БИРНАЗАРОВ Темир: ТЕМИР БИРНАЗАРОВ: САТКЫНДАРДЫН МЕКЕНИ БОЛБОЙТ (УЛАНДЫСЫ)

МУГАЛИМ БОМЖ
Тууган, эгер мүмкүнчүлүгүң болуп калса, ушул катты Путиндин өзүнө берип койсоңуз, чоң жакшылык кылган болот элеңиз.

ВРАЧ БОМЖ
Сен антип биздин мамлекетти аскарбит этпе да. Путин окуса, биздин президентти элиңди бага албай эмне кылып жүрөсүң деп уят кылбайбы.

ОФИЦЕР БОМЖ
Отставить! Бир нерсе болсо эле Россияга чуркаганды качан токтотосуңар! Эки кыргыз урушса деле оруска чуркайт! Кыргыздар улуу элбиз! Биз деген Манастын тукумубуз! Унутпагыла!

СПОРТСМЕН
Ооба, кыйраттың! Өзүңдүн кебетеңе карап анан кыйкырсаң!

ОФИЦЕР БОМЖ
Сен антип аскарбит этпе! Мен деген ак сөөктүн тукумумун! Менин ата-бабаларым ким болгонун билесиңби!? Билбейсиң!

СПОРТСМЕН БОМЖ
Туура, ата-бабаңды билбейм, бирок сен бомжсуң!

ОФИЦЕР БОМЖ
А сен өзүңчү!?

СПОРТСМЕН БОМЖ
Мен да бомжмун, баарыбыз бомжбуз! Керек десе, бүт кыргыздар бомж! Ар кайсы өлкөдө кул болуп жүрөт да анан мактана беришет! Улуу кыргызбыз, анан дүйнө бизден тараган деп… Кыргыз деген ууру, ач көз, бузулган эл! Энеңди урайындар! Кыргыздардан бүт дүйнө жүзүндөгү марадерлор, уурулар, баш кесерлер, коррупционерлер тараган. Эй, керек болсо, Чикатило да кыргыз болуш керек.

ОФИЦЕР БОМЖ
Кыргыздардан айлан! Сен көп кыргыздарга асылбагының, уктуңбу?! Сен өзүң уурусуң, өткөндө митингден алган акчалар кана?!

Спортсмен бомж ордунан туруп мушташка даярданып калат.

СПОРТСМЕН БОМЖ
Кайсы митингден?

ОФИЦЕР БОМЖ
Карасаң, өлүмүш болуп калат! Жанагычы, эми, тиги… депутатты түрмөдөн бошоткула деп кыйкыртып, миң сомдон бербеди беле!

СПОРТСМЕН БОМЖ
Мен деген кечке кыйкыргам, сен эки саат жүрүп эле кетип калбадың беле?

ВРАЧ БОМЖ
Уялбайсыңарбы, арабызда конок отурат. Качан болсо ушу…

ОФИЦЕР БОМЖ
Жо, анан мунуку туурабы? Качан болсо кыргыздарды жамандап, шыбап басып жүрөт! Ушу сен кыргыз эмессиң!?

СПОРТСМЕН БОМЖ
Кыргыз болбосом желмогуздай болуп, ушул силердин араңарда жүрмөк белем! Эгер казак же орус болуп калсам, сага окшогон беш алты кыргызды көткө тээп малай кылып иштетип жүрмөкмүн!

АРМАН
Койгула туугандар, урушпагыла. Баары жакшы болот.

Арман, мугалимге кайрылат.

Мен ойлойм, сизге өзүм эле жардам берем деп. Сиз эч капа болбоңуз.

Арман чөнтөгүнөн акча алып чыгып, мугалим бомжго сунат. Менимче, паспорт алганга бул акча жетет болуш керек. Алыңыз. Мугалим бомж Арман сунган бир тутам акчаны алып, ишене албай туруп калат.
Жанындагы бомж аял, тигинин колундагы акчага колун созот.

АЯЛ БОМЖ
Кана, канча экен?

СПОРТСМЕН БОМЖ
Тарт колуңду! Мен эле эсептеп берем. Берчи бери!

Спортсмен бомж тигинин колундагы акчага умтулат.

АРМАН
Туугандар, урушпагыла. Акча баарыңарга жетет.

Чөнтөгүнөн дагы бир тутам акча алып чыгып, аялга сунат.

АРМАН
Мына бул сизге! Алыңыз.

Аялдын көздөрү жанып, ишене албай туруп калат.

АЯЛ БОМЖ
Магабы?

АРМАН
Алыңыз.

Аял акчаны алып, жанындагыларды суроолуу карайт.

ОФИЦЕР БОМЖ
Албайсыңбы…

Аял акчаны алып, шашкалактап көкүрөгүнө салат.
Арман ички чөнтөгүнөн дагы бир нече акча сууруп чыгып, спортсмен бомжго сунат.

АРМАН
Бул болсо сизге.

Спортсмен бомж да акчаны алып, ары карап санап кирет.

ОФИЦЕР БОМЖ
Туугандар! Мынакей чыныгы кыргыз! Президент боло турган адам! Бизге качан бирөө адам катары мамиле кылчу эле! Келчи бери, тууган!

Офицер бомж Арманды ой бойуна койбой, чалкалап качса да, кучактап эки бетинен өпкүлөп жиберет!

Спортсмен бомж алдындагы арактан стакандарга куюп ордунан турат.

СПОРТСМЕН БОМЖ
Туугандар! Кана анда, кызыл китепке кирчү жалгыз экземпляр, чыныгы кыргыз үчүн, ушул тосту алып жиберели!

Спортсмен бомж, тургандарды күтпөстөн колундагы стаканды ичип жиберет.

ВРАЧ АЯЛ БОМЖ
Туура айтасың! Келечектеги президент үчүн ичишибиз керек. Келечегибиз бар экен да.

Врач аял да арагын ичип жиберип, Арманды жалжылдай карап, бышактап ыйлап жиберет.
Арман аялдын колунан кармап сооротконго аракет кылат.

АРМАН
Ыйлабаңыз. Баары жакшы болот. Көрөсүз, сиз сөзсүз максатыңызга жетесиз. Ишениңиз.

ВРАЧ АЯЛ
Ооба, эми ишендим. Акыры кудай мага да боору ооруйт экен да. Мен сиздей боорукер, таза адамды күтүп жүргөм.

Врач аял көзүнүн жашын агызып, Армандын колун өпкүлөп жиберет. Арман колун тартып ала албай, аялдын башынан сылайт.

АРМАН
Коюңуз. Капа болбоңуз.

ОФИЦЕР БОМЖ
Отставить, кана туугандар, сентиментини токтоткула.

Офицер бомж Арманбекке кайрылат.

ОФИЦЕР БОМЖ
Атыңыз ким эле?

Арман бир аз буйдала түшөт.

АРМАН
Арманбек Сакиевич. Туугандар,баарыбызда тең үй-бүлө, элдикиндей жашоо болгон, тагдыр ушул экен, жашоодо ар кандай болот экен. Баарыбыз тең пендебиз.

ОФИЦЕР БОМЖ
Туура, качан сиздей адам президент болгондо гана мамлекетибиз өнүгүп, баарыбыз адам болобуз.

Арманга колундагы стаканды сунат.

АРМАН
Мен көп ичпейт элем.

ОФИЦЕР БОМЖ
Анан бизди көп ичет деп турасызбы, биз табылса ичебиз, табылбаса таш да жок. Болбойт, алыңыз. Биз үчүн бүгүн болуп көрбөгөндөй майрам. Анткени биздин арабызда чыныгы адам отурат.

