ДАУТОВ Кадыркул: КАДЫРКУЛ ДАУТОВ: КЫСКА САПАРДАГЫ УЗУН ӨМҮР

Кайсы жагынан келип карабайлы, кандай гана көз караштан баалабайлы, баары бир Табылды Мукановдун тагдыры тууралуу арман-асиретсиз кеп салалбас болуп калдык окшойт. Ал акын катары жазчусун жазып, берчүсүн берип койгон менен тирүүсүндө алчусун алалбай кетти. Турчу ордуна турган жок. Чындап укчу сөзүн уккан жок. Бир топ жылдай ыр жазып, ыр менен жашап жүрүп, жупкадай делдейген жука-жука үч китепчесин араң чыгарды (анын бирөө беш- алты эле ырдан турат). Эң жаман жери — адабий журтчулук үчүн таптакыр кечиримсиз жагы — жазуучулар Союзунун мүчөлүгүнө өтпөй калышы болду. А булардын баары анын тиешелүү энчиси эле. Мына, азыр «Жан дүйнө» деген наам менен окурмандарга сунуш этилип жаткан көлөмдүү жыйнакты түзгөн ырлар ошондо эле папкасында жүргөн. Ушул эле деңгээл, ушул эле сапат ошондо эле жаралган, ушул эле жаңычыл акын Табылды Муканов ошондо эле жашап турган. Баары-баары көзүнүн тирүүсүндө ачкан дүйнөлөрү менен жеткен чектери. Аларды эч ким өзгөрткөн жок.

Эмне, авторго азыр жасаган мамилени өз маалында жасап, азыр чыгып жаткан китебин өз учурунда чыгарууга жардам беришке шартыбыз келбейт беле? Ал жөнүндө адилет пикир таратышка чама-чаркыбыз жетпейт беле? Каалаганча… Тек гана баягы «жазып жүргөндөрдүн» бирөө да дегенчелик кылып, таланттын тагдырына жакындан кызыкпай, кайдыгер карап салдык. Кыргыз поэзиясына кандай акын кайсы жол менен кантип кирип келатканын көрүп эле туруп, жакшылап көралбай, түшүнүп эле туруп, тууралап түшүналбай койдук. Убагында олуттуу көңүл бурулуп, моралдык колдоо көрсөтүлсө, балким, акындын өмүр-тагдырына башкача таасир тийгизет беле, башкача финал күтүлөт беле… Ким билсин… Нетсе да бергенинен бере элеги көп, бүгүнкүсүнөн келечеги чоң, бара-бара поэтикалык асманыбыздын бир баркырап ачык жанган жылдызына айланчу оригиналдуу таланттан ажырап калдык.

Ал эми акындын жекече турмушу, 36 жыл жер үстүндө сүргөн өмүрү ушунчалык адам суктанарлык бактылуу болдубу? Эмнени көрүп, эмнеге жетинди?.. Көкөй кести жашык мүнөз, жалтаң көз жетимчилик,… жалаң көйнөк, жалгыз шымды каниет туткан студентчилик… «өйдө көч, ылдый көч» болуп, жетер-жетпес маяна менен шаарда жашоо. Анан нервин жеп, көңүл көктөмүн кыроолонтуп жүрүп отурган биринчи аялы менен болгон үй-бүлөлүк драма. Эми кичине үстүнө үй, астына аш күтөйүн деп келатканда оору жармашты. Тагдыр эрки атайылап бул дүйнөдө аласасынан бересесин көп кылып жаратып койгон жан окшоп 36 жаш курагында жарыктык менен түбөлүккө кош айтышып сапар салды… Бирок акын эч убакта өлгүсү келген эмес эле. Тирүүлүктү зор кумар-ышкы менен сүйгөн, өмүрдөн баарын алып, баарын көрүүгө опкок карап, бийик оптимисттик дух менен жашаган:

Мендеги өмүр кыялдарга айланып,
азгырылат жаштыгым
кызыл күндүү, ак күндүү
эң ажайып кооз дүйнөгө — көп күндүү.
Жердеги өмүр ак жаанбы же өткүнбү?
Алымсынбайм бир кылымдык жашоого.
Табийгаттай түбөлүк,
Табийгаттай жадырап же түнөрүп,
сүргүм келет өмүрдү — жаштыкты колдон чыгарбай.
Жер сыяктуу кубултуп көйнөк кийген
сүйгөнүмдүн тегеренип жүрөгүн,
түндөн алып, күнгө ыргытып көңүлдү
сүргүм келет өмүрдү —
табийгаттан талашып!

