БАКЕЕВА Бурулкан: БАКЕЕВА БУРУЛКАН: ШИРИН КОШУНА

АҢГЕМЕ

Же бир жаш болсочу, башы бош болсочу, уул десе уулдары, алмончоктой кыздары бар. Аялы десе… уфф, ушуну жакындан бери эстегиси келбейт. Жаңыдан үйлөнүп баштагандагы сезими кайда кетти? Анда алыс жолдон келатканда көзүнөн учуп сагынып, жанынын жартысындай көрүп, катарынан уул-кызды төрөп бергенде ого бетер ичи элжиреп турчу. Анан жылдар өтүп, балдары чоңоё баштаганда түшүндү: аял деген бала төрөгөндөн башка дагы асылкеч болуп, зирек акылга, үйдү таза кармап, тамакты ширин жасап, көчөдөн күргүштөтүп таап келген эркекти куштай бөпөлөп, кайын-журттун баркына жетип сыйлоосу керек экен.

Аялында болсо айчырайынан башка, бала төрөп бергени болбосо – ачылып-чачылып илээнди, кыялы болсо “айдай чырайыңды иттей кыялың бузат” болуп баратканына ичи муздап, ичип алганда атайылап жаңжал салып, ажырашам деп оолугуп, бирок баласаак неме балдарын кыялбай жүрүп беш балалуу болуп, уул үйлөнтүп, кыз чыгарар куракка келгенде кайсыл шайтан азгырып жатат?

Аялынын аты аял экендиги түрткү болдубу же тагдыры ушундай беле, сол тараптагы коңшусу, өзүнөн беш жашка улуу Сардардын аялы авариядан каза болуп, жакында жаңы алган аялын көргөндөн бери балээ басты. Көңүл кушу жашка карабайт экен, капысынан кичине нерседен жалындап кетип өчүрүүгө кудурет жетпей калат турбайбы. Алып келгенде кошуначылык иретинде чайга чакырды. Бир көрдү да, айласын таппай калды. Эмнеси менен тартып алды?..

Өмүр бою көрүп жүргөн немедей ыраң орою жакын сезилип, тынчын кетиргенине өзүн-өзү түшүнүүгө кудурети жетпей, сыртынан билгизбегени менен дилиндеги бороондун күчү басылабы? Ошол аялга болгон сезимден кутула алабы, эстеген сайын өрттөнүп күл болуп же анысын бирөөгө айта албаса. Айтканда деле уккан адам күлбөйбү, жинди болдуңбу дешпейби.

Сардар туюп калса, күйүтү күчөп турганда пешенеси бар экен, ушул аялга туш келип, балдарына өз энедей караганына көңүлү тынып келатканда деп, айылдаштарынын жемесине калаар. Баарынан да аял кандай кабыл алат? Жоок. Антип сыр ачпай калсын. Коңшу аял тынчын кетиргенден бери беш бала төрөп берген аялы көзүнө мокочо көрүнүп, баскан-турганын кыйкымдап, айыбын чукуп, бирөөнүн аялы бирөөнө кыз көрүнөт көзүнө болгону эмнеси? Унуталбаганы аз келгенсип, шайтан азгырып ошол күнү каяктан тамынын башына чыга койду? Кантип Сардардын тамынын аркасы тараптагы сынып түшкөн шиферинин тешигинен карап калды, качан сынып калган, сыныгы кайда түштү экен деп издеп башын салганда, коңшунун там аркасында беймарал жуунуп жаткан жылаңач аялды көрүп калды. Жай мезгилинде айылда ушундай, эч ким көрбөгөн далдоо жерде, там аркасында, жүгөрүнүн арасында шыпшынып жуунуп алышат.

Аял тамдын башына ким чыгып карамак эле деп бейгам. Узун чачтарын тарап, айрандан шыбап төбөсүнө чокчойто түйүп коюп, беймарал самынданып жышынып кирди. Денеси аябай эле аппак экен. Көчүгүн кара чайпалып, бели ичке болуп көчүгү жооноё, сандары килтилдеп буттары түз экен. Бирөөнүн аярлуу буюмун атайылап уурдап жаткандай сезимде болуп, ушу караганы туура эмес уятыраак экенин билип эле турат. Эрки жетпеди. Аялды көргөндөн бери кайдыгер сезимде болсо минтмек эмес. Кайра ого бетер сугалактана моокуму канганча телмирип кусага батып, мункана карап турду. Аял жуунуп бүтүп кийинип, көчүгүн чайпалта үйүнө кирип кетти.

Коңшу киши тамынын башында сынып түшкөн шиферинин оңурайган жеринен өзүнө берилүү менен дендароо болуп карап отурганын, көптөн бери өзүнө көңүлү түшүп калганын билген жок.