АРМАН
Болуптур, бирок акыркысы болсун.

СПОРТСМЕН БОМЖ
Сиз эмне, өлгөнгө даярданып калгансызбы?

Арман алдындагы аракты ичип жиберет.

СПОРТСМЕН БОМЖ
Арман Сакаевич, сиз билесиз, президент болуш үчүн сөзсүз программаңыз болуш керек. Кана айтыңызчы, эгер президент болсоңуз ишти эмнеден баштайсыз?

Арманбек да катуу кысып калгандыктан булардын темасына кирип кетет.

АРМАНБЕК
Биринчиден, аялым менен ажырашмакмын. Экинчиден, балдарымды бийликке жолотпой, мал бактырып, кой кайтартмакмын. Туугандарымды, досторумду бүт түрмөгө каматтырмакмын! Мен сатып жиберген, то есть, сатылып кеткен жерлерди кайрадан мамлекетке кайтартмакмын.
Анан дагы, эң башкысы — мындан ары, бир да кыргыз чет элге тентип, бөтөн жерде кул болуп жашабайт! Бир да кыргыз кызы кор болбойт…

Арманбектин ээги кемшеңдеп, үнү каргылданып барып чыкпай калат.

Кечирип койгула!

СПОРТСМЕН БОМЖ
Кечиресиз, сиз кай жерден болосуз?

АРМАНБЕК
Кемин Абаддан.

Отургандар бири-бирин суроолуу тиктеп калышат.

СПОРТСМЕН БОМЖ
Кай жерден дейсиң?

АРМАНБЕК
Кемин Абаддан.

МУГАЛИМ БОМЖ
Жалал Абаддан дебейсизби.

АРМАНБЕК
Жок, Кемин Абаддан.

Отургандар бири бирин суроолуу карап калышат.

ОФИЦЕР БОМЖ
Бир аз ашыгыраак куюп койдук окшойт.

СПОРТСМЕН БОМЖ
Болбойт, бул кичине ичсе эле, жок жерлерди ойлоп чыгара берет экен.

ВРАЧ АЯЛ БОМЖ
Эмне үчүн болбойт. Аялымды кетирем деп жатпайбы.

МУГАЛИМ БОМЖ
Болду жетишет! Биринчиден президент боло турган адам ичпеген, жебеген, уурдабаган, таза кыргыз болуш керек!

Арман Сакаев тамагын кырып, акырын бетин кармалап, жан жагын көзүнүн кыйыгы менен карайт.

СПОРТСМЕН БОМЖ
Жок, андай кыргыз өмүрү жок! Болбойт!

ОФИЦЕР БОМЖ
Туура айтасың, президент боло турган адам чыныгы кыргыз болушу керек
СПОРТСМЕН БОМЖ
Эмне деп былжырап жатасың?
Кыргыз деген калбай калган. Силер мактанып жаткан Манастын тукуму эбак эле жок болгон.

ОФИЦЕР БОМЖ
Дагы баштадыңбы! Сен оозуңа карап сүйлө! Бизди көрбөй турасыңбы!

СПОРТСМЕН БОМЖ
Бизби? Биз ошол илгерки таза кыргыздарды түп оту менен жок кылып, жерин ээлеп алган, ач көз, саткын, байлык менен бийлик дегенде энесин да жерин да саткан, балдарын, ата энесин таштап качкан, кыргыздардын терисин кийген аты жыты белгисиз шүмшүк элдин тукумубуз. Уктуңбу!

МУГАЛИМ БОМЖ
Туптуура айтасың, тарыхта да, Манасты окусаң да, азыркы кыргыздардын бир да жери окшобойт.

ОФИЦЕР БОМЖ
Отставить, бизде Манасыбыз бар! Улуу элбиз! Түшүнөсүңбү! Кыргыздар көп нерсебиз менен сыймыктанышыбыз керек!

Мугалим бомж, бошоп калган «Аюу» деген жазуусу бар арактын бутылкасын алып, түбүндө калган үч төрт тамчыны стаканга куят.

СПОРТСМЕН БОМЖ
Эмнең менен сыймыктанасың! Өзүнүн кыздарын балдарын зордуктаган кыргыздар мененби? Өзүн сатып, ар кайсыл улуттун этегин кармап, тентип жүргөн кыздарың мененби?
Элин тоноп, жерин сатып, ар кайсыл мамлекетте, көчүгүн катып жүргөн президенттериң мененби? Тоокторуң тууганга жарабай, кытайдын жасалма жумурткасын жеп, эптеп курсагың тоюп, калп каткырып күн өткөргөнүңө кубанасыңбы? Кандай түшүнбөгөн, куру намыс, көк мээсиң? Же чоң курсак, чиновниктериң, уурдап жегенин, бокко айландырыш үчүн жайнаган кафеңе мактанасыңбы? Жадагалса батарейка, дажы зажигалка чыгарганга мээңер жетпейт. Уурдап тоногонго эле машсыңар! Энеңдурайындар десе!

Офицер бомж ордунан тура калат.

ОФИЦЕР БОМЖ
Ушу сенин азабың өттү! Ме сага!

Офицер бомж спортсменди муштап калат. Спортсмен офицер бомжга жармашат. Арманбек колундагы арагын жутуп жиберет.
Спортсмен ачуусу келип, офицердин жакасын кое бербей, мугалим аркалуу муштап калганга аракет кылат.

СПОРТСМЕН БОМЖ
Эмне чабасың! Кое берчи! Мен муну азыр…

ОФИЦЕР БОМЖ
Пешенеңди искейн. Мал!

СПОРТСМЕН БОМЖ
Эй, неңдиурайын десе!

Экөө бири биринин жакасына жабышып мушташка өтөт.
Арманбек да, экөөнү ажыратмакка аракет кылып, ортого түшөт.
Спортсмен офицерди, туштап согуп калат. Офицер, эңкейе калганда, спортсмендин муштуму Арманбектин көзүнө кадала түшөт.
Арманбек бир кыйкырып алып, чалкасынан кулайт. Врач аял жерде көзүн басып, кыймылсыз жаткан Арманбекти карап ачуу кыйкырат.

ВРАЧ АЯЛ БОМЖ
Жедиңер, сволучтар! Өлтүрдүңөр!

Врач аял Арманбектин үстүнө кулап, жүрөгүн тыңшап, оозуна, оозун жабыштырып үйлөп кирет.

ВРАЧ АЯЛ БОМЖ
Ач көзүңдү! Өлбөчү, суранам!

Үчөө жерде колдорун жайып сулк жаткан Арманбекти, оозуна жабышып дем алдырып жаткан врач аялды тиктеп кыймылдабай турушат.
Офицер бомж, акырын артка жылып, бурчта жаткан пакетти алып, сыртка бет алат.
Ошол учурда Арманбек аялды түртүп ордунан турууга аракет кылат.

ВРАЧ АЯЛ БОМЖ
Менин президентим! Мына, мен сени өлүмгө да бербейм!

Врач аял, Арманбектин мойнунан кучактап, бетинен өпкүлөйт.

ВРАЧ АЯЛ БОМЖ
Көзүңдү ашчы!

МУГАЛИМ БОМЖ
Ордунан турушу мүмкүн, бирок көзүн ачыш кыйын болот ко.

Арманбек шишип чыккан көзүн басып, далысын дубалга жөлөп отура кетет. Чыгып бараткан офицер, кайра шарт бурулуп, пакетин бурчка ыргытат.

ОФИЦЕР БОМЖ
Бүттү! Бул акыркысы, мындан ары, саясат жөнүндө сүйлөсөңөр атып салам. Бул менин офицердик сөзүм! Саясат болсо эле мушташ! Токтоткула, энендурайындар!

