ДААБЕКОВ Абдинаби: АБДИНАБИ ДААБЕКОВ: ТОН ЖЫТЫ

АҢГЕМЕ

Күзгү кечтин дагы бир кези келди. Кадыресе күн суутуп, арык суусу ичиркентет да, ага кол салууда этияттан-этият. Күн эчак уясына түнөп, ире-шире шам айылды кучактап келатты. Ички-тышкы бөлмө, далис жана төркү үй. Анча-мынча жууркан-төшөк, бурчта жыгач үкөкчө, негедир андан жагымдуу жыт келет, ача салсаң катырылган нан менен пөпөк канттын жыты «бур-р» этет.

Кечки чайда, эртең мененки нануштада үкөкчө ачылат да, бир ууч кант, катырылган нан дасторконго ташталып, далис, төркү үй жытка жык… Азыр да ошондой болду, жамаачылуу чапан кийген зайып эне далистеги очокко тал-терек отунду алоолонто жагып, кара чайдөштү очок төрүнө отургузду. Очок төбөсүн кызыл жалын аймалап, далис жылуу да, жарык да эле, кала берсе очок боюндагы тестиер уул-кыз, зайып көлөкөсүн дубалга түшүрүп, далис ажайып дүйнө, арбалаңдаган жалын көлөкөлөрдү арбалаңдатат да, тарбалаңдатат. Үрпөйгөн уул-кыз шүк отура от боюнан атасын күтөт.

Аңгыча карааны калдая сырттан ата келди, ийининде тери тон. Кечки бейпилдикте мамыр-жумур, бир гана очок оту чыртылдап, далис менен төркү үй күйгөн отун, түтүн жытына толуп, жан жыргатаар кечки пайыт…
Дасторконго калама-каттама, өрүк наны бир ууч пөпөк кант ташталды – кечки тамак. Зайып-эне чайдөштөн чай демдеп, оттун чогуна кайнаган кара чай куйган сайын мурун өрдөп, шорулдаган шоорат да бүгүн башкача. Отту ойлуу караган ата кой тери тондун эки өңүрүн ача, уул-кызына ишаара берди. Көнгөн адат менен уул – оң тизе, кыз – сол тизеге куш конуп, кой тери тонун кымтыланды. Оор сүйлөгөн ата:
– Оо мурундары, кыш чилдеде, шунтип очок боюнда уктап, – деп бир окуядан түшөт… – Эсиңиздеби, Акседепти ооруканада карап жатчуда, уулуңузду көтөрүп барсаңыз раса ыйлагым келген, – дейт эне шыпшынып.
– Кудай эсен койсо, бу күндөр да канимет, жаман балдарыбыз чоңоёр-чочоёр, – деген болуп ээгин сылайт, орозгер башы ата.
Тон ичинде күбүр-шыбыр болгон балдарга:
– Шүк отургула, ата-энелүүдөй болсоңорчу, – деп пиала чайпай, балдарынын атасына сунат, тондон баш баккан перзенттерине карап, орозгер куту, там-ташына шүгүрчүлүк келтирет, зайып.
Каттамага кошо нан кытыраткан уул-кызды тон ичинде кучагына алган ата, ысык, ширин чайын ызаат менен узаткан зайып далисте түн түңкөйгөнчө кобурашып отурушат кобурашып…

Кой тери тондун эрбейген кыл-жүнү кээде бети-башты кытыгыласа, кээде көл-шал терге батырып, ата-эне кобуруна кулак төшөгөн наристелер, тон кылын жалмай, тон жытына мас боло шылкылдаган уул-кызды зайып эне эчен ирет түн жарымында кобур менен койнуна алган:
– Садагаң кетейин сетейлерим, сетейип калдыңарбы, тондун коңурсугуна конуп?..
Атасы да кызды өзүнө имерип:
– Уулду мага калтыр… жытташып жаталы, жытыңардан э-эй, жытыңардан… жытыңарга атаңар ма-ас!
Жабылган жууркан үстүнөн тон этият жабылып, чүрпөлөр ажайып ширин уйкуда. Тондун бир жак өңүрүн зайып да өзүнө тартып жамынат, ар убак негедир анын жыты качанкы көзү өткөн ата-энесин, алгач баш кошкон кездеги тонго оронгон узун түндү улутуна эстетет.
Бир ирет көз жарарда узакка кыйналып, кошуна кемпир тон өңүрүн жыттатканы бар, ошондон тонду ыйык көрүп, аспиеттеп келет…
Зымырап куштай учкан убакыт ата-энесин алып кетип, эми уул – эр, кыз – келин болду. Алардын дале этияттаганы эски үйдөгү баягы, түгү жыдыган тон. Аны көргөн сайын көргүсү, жыттаган сайын жыттагысы келип, өз балдарынын тондон жийиркенгенине, үйдүн ар кайсы бурчуна ыргытканына чыдай албай, өзүлөрүн жемелеп, жанын коёрго жай таппай, эбедени эзиле сыздап-түтөп келишет…
Өткөн-кеткен балалыктын, алоосу жанган жаштыктын кусасыбы, айтор, экөөнүн түшүндө тонго оронгон айыл кечи аян, түгөнбөс асирет…