БАКЕЕВА Бурулкан: БУРУЛКАН БАКЕЕВА: ИТ КУМАРЫ

АҢГЕМЕ

Киши кечке маал үйүнө жакындаганда кашаасынын түбүндө кеч күздөгү ызгаар сууктан калтырап-титиреп бүрүшө, аянычтуу кыңшылап жаткан тик кулак кара күчүктү көрдү. Аянычтуу кыңшылаганына жаны ачыган боорукер киши колуна көтөрүп үйүнө алып келди. Адам колунун жылуулугун сезген күчүк айбандык керээти менен бул кишиден ырайым болорун биле ыктай бүрүшүп калды.

Күчүктү малкананын ичиндеги былтыркыдан калган эски саманды оюп ыңгайлаштырып жаткызып, жылуулап жаап коюшту. Калай идишке суу куюп, ун чылап беришти эле: кызыл тилин чыгара шалпылдатып ичкенин сонуркай карап кишинин үч жашка толо элек, кылыгы ширин, тили чулдураган баласы күчү-күчүлөп оролошуп жүрдү.

Ошол күндөн баштап багуусу келишкенден улам тез эле борсойгон кара күчүк менен баланын жаны бирге болуп томполоңдоп ойношкондорун көрүп атасы жылмаят.

— Ит таап алган жакшы болот, дөөлөткө шерик болуп киреше алып келет дешчү эле, — деп ырымдап атын Киреше койду.

Иттен болдубу же тагдырданбы – ошол күчүк келгенден бери чындап эле киреше кире баштады. Эгин айдаса түшүмү мол, эчкиси үч эм, кою эгиздеп төлдөп, өзү шоопур эле алыскы сапарга чыкса иши оң келип акчалуу келет. Ошол жылы оор түшкөн кыштан дагы башка айылдаштарына окшоп жүдөбөй, малы жутабай тың чыгат.

Бир жарым жыл ичинде борсойгон кара күчүк килеңдеген кара дөбөт болуп чыга келди. Бала болсо күчү-күчүлөп дале чулдурап, тили ширин, кылыгы күлкүлүү бойдон калды. Кара дөбөт барибир баланын жанынан айланчыктап чыкпай, колунан нан жеп, бак түбүндө уктап калса бирөө көтөрүп кетмейин карыш жылбайт. Түн ичинде болсо мен бармын дегенсип шырп эткен дабышка сак туруп коңкулдап үрүп чыгат. Чоочун киши келсе короого жолото койбой ажылдап үйдөн бирөө чык демейин үрүп турганы турган.

Бара-бара кабанаак иттүү болгонуна сүйүнүп, мүнөзү өзгөрүп баратты. Адам байыган сайын пейилден кетип, байлыктын кумар дарамети көздү май бастырып, өзүнөн колу жукаларды теңсинбей карап, баягы боорукерлиги жоголуп чиренет. “Ушул күчүктү таап алгандан бери ишим жүрүшүп кирешелүү болдум” деп килейген кара дөбөттүн жүнүн жалтыратып бапестеп багып жакшы көрөт.

Бир жолу кошуналарынын бири, күйөөсү өлүп чиедей эки баласы бар жаш жесир келин чала желген жүгөрүнүн сотосун көтөрүп келди.

— Ава, караганыбыз ушул жүгөрү. Бышканча итиңизди байлап коё турсаңыз кантет? Күнүгө түн ичинде кирип талкалап таштайт. Минтип күнүгө талкалай берсе эч нерсе ала албай калам го.

Жүдөмүш жесир келиндин эшигинин алдында келип итин байла деп тайманбай сүйлөшү кыртышын келтирди. Кайра байкуш келинге догуруна-басынта сүйлөндү:

— Ушуну каадалы иш көрүп. Сен байла десең эле байлап коёт бекемин. «Канча төлөп берейин?»— дегени келиндин зыбанын күйгүздү.

Байлыгына чиренген неме акча ыргытты.

— Акчаңыз башыңыздан калсын. Начар киши экенсиз. Ушу сизди түшүнөт деп мурункудай көрүп келген мен дагы бир…

Көзүнө жаш толгон келин булкунган бойдон чыгып кетти. Ыргытылган акчага карап койгон жок. «Балдарымдын пособиеси тийгенче ушул дүмбүлдү сатып керекке жаратчу элем. Балдарды таштап же көчөдө өзүм дүмбүл сатып жүрө албасам. Эки жетимдин ырыскысын кыйып, колунда жок, жесир деп басынтканы да бул. Кудай өздөрүн басынтсын». – Үйүнө барып шалдырап отуруп калды.