Алдында стаканда турган аракты колуна алат.

ОФИЦЕР БОМЖ
Жашасын кыргыздар!
Стакандагы аракты оозуна уруп жиберет.

СПОРТСМЕН БОМЖ
Мен мурун бир удар менен бүт тиштерин… ых.

Спортсмен бомж, чокусуна тийген чайнектен, башы кежигесине кире түшүп, оозундагы кеп тиши ыргып кетет. Темтеңдеп колу менен дубалды издеп, оозун балыктай ачып, колун созуп мугалим бомжга жөлөнөт.

Мугалим бомж спортсменди жөлөп таяп, кроватка жаткырат. А мугалим бомж, колуна чайнек кармап турган врач аялды чочулай карап, жерде жаткан кеп тишти алат.

МУГАЛИМ БОМЖ
Мдаа, чокуга бир удар менен уруп, бүт тишин күбүп салганды биринчи көрүшүм.

ВРАЧ АЯЛ БОМЖ
Угуп алгыла, президентим үчүн эч кимди аябайм! Өзүмдүн жанымды да, силердин жаныңарды да! Уктуңарбы!

Колундагы чайнегин ыргытып, жерде жаткан Арманбектин колтугунан сүйрөп барып кроватка жаткырат.

НАТУРА. ТҮН. КУРУЛУШ ВАГОНУ.
Вагондун жарыгы өчүп, бомждор тынчып калган.

Мугалим бомж ордунан туруп, бурчта жаткан эски кыягын алып отура кетет. Көзүн жуумуп, муңдуу обонун акырын сыздатып баштайт.

ВАГОНДУН ИЧИ. ИНТЕРЕЬЕР. ТҮН.
Бомждор ар кай жерде көмөлөнүп жатышат. Мугалим бомждун кыягынан чыккан муңдуу обон араң угулат.
Аял менен Арманбек бурчта эски кроватта жатышат.

ВРАЧ АЯЛ БОМЖ
Күйөөм өлгөндөн кийин шаардын прокурору үйүбүздү тартып алды. Үйүңдү кайра алгың келсе мага ойнош бол деп зордуктап жүрдү. Акыры андан эптеп качып кутулдум. Баламды балдар үйүнө таштаганга аргасыз болдум.

Аял оор үшкүрүнүп алат.

Эми жанымда сиз барсыз. Өмүр бою сиз менен бирге болом.

Аял Арманбекти кучактап өпкүлөйт.

АЯЛ
Менин президентим, мен сизди эч кимге бербейм.

Арманбек да аялды кучактайт.

АРМАНБЕК
Экөөбүз жашоону жаңыдан баштайбыз. Өткөндүн баарын унутуп, Кемин Абадка кетебиз.

АЯЛ
Мен сиз менен кайда болсо да, Маа демектен Желим Абад болсо да барам, мен эми абдан бактылуумун.

ВАГОНДУН ИНТЕРЬЕРИ. ЭРТЕҢ МЕНЕН ЭРТЕ.
Вагондун ичи. Бомждар туруп алып Арманбектин кийимин талашып кийип жатышат.
Спортсмен бомж Арманбек менен жаткан аялды түртү ойготот.

СПОРТСМЕН БОМЖ
Тур, кеттик!

Аял чачын саксайтып акырын ордунан турат.
Арманбек коңурук тартып уктап жатат.

ВАГОНДУН СЫРТЫ. НАТУРА. ЭРТЕҢ МЕНЕН.
Вагондон жылаңач мойнуна галстук тагынып, үстүнө Арманбектин костюмун кийген офицер бомж, Арманбектин шымын кийген, мугалим бомж, баштыгын көтөргөн аял, Арманбектин көйнөгүн, туфлисин кийген спортсмен бомж жондоруна чаар баштыктарын көтөрүп, таң атпай вагондон чыгып, чоң жолду карай бет алышты.

ОФИЦЕР БОМЖ
Токтой тургулачы!

Офицер бомж бурулуп, вагонго кирип кетет.

ВАГОНДУН ИЧИ. ИНТРЕЬЕР. ЭРТЕҢ МЕНЕН.
Арманбек коңурук тартып уктап жатат. Офицер бомж акырын келип, Арманбектин бутундагы байпактарын чечип алып, сыртка бет алат.

ВАГОНДУН АЛДЫ. НАТУРА. ЭРТЕҢ МЕНЕН.
Офицер бомж вагондон чыгып, досторуна келет. Чөнтөгүнөн Арманбектин байпагын алып чыгып жыттап көрөт.

ОФИЦЕР БОМЖ
Таптаза экен. Сатып жиберебиз.

Сумкаларын жондоруна көтөрүп, талааны кесип өткөн жолду карай жөнөшөт.

ВАГОНДУН ИНТЕРЬЕРИ. ЭРТЕҢ МЕНЕН.
Дунган вагонго кирет. Төрдөгү темир кроватта үстүнө жыртык, эски төшөк жамынып Арманбек уктап жатат. Дунган басып келип Арманбекти карайт.

ДУНГАН
Мать вашу, запарили эти бомжи!

Кроваттын башын бир тебет.

ДУНГАН
Нука встал сука!

Арманбек чочуп ойгонуп, ордунан секирип турат.
Арманбек эмне болуп жатканына түшүнө албай, шишип, көгөрүп чыккан көзүн сүртүп, дунганды оозун ачып таң кала карайт.
Дунган Арманбеке кыйкырат.

ДУНГАН
Чо сидиш, мудак! Быстро встал! Сколько раз я вам сказал, не приходит и не ночевать здесь! Бляди нашли бесплатный отель! Быстро вышел отсюда.

Арманбек ордунан шашып туруп, кийимдерин таппай кайсалактап калат.

ВАГОНДУН АЛДЫ. НАТУРА. ЭРТЕҢ МЕНЕН.
Джипте оозун ачып эстеп коюп орто жаштардагы казак улутундагы адам отурат.
Вагондон эски эки багалеги өйдө-ылдый кесилген, көчүгү жыртык шорты, жакасы курсагына чейин салаңдап, майланышкан футболка, жылаң аяк бутуна кытайдын шалпылдаган шлепкасын кийген Арманбек, аркасынан дунган чыгат.

Дунган машинада отурган казакка келет.

ДУНГАН
Забирай его, за 20 тысяч отдам.

КАЗАК
Болмайды брат, маган нужны молодые. Прошлый раз ты мне подсунул, больного. Он по приезду сразу умер акең.

ДУНГАН
Ты же сам выбирал.

Казак Арманбекке ээгин шилтейт.

КАЗАК
Он даже на пастуха не годится.

Дунган кетип бараткан Арманбекке кыйкырат.

ДУНГАН
Э ты куда? А нука сюда иди.

Арманбек бурулбастан кете берет. Дунган Арманбектин аркасынан кубалап барып желкеден алып, сүйрөп машинага алып келет.

АРМАНБЕК
Вы не имеете право кричать, уберите руки.

ДУНГАН
Ах ты чмо вонючий! Ты еще право качаеш сука! Вот твоя права!

Арманбекти келтирип туруп көчүкө тебет. Дунган машинасынын арткы эшигин ачат.

ДУНГАН
Садись бляйт!

Дунган Арманбекти машинага түртүп кийирет. Машина жүрүп кетет.

ПИЯЗ ТАЛААСЫ.НАТУРА. КҮНДҮЗ.
Арманбек поляда пияз отоп иштеп жүрот. Катарында өзүнө окшогон эки эркек, бир аял иштеп жүрүшөт. Дунган Арманбеке басып келет.

ДУНГАН
Не думай убегать, из под земли достану, понял!

