БӨЛӨКБАЕВА Венера: ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА: МЕН ЖАШАГАН АЙЫЛДАГЫ АТАЛАР

АҢГЕМЕ

Айлананы бозорто туман басып, жер-суу тоңо баштаган маалда ушул алакандай айыл тургундарынын катарына кошулгам. Эки үй-бүлө үчүн ылайыкташтырылып салынган үйдүн бир жак капталында жашайм. Мени жууркан-төшөктөр, идиш-аяктар менен бирге атам тартуулаган радио, телевизор жана итибиздин күчүктөрүнүн бирөөсү «коштой» келген. Өкүнүчүмдү, өксүгүмдү бой тарткан шаарыма калтыргам. Жок, туура эмес айтып алдым, мындан мурунку өмүр күндөрүмө дейинчи…
Азыр мен мурда көрүп билбеген, алыскы тоо коюнундагы «Төрөт үйүндө» эмгектенем. Эзелтеден эле ишин баштаган, касиеттүү кесиптин ээсимин. Энелерге «жардам берип» жарык дүйнөгө келаткан бөбөктөрдү «тосуп алам». Мактангандык эмес, эмгек жамаатымдагы айымдардын арасында «көзгө басаар» жогорку билимдүүсү болуп саналам. Ошондуктанбы, төрөт үйүнүн жетекчиси кылып коюшкан. Ар бир төрөттү дагы өзүм башында туруп кабыл алууга милдеттүүмүн. Жанымдагы кесиптештерим жардамчылык гана кызматты аткарышат. Айылдын кыз-келиндеринен деле Медициналык Академиядан окуп бүткөндөр бар экен. Бирок алардын баары мага анча жага бербеген — калаада эмгектенишээрин уктум.
Бу күндөрүмдө, бир жакшына ишеним менен жашап жүрөм. Баары бир, баардык адам баласына бактылуу учурдун жылт-жулт эткен учкундары бирде болбосо бирде чачырап турат экен! Мен андай бактылуу учурларга ушул айылдан бат-бат кездешүүдөмүн. Оо, санай берсем абдан көп: бөйтөйгөн бөбөктөр, сыйлар, жан кубанткан сөздөр, күтүлбөгөн тамаша-күлкүлөр.
Башка айылдардын кандай экенин билбейм. Мен жашаган айыл өзгөчөлөнгөн айыл. Кут, береке тынымсыз куюлуп турабы деп таңданам. Анткеним, ымыркайлардын аталарынан улам… Жаштары, кыроо баскансыган мурутчандарына кошулуп ак чачтуулары дагы (эми бири калбай эмес) жарышкансып — ата болушат. Мисал кылсам толтура, башталышы өкүнүчтүүрөк болуп турат. Калгандары андай эмес, кубанычтуу.
Мындан төрт ай мурун жетимиш жети жашка чыккан Кадыр аттуу карыя көз жумуп, кете берди. Ал аксакалды акыркы сапарга узатууга да катышкам. Тирүүлүк, кыймыл пайда болгондон баштап эсептелген миң-миңдеген жылдардын жанында жетимиш жети жыл өмүр сүрүү адам баласы үчүн өтө аз. Аз, аз деп катарымдагы чогулган караандарга кошулуп кейигем. Ичимден толгонуп кыйналгам. Бир жан жаныбыздан ошентип алыстаган…
Эми минтип, жамандык-жакшылыкка айланды десемби же Кадыр карыя кайра жаралды десемби? Мурда күнү эле маркум болгон карыянын табият аркылуу мага табыштагансыган «аманатын» аткардым. Экинчи жолу курган турмушундагы, аялынын курсагында калган наристесин жанымдагы жардамчыларым менен операция жасоо аркылуу аман-эсен алып чыгып киндигин кестим. Кадыр карыя сөөк-саактуу эле. «Аманаты» дагы төрт килограмм болуп жарык дүйнөгө келди. Эң башкысы — Эне-Бала аман!
