БӨКӨНБАЕВ Жоомарт: Ырлар

ТУУЛГАН ЖЕРДИ КӨРГӨНДӨ

Ушул аска бешиги эле өмүрдүн,
Ушул дайра дабасы эле көңүлдүн.
Берки кайың, берки бутак, карагай
Эстен кетпес белгиси эле кегимдин.

Ойноп-күлбөй балалыкты кечирген,
Ойноп-күлбөй зар-кайгыда жетилген.
Балаң келди, аманбы жер, баш көтөр!
Балаң келди – кечээ күнкү жетимчең.

Амансыңбы, эркелетер сар аскам,
Муң айтышып, мен жетимге жарашкан.
Балаң келди, ырда катуу, үнгө сал,
Кулак салып жер дүнүйө карашсын.

Сен эмнеге томсоросуң, капчыгай?
Эске салып, бир терең сыр айтчудай.
Бир кезекте кучагыңда ыйладым,
Көздөн жашым тоголонду тамчыдай.

Эми мына ыйлабайын, күлөйүн,
Эркин турмуш, эркин өмүр сүрөйүн.
Эске салып муңайбачы, капчыгай,
Эстен чыккан шум замандын үрөйүн.
1938-ж.

 

ЧЕПТЕН ЭРДИН КҮЧҮ БЕК

Байыркы бир заманда эл бар экен
Өзүнчө эркин, ээн жашап турган.
Багында булбул сайрап, гүл жадырап,
Башкача сонун жерди мекен кылган.

Ар жылы күчтүү жоолор каптап кирип,
Талоонго салат экен мүлкүн, малын.
Ойрондоп эчен кымбат ордолорду,
Олжолоп алып кетип сулууларын.

Кордугу душмандардын жанга батып,
Бир күнү кеңешүүгө эл чогулду.
Бардык күч, бардык мүлкүн сарып кылып,
Жоо өткүс бекем чепти курмак болду.

Айлантып кең өлкөсүн дубал куруп,
Киришти эмгегине күн өткөрбөй.
Көтөрүп бай дубалын келген кезде,
Кайрадан кулап түшөт жар көчкөндөй…

Калың журт кайгыланды, кансырады…
Катардап көтөрө албай бай дубалды.
«Себебин бул укмуштун ким табат», – деп
Ырчылар жар чакырды, күүгө салды.

Бири айтты: «Асыл таштан койгун», – деди,
Бири айтты: «Ак боз бээ сойгун», – деди.
Асыл таш алтын менен койсо дагы
Токтобой дубал көчүп кулай берди…

Тартышты капаланып калк убара,
Ойлонуп табалбады көп улама.
«Мен чечем бул түйүндү», – деп сүйлөдү
Жылаң бут, ак сакалдуу бир карыя.

Карыя токсон жашка келген экен,
Кыдырып бүт дүйнөнү көргөн экен.
Акылы алмаз менен болоттон курч,
Алыскы бир ажайып жерден экен.

Качанкы чечилбеген сырды угууга,
Калайык жабылышып кулак түрдү.
Сакалын оң кол менен сылап алып
Салмактуу коргошундай сөзгө кирди:

– Калп болбойт карыяңдын айткан кеби
Калайык, акылыма көнсөң, – деди, –
– Түк көчпөйт бул дубалың кылым бою,
Тирүүлөй бир кишини көмсөң, – деди.

Башка сөз айтканы жок, басып кетти,
Карыя кайырдашып колун булгап.
Кандай деп эки жолу сурабастан
Баштарын жерге салды эл тунжурап…

– Кайсы эр бул кызматка чыгар экен,
Бул дубал эр канына кумар экен, –
Деп, ырдап бир топ ырчы элди айланып
Күн бою жар чакырды эчен-эчен…

Бирөө да «мен чыгам» деп сөз катпастан,
Мостоюп карап турду дудуктанып.
Обдулуп он үч жашар бир жетимче
Сүйлөдү жаман тонун чечип салып:

– Уктум да шашкан бойдон келдим, – деди,
Мен даяр тезден гана көмгүн, – деди,
Арманым дүйнөдө эч калбайт го
Жарасам керегине элдин, – деди.