Арманбек үндөбөстөн иштей берет. Дунган машинасына түшүп узап кетет. Арманбек дунгандын машинасы узаары менен кетменин ыргытып жиберип, талаалап качып жөнөйт.

ШААРДЫН КӨЧӨСҮ. НАТУРА.КҮНДҮЗ.
Бети башы көгала, жакасы чоюлуп киндигине жеткен футболкачан, багалектери кесилип, көчүгү айрык, шортыча, бутунда шалпылдаган шлепкачан Арманбек келатат.

ШААРДЫК ИЧКИ ИШТЕР БӨЛҮМ. НАТУРА. КҮНДҮЗ.
Арманбек Ички иштер бөлүмүнө келет. Кире бериште нөөмөттө дежурный сержант Арманбекти токтотот.

СЕРЖАНТ
Каякка?

АРМАНБЕК
Иним мени начальнигиңерге кийирип коесунарбы?

Сержант Арманбекти жийиркене карайт.

СЕРЖАНТ
Начальникти эмне кыласың? Айта бер мага!

Арманбек сержантты карап туруп калат.

СЕРЖАНТ
Болбосо бар ишиңди кыл, элге тоскоол болбой.

АРМАНБЕК
Иним начальнигиңерге гана айтчу сөз бар. Өтө коркунучтуу, качып жүргөн кылмышкерди көрдүм. Эгер азыр кийирбесең, кийин начальнигиңен тил угуп калышың мүмкүн.

Сержант Арманбекти сынай карайт.

СЕРЖАНТ
Айта бербейсиңби каадаланбай!

АРМАНБЕК
Жок, болбойт иним. Начальнигиңе гана айтам.

СЕРЖАНТ
Болуптур, бас жүрү.

Сержант Арманбекти ээрчитип кирип кетет.

НАЧАЛЬНИКТИН КАБИНЕТИ. ИНТЕРЬЕР. КҮНДҮЗ.
Арманбек майордун маңдайында турат.

МАЙОР
Таак, айта бер, эмне көрдүң, эмне билдиң? Баасын да сразу айт.

АРМАНБЕК
Сиздин алдыңызда мамлекетти талкалап, элди сызга отургузуп, эркектерин кулга, кыздарын сойкуга айлантып, ар кайда тентиткен кылмышкер турат.

МАЙОР
Кана, ким?

АРМАНБЕК
Мына мен! Элдин ырыскысын чачып, алтын кендерин бүтүндөй саткам! Кырчындай болгон жигиттерди аттырып, бала бакырасын боздотуп, жетим калтырган да менмин. Азыр бийликте отурган эки жүздүү желмогуздарды да мен алып келгем. Ошондуктан мен эң катуу жазага тартылышым керек. Эл алдында бырчаланып, сөөктөрүмдү чагып, өрттөп, күлүм шамалга сапырылып жок болушум керек.

Майор Арманбекти таң кала карап турат.

АРМАНБЕК
Мына мен! Өзүм келдим! Соттогула! Элине чыккынчылык кылган мендей жексурду, кандай жаза күтөөрүн элдин баары көрүп табасы кансын! Мен жексурмун! Канкор, ач көзмүн!

Арманбек жерге тизелеп, ыйлап жиберет. Майор Арманбекти таң кала карап, ордунан туруп келип, өйдө тургузат.

МАЙОР
Болду, туруңуз өйдө! Аты-жөнүңүз ким?

АРМАНБЕК
Мен сыртынан түрмөгө кесилип, издөөдө жүргөн, Кыргызстандын мурунку качкын президентимин.

МАЙОР
Ага, эми түшүнүктүү болду. Кечээ дөңгөлөк уурдаган жок белең?

АРМАНБЕК
Жок, мен оор кылмыштарды кылгам.

МАЙОР
Таак, анда иш татаал.

Эки жагын карап, полкада турган китепти колуна алат.

МАЙОР
Демек, президентмин дечи.

АРМАНБЕК
Дал ошондой.

Майор китептин сыртындагы мурунку президенттин сүрөтүн Арманбекке көргөзөт.

МАЙОР
Бул ким билесизби?

АРМАНБЕК
Менмин!

Майор Арманбектин жанына келип, төшкө саят.

МАЙОР
А булчу?

Арманбек өзүнүн бетин чоет.

АРМАНБЕК
Бул мен эмес.

Китептин сыртындагы президенттин сүрөтүн көргөзөт.

АРМАНБЕК
Мына мен!

МАЙОР

Таак, сен сен эмес, бул сен!

АРМАНБЕК
Туп туура! Сиз мени камашыңыз керек! Ошондо кана жаным жай алат! Түшүнөсүзбү!

МАЙОР
Канешна түшүнөм. Эч коркпоңуз, азыр эле алып барып камайбыз.

Майор столдун алдындагы кнопканы басат. Бөлмөгө сержант кирет. Майор сырттан кирген сержантка кайрылат.

МАЙОР
Бул адам ким экенин билесиңби?

Сержан Арманбекти бир сыйра карайт.

СЕРЖАНТ
Тааныбайт экем, жолдош майор.

Майор, Арманбекке кайрылат.

АРМАНБЕК
Кана дагы бир жолу ким экениңди айтып койчу.

АРМАНБЕК
Мен жүзүн өзгөртүп алган, мурунку президентмин. Ишенип койгулачы!

Сержант эмне болуп жатканына түшүнө албай майорду суроолуу карайт. Майор сержантка, көзүн ымдап, жасалма кыйкырып коет.

МАЙОР
Эмне турасың! Бул хамелеонду тезинен алып барып, биринчи камерага камап койгула! Карап тургула, инопланетянга айланып кетпесин.

Сержант Арманбекти алып чыгып кетет. Майор столдун үстүндөгү телефондун номерин терет.

МАЙОР
Алло, саламатсызбы. Башкы врач менен байланыштырып койсоңуз… Алло, саламатсызбы. УВДдан чалып жатабыз. Силердин президентиңер бизде жатат. Келип алып кеткиле. Кандайча, анда дагы бир президенттүү болосуңар. Бизде машина бар. Жок болсо, өзүбүз жеткирип беребиз.

Майор телефонду ордуна коет.

МИЛИЦИЯНЫН МАШИНАСЫНЫН БУДКАСЫ. КҮНДҮЗ.
Машина бир калыпта термелип кетип баратат.
Арткы отургучта, колуна кишен салынган, көңүлү жайдары Арманбек, жанында сержант отурат.

Арманбек сержантка кайрылат.

АРМАНБЕК
Иним, атың ким?

СЕРЖАНТ
Пушкин.

Арманбек күлүп жиберет.

АРМАНБЕК
Чын элеби, жакшы ат экен. Эмне ыр жазасызбы?

СЕРЖАНТ
Жок, көп суроо берип, мээни чаккандарды өпкөсүн үзөм.

АРМАНБЕК
Аа, жакшы экен.

Арманбек сержантты көзүнүн кыйыгы менен карап, четке акырын жылып отуруп калат.

ПСИХБОЛЬНИЦАНЫН КОРООСУ. НАТУРА. КҮНДҮЗ.
Милициянын машинасы короого кирип токтойт. Ичинен колуна кишен салынган Арманбек менен аны коштогон сержант жерге түшүп оору канага кирип кетишет.

БАШКЫ ВРАЧТЫН КАБИНЕТИ. ИНТЕРЬЕР. КҮНДҮЗ.
Арманбек врачтын мандайында отурат.

ВРАЧ
Демек президентмин деңизчи?

АРМАНБЕК
Ооба, мурунку президентмин!

ВРАЧ
Генерал да болушуңуз керек.