Таңга жакын төрөлдү. Кыйкырып, жымжыртыкты бузуп, жашоого чакырык таштоону (бөбөктү куттуктоону) төрөт үйүнүн артындагы бакта түнөгөн, сары короз баштап берди. Карыянын мурунку турмушундагы балдарын кошуп эсептегенде, акыркы, кичүү уулу болду. Бирок бөбөк ырк эки жаштагы апасынын тун баласы болду! Колдорумду жууп, жаным жай алып эсиме келип олтурганымда эмнегедир Кадыр карыянын элесине ыраазычылык айттым:
— Жаткан жериңиз жайлуу болсун. Акыркы сапарыңыз жакындаса да, калкыңызга акыркы «белегиңизди» таштаганга жетишиптирсиз. Бүт кыргызга бир кыргыз коштуңуз. Бир айымга Энелик Бакыт тартууладыңыз. «Эрдик» кылыптырсыз. «Эрдигиңиз» эми элдин уулу болуп чоңоёт…
Эт жүрөгү эрип, мээрими агылган Энелердин кубанычы, сулуулугу, назиктиги, алсыздыгы жөнүндө өзүнчө сөз кылаармын… Бүгүн — Энелердин эрлери жөнүндө гана…
Анан дагы, бул айылдагы бөбөк-тайлардын аталарынын мүнөздөрү кызыктай. Баары эле артынан уюлгуган катуу куюн кууп келаткансыган шашмалар. Шашкалактар! Ааламдын тигил четинен бул четине чейин сыдыра карасак, анда, ушу бармак басымдай эле көрүнгөн жердин өз мыйзамы бар окшойт. Же айылды тең жарып агып өткөн тунук суусунда окумуштуулар изилдей элек заттар кошулуп кошо агаттыр. Шашмалыктары аз болгонсуп, аялдарына ашкере камкор, жабыла жапакеч, анан өтө эле баласаактар.
Күлкү келтирген күйдүргүлөрү да көп. Келинчектери көз жарганча айламды кетиришиет. «Сактанууда» жаткан түгөйлөрүнө тамак-аштарын жеткирип келишкенде да жөн кетпей, жалгыздап менин иш-бөлмөмө киришип, минтип купуя сырларынын четин чыгарышат.
— Алтын кол эжеке! Аялым качан төрөйт? — дейт бирөөсү бир жолу. Улууларга деле ушинтип «эжекемин».
— Божомолумда эртең же бүрсүгүнү… — деп чынын айтам.
— Эртең эле төрөсүнчү… Саат канчаларга барат?
— Эртең кантип… Саатын айтышым кыйын го… — дейм.
— Мага окшош кара тору болсо… Келинчегимди тартпай, ал сап-сары… — дейт башын шылкыйтып жерге салып, менин гана колумдан келчүдөй.
— Билбейм эми… Кээде бөбөк атасына да, апасына да окшошпой, тээ илгери жашап өткөн бабаларынын бирине окшошуп да калат. — дейм.
— Коку-ууй! Алардын сүрөттөрүн да көрбөптүрмүн, эми кантем? Ал убакта кайдагы сүрөт. Болсо да бизде калган эмес да… — деп алаканын «шак» чаап алат.
— Аялым кыз эле төрөсө болот эле. Атамды кыздары эле кулпуртуп багып жатышат… — деп дагы бирөөсү кирет.
— Кудайдын буйругуна макулсуз да. Кыз болбосо, уул болор…
— Кыз эле кылыңызчы! — күнөөлүдөй жалооруп көзүмдү карайт.
— Сиз үчүн аракеттенейин, — дейм аргасыздан.
Ичимден, чын эле кыз болсо экен, ого бетер барк-баам көтөрүлүп калат эле деп менин дагы ойлорум ойдолоктоп кетет.
Бир жолу өтө сезимдүү (интуициясы күчтүү деп коёбузбу) бирөөсү аялы толгото баштаганда, терезе-жыгачтарыбызды мыкчый кармай, сырттан айнекке бетин жалпайта жабыштырып бизди карап туруп алыптыр:
— Келинчегимдин толгоосун бирге тартышайын деп эле келгем… Атасы жанында болсо жеңил болот дешет ко. Айып этпеңиздерчи…
— Мейли, мейли… — деп айтып алыптырмын. Келинчеги менен алпурушуп, курсагындагы баласынын жүрөгүнүн согуусун тыңшап аткам. Наристе жарыкка келээрине бир-эки минут жакындап, кирпик ирмөөгө мүмкүн эмес убакта:
— Мындайраак, мындай-раак жылып коёсузбу, алтын кол эжеке, мага көрүнбөй жатат… — деп күйгүзөт.
Менде «мындайраак жылганга» да, жооп бергенге да убакыт жок эле. Жардамчыларымдын бири, эң жаш кесиптешибиз Мээримдин ачуусу менен бийик үнүнө күтүлбөстөн, биринчи жолу күбө болдук:
— Тоскоол болбой жоголуңуз! Жоголуңуз деп атам! Бул жер сизге сүрөт көргөзмөсү бекен? Галерея эмес, уяты жок десе!
— Ай-ай, Мээрим, акырын. Ал кишиге бакырганың менен колубузда келинчеги көз жарууда. Катуу сөздүн кереги жок. Тим койчу аны… — деди Сабира эжебиз.
Курсакта жатып эле «чачтарын коюу, тармал кылып өстүрүп алган» тамчыдай татына бөбөк да төрөлдү. Киндигин кесип, дароо эле дары-дармектерди сыйпап, энесинин төшүнө жаткырдык, «жыт алышуу» үчүн.