Өмүргө болгон махабат Мажнундун Лайлиге делген сүйүүсүндөй чексиз күч менен көрүнүп жатпайбы! Жашоо кызыкчылыгын мындан өткөрө баалоо кыйын. Турмуштан биротоло чарчап, жедеп көңүлү калып, шалпайып ындыны өчкөн жүүнү бош адамдын калеминен кайдан жүрүп ушундай саптар чыгат.

Жарыкчылыкты каалоо, ал үчүн күрөшүү бир башка экен, тагдырдын жүргүзгөн бийлиги бир башка экен, баарына карабай туруп ажал алып кетти акынды. Ал жагынан да, бул жагынан да таланттын тирүүлүктө чыгармачылыктан тапкан озуйпасы менен жекече жашоосунан көргөн «жыргалы» куду ушундайча мүнөздөлөт. Өмүрүнүн соңку күндөрүндө бизге купуя, нары ичкерки турмушунда дагы кандай ачуу-таттуу ой-сезимдердин жетегинде жүргөнүн ким билсин… Ал сыр-табышмактарын өзү алып кетти. Эми биздин ишибиз акындын көркөм мурасы менен болуп калды. Анын нукура баа-баркы менен экинчи өмүрүң ошол айтып, ошол ченейт. Мына ошондон келели.

Эскертип коёюн, Табылды Мукановдун бүтүндөй чыгармачылык тажрыйбасын майдалап конкрет талдап, жалпылап жыйынтыктап, кыргыз поэзиясынын кийинки жыйырма жыл ичинде өсүп-өнүгүш системасында өз ордуна коюп чыгуу узак кеп-сөздү талап кылат. Ага кезегинде кайрылабыз. Менин азыркы милдетим чектелүү: «Жан дүйнө» жыйнагына гана кыскача жолдомо берип жатам. Ушул китептин айланасында азын-оолак ой бөлүшүп, кабар салып өтөм.

Табылды Мукановдун ырларынан көрүнгөн башкы өзгөчөлүк — изденүүчүлүк, жаңылыкка умтулуу же дүйнөлүк көркөм сөз өнөрүнүн айрым үлгүлөрүн кыргыз поэзиясына киргизуүгө болгон туруктуу чыгармачыл аракет. Анын бар ийгилик, табылгалары да, өксүк-өөдүгү да, келечеги да мына ушуларга байланышат. Бул көркөм мурастан тынымсыз окуп, үйрөнүп, улам өзүн-өзү түзөп, жазгандарын кайра-кайра сын электен өткөрүп, кечээги жасаган ишин бүгүнкү ээ болгон тажрыйбасы менен текшерип, бүгүнкүсүн эртең жерип, чоңураактан чоңураакка, бийигирээктен бийигирээкке кол сермеп, жаңыдан жаңыны табууга беттеп, терең түшүнүк, ишенимдер менен жашап өткөн түйшүкчүл акындын баскан жолу айкын элестелет. Даана идеялык-көркөм эволюциясы бар. Ички күрөшке толо чыңалып, дайыма ийгилигине катаал карап, өсүү жолунда келаткан чоң мүдөөлүү чынчыл акын гана минтип жазалмак.

— Эй, оңбогон Табылды,
сен эмнеге жүрөктөргө сыйбаган
ой айталбай сындырасың шагымды?
Сага неге көптөр жакпайт, аз жагат?
Акындардын бардыгы
атып кетсе дейсиңби
ыр жазганда чамгарак?
Жүрөгүңдү катып коюп денеңе,
дугдулуңдап… болбогон бир иштерге
таманыңды жыртасың.
Качан эми чечесиң
Гамзатовдун буркасын?
Качан эми эскиртесиң
Лермонтовдун мундирин?
Неруданын деңизин качан сүзүп өтөсүң?
Деги курдаш, билесиңби сүзгөндү?
Кемең барбы андан да?!
Карайсың да баарын тик!
Качан эми саламыңды алик алат Назым Хик…
Түшүнбөйм сага: бир туруп
Пушкин менен өтөсүң.
Бир карасам Уитменди этектеп,
Лорканын чаңдатасың көчөсүн.
Деги сенде уят барбы? Ал барбы?
Өткүң бар го чжу-ов! деп
тоголотуп алптарды,
билесиңби кимдер алар?
Жүрөктөрүн айлап-жылдап ачкандар!
Жүрөктөрүн денесине жашырбай
чачыратып жылдыздай,
жер шарын бүт курчап калган асмандар!
Сен да асман бол!
Аалам бол!
Башка болсун жылдызың
Жашоо болсун айыңда!