Жаш бала бай дубалга барып турду,
Көпчүлүк күрөк менен чачты кумду.
Аңгыча алсыраган, жалбарыңкы
Боздогон муң-кайгылуу үн угулду…

Бир караан шашып, чуркап келет экен,
Бул караан жаш баланын энеси экен.
Атадан жетим калган жалгыз уулун
Алпештеп, айнегим деп эркелеткен.

– …Кулунум кучактайын мында келчи,
Кууратпа карыганда апакеңди.
Көмбөгүн, жалгызымды көмбөгүн, – деп,
Көзүнөн жаш куюлуп ыйлап келди…

– …Ыйлабай көз жашыңды тыйгын эне,
Ырайым жетимиңе кылгын эне.
Жаныңдан артык көргөн тууган элдин
Жалгызың жарап кетти керегине…

– Уулуңдун убайын көрөм деп, тиленип,
Ушундай ишке арнап бакпадыңбы.
«Эркетай элиң үчүн курман бол», – деп,
«Эч качан унутпаймын айтканыңды».

Энеси элге карап сөз баштады
Маанисин байкап туруп айткан кептин,
– Ата журт кызматына жанды берип,
Айланам, ак сүтүмдү актап кеттиң!..

Жалбарды жалгызына, беттен өптү,
Аарчыды жашка толгон эки көздү.
Колуна күрөк алып кайрат менен,
Көмүүгө баласына кумду септи.

– Энеке бул кылганың адамчылык,
Жүрөгүң акак, бермет таштан тунук.
Өтөбөй калайыктын бир кызматын,
Жүрбөймүн жер бетинде адамсынып…

Коштошуп өбүшүштү эне, бала,
Кайраты бул экөөнүн ташкан дайра.
Кум толуп алкымына келген кезде,
Шып этип жетип келди да карыя.

– Көмбөгүн бул баланы ачкын, – деди,
Чеп курбай үй-үйүңө кайткын, – деди,
Көтөрбө чеп, коргондун кереги жок,
Кордукка мындай балдар бербейт элди.

– Киришсе ким да болсо чеп тургузат,
Чеп-ылай, каптап кирсе душман бузат.
Балдарың баары ушундай өсүп турса,
Багынтып бул жүрөкттү ким коркутат?!.

– Черди жаз. Тепкин шапар, кургун сайран
«Чеп жок» – деп, кайгы тартып кам санаба.
Кандай жоо басып кирип баш ийдирмек,
Турганда мындай эне, мындай бала!..»

 

«САГЫЗГАН САКТЫГЫНАН ӨЛБӨЙ, СУКТУГУНАН ӨЛӨТ»

(Тамсил)

Сай жакалай сагызган
Салпактады эңиштеп,
Кекең-кекең жорголоп,
Келе жатты жем издеп.
Көк жылгага жолукту,
Көк шибери көйкөлгөн.
Жергеси толгон калың бак,
Жемиши бышып эңкейген.
Ээлеп ушул жемишти
Консом, деди сагызган,
Эрким менен той-тойлоп,
Тойсом деди сагызган.
Шум сагызган шектенип,
Кайра качты артына,
Тыялбастан напсисин,
Түштү суктук наркына.
Эки көзү кызарып,
Алкы шумдун бузулду.
Бакта бышкан жемишке
Башын салып тутулду.
Жемиш эмес мойнуна
Кылтак түштү, муунду,
Сактыгынан өлбөстөн,
Суктугунан кырылды.

 

МЫШЫК МЕНЕН МАЙ

Ачка мышык мыёолоп үйгө кирди,
Аңдып келип илинген майды көрдү.
Ууртунан шилекейи чууруп кетти:
«Эми мына, тойгуча жеймин» деди.

