ГАПАРОВ Мурза: Айтматовдон дайын-дабыш жок

Маркумдардын маегиjoke

Кыргыз эл жазуучусу Мурза Гапаров менен акын Жолдошбек Зарлыкбековдун 1999-жыл., 10-сентябрда «Асаба» гезитинде жарык көргөн маеги

«Баткенге ал акыркы рейс менен учуп келди. Өзүнүн түнөгүнө автобус жүрбөй калгандыктан, көрүнгөн машинеге кол көтөрүп отуруп саат он ченде араң жетти. Жалгыз үйдүн жалгыз терезесинен жарык көрүнбөйт. Тогуз жолдун тоомунда эмеспи бул ээн жердин ээсиз бекети». (Повесттен)

 

Мурзакеге кайрылганымдын жөнү бар: бу пакиза жазуучунун чыгармачылыгынын чоң өнөрү Баткен менен бекем чырмалышкан. «Зарыл ишиң болбосо Зардалыга барбагын» деген ылакап кепти борборго Мурзаке жүктөнүп келген. «Көчө», «Нойгуттун кызын издеп» («Долина предков») көркөм фильмдеринин сценарийи Гапаровдун калеминен чыккан. Бүгүн Баткен тынч эмес, жазуучунун жүрөгү да тынч эмес.

– Жапондор Баткенге келиптир, Сиз Киотого бардыңыз эле. Алгач Баткен менен кандайча тааныштыңыз эле?

– Профессионал жазуучу болом деген киши өз ата-журтун бир сыйра жөө кыдырып чыгыш керек дейм. 70-жылдардын акырында таягыма баштыгымды илип алып Зардалыга жөнөгөм. Повестте айтылган жалгыз үйдүн жанында үчөөбүз отурдук: мен, боз улан, сулуу кыз. Жигит кызды апасына тааныштырганы алып баратыптыр. Жаандан корголоп үйгө кирсек күкүрт, туз, нан, чайнек, төшөк, жайнамаз турат. Жигит «бул үй айылдагы Ада абанын үйү» деди. Жума сайын келип нан, тузун коюп кетет экен а киши.

Кыштут айылына бардык. Зардалы андан 40 чакырым ары экен. Жолу өтө татаал сокмо жол. Кылт этсең Сог дайрасына кулайсың. Согуш маалында бул жолду салабыз деп далайлар сууга акканын айтышты. Май айы эле. Эки мугалим жигит менен атчан Зардалыга зоо кыйгап ат жетелеп отуруп араң жеткен элек. Азыр ошол Зардалынын укмуш көркү көзүмдөн өтүп турат. Зарылдап турам. Бандиттер ал айылга өз тобун калтырып кеткен турбайбы.

Зардалы – бул жайлоого окшогон куттуу чакан өрөөн. Ага барганымдын себеби бар. Жолу азап-тозоктуу болгондуктан эл «Зарыл ишиң болбосо, Зардалыга барбагын» дешет. Менин зарыл деле ишим жок, негизи, а жерде кыргыздын нойгут уруусу жашашчу. Азыр да ошолор турушат. Мен нойгут уруусунан эмесминби. Бул уруу Зардалыга 16-кылымда келишкен дешет. Ушундай тарых бар. Эл менен учурашып кайткам.

Бекмамат Осмонов чоң патриот киши эмес беле. А киши менен 1995-жылы Баткен аралап көп жүрдүк. Эгер а жигит азыр тирүү болгондо «аке, кеттик Баткенге!» деп айтат эле. Мына мен быйыл 64кө чыктым. 60тан өткөн адам өмүр-өлүм жөнүндө башкача ойлоно баштайт экен. Мындай жашта окко учуп кетпейин деп кабатырланбай калат экен адам. Мен азыр баткендиктер, зардалылыктар менен бир болуп алардын түйшүк-кайгысын ийиндешип турсам кана дейм. Бирок арыз-арманымды уккан жан жок. Беш депутатыбыз атайылап барганын угуп сүйүнүп калдым. Көбү көбүңкү тартып, өлкөнүн бир капталында кыйынчылык болуп жатканын каакым ордуна көрүшпөдү го.

Мен бир ойду айтсам дедим эле. Илгери чыр чыкканда Барпы Рыспаев кыргыз жигиттеринин телевизордон «акмактар» деп сөкпөдү беле. Эл жазуучубуз Айтматов Горбачевдон угуп келип балдарыбызды жемелеп күнөөлөбөдү беле. Ошондогудай катачылыкты кетирбей, уулдарыбызды колдойлу. Бүгүн Мекенибизге оорчулук келип турган чакта акыл калчаган көсөм кишилердин сөзү керек. Бүгүн Айтматовдон дайын-дабыш жок… Чакан элдин психологиясы деп эле дайыма көп сандуу элдин мамлекетине тайсалдап мамиле кылышыбыз туура эмес. Дал ушундай кездерде мамлекетибиздин кийинкисине из калтыра тургандай, чалкар жол чаба тургандай үлгү иш жасоого милдеттүүбүз. Бүгүнкү мамилебизге карап эртеңкилер үлгү тутат. Ушуну бийликтегилер түшүнүүгө тийиш.

«Сулуулуктан – улуулукка. Мурза Гапаров баяны » (Түзгөн Абдыкерим Муратов) деген китептен