Арманбек кубанып кетет.
АРМАНБЕК
Ооба, генералдык чиним да бар.

ВРАЧ
Жакшы, жакшы. Окумуштуу да болуп жүрбөңүз.

АРМАНБЕК
Туура айтасыз, илим изилдеп, окумуштуу да болдук.

ВРАЧ
Абдан жакшы! То есть, иш чатаак.

ПАЛАТА. ИНТЕРЬЕР. КҮНДҮЗ.
Арманбек палатага кирет. Төрдө отурган үч-төрт оорулуу Арманбекти кызыгып карап турушат. Арманбек отургандар менен ийилип учурашып коет.

АРМАНБЕК
Саламатсыздарбы?

Кроватта отурган оорулуунун бири ордунан туруп Арманбекти карай бет алат. Арманбек артка чегинет. Арманбекке келип, жакадан алат.

2-Оорулуу
Кана мандатым! Депутаттык мандатым кана деп атам! Энеңди кана урайын десе! Келе мандатымды! Акчамды алып алып, эмне үчүн мандатымды бербейсиң! Кана мандатым!

2-Оорулуу Арманбекти башка-көзгө койгулап, туш келди тепкилеп кирет.
1-Оорулуу, экөөнө басып келип, экөөнү ажыратат. Мандатын сурап жаткан оорулууга чөнтөгүнөн бир кагазды сууруп чыгып берет.

1-Оорулуу
Мына мандатын, бүгүнтөн баштап депутатсың, бар отур.

1-Оорулуу, колуна тийген кагазды ары-бери оодара карап, кубанганынан турган жеринен секирип, кыйкырып жиберет. Кроватта отурган оорулуулардын алдына келип, депутаттык ант берет.

2-Оорулуу
Мен, Жепжутаров Тойбосбай, ушул депутаттык мандатымды алып жатып, жалпы кыргыз элиме…

1-Оорулуу аркасынан келип, көчүккө бир тебет.

1-Оорулуу
Ордуңа отур, анан сүйлөйсүң.

3-Оорулуу
Микрофонун өчүрүп сал!

2- Күрсүйгөн оорулуу Арманбектин жанына басып келет.

1-ООРУЛУУ
Сен кимсиң?

АРМАНБЕК
Менби, мен мурунку президентмин.

1-ООРУЛУУ
Кантип болмок эле, баягы эле көздөр! Ач көз, арамзаа, таш боор! Кебетең өзгөрсө да көзүң өзгөрбөйт! Акыры колго түшөт экенсиң да, энеңди урайын десе!

Арманбек тигини жалдырай карайт.

Эмне тааныбай турасыңбы? Мен сенин былыктарыңды жазып, чыныгы жүзүңдү ачкан журналистмин! Акыры түрмөгө тыгып, колумду сындыртып, акыл эсимден айнытып, ушул жерге тыкканыңды унутуп калдыңбы! Бул жерде так сенин айындан отурам билесиңби!Он жети жыл бою күттүм! Он жети!

Оорулуу, Арманбекти кежигеден кармап ылдый басат. Башын аласына тыгып, мойнун бекем кыпчып алат.

Арыда турган оорулуу чуркап келип, тоңкойуп калган Арманбектин шымын шыпырып жиберет. Экинчиси көчүгүнө асылат. Арманбектин үнү чыкпай кыйкылдап, чыйкылдап, башын күрсүйгөн оорулуунун аласынан чыгара албай, шыпырылып бараткан трусасын жанталашып, эки колдоп мыткып алат.

ООРУКАНАНЫН КОРИДОР. ИНТЕРЕЬЕР. КЕЧ.
Коридордо колуна желим дубинкасы кармаган салмактуу санитар аял, кыйкырык, ызы-чуу чыгып жаткан палатанын алдына шашпай чайпала басып келип, чөнтөгүнөн топ ачкыч алып чыгып керектүүсүн издеп жатты.
Ичинен чыңырган үн менен кошо эркектердин кыйкырыгы, күлкүсү угулат.

САНИТАР
Өлүңө отурайын аңгилер десе! Ай!

Колундагы дубинка менен каалганы тарс эттире бир урат. Ичиндегилердин үндөрү басылып, тынчый түшүшөт. Санитар ачкычын таап, эшикти ачат.

ПАЛАТАНЫН ИНТЕРЬЕРИ.
Палатага санитар аял кирет. Жаман футболкасын эки колу менен, ылдый чоюп,жылаңач көчүгун жаап, бурчта аркасын такап, бүжүрөп турган Арманбекти көрөт. Санитар аял, шымынын ычкырын бүчүлөп жаткан оорулууну карай атырылып барып дубинка менен жонго бир салат.

САНИТАР АЯЛ
Ой өлүңө отурайын, аңги! Мээсин алып, көттөрүн иштетип койгонун кара.

Арманбек санитар аялга бүжүңдөп келип, колунан кармап, көздөрүн жалдыратып жалынып жиберет.

АРМАНБЕК
Айланайын эжекеси, бул жерде калтырбаңызчы, суранам! Калтырбаңыз, мен сизге өмүр бою ыраазы болом.

Санитар аял Арманбекти таң кала карайт.

САНИТАР АЯЛ
Ой, мынабу соо неме го. Сен кимсиң?

АРМАНБЕК
Мен мурунку през… жок, мен Арманмын, атым Арман, фамилиям Сакиев. Эки эркек, эки кызым бар.

Санитар аял Арманды таң кала карайт.

САНИТАР АЯЛ
Мен киммин?

АРМАНБЕК
Сиз, санитаркасыз.

САНИТАР АЯЛ
Ие өлүңө отурайын! Анда эмне бу жерде отурасың! Бас жүрү.

Санитар аял бурула бергенде, оорулуунун бири чуркап келип, Армандын көчүгүнө жабышат. Арман коркконунан санитар аялдын этегин кармап, кыйкырып жиберет.
Санитар аял, бурула калып, Армандын көчүгүнө жабышып алган оорулууну чокуга бир салат. Тигил башын басып кокуйлап, кроваттын алдына кире качат. Арман санитар аялдын аркасына жабышып алат.

Санитар аял Арманга кайрылат

САНИТАР АЯЛ
Кий шымыңды өлүңө отурайын.

Арман шаша-буша шымын бутуна илип, чалынып-чулунуп коридорго чуркап чыгат.

ООРУКАНАНЫН КОРИДОРУ. КҮНДҮЗ.
Арман коридорго атып чыгат. Палатадан санитар аял чыгып, коридор менен жөнөйт. Арман аркасына кылчак-кылчак карап, улам шыпырылган шымын уучтап, санитар аялдын алдына түшүп алып чуркап жөнөйт.

ВРАЧТЫН КАБИНЕТИ. ИНТЕРЬЕР. КҮНДҮЗ
Столдо врач отурат. Маңдайында Арманбек отурат.

БАШКЫ ВРАЧ
Билесиңби, сага окшогон симулянттардын, аферистердин орду каякта экенин?

АРМАНБЕК
Мен чынын айтып жатам, кандай түшүнбөйсүз, мен сиздердин мурунку президентиңермин.

Врач санитар аялга кайрылат.

БАШКЫ ВРАЧ
Кайра палатага алып барып кийирип сал.

Арманбек ордунан тура калат.

АРМАНБЕК
Болду, түшүндүм. Тамашалап койдум. Эч качан президент болгон эмесмин. Кечирип коюңуз.

БАШКЫ ВРАЧ
Жогот муну, экинчи жолотпогула! Тапкан экен, бекер тамак, бекер жашоону. Аферист десе!

