БӨЛӨКБАЕВА Венера: ВЕНЕРА БӨЛӨКБАЕВА: КЫМГУУТ БҮГҮН ЖАНДҮЙНӨМДӨ

СУРООЛОР
(Өзүмчө олтуруп, өзүмө толтура суроо бердим)

Ким мага чертип берди эле?
Муңдуу бир күүнүн кайрыгын.

Ай жаркып тийип турсаң да
Сагынтат неге жарыгың?

Кайда агат жашыл дарыя?
Түшүмдөн дайым кетпеген.

Жүрөгүң канча жаракка?!
Жан курбум, сага жетпедим.

Ажайып кайсыл жер экен?
Мекени бардай мезгилдин.

Сөздөрү турат сөөгүмдө!
Мен аны неге кечирдим?

Эмнеге желге эркелеп,
Жаш жигит, сага ийбедим?

Жер бетин таштап көз жумсам,
Элесин сактайм кимдердин?..
07. 01. 2000.

КӨЙНӨК
(«Адамдын көркү чүпөрөк» дегенибиз менен минтип, көйнөгүмдүн өзү көздөрдү суктандырып туруп алганын…)

Колунан чыгып бир уздун,
Көйкөлтүп кийдим эртеси.
Көктөмгө салам айттык биз,
Чөптөр менен сырдашып
Кечинде үйгө кайттык биз.

Мени эмес,
Сени, көйнөгүм!
Жактырып калды көп жигит…
01.03. 2004.

 ЖОЛ
(Бир караан көрүнбөгөн жол менен биринчи жолу өтүп баратканда)

Созулган, узун жолсуң сен,
Из таштап бүгүн баратам.

Кайрылып баары өткөндүр,
Кайрылбай бири кеткендир…

Көтөрүп жалгыз жаздыгын,
Чыгышка бирөө көчкөндүр.

Жөлөк бол өтсө жалгыздар,
Көз жашы болсо аарчып кой…

Ырымды чачтым боюңа
Ылайым, аман болгун Жол!
19. 03. 2004.

ВАЗА
(Колумдан түшүрүп, боорунан жарака кетирип алгам. Акыры чачырап сынып калды)

Жазда эстейин…
Жаралансам… Анда эстейин…
Сирень гүлүн эрте эле
Сагынгандай…
Жараты бар өмүрдөн
Чаалыккандай…
Аяр кармап тутпадым,
Таарынгандай…

Жазда эстейин…
Жаралансам… Анда эстейин…
25. 02. 2003.

БЕШИККЕ
(Эски бешик калып калды, ээси көчүп кетти)

Алманын бутагына иле коём,
Булуттун сууларына жуунтамын.

Сенде калган
Балтыр бешик чүрпө жыты.
Сага тамган
Энелердин эмчек сүтү.

Бозорбочу, бош бешик,
Бозорбочу…
Ой басып олтурсам да,
Кубана карайм сага,
Мына кара!

Көктөм менен
Көк бетине көтөрүлүп,
Канча канат тагынган балапандар!?

Сенде эмес, Ак-Бешик!..
Арман бизде,
Өзүңдөн алыс узап бараткандар…

  1. 12. 2003.

КЫЗГАЛДАК
(Кары киши велосипед тээп алып “кызгалдагым, кызгалдагым” деп ырдап баратыптыр)

Тал-терек да жанымдагы
Кызыккандай “кызгалдакка”…

Махабаттын салтанатын
Чогуу өткөргөн бир кезде,
Кызгалдагы – үйүндөгү
Байбичедир — таякчан.
02.07. 2002

ДЕҢИЗ
(Ыр жазып, деңиз жөнүндө кыялданып олтурсам, көздөрүн шурудай кылып, мышыгым – Миа мени карап туруптур)

Не бирин айтып берейин!?
Уксаң ук, туйсаң туйуп кал…

Кылкылдап батып бараткан,
Күндү ээрчип алыс кетипмин,
Ал жакта талаа, чөл экен.
Ташкыны күчтүү суу болдум.
Суу болуп агып далайга,
Деңизге барып кошулдум.

Не бирин айтып берейин!?
Сезсең сез,
Билсең билип кал…

Кыялым, кыял –
Деңизде калкып,
Жашоом – бир жашоом
Деңизде калды…
07. 09. 2004.

БАЛА-БАКА
(Кызык ойлорду ойлоп табабыз)

Биринчи ким кирсе,
Бактылуу болот! – деп,
Эшикти ачып койдум.

Секирип кирип келди,
Баканын баласы.

Бактылуу болосуң,
Бала-бака!

01.09. 2000.

ҮЙ-БҮЛӨ
(Жамгырлуу таңда тоого жакын үйдө жашаган үчөө кирип келишти)

Гүл болуп калды айланам,
Гүл жыты кошо келгенин!

Атасы – тоодой көрүндү сүрдүү,
Апасы – назик булактай.
Баласы – кооз балаты.

Кооздукка мени бөлөшүп,
Эрмектеш болдук далайга…
Ээрчишип үчөө келишип,
Ээрчишип кайра кетишти.
17. 04. 2002.