Тигил «шашма ата» заматта эшик аркылуу алдастап жетип келип, чоң бир аттап барып келинчеги кучактап жаткан төшүндөгү кызыл эт перзентти ала калып көкүрөгүнө кысып, чачынан жыттады. Курч, жалтанбаган жаш кесиптешибиз Мээримдин ачуусу дагы эле тарабаптыр. Жана сылык мааниде «сиз» деп кайрылып аткан. Эми «сен» дегенге өтүптүр:
— Уруксат сурабастан, талпылдап ылай бутуң менен киресиңби! Чык, чык дейм! Азыр келинчегиңди башка бөлмөгө чыгарабыз. Керек болсо, аерге киргенге да акың жок. Сөзгө түшүнөсүңбү деги?! Кызыктай неме экенсиң! Угуп атасыңбы?! Бол, бол дейм…
— Этиеттеңиз! Бөбөктүн денеси азыр өтө эле жумшак, жука. Микробдорду бат кабыл алат, — деп созулган Мукадас эси чыга тынчсызданып, тил угуп атканды далысы сылай таптаганда гана, тигил жыттагылаган баласын кайра келинчегинин төшүнө жаткырды. Анан өзүн акшыя караган Мээримдин жанына бара калып, эки колун кармай назик сылап, нааразы болбой эле ыраазы боло кулмуңдап көзүнө карады:
— Тилдесеңиз, тилдеңиз! Мага майдай эле жагып жатат!
Ачуусун аянбастан «төгүп» аткан Мээримибиз каткырып күлүп жиберди.
— Алтын колуңуз — мага алтын өмүр! Өмүрүмдү улоочум, тукумумду улоочум келди дүйнөгө. Арыбаңыз, карыбаңыз! Жыйырма сегизинчи майда «бешик тойго» барыңыздар. Күтөм. Эмдиги жылы «тушоо тойго» барыңыздар! Анда да күтөм. Менин жаным эми жай алды… — деп эң аягында мени менен коштошуп, сыртка чыгып кетти.
Мынча болду, дагы бир сырларын ачайын. Булардын манжаларына эч нерсе токтобойт. Же жумулбайт болуш керек. Келинчектери көз жарса эле болду, белек-бечкектерин бергенге ашыгышат. Ошон үчүн бешикте жаткан уулдардан баштап улгайган карыяларына чейин, жалпысынан «шашма аталар» деп коём. Уул-балдар төрөлгөн сайын:
— А-аа, дагы бир «шашма ата төрөлдү» деп кобурап алам…
— Силерден эч нерсе үмүт этпейм. Биздин милдетибиз. Күнөөгө жыга албай же ким бирөөгө кармата албай жатасыңарбы… — деп айтып жүрүп жададым. Айран, сүт, балык үчүн базарга көп каттабаганымдын себеби бар. Мал-жандыгы жок келген мени эки торпоктуу кылып коюшкан, «көбөйтүп аласыз, сүтүн саап ичесиз» деген шылтоо менен. Ак шыйрактуу, күрөң торпогум — ургаачы. Ала-буласы болсо, кийин бука болот. Тикчийген мүйүздөрү узарып баратат.
«Шашма аталар» мага далай-далай күтүлбөстүктөрдү жасашты.
Жакында эле»шашма аталардын» бири — мага жана ак булуттаргабы? Же булуттуу асмангабы түбөлүктүү жылмаюу тартуулады. Түшкү учур эле. Үйгө барып шам-шум этип анан аз убакыт болсо да уктап алайын деп жолдо келаткам. Түнү бою көз ирмебегенге чарчап калыптырмын. Зуура аттуу келиндин төрөтү оор болгон. Артымдан эттүү-жөндүү бирөө калдалактап келаткандай. «Шашмалардын» бири экенин сездим. Бирок бурулуп караганга алым келген жок.
Аңгыча эле: «Аа-ай, оо-ууй эжеке! Алтын кол эжеке, токтоп коёсузбу! Тез басат экенсиз, кыйкырбасам жетпечүдөймүн», — деп орто жаштагы салмактуу жигит сумкасын салпылдата көтөрүп чуркап келатат. Баамдадым, түндөгү Зууранын күйөөсү. Жаныма жетип келип эле сумкасын жерге таштады:
— Айланайын сизден! Элүүгө чыкканда бала таап бердиңиз. Башым тартуу, жаным тартуу сизге! — деп «чопулдата» өпкүлөп жатып кубанычтан бөлүнүп чыккан терлерин бүт жүзүмө жугузуп койду. — Азырынча мына бул тоогум тартуу сизге. Азырынча гана… — сумкасын жерден алып колума карматты. — Ким бирөө сизди ызалантса, мага айтыңыз. Мынагу муштумум бар! — деп барбайган манжаларын жумуп, жоон билегин өйдө көтөрдү.