Санитар аял Арманбекти алып чыгып кетет. Коридордон санитар аялдын сөгүнгөнү, Арманбектин чучуктай чыңырыгы угулуп барып жок болот.

МЕЙМАНКАНА. КҮНДҮЗ. ИНТЕРЬЕР.
Сырттан Арманбек кирет. Администратор кыз, Арманбекти көрөөрү менен телефонду алат.

МЕЙМАНКАНАНЫН КОРООСУ. НАТУРА. КҮНДҮЗ
Бир жигит мейманканадан Арманбекти сыртка түртүп чыгарат. Аркасынан чемоданын, кийимдерин ыргытат. Арманбек чемоданын алып сыртка бет алат.

ШААР. КҮНДҮЗ.
Арманбек, кычыраган эки кабат үйдүн дарбазасына келип, коңгуроосун басат. Ичтен ак көйнөкчөн, чачы түшкөн, профессор өңдүү орто жаштардагы адам баш багат.

АРМАНБЕК
Саламатсыңбы, кандайсыз? Бала-бакыра жакшыбы?

Профессор Арманбекти таң кала карайт.

ПРОФЕССОР
Сага ким керек эле?

АРМАНБЕК
Кечирип коюңуз, сиз мени тааныбай атасыз го. Мен сиздин, то есть бирге мамлекет башында туруп, бирге кызмат өтөп… баса, бу мен жүзүмдү минтип…

Профессор дарбазанын эшигин жапмакчы болот.

АРМАНБЕК
Кузгунакун Эргашович, кое турсаңыз. Кузгунакун…

Профессор эшикти карс жаап ичке кирип кетет. Арманбек дарбазанын сыртында шаабайы сууп турат да, артка бурулуп жөнөйт. Дарбазанын эшиги ачылып, колуна бир пакет кармап профессор чыгат.

ПРОФЕССОР
Эй. Ме муну ал да экинчи бул жерге жолобой жүр.

Арманбек аркасына бурулуп, тигил адамды карап турат да, үндөбөстөн жолун улайт.
ПРОФЕССОР
О атаңдын оозун урайын десе! Албасаң кой! Экинчи жолобой жүр! Мунун дымагын көр!!!
Профессор дарбазасасын жаап кирип кетет.

ШААРДЫН БОРБОРДУК МЕЧИТИ. КҮНДҮЗ.
Кире бериште кайыр сураган адамдар отурат. Арманбек илкий басып келип, бир кайырчынын жанына отурат. Алдынан ага көңүл бурбастан өтүп жаткандар менен учурашып коет. Жанында отурган кайырчы, Арманбеке көзүнүң төбөсү менен карайт.

КАЙЫРЧЫ
Эй келесоо! Сага эмне бул жер эл менен учурашчу жер бекен. Бар, ар жакка барып учураш!

АРМАНБЕК
Кызык экенсиз, бул кудайдын жери, кай жерге отурсам өзүм билем.

КАЙЫРЧЫ
Эмне! Ой энеңди урайын селсаяк десе! Тапкан экенсиң бекер жерди! Азыр мен сага…

Кайырчы ордунан туруп келип, Арманбекти бир тебет.
Арманбек да тура калып, кайырчыны муштап калат. Арыда отурган кайырчынын таанышы Арманбектин аркасынан келип, мойнунан муунта кучактайт. Арманбек эптеп бошонуп качып жөнөйт.

ШААР. КЕЧ. КАФЕНИН ИНТЕРЬЕРИ.
Арманбек сырттан бутунун учу менен басып, четте турган отургучка көчүк басат. Ошол жерде отурган эки жигит ордуларынан туруп, кетээри менен Арманбек шаша басып барып, алардан калган нанды бурдап жеп, табактын түбүндө калган тамакты сугунуп кирет. Кафенин дубалында илинген телевизордон Россия телеканалынын жаңылыктарын берүүдө.

ДИКТОР АЯЛ
К нам на студии был приглашен супруга пропавшего без вести бывшего Президента Кыргызской Республики…

Журналист обращается женщине средних лет.

ДИКТОР АЯЛ
Скажите пожалуйста, как идут поиски вашего супруга? И сколько времени прошло? И как вы думаете кто мог похитит его?
АЯЛ
Мы уверены, это дело рук Кыргызских властей! Вы знаете, они на все готовы! Они бандиты! Это они похитили!

Арманбек жеп аткан нанын жутпастан, телевизордо сүйлөп жаткан аялын жалдырап тиктеп, көздөрүнөн жаш агып кетет.

АЯЛЫ
Мы обращаемся за помощью добрых людей. Буквально вчера мы получили, от неизвестных людей, угрозу! Они требуют за его жизнь три миллиона долларов! Пожалуйста, помогите деньгами! Иначе его убьют!

Арманбек көзүнүн жашын сүртүп, нанын ачуусу келе чайнап, сыртты карай жөнөйт.

ШААР. КҮНДҮЗ.
Шаардын ичинен орун алган бийик кабаттуу жаңы салынып жаткан курулуш. Арманбек жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйгө кирет.
Акактай басып, алтынчы кабатка чыгат. Терезенин кырына келип, шаарды үстүнөн карайт. Шаар. Алдында ары-бери өткөн адамдарга, машиналарга толгон көчөнү карап турат.

Терезенин кырына келип төмөн жакты карайт. Көзүн жуумуп, төмөн карай боюн таштамакчы болот. Так ушул убакта, төбөсүнө каңк этип таяк урулат да, Арманбек артты карай кулайт. Аркасында колуна таяк кармап турган кароолчу жигит чалкасынан кулап түшкөн Арманбекти карап турат.

КАРООЛЧУНУН БУДКАСЫ. ИНТЕРЬЕР. КЕЧ.
Арманбек акырын көзүн ачат. Башын көтөрүп, бурчта чай ичип отурган кароолчу жигитти көрөт.

КАРООЛЧУ ЖИГИТ
Эмне, эсиңе келдиңби?

АРМАНБЕК
Мен кайдамын?

КАРООЛЧУ ЖИГИТ
Сенби, сен тозоктосуң!

АРМАНБЕК
Сиз кимсиз?

КАРООЛЧУ ЖИГИТ
Менби, мен тозоктун кароолчусумун. Азыр сени сурака алам. Таак, эмне үчүн бул жакка улуксаты жок кирдиң?

Арманбек ордунан өйдө болот.

КАРООЛЧУ ЖИГИТ
Жооп бер.
АРМАНБЕК
Өзүң көрбөдүңбү. Эмнесин сурайсың.

КАРООЛЧУ ЖИГИТ
Бирөөнүң менчик жерине кирип алып өлүүгө уруксатың барбы?

Арманбек үндөбөстөн жер тиктейт.

КАРООЛЧУ ЖИГИТ
Жоок. Эгер бул жерде өлсөң, бизди милицияга алып барып камап, суракка алып ит кылаарын билесиңби? Сенин өлүмүң сотторго пайда алып келип, күнөөсү жок бизге зыян алып келээрин билбейсиңби? Билесиң! Эгер жашоодон кечсең, жок дегенде эч кимге зыяныңды тийгизбей, итче жашасаң да, адам сыяктуу өлбөйсүңбү? Нармальный өлчү брат!

АРМАНБЕК
Кантип?

КАРООЛЧУ ЖИГИТ
Кантип болмок эле, өлсөм эч кимге доом жок деп жазып, жакшынакай жерге барып жуунуп-тазаланып дегендей… Жакшы ит өлүгүн көргөзбөй өлөт дейт.

Сырттан бир жигит кирет.

ЖИГИТ
Иштер кандай?

КАРООЛЧУ ЖИГИТ
Нармальна

Жигит Арманбекти көрөт.
ЖИГИТ
Бул ким?