Бул бирөөлөрдү туурап көйрөңдөнүп сөз үчүн айтып койгон сөз, убада үчүн берип койгон убада эмес. Башкаларга таасирдүү, акылдуу болуп көрүнөйүн деп жасалма каада күткөндүккө да жатпайт. Бул — акын болуунун түпкү сырын тереңдеп аңдап-билүүсү, бирден бир күтүнгөн идеалы, айныбай жүзөгө ашыра ала турган адабий программасы, өз күчүн өзү ачышы. Жалган иллюзияларын таптакыр күүп таштап, чыгармачылыкка нукура реалисттерче мамиле жасап, биротоло «кыйын жашап, жакшы жазууга» өткөн маалы.

Акыйкатта да Табылды Муканов өмүрүнүн соңку жылдарында чындап баралына жетип, акындык өнөрдүн өзүнчө бир бийиктигин алып, мыкты чыгармаларды жарата гана берчү формасына келип калган экен. Сөздөн ишке өтүп, өзүнүн асманы жаркыраган ай, жылдызга толо поэтикалык ааламын жаратууга катуу бел байлап, дембе-дем күчөп урунуп жатканда калеми колдон түшүптүр.

Анын кыргыз поэзиясына баалуу салым катары кошулчу оригиналдуу ырларынын дээрлик көпчүлүгү да жазылыш мезгили боюнча куду ушул жылдарга таандык. Айрыкча активдүү, жемиштүү иштегенин мындан эле билсек болот. Өлөр алды төрт-беш ай ичинде, 1982-жылдын декабры — 1983-жылдын марты, күнүнө бирден, кээде эки-үчтөн ыр чубуртуп турган. Болгондо да кандай ырлар дейсиң! Нагыз турмуштун үнү, адамдын татаал жан дүйнөсүн тереңден ачкан көркөм иликтөө. Акындын азыркы учур, келечек-прогресс, эл, жер, жашоо акыбети, тагдыр кайрыктары тууралуу интеллектуалдуу деңгээлде баштаган маеги. Алар китеп таасирлеринен сырт, жасалмасыз, табигый нукура жүрөктөн кайнап чыккан, сыр жашырбас ачыктыгы менен айырмаланышат. Профессионалдык маданияты жетишээрлик бийик.

Табылды Муканов изденгич, табышкер акын катары өзгөчө поэтикалык форма жагынан көзгө толорлук ийгиликтер жараткан. Ал эркин ырдын стихиясын эркин өздөштүрүүгө жетишкен. Бул жагынан улут поэзиябызда ким менен болсо да бетме-бет чыгып, тайманбай ат салыша алат. Бизде ак ырга же верлибрге салып жазып жана жазымыш этип жүргөндөрдүн тажрыйбалары менен ушул жыйнакты теңештирип окуп көргөндөр чындыкты издетпей эле өздөрү таап алышат. Р.Рыскулов, С.Эралиев, О.Султановдорго удаалаш баштаган эркин ырчыл жаштардын арасында эң ардактуу орун ушул Табылды Мукановго тиешелүү. Аны эч ким талаша албайт. Акын бирөөлөрчө эркин ырга жөн эле мода кууп кайрылган жок, жөн эле жазып-жазып келип, калып калган жок, ал форманын талашкыс сонун үлгүлөрүн берди. Кийинкилерге олуттуу сабак таштады. Эми анын өзүнчө жолдоочулары менен тууроочулары да чыгат…

Т.Мукановдун табылга-жосундары ыр түзүлүш өзгөчөлүгү, ритмика, муун-өлчөм, уйкаштардын гана алкагы менен чектелбейт, туюнтуу каражаттарынын бардыгынан көрүнөт. Жеке менчигине таандык жаңы метафораларды, салыштырууларды, образдык курулмаларды тапкан, ассоциациялуулукту өнүктүргөн: «Чаарала түн, асфальттуу жол төшү өгөө, а фарлардан аккан жарык кызыл-тазыл көшөгө: сен турасың жол жээгинде ак парафин шамындай, түн койнунда күн желеси өңдөнүп, эх, көпүрө боло калсам көчөгө!..» «Шейшеби жок кир төшөктөй кеч күздүн түнү муздак аңылдап! Жагымсыз шамалы да — куду эле кайгы чеккен кексе чалдын шуулдак үшкүрүгү, коюнуңа, кончуңа кирип келип чаңдатат сезимиңди — түпкүрүңдү, куудурайт жалбырактар сапырылып, бир гүлү жок, бир бүчүр жок чымчыгыдай, бул учур теңгелери чубуруп жаткан куду чөнгөктүн жыртыгындай». «…Ыр депгерим — академиям тырнактай өзүм ачкан! көз уялткан! барактары шарактап баары жаңы — илимий институттун каалгалары, бүтпөйт анда сөздөрдү бутактардай кыйыштыруу тажрыйбалары… Саптар куду илимий кызматкерлер ойлору кең асман сымак, ойлору оор жер сымак, сактап, коргоп аларды жаратамын кайрадан президенттей’ мен сынап!..» Мындай асыл берметтер шыгырайт…

