ДААБЕКОВ Абдинаби: АБДИНАБИ ДААБЕКОВ: ТАШ ЧЕККИЧ

АҢГЕМЕ

Демейдеги түн. Абада торгой чулдурап, жай саратандын дагы бир алпейим таңы атып келатты. Сырттагы сөрүдө жаткан орто жаш киши бир капталынан экинчисине оодарылды да, эсинеп алып, оозун калкалай:
– Кудайга миң мертебе шүгүр, дагы бир куттуу таңды тосуу насибин ыраа көргөн, – деп күбүрөндү.
Салкын жел беттен аймалап, чулдураган торгойдун кубулжуганы, башка добуш ойгоно элек учур, ушул кез бейпилдиктин төрөлгөн күнү таризденет пейилинде, анткени жатаарында күбүрөнгөнү да, тиленгени да:
– Куттуу таңга жеткир, кудайым, түн тынчтыгын насип кыл, журтум эсен, калкым тынч болсун, оору-сыркооңдон өзүң сакта, – деп, аягында, бейубак ажалыңдан алыс кыл…
Таң куланөөгүн бузуп, айыл этегинен:
– О-о-й, шору-ум, оой, эл-журт, барсыңарбы-ы! – деген жаман шойкум бир-эки ирет заңгырады да кайра басылды. Бул жаман шооратты уккан да болду, укпаган да болду.
Сөрүдө жаткан бүлө башы уккан кулагына ишенип да, ишенбей да уйкусу чорт ачылып, жаткан жаздыгынан баш көтөрө элейди…
Таң тынчтыгын бузган беймаза добуш кайра жаңырбай, айыл ымырт.
– Тоб-бо, тынчтык эле болсун же чын уктумбу, – деп алып, ордунан козголду да багымдат намазына даярдана баштады. Алгач жеңил чапанын кийип, бутуна илген бут кийимин оңдоп, чөөгүнгө суу толтурганы пешайбанды беттегенде коргон этегиндеги дарча «чыйк» ачылып:
– Оо, аба, барсызбы, уйкуңузду буздум шекилди, кечиргейсиз эми…
– Кел-кел, кошуна, турганыма көп болду, бу, жайчылык элеби?
– Көчө башчысы келип кетти, түндө Кара-Суунун этегинде кырсык болуп, баягы шоопур Сукмоло жолдон чыгып кетиптир…
– Ээ, өзү эсен бекен?
– Эсен болсо мени сизге жиберишет беле, – деп келген көйүн туюк түшүндүрдү.
– Тоо-бо кылдым, тоо-бо кылдым, багымдаттагы суук шойкум ичи-койнуңду ичиркентет, качан жердешет экен?
– Бешимден оогондо, жумага кырдантат шекилди, – деп алып, жөнөй берди тиги.
Орто жаш киши эшегине куржун таштап, Долононун этегиндеги куру сайдын боюна түшкө калбай жетип келди. Жол бою Сукмоло көз алдына элестеп:
– Бечара, жакшы жигит эле, жакшы жигит эле, – дей өз таарынычын өзү жибитип «ааламдан өткөндүн артынан жамандабайт» деген салтты карманып, арбайын аяп келатты, кейип келатты…
Кар кете баштаган көктөм эле анда. Район борборуна ал айдаган жеңил машина менен барып, акча сунса:
– Берсеңиз толук бериңиз, бербесеңиз кол көтөрүп токтотпоңуз, «пулдарлар» минет мындай машинеге…
– Ыраазы бол, үкөм, дагы бир учуру келип калаар, ошондо берейин, билбепмин.
Айдоочу жигит акырая карап, жөнөй бергени көз алдында.
Жай башындагылар капталы оймо мүрзөнү даярдап бүтө жаздашыптыр. Көпчүлүк менен алик алыша, мүрзө четине отуруп, аят окуду көзү өткөндөргө багыштап, анан куржундан жалпак ташын алды да, балкасы менен тыкылдатып, таш чегүүгө киришти. Улам бир арипти чеккенде, мурда чеккендерин бир карап коёт, дааналыгын тазалыгын салыштырып.
Долонодогу жай башында болгону он чакты мүрдө коюлуп, баарынын аты-жөнү ташка чегилип, капталындагы ошол жазуулардын баарын ушул орто жаш киши жазган. Башта айыл аксакалдары:
– Мүрзө билимсиз, дайынсыз болуш керек, дос бар, душман бар дегендей, – деп каршы болушса, кийин-кийин бул кишини жайканага кошо чакырышчу болушту.
Таш чеккич адыр-түздө мал жайып же отун-сууга барганда жалпак таштарды кээде ала келсе, кээде жөн эле адырдын көрүнөө, табууга оңой күңгөйлөрүнө чогултуп, алар ар кандай көлөмдө, ар түрдүү түстө, катуулугу, жумшактыгы эске алынып дегендей…
– Биз ишти аяктап калдык аке, сизчи? – деди сары чийкил жигит.
– Жаздым, арбайы ыраазы болсун, – дей ташты белбоосу менен сүргүлөдү. Жалпак кара таштын бетинде «Сукмоло Пусуров» деген аппак жазуу бадыраят.
– Жакшы жазыпсыз, жай акынын башкысын сиз алыңыз, – деди жай казган топ.
– Акы алган эмесмин, албайм дагы, силердики парз, кызматыма ыраазы болсун арбайы, жакшылыгын көрдүм эле…
Аңгыча мүрдө жүктөлгөн унаа келди. Таш чеккич бир четте отуруп, көп катары дуба кылды да, эшегине куржунун таштап жөнөй берди.
Жамгыр-карга жуулган ариптер бажыраят…