Итин барибир байлабасын, ити болсо жүгөрүсүн талкалай берерин, айткан менен таасир этпесин сезип, капаланды. “Жетим-жесирдин, кошунанын көңүлүн оорутсаң, кудай сенин көңүлүңдү оорутсун” деп тим болду. Анан кантет, бышырылган дүмбүлдү кабат үйлөрдү аралап эки жаш баласы сатып келгенче машинадан этият болсо экен деп санаасы тынбайт. Өзү барууга тамеки тизиминен бошобойт. Дагы бир жолу айылдан кадырлуу аксакалы атчан өтүп баратып алдынан ажылдап чыга калган иттен аты үркүп, өзү жыгылып колу сынды. Мындайраак неме болсо да тоготпой коймок беле, аксакалдан ыйбаа кылды.

— Байла итиңди, боорукер элең, улам байыган сайын көзүңдү май баспаса бала-чаканы аябай атасың, – дешип айылдаштары катуу айтышты. Ошондо гана байлап койду. Бирок дилинде мени көрө албай жатышат. Мендей боло албагандарына ичтери күйүп итти шылтоолоп атышпайбы деп мурчуйду. Көздөн далдоо малкананын артына байлап салды. Андан ары жүгөрү талаасы.

Теңир жараткан табияттын дагы өз нугунан жазбаган, тээ байыртан келе жаткан өз мыйзамы болот. Баарын жупташтырып жаратып, андан өмүрлөр жаралып, түбү жок чексиз түбөлүктүүлүк уланаарын таңдабаган киши ушуну унутту.

Иттин дагы табияты, мезгили келгенде кумарга берилерин, көксөөсүн басып канчык самаарын элес албады. Бошонууга умтулуп улам жулкунган сайын бекемирээк байлады. Канчыкка болгон кумарынан улам көздөрү канталап жулкунуп, чынжырын шалдыратып бошоткула дегендей аянычтуу кыңшылап же жиндене үргөн итин киши түшүнө албады. Байланбаган неме көнө албай жататка жоруду.

Ошондо саресеп салган киши бошотуп койсо бул кырсык болбой калат беле…

Бала болсо балалыгына салып баягыдай кучакташып ойноону самап жанына жакын келди. Ит болсо аны менен иши жок, маңдайына келип туруп алган канчыктан көзү өтүп ыркырай жулунат. Курсагы ачып жулунуп атат деп түшүнгөн бала чуркап барып үйүнөн нан алып келип:

— Ме, күчү-күчү, жечи…

Демейдегисиндей нанын сунуп жанында туруп калды. Бир кезде ушул баланын колунан нан жеген күчүк, азыркы кездеги ит аны карабады. Жаны жай таппай, көзү канталап, маңдайдагы канчыктан көзү өтүп, бошонсом дегенден башканы ойлобой, бирок бошоно албасына көзү жеттиби, бар күчүн баладан чыгаргысы келдиби, иттигине барып баланын балтыр этин аткып үзүп алды. Иттик керээти менен баланын ачуу чаңырыгын элес албай оозунда эч качан татып көрбөгөн адам этинин, канынын шириндиги сугалактанта азгырып дагы татып калууга жан талашып, туш келген жерин аткып, кумар бугун чыгарчысы келгендей ыркырап баланы кызыл жаян кылды.

Кең көйнөгүнүн этегине батышынча дүмбүлдөн шыкай салып, бир колу менен кармай чыга калган жесир келиндин кут учурган чаңырыгы, кишинин союлун көтөрүп өзүн бир уруу менен жалпайта коёрун сезбестен бала этинин шириндигине тойбой иттигине барып көбүрөк жеп калууга ашыгып апылдатып аткый берди.

Чуру-чуудан улам айылдаштар итти кутуруп кеттиби деп ойлошту.

Тиричилиги курусун, адам чыдагыс кызыл жаяндан көңүлү айнып, чыдабай турса да эси дарты этеги толо дүмбүлү чачылып кетпесин деп бек кармап, өйдө көтөрүлгөн этегинин кең ыштаны далбактаган, жоолугунун байлаган түйүнү кулак үстүнө келип кыйшайып, апкыты айрык көлөчтөрүнөн жарылган согончогу карайган жесир келин ыйлап жүрөт, сүйлөп жүрөт:

— Карасам эле, чаңырган бойдон үйүнө кирип барып “итиңер баланы жеди эле, жеди!” деп бакыра берипмин.

Ошенткени менен жарым көңүл неме дили зыркырап өзүн-өзү жекирди: “Кудай сени басынтсын деп кайдан айта койдум эле” деп арам ою жок неме ушул оюн бирөө билип кала тургансып, айтпай эле койбой деп ыйлап эзилди.

Кээси жакасын кармап тообо келтиришти. Бечара жесир келиндин назарынан калып, чиедей эки жетимдин дүмбүл саткан ырыскысын тебелеп ушуну көрмөк, элден чыгып чиренип, байлыгына керкейип дешип тооболошту.