүйнөлүк адабиятты чогултканыма сүйүнөт. Чачын өзүм жарашыктуу кесип берем. Өзү каалаган кийимди кошо тандашам деп күткөн келин эмнеге мага буйрубай калды? Баары бир унчукпай койо албадым. Ар бир барагы айрылган сайын китеп менен кошо кыялымда күткөн келиним өрттөлүп, ошол жалын арасынан неберем көрүнөт.

— Айрыбасаң боло, — дедим күңк эте.

Болду, башталды. Араң турган неме быдылдады:

— Сиз убагында китепти чогулткандын ордуна элдей болуп килем, алтын, үй толгон дүйнө топтобойт белеңиз. Анда минтип кыйналып жашабайт элек. Деги эле баласы экөө чилистен болуп кетишет. Бул эски кагаздар силерге килем болуп береби? Үйүңөрдө бир түзүк килемиңер жок, дагы китепти айрыба деп койосуз. Убагында ушул кагазды топтогондун ордуна келишкен чоң килем албайт белеңиз. Төркүнүмдөн бирөө келсе үй толгон китептен башка эч нерсеңиз жоктугуна уялышымды билбейсиз.

Унчукпадым, мээсине жетпесин билип туруп сүйлөп жинди болуптурмунбу. Чын айтып жүрбөсүн, ыя, “жинди болбосом”, келиниме атап дүйнөлүк адабиятты топтогондун ордуна өзү айткандай дүнүйө топтосом ушул балээ жок эле. Бул тагдыр деген татаал тура. Болочоктогу келиним өзүмдү тартат деп ишенип күткөн өзүмө чала. Мына, А.Дюманын жарымы өрттөлдү. Үй аябай ысып чыкты. Эми кезекте ким өрттөлөт? В.Гюгобу, А.Кристиби, Д.Карнегиби, Майн Ридби…

Эшикте болсо ит өлгөн суук. Жаздан дайын жок. Бубак басып зыңкыя каткан бак-даракты терезеден карап коюп отурам. Келиним экөөбүз ушул ак бубактай таза калалабызбы? Жүрөгүмдө болсо “кругозор” дегенден кыпын түшүнүгү жок келинимди чанып, жүрөгү тарткан бир келиндин жанында отурганы менен балдыр тил баласын ойлоп санаага чөккөн баламдын элеси турат. Шору арылбаган балам ай. Өзүңө өзүң кылдың. Сулуулугуна кызыкпадыңбы. Мына сага сулуу.