КАРООЛЧУ ЖИГИТ

Иштейм деп келиптир го, сен кайда?

ЖИГИТ
Көлгө кетип баратам.

Жигит Арманбекке кайрылат.

ЖИГИТ
Мына бул жигит абдан боорукер. Сага сөзсүз жардам берет.

Арманбек башын көтөрүп, жигитти карайт.

КУРУЛУШ. НАТУРА. КҮНДҮЗ.
Арманбек чакан жүк ташуучу машинага капка салынган цементтерди жүктөп жатат. Маңдайынан аккан тер, бетине агып шалтактап чыккан. Колунун сырты менен чекесинене ылдый аккан терин сүртүп коет. Жону да терге чыланып чыккан. Акыркы капты машинага салып бүтүп, машинанын дөңгөлөгүнө жөлөнүп отура кетет. Колунда кагазга оролгон сандвич менен бутылкадагы чайы бар Айдоочу жигит, Арманбеке басып келет.

АЙДООЧУ ЖИГИТ
Давай брат, кузовко чык. Давай тезирээк.

Арманбек машинанын кузовуна чыгат. Айдоочу жигит колундагы сандвич менен чайды Арманбеке берет.

АЙДООЧУ ЖИГИТ
Ме карма брат, жолдон жеп барасың. Ылдый отургун, ГАИ көрүп калбасын.

Машина ордунан жылып жөнөйт.

МАШИНАНЫН КУЗОВУ. КҮНДҮЗ.

Арманбек кузовдун бурчунда колундагы сандвичти сугунуп жеп, чайдан жутуп коюп отурат.

КӨЛ ЖЭЭГИН БОЙЛОЙ КЕТКЕН ТРАССА. КҮНДҮЗ.
Жүк ташыган машина кетип баратат.

МАШИНАНЫН САЛОНУ. КҮНДҮЗ.
Рульда кароолчу жигиттин досу.

ЖҮК ТАШЫГАН МАШИНАНЫН КУЗОВУ.
Бурчта бүрүшүп Арманбек отурат. Башын көтөрүп кузовдун кырынан көлдү карап барат. Ысык-Көлдүн көрүнүшү.
Арманбек көзүнө келе калган жашты алаканы менен сүртүп коет.

ЫСЫК КӨЛДҮН ЖЭЭГИ. НАТУРА.КЕЧКЕ МААЛ.
Арманбек теңселе басып көлдүн жээгине келет. Кумга отуруп батып бараткан күндү карап отурат.
Ошол жердин кожоюну, көлдү жээктеп басып жүрөт. Арманбекти көрүп жанына келет. Арманбектин кебетесине көз чаптырып ороңдоп бир тиет.

КОЖОЮН
Слыш мужик, ты кого то ждеш?

Арманбек аркасына бурулбастан жооп берет.

АРМАНБЕК
Смерти жду.

КОЖОЮН
Чего?

АРМАНБЕК
Жду своего заката

Кожоюн Арманбекке таң кала карап, артка басат. Чөнтөгүнөн телефонун алып чыгып, кароолчусуна чалат.

КОЖОЮН
(телефон аркылуу сүйлөшөт)
Слушай, здесь какой-то ненормальный мужик сидит, выгони его за территории.

Көлдүн жыбыраган толкундары. Арманбек эми гана эс алгандай көлдү тиктеп, отурат.
Жанына кароолчу жигит келет.

КАРООЛЧУ ЖИГИТ
Э брат, эмне отурасың?

АРМАНБЕК
Өзүмдүн жеримде, көлүмдүн жээгинде күн менен коштошуп жарыбаган жашоомдун аягына чыгайын деп келдим.

Кожоюн кароолчусунан сурайт.

КОЖОЮН
Чо он хочет.

КАРООЛЧУ
Не знаю, кажется умереть собирается.

КОЖОЮН
Нашел где умереть, выведи его отсюда.

Арманбек ордунан тура калып орусча-кыргызча кыйкырып кирет.

АРМАНБЕК
Оставте меня в покое! Дайте мне умереть! Я хочу умереть на своей земле! Понимаете! Өзүмдүн жеримде, тынчыраак өлгүм келет! Оставте меня!

КОЖОЮН
Ты что с ума сошел? Нашел где умереть! Это моя земля! Моя собственность, понимаешь? Уйди отсюда и умирай где хочешь! Убери его отсюда!

Арманбек кожоюнду жалт карайт.

АРМАНБЕК
Борис Абрамович! Вы у меня… То есть вы были советником президента, я вас знаю как порядочного, образованного человека.

КОЖОЮН
Ну работал, и что. На возьми, и не приходи сюда пьяным.

Кожоюн чөнтөгүнөн жүз сомдукту сууруп чыгып, алдына таштайт.
Кароолчуга кайрылат.

КОЖОЮН
Выведи его.

Кароолчу Арманбекти колунан алып сүйрөп жөнөйт.

АРМАНБЕК
Жайыма койгулачы! Суранам силерден. Иним түшүнчү! Өзүмдүн жеримде өлгүм келет.

КАРООЛЧУ
Болбойт, бул жер тигил кишинини менчиги. Болбойт дегенден кийин болбойт.

АРМАНБЕК
Иним, бул киши эмес, бул жаланкыч, желмогуз. Бул мени алдап, кыргыздын бүт байлыгын уурдап алган. Иним, укчу…

Кароолчу Арманбектин сөзүнө маани бербестен сүйрөп кетет. Кожоюн чапанын желбегей жамынып, көлдү рахаттана карап турат.
Арманбекти кароолчу жигит, пансионаттын дарбазасынан түртүп чыгарып салат. Арманбек шылкыя басып бет алды жөнөйт.

ШААРДЫ АРАЛАП КЕТКЕН ЧОҢ ЖОЛ. КЕЧ. НАТУРА.
Арманбек жолдун так ортосунда отурат. Алыстан келаткан машина Армандын жанына келип токтойт. Ичинен бир жаш жигит чыгып, Арманбекти энкейип карап, колдон алып сүйрөп барып жолдун четине түртүп жиберет.

ЖИГИТ
Ушул бомждордун азабы өттү.

Жигит машинасына отуруп жүрүп кетет.

ЖОЛ. КЕЧ. НАТУРА.
Арманбек ордунан теңселе басып турат. Кайра жолдун ортосуна келип тизелеп отурат. Бир аздан соң, үстүнө желим бөтөлкөлөр салынган бир нече чаар баштык жүктөлгөн эски машина келип токтойт. Ичинен орто жаштарга келип калган адам чыгып, Арманбектин жанына келет.

ЭРМЕК
Эй тууган, эмне болду? Машина уруп кетсе эмне болот. Же жаныңдан кечкен эмесиңби?

Арманбек Башын көтөрүп Эрмекти карайт.

АРМАНБЕК
Мен бүткөн адаммын. Менин өлүшүм керек. Түшүнөсүзбү, өлүшүм керек. Башка аргам жок. Жардам кылчы, тууган.

ЭРМЕК
Жок тууган, болбойт. Баардыгы тең Алланын буйругу менен болот. Мындай кылганын чоң күнөө, азыр бирөө машина менен уруп кетсе, бекер түрмөгө камалат. Бирөөнүн убалына қаласың.

АРМАНБЕК
Кечирип кой тууган, аны ойлобоптурмун.

Арманбек ордунан турат.

ЭРМЕК
Каякка барасың?

АРМАНБЕК
Тиги дүйнөгө.

ЭРМЕК
Жок, ал жакка азыр барбайм. Биякта жумуш көп. Эгер кылаарга ишин жок болсо жүрү мени менен.