Мен үчүн муштум эмес эле, килейген танка бийикке көтөрүлгөндөй болду. Эрлердин кебетесинде, эрендердин сөзүндө кандай гана касиет, сүр бар! Ооба, жаза тайып мени бирөө катуу ызалантып койсо кантип өч алам деп жүрчү элем. Мага болушуп, коргоочу адамды алыстан издеген жокмун. Жанымдан эле, «шашма аталардын» арасынан табылды.
Шатырата айтаар сөзүн айтып, жүзүндөгү быжыраган терлерин дагы бир жолу жүзүмө «сүртүп» (өөп) коюп, ал келген жолуна бурулуп, калдалактап шашкан бойдон «Төрөт үйү» жакты көздөй кетти. Келинчеги Зуура түнкү саат үчтөрдө көз жарган. Чындыгында, кыйынчылык менен көз жарып өзү да кыйналып, биз да кошо кыйналганбыз.
Зымылдаган төрт дөңгөлөктүү «тез жардамдан» да ылдам, чымылдаган эки буту менен эле «тез кабар» жеткирген «чабандесибиз» бар. Ал төрөт үйүнө от жагып, эртеден кечке кайтарып жашоо кечирген Жапар акебиз. Биздин кандай, канчалык кыйналганыбыз менен иши жок. Наристе үнүн укса бүттү. Кыз же уул экенин билсе болду. Кылчылдаганча үшүткөн суук, нөшөрлөгөн жаан жаап жатса да «шашма аталардын» сөзсүз бирөөсүнө жөнөйт.
Адатынча, таң ата электе эле Зууранын үйүнө кеткен. Кеткени менен жолу болбой келген. «Айлана кичине агарып жарык болсун. Ар бир үйгө кирип чыксам да бул келиндин эрин таап чыгам, шайтан…» деп тилденип, биздин көзүбүзчө өзүнө-өзү убада берген. Анткени, «шашма аталарыбыз» Жапар акени бир да жолу колун кур кылып, томсортуп коюшкан эмес. Акыры, аны минтип түш маалына жакын тапса керек.
Ак сумкадагы буту байланган тоокту үйүмө көтөрүп да бараттым, күлүп да бараттым. Мага кызык, «элүүгө чыкканда эркек бала көрдүм, уул таап бердиңиз» дегени кызык. «Шашма аталар» сүйлөгөндө да шашкалактап ар кандай сүйлөп алышат. Эмне деп айтканын өзү аңдабай калды окшойт. Уулун келинчеги экөө «тапты» да. Менин «аткарган кызматым» башка болуп жатпайбы.
Мурунку үй ээсинен калган, зымдан тордолуп жасалган үстү ачык сарайга тооктун бутун чечип коё бердим. Сумканы бүктөй баштасам эле түбүнөн томолок, жумшагырак бир нерсе колума урунду. Кайра ачып карасам, жумуртка. Колума алсам ып-ыссык бойдон! «Шашма аталар» ушундай да!
Байкуш тоок да эмне кылсын?! Өзүнүн жайына тууйун деп камынып жатса, анан, тигил «шашма ата» барып баса калып сумкасына салып жолго түшсө, тоок баштыкка тууп коёт да. Жаратылыштын күчүнө ким каршы боло алат экен? Бу тоок эле эмес, адамзаттын аялзаты деле өзү каалаганда эмес, жаратылыш каалаганда гана көз жарып жатпайбы. Ошондуктан эртеге, кечке, бороон-чапкынга, жарыктын өчүп калганына карабай, кээде 5-6 бөбөктү катарынан «тосуп алуу» менен алек болобуз. Айырым убакта жумалап аткарганга ишибиз жок, кесиптештер бири-бирибизди карашып чай ичип гана олтуруп калган учурларыбыз да болот.
Төрөт үйүнөн чыгып келатканда асмандын так ортосунда топтошкон ак булуттарды көргөм. Эми болсо, булуттардын ортосу көпкөк болуп ачылып, эки жакка жайыла түшүптүр. Асман да күлүп жиберип, жылмайганда — тигил булуттар асмандын ууртуна туруп калышса керек. Ушул убакта, тигил «шашма атаны» да, анын жоругуна күбө болгон мени да, булуттар менен асманды, жерди да — баарыбызды бир башкача жылуулук каптап алгандай болду. Андан кийин ак, сары, кызгылтым, жашыл түстөгү жылуу нурлар үстүбүздөн жер бетине себелене баштады.
Кызыл-тазыл жылуу нурлар кимдер үчүн жаап жатты? Албетте! Бөбөктөр анан «шашма аталар» үчүн.