Жетүү үчүн асылып, көп тырмышты,
Жеталбады. Чарчады. Үйдөн чыкты.
– Сасып кеткен май экен, ким жесин, – деп,
Шашкалактап калп эле сүйлөп чыкты.

 

ТҮЛКҮ МЕНЕН БӨДӨНӨ

I

Шибер чөп маалым кылат жай мезгилин,
Жел эсип экилентет суу эпкинин,
Күн батып… күүгүм кирип жылдыз чыгып,
Жамынды көөдөй кара түн кепинин.

Күн бою бир бөдөнө бытпыл уруп,
Ал дагы түн түшкөндө калды тынып,
Жорголоп – корккон жүрөк тайдай туйлап,
Жол бою бетегеге кирди жылып.

Пааналап жел эркеси жашыл чөптү,
Кетпестей түнгө сактап чексиз кекти.
Ой бийлеп, кыял белден баскан кезде,
Үргүлөп таттуу уйкуга кирип кетти…

II

Ачкарын түлкү жаткан ичтен тынып,
Узун күн үңкүрчөдө ташка бугуп.
Козголду ал ордунан кирип кыймыл,
Түн катып сапар чекти «жемге» чыгып.

Ар күнү өтүп жүргөн ушул жолдон,
Кээ кезде пыр-пыратат түрлүү кушту,
Кур шимшип, кур алакан болгон кезде,
Кош таноо биле койду жылуу жытты.

Кубанды кымың этип түлкү «күлүп»
Шум түлкү жем тапканда кандай күлүк.
Уйкуда камсыз жаткан бөдөнөнү
Шып этип арсак тиши кетти илип.

III

Жаман иш көрүп жаткан ал түшүндө,
Туткунда эки буту бек кишенде.
«Пыр» этип чочуп кетип, көзүн ачса,
Кармалган шум түлкүнүн уу тишине.

Жалбарды жан соогалап түркүн-түркүн.
– «Жан кыйба, дүнүйө берем, түлкүм-түлкүм»
Канчалык амал менен жалынса да,
Көнбөдү ал айтканга «кыйды» түлкүң.

Жалдырап бөдөнөнүн эки көзү,
Тытылып ийне тишке кандап төшү.
Жалбарган туткун жандын арыз-муңу,
Жана да сайрап турган ширин сөзү.

IV

Түлкү айтты: «Амал менен тойгуз мени,
Болбосо кебеп кылып жеймин сени».
Бөдөнө жымың этип жалпаңдады,
– «Менде бар агып жаткан тамак кени».

– «Мен учам белги берип бытпыл уруп,
Сен чурка ачпас кылып көздү жумуп.
Бир убакыт мен айтамын «ач көздү» деп,
Калабыз кен тамакты туштап чыгып».

Макулдап бөдөнөнүн айткан сөзүн,
Ырсайтып бычак тишин жумду көзүн.
Бөдөнө ичтен айтып учуп кетти:
«Алдадым, кара ташты түлкү жесин».

V

Бөдөнө учуп келет белги берип,
Шум түлкү чуркап келет эрип-эрип.
Алыстан агарып таң сүргөн кезде
Туш болду бүркүтчүгө булар келип.

Бүркүттүн томогосун сыйрып алды,
Бүркүт да одураңдап карап калды.
«Ач көздү, эми түлкү» дээр менен,
Куушуруп бүркүт келип тырмак салды.

Чыңырып түлкү жатты жерди тырмап,
Жан арга, тыбырчылап куйрук булгап.
Каткырып кээде күлүп, кээде пыр-пыр,
Бөдөнө учуп кетти сайрап, ырдап.

Кутулду бир ажалдан туткун карып,
Амалдап куу зулумду көйгө салып.
Бүркүтчү олжолонуп кайра кайтты,
Терисин шум түлкүнүн сыйрып алып.

Түрдөнүп эски жүнү калган түлөп,
Кээде шат, кээде сайрап, кээде күлөт,
Жок кылып шум түлкүнү амал менен,
Бөдөнө жомок кылып ырдап жүрөт.