Келин алып, кыз берем деп даярданып жүрбөдү беле, ал да эстен чыкты. Аялга болгон бир балакет кусалык мүлжүй берип эзип бүттү. Унутайын дейт, унуталбайт. Муңайым көздөрү, оор басырыктуу мүнөзү, аппак денесин элестете берип, үйлөрүнүн ортосун бөлгөн дубал коргондун ары жагында өз тиричилиги менен алектенип атканын эстеп жаны жай албайт. Ушунчалык жакын туруп, абдан алыс, алыс туруп жүрөгүнө абдан жакын болуп баратканына элжирей бергени күн өткөн сайын күчөп, өзүн жеңе албаганына мукураганда – дилиндеги бороондун удургуткан күчүнүн демин басыш үчүн бала-чакасына “кечке телевизор тиктеп отура бересиңерби, мал сугарыла элек, кечкиге отун кертилбептир, суу ташылбаптыр, малкана качан тазаланат? Айтмайынча козголбойсуңар, муну жаса, тигини жаса дегендин ордуна үйүңдү таза кармайын дебей, улам бир үйгө кирип ушакташкандан, бош болсоң кечке укташтан бошобойсуң, тилиң болсо чечкедей, колуңдан балээ келбеген шалтуруксуң”, — деп аялына бакырып, көкүрөгүндөгү көк буусу чыгып үшкүрүнүп отуруп калат. Ушу да болобу? Эмне майнап чыкты? Жеңилдээрин го жеңилденди, бирок балдарына жаман көрүнүп алды. Малдар ачкасынан мөөрөгөнү менен иштери жок, телевизордон жакшы кино болуп жатса деп бултуңдашат.

Эки үй нары жашаган Зайнап небересин аркасына көтөрүп, түйдөк жүнүн баштыгына салып келип калыптыр. Бул аял көп сүйлөгөнүнөн шакый дешчү. Ийигин улам алаканы менен жанып эбиреп жатты. Угуп жатып таң калды. Ушунча кепти каяктан таап алышат, качан угушка үлгүрүшөт? Айылда ким кайда барды, кимдер урушуп кимдер табышты, ким жаңы көйнөк кийди, кыбыр эткендин баары аялы менен Зайнаптын эсебинде. Азыр да Сардардын аялынан кеп башташканда өзүнө жан кире түштү. Көзү телевизордо, кулагы тигилердин сөзүндө.

Бул сагызгандар сайрап киришкенде токтошпойт эми. “Сенин ишиң эмне бирөөлөр менен, оозуңа келгенди оттой бересиңби, ушак сүрүштүрө келгенде Зайнап экөөңө такалат, силер чыгардыңар болуп урушкан биякта калсын, чачташканга чейин барасыңар”, — деп аялына бир тиет. Анда аялы кайра өзүн беттен алат:

— Эркексиңби, анда биздин ушакты укпа, — дегени күйгүзөт.

Азыр болсо экөөнүн сайраганы кулагына майдай жагып, өзүн тымызын кусалыкка батырган, муңга чөгөргөн аял жөнүндө көбүрөөк билгиси келди. Алардын айтуусуна караганда, аздектеген аял өзүнөн кичүү түгүл алты жашка улуу болуп чыкты. Улуу болсо эмне экен? Өз курагынан жаш көрүнөт экен. Ак көрпө жайыл, менин гана аялым болсо дегендей жылдызы жанган, кармаган-тутканы таза, колу берекелүү, өзү токтоо неменин бир айыбы төрөбөгөнү экен.

— Төрөп бала басты болбосо, түн уйкусун бөлүп түйшүк тартпаса, бир кара башы экен, жаш болот, — дешти эки аял.

Бул экөө оңойлук менен бирөөнү макташпайт, айыбын эле чукуп турушат, экөө гана жандан башкача болуп келишет. Аялы аны менен кантип тил табышаар экен? Эстүү аял буга теңелбес. Аялынын бир жолку кылыгын жекирүү менен эстеди.

Жаз мезгили болчу. Короолорун тазалап жатып бөтөлкөнүн сыныгын таап алып, Сардарлардын короосу жакка ашырып ыргытып ийгенин көрүп калды.

— Бул эмнең?! – деди жини келип.

Аялынын пейили ушундай, айтканына лам деп койбостон; көйнөгүнүн кең этегин бир серпип алды да, үйгө кирип кетти. Үч күндөн кийин мына көр, кичүү кызы Сардардын кызы менен ойноп жатып, ошол аял ыргыткан шишенин сыныгына бутун тилдирип алыптыр. Бутунан каны шоргологон кызын көрүп куп гана жанчты белем.

Эки аял анан башка сөзгө өтүштү.

— Чоң балабызды үйлөнтүп койсокпу, бойдок неме солоктоп үйгө токтобойт. Кыз болсо чокуга бир койсоң ыйлап-ыйлап отуруп калат. Эркек баланы байласаң да жибин үзүп качкыдай болот, аял алып берип эле жаныбыз тынбаса… Кымбаттын ортончу кызына көзүм түшүп жүрөт. Өндүү-түстүү, көзгө жакын неме болуптур.

— Койчу ошолорду битирешип. Келин алганга шашылба, өз акчаңа душман сатып алат экенсиң. Көрүп атасың го мени, үй ичиндеги кыбыр эткендин баары көчөнүн баш-аягына угулат.