КЕСКЕЛДИРИК
(«Кес, куйругуңду кес!» деп кескелдирикти бүт тарабынан тегеректеп алып, акыры байкуш кескелдирик куйругун кесип таштап качып кетип анан араң бизден кутулган)

Кандай жашоо кечирди экен?
Куйругу жок барып үйүнө

Тааныбай түнөктөшү
Жеригендир…
Балдары чочугандыр
Баёо карап.

* * *
Бала кезде жасаптырбыз күнөөнү,
Кескелдирик, кейитип биз дүйнөңдү.

Бир тал чачым түшүп калса кейиген,
Кескелдирик, аяп келем сени мен…
05. 01. 2005.

ҮЙ
(Жеке турмушунун азабын көтөрө албай жүргөн аялдын караңгы үйүнө)

Кол менен жасалсаң да
Курулган бир дүйнөсүң.
Бир дүйнө! Кечир бизди:
“Мас аял жашайт” десек.

Кайгысы бир аялдын –
Кайгысы
Бүт аялдын,
Бүт ааламдын!

Капкактай жаап турасың…
17. 12. 2004.

ТЕРЕК
(Жаш терек кыйылып отко жагылды)

Жылтылдап жалбырактарың,
Булутка жакын
Сен элең…

Жемишин жеген
Жешинче,
Бул жерге жакын мен элем…
8. 09. 2001.

ЧАКЫРУУ
(Тереземди черткилешкенинен сыртка чыксам, шамал менен мажүрүм тал экен)

Коюу түндө сыртка чакырып,
Сагынсаңар керек мени ээ?!

Жаздыгымды кучактап,
Жалгызсырап жатканымда,
Ырас эле, тереземди кактыңар.

Чачыраган бутактарың чапкылап,
Мажүрүм тал, бийиң бийлей бер!

Өзүң барып так бооруна урунган,
Ырда, шамал, тоолор жөнүндө!

Тыңшап жатып уктап калайын…
Жашоо сонун!
Түнү дагы ар башка…
11. 05. 2004.

АЛЧА
(Алчанын жанында)

Жаш алча,
Мөмөлөрүң — көздөрүңдөй,
Көздөрүңө кол салганга
Дилим барбайт.

Ийилген шактарыңа окшоштурдум,
Ийилген көңүлдөрүн досторумдун…

Шамалда шагы сынып калбасын деп,
Өзүңдү тоскум келет тегеректеп…
26. 05. 2000.

КАРАҢГЫ
(Тереземди жаап, ого бетер караңгылап алдым)

Көргүм келбей жарыктыкты
Тереземе кызыл пардо такканмын.
Кымгуут бүгүн жан дүйнөмдө,
Бүгүн такыр башкамын…
02. 12. 2002.

ТООС
(Убакыт болсо дайыма барып көрүп турганды каалайм. Тоос кушун ажайып бир кооз болуп жаралып калганы үчүн жаратылыштын күчүнө дагы бир жолу таң калам)

Сулуулукту
Сунган экен табигат,
Көлдүн, көктүн
Өңүн кошуп өзүңө.
Күн желеси
Күлүп сени айланып,
Күлкүсүнөн саймалаптыр денеңди.

* * *
Бириндетип
Төбөңдөгү таажыны,
Тал-тал болгон
Канаттарың жайылтып,
Ааламдагы болгон түскө оронуп,
Мени карап турганыңа кубандым!
04. 03. 2004.

ТАШ
(Ушул таш мага карап сүйлөп тургансыйт)

Кыймылсыз жаткан,
Катуу бир ташсың дебечи.
Пахтадай жумшак
Көңүлүм бардыр ичимде.
Дебечи, дебе
Өзгөрбөйт дайым келбети,
Күлмүңдөп күлүп,
Солуктап ыйлайм кээ бирде…

Көздүүмүн сендей,
Асманды карайм суктанып.

Ырдаймын сендей,
Кубанып, кээде муңканып.
10. 11. 1997.

КОМУЗ
(Комуз күүлөрүн угуп олтуруп түбөлүккө жашап калгым келди)

Үч кыл комуз!
Күү шаттанат,
Күү муңканат,
Күү ыйлайт…

Күүлөрдүн түпкүрүндө
Түбүм калган.
Байыркы бабалардын
Улуу сыры
Сызылып каным менен
Айланууда…
Көз жашым төгүлүүдө
Бул бакыттан…
Кудайым бул бакыттан,
Эч айрыба!

* * *
Ой термеп чексиздикке,
Көз тунарткан мейкиндикке
Туш болдум.
Шамалдай закымдаган
Атчан элим
Чаап келатат
Дүбүртү тулпарлардын…
Жоокерлери…
Жоолору…
Тоолору…
Адыр, түздөрү…
Боз үйлөрү…
Боолору…
Кындан чыккан кылычтары…
Жалтылдаган найзалары…
Оттору жалындаган…
Теңири — тиреп турган…
Аталар — ак калпакчан…
Апалар — элечекчен…
Баталар — барктуу уулга…
Баардыгы сиңип калган,
Комуздун кылдарында!..
02. 05. 2003.