Эрмек Арманбекти оюна койбой машинасына колтуктап келип отургузат. Машина ордунан жылып жөнөйт.

МАШИНАНЫН САЛОНУ.ЖОЛ. КЕЧ.
Эрмек менен Арманбек келе жатышат. Эрмек машина айдап келет. Жанында башын саландатып отурган Арманбекке кайрылат.

ЭРМЕК
Жашоодо ар кандай болот. Бирде төө минесиң, бирде жөө жүрөсүң дегендей. Мурун самолет минсек, азыр минтип москвич минип жүрөбүз. Буга да шүгүр дейли. Мени таанып атасызбы?

Арманбек Эрмекти карайт. Эрмек Арманбекти жылмая карайт.

ЭРМЕК
Убакыт адамды тез эле өзгөртүп коет экен да. Ишенесизби, мен убагында шаардын мэри, депутат болгом. Он жыл түрмөгө отуруп чыктым. Чынын айтышым керек, аябай эле алгам, жегем дегендей. Азыр мына, маңдай терим менен тапкан ырыскым менен оокат кылып жатам. Көрсө, бул жалганда баары тең убактылуу экен. Мурунку байлык, достор, толтура туугандардын бири жок. Бир чети жеңилдеп эле калдым, байкеси. Байлык, бийлик адамдын көзүн байлап, эрки бош адамды туура эмес жолго азгырып кетет экен, байке. Алган сайын алсам деп, ач көздүгүң артып, дүйнөнүн бүт байлыгын ээлесем деп, элден өзүңдү өзгөчө жаралгандай сезип, жасалма тщеславие, амбиция менен жашоо экен. Адам үчүн чыныгы эң чоң бакыт, бул байлык, бийликтен көз карандысыз, көкүрөгүңдө жаткан ач көздүк, ичи тардык, кызганыч деген оорулардан айыгып эркиндик менен жашоо экен.

АРМАНБЕК
Эң жаманы — жоопко тартылбай, күнөөлөрүң кечирилбей калганы, мына иним, эң коркунучтуусу ошол. Жазаган күнөөлөрүң түбөлүкө жүк болуп, ошол жүк менен жашап калганыңдын өзү эң оор жаза.

ЭРМЕК
Жок, байке, жасаган иштериң үчүн бул жалганда болбосо тигил дүйнөдө жооп бере турган күн да келет. Акыркы көз ирмемде сенин өлүмүңдү тилеп, сенин өлүмүңө кубанган бир да адам болбосо мына ошол бакыт ко дейм. Сени тааныган баардык адамдар көздөрүнө жаш алып, сени кыя албай турса, менимче, чыныгы бакыт ошол болуш керек.

АРМАНБЕК
А мен өлгөндө, миллиондогон эл кубанат. Миллиондогон эл жеңил дем алып, көксөөлөрү сууйт!

Эрмек Арманбекти таң кала карайт

ЭРМЕК
Сиз жөнөкөй адам эмессиз го,

АРМАНБЕК
Мен жүзүн да, өзүн да жоготкон, мамлекеттин мурунку президентимин. Кыскасы, мен тирүүлөй өлүкмүн!

Арманбек оор үшкүрүнү алат. Эрмек Арманбекти көзүнүн кыйыгы менен карайт.

ЭРМЕК
Адам кээде катуу стресс алганда ар кандай ойлор келе берет. Мен сиздин абдан жакшы түшүнөм. Сиз эч капа болбоңуз. Баары жакшы болот. Бир гана кудайдан үмүт кылып, бир гана кудайга кайрылыңыз. Бакыт деген байлыкта же бийликте эмес, жандүйнөңдүн жайлыгы, тынчтыгында экен. Бүт дүйнөнү башкарып, байлыгын ээлесең да, напсиңди тыя албасаң бактылуу боло албайт экенсиң, байкеси.

Машина шаардан чыгып, талааны аралап жөнөйт.

ШААРДЫН АКЫР-ЧИКИР ТӨГҮЛЧҮ ЖАЙЫ. НАТУРА. КҮНДҮЗ.
Тоо-тоо болуп үйүлгөн акыр-чикир. Таштанды ташыган машиналар келип үстүндөгү акыр-чикирди төгөөрү менен ошол жерде таштандыны чукуп жүргөн адамдар жабалактап жүгүрүп барып, өзүлөрүнө керектүү нерселерин издеп, колдоруна сүйрөгөн баштыктарын толтуруп калышат. Алар менен кошо сөөк талашып кабышкан, жолбун иттер, карга-кузгундар бул жерди өзүнчө эле кара базарга айлантып жиберишкен.
Эрмектин машинасы тоодой таштандынын четине токтойт. Ичинен Эрмек менен Арман түшөт.
ЭРМЕК
Мына байкеси, менин базарым да шаарым да ушул. Байлыктын баары мына ушул жерде.
Келечекте көрөсүз, бул жер жаркыраган, өзгөчө шаар болот. Ушул жерге аэропорт курса болот.

Эрмек Арманды ээрчитип тоодой болгон акыр-чикирди аралап жөнөйт. Таштандынын четине машинанын эски дөңгөлөктөрүнөн чүркөй салынган жер кепеге келишет.
Булардын жанына акыр-чикир салынган чоң капты сүйрөгөн жылаңач, этине галстук тагынган жашы алтымыштарга келип калган Бактияр экөөнүн маңдайына келип, бийлеп кирет. Эрмек алаканын чаап, Бактиярды мактап коет.

ЭРМЕК
Ой азамаат! Бактик абдан мыкты бийлейт, көрдүңүзбү!

Арманбек маңдайында бийлеп аткан адамды оозун ачып, таң кала карап калат.

ЭРМЕК
Тааныдыңызбы?

Арманбек Эрмекти суроолуу карайт.

ЭРМЕК
Жашоо ушундай экен байкеси. Убагында мамлекеттин экинчи адамы эле. Эч кимди көзүнө илбей асмандап кеткен эле. Мына эми минтип…

Арманбек бийлеп аткан Кайырдан көзүн албайт.

АРМАНБЕК
Кантип… ушундай да болобу…

Бактияр Арманбектин айлана бийлеп кирет. Эрмек Арманбекке акырын айтат.

ЭРМЕК
Кол чаап, мактап коюңуз.

Өзү бакылдап, Бактиярды мактап сала берет.

ЭРМЕК
Караңызчы, кандай мыкты бийлейт!
Азамат!

Арманбек алакан чаап, Бактиярдан көзүн албастан таң калып карайт.
Эрмек колундагы пакеттен балмуздак алып чыгып, Бактиярга берет. Бактияр балмуздакты аачып, ыраазы боло жалап-жуктап жеп кирет. Эрмек Бактиярды далыга таптайт.

ЭРМЕК
Болду досум, болду! Калганын анан бийлейсиң, бар эми жумушуңду жаса.

Бактияр балмуздагын жалап-жуктап, мешогун сүйрөп, свалканы аралап жөнөйт.
Эрмек дагы эле өзүнө келе албай таң калып турган Арманбекке келет.

ЭРМЕК
Муну азыр деле интерпол издеп жүрөт. Азыр сүйрөп барсаң да эч ким ишенбейт. Бул бечаранын байлыгын тартып алабыз деп бандиттер башка-көзгө койгулай берип, минтип айнып калыптыр байкуш. Жүрүңүз, эми биздин мекенибиз менен тааныштырайын. Буюрса, мындан ары бирге иштейбиз. Биякта сизге эч ким тийишпейт. Кээде эле жер талашып чыр чыкпаса…

Экөө свалканы аралап, алыстай беришет.

Аягы.