Ал телевизорду өчүрүп эшикке чыгып кетти. “Ооба уулду үйлөнтүш керек”. Анан өзү келин алаарда эмне балакет болуп муңга батып кетти? Жаны жай таппаганда өзүн алаксытаар айланы издөөчү эле. Аялынан улам алыстап, балдар гана байланыштырып, дилдин муңун айтышаар, көкүрөк черин жазышаар, аялынан таппаган ырахатты таап аймалашаар аялды кыялында эңсечү эле. Ошол аял мына кол сунса жеткидей, сүйлөсө үнү угулгандай жакын туруп, көңүл кушу жетпеген абдан алыс. Өзүнө эмес башкага таандык.

Кыялындагы аялды таппай күчүн аракка чыгарып, алыскы сапардан келатканда машинасына кокустан түшүп калган ыран орою келишкен болсо “Ээ, Кудай, өзүң кечире көр, бардык нерсе өзүңдүн буйругуң менен” деп тобо келтирип күнөөгө деле батып койчу. Ошондо да бир кемтиги толбой турчу. Ошол эңсеткен аял мына маңдайына келип жашап, алты жашка улуу экен. Эмне болуптур улуу болсо. Жан дүйнөсү ага чексиз талпынып, көңүл кушу самап жатса улуулугу кеп бекен. Көрсө, бул жашоодо аялдан ырахат алгандан сонуну жок турбайбы. Өзү болсо жетпей жатат. Жетүүнүн дагы жолу жок. Сырын ичине катып, мелтирегени менен ичиндеги бороондун күчүн басууга канчалык кудурет керек?

Отун жарып жатканда өз короосунда өгөй балдарын айланып-үйрүлүп тамакка чакырып жаткан аялдын үнүн укканда, балтасы менен отунду ушунчалык житире чапкан экен, шынаа коюп да балтасын чыгара албай убара болуп жатканда:

— Ава… сизди атам чакырып атат, — деген Сардардын кызынын чыйылдаган үнү чыкты.

Кыз тыкан кийинип, кулак үстүндөгү эки тутам чачы эки жакка сербейип, ак бантиги жарашып, көздөрү күлмүңдөп жадырап турат. “Жүдөтпөптүр балдарды, карачы кийинткенин”. Элжиреп турду, кызды сылаган колду сылап сыйпаса ээ.

— Атам сизди чакырып атат. Картасын ала келсин деди.

Балким ошондо аялдын жуунганын көрбөсө, кыйнаган сезими аздап унутулуп калат беле, жылаңач денеси, түз буттарын, килтилдеген ак сандарын элестете берип, муңайым көздөрү качанга чейин жанды жеп келет? Бир көрдү да, эмнеси дилинде орноп жалындап кетти? “Көрөт экемин да. Бирок андан эмне пайда майнап чыкты?” Сүйлөшө албаса, сезимин билдирүүнүн айласы жок. Билдирейин деген деле ою жок, анда шерменде болбодубу. Муңга батырган кусалыкты гана жеңе алабы?

Эки кошуна карта ойношуп, Сардардын бекиткен арагы бар экен, кичинеден эрмектешип отурушту. Аялы көрүнбөйт. Кайда деп кантип сурамак эле… Өзү эле айтып калды.

— Кыздарымдын чачын тегиздетем деп азыр эле чыгып кетти. Кыздарымдын ырысы болуп, багым бар экен. Ушул аялга туш келген тагдырыма ыраазымын.

Ичинде кири жок Сардар сырын бөлүшүп бажактап, кошунасынын ичинде ит өлүп жатканы менен иши жок. “Мен эңсеген аял мага эмес буга таандык, ушул колдору менен сылап-сыйпап эркелетет ээ” – шыпылдатып карта бөлүп жаткан беркинин колжойгон каралжын колун тиктеп калды. Ал болсо коңшусу эмне балакет ойго кабылганы менен иши жок, ичкин деп кыйнай берди.

Арактын күчү менен башы тумандап ээлигип чаржайыт сүйлөп калды. Дагы ичсе өз абалын билген неме дагы эмне баштаарын ким билет. Тиштенди. “Ичпе, бир тамчы дагы ичпе. Антсең эле өлдүң, шайтан шаштырып, адатыңча сайрап кирип сыр алдырып коёсуң. Тур жогол. Аял келгиче кетип кал”, — деди өзүнө өзү. Балким азыр бир дасторкондо отурушса кандай болор эле, элестете албады. Сардар болсо ичкин деп шыкай берди.

— Жок, кетейинчи, — деди да шарт туруп жөнөй берди.

Сардар болсо күтүүсүз кетем дегенин мастыгы деп жоруду. Эшикти ачканда аял менен бетме-бет келе түштү. Эки кызды эки жагына жетелеп аял сезимтал болчу. Кошуна кишинин көздөрүндөгү жүрөк сыры, муңу таң калтырып, өтүп кетсин деп кийиндей берди да, ал чыгып кетээри менен эшикти шарт жапты.

Каңк деп жабылган эшиктин добушу бычак сыңары урулуп теңселип басып баратты. “Айым, күнүм, эсен болчу”.