Эки тилде шатыратып тең сүйлөгөн чечендей, акын верлибрде да, салттуу формада да өзүн бипбирдей эркин сезген. Верлибрде кандай ийгиликтер жаратса, классикалык нускада деле ошондой олжолуу. Болгон айырмасы, анда азыраак жазган. Экөөндө тең эле бир талант, бир сүрөткер, бир чебер, бирдей ишентет. Жетик көркөм табит менен жандуу тилдик туюм-сезимге эгедер, поэзияда жалган менен чынды илгиртпей ажырата алган окурман кантип эле акындын мына бул «Атчан кызына» бактылаш болгусу келбесин, башкаларга алмаштырат бекен?

Капталдай чуркап баратам
каректи сага топчулап.
Жалындай чөпкө жел тийсе
жалт берип атың кошкурат.
Кызыл кан качып жүзумдөн,
кыйла күн жүрөк буулуккан.
Карагер атың кант берсем
Карматар бекен суулуктан?
Этегиң желде. Илинүү.
Жыланбоор камчың салааңда.
Кекилик болуп ким чуркап
Келатат экен санааңда…

Асты сызылган саптарга жакшылап баам токтотуп, элестетип, кыймыл улап окуп бак. Чеберчиликтин кош тизгинин акын чү деп аттанып чыккандан эле колуна ала койгон эмес. Ага боортоктоп шактыга кирген көмүрчүдөй төбөсү менен жер казып, жети кат терисин жешилте иштеп, нечен мүдүрүлүп, түзөлүп, канча бир көнүгүү-машыгуулар жасап, көшөрүп, «сөздү сөзгө бутактардай кыйыштырып», сөз азабын тартып жүрүп, зор мээнет менен жеңип алган.

Табылды Муканов сөздүн толук маанисинде азыркы учурдун акыны болгон. Анда ойлоо өзгөчөлүгүнөн тартып лексикасына чейин бүгүнкү күндүн шарттары менен калыптанып, бүгүнкү күндүн шарттары менен жашаган бүгүнкү күндүн адамы турат. Баарын бүгүнкү күндүн адамы катары кабыл алып, бүгүнкү күндүн интеллектуалдуу адамы катары тушүнгөн. Ырлары азыркы доордун белгилерин чагылдырат. Саптарынан илимий-техникалык прогресс коштогон жандуу турмуштун күү-шаасы угулат. Акын бекеринен: «Үйлөрдү бири бийик, бири жапыз, морлорду бири узун, бири кыска, доошторун лайнердин, поезддин, трактордун киргизем саптарыма ылайык бул турмушка!» деп айтып жатыптырбы! Ошол «мээсинде илим ойногон» атом кубат, ракет канат, завод таман, чоюн кол балбан турмуштун табиятын ача турган буржугуй-булчуңдуу, ийкеми күч поэтикалык каражаттарды таап урунган. Ар кандай одуракай сөздер, татаал илимий терминдер мепен туюнтма-түшунүктөрдү да кадимкидей поэзиянын жандуу тилине айланта алган. Автордун лирикалык каарманы да ойчул, жаңылыкка опкок, түйшүкчүл. Ал ааламда илимден саясатка чейин болуп жаткан окуялар менен жакшы-жаман кабарларды жүрөгүнөн өткөрүп турат. Аны бул заманда эч нерсе кайдыгер калтырбайт.

Албетте, Табылды Муканов кээде жөпжөнөкөй эле туюнтуп койчу жөнөкөй эле нерсени деле аябай татаалданган метафоралар менен айтат. Тышкы жалтырактарга ашкере кызыгып кетет. Айрым түрмөктөрү метафоралар менен кооз сөздөрдүн топтому сыяктанып да калат. Кээ бир поэтикалык эксперименттери эксперименттин алкагынан чыкпайт. Ошондой эле белгилүү баналь ойлорду камкыш менен урулган дубалдын бетин жаркыраган түстүү плиткалар менен жаап салгансып, жалаң көркөм салыштыруулар менен образдык курулмаларга азем көшөгөлөтүп койгон учурлары да кездешет. Бирок ушунун баары жаңыны өздөштүрүүнүн кыйынчылыгынан улам пайда болгон чекене гана көрүнүштөр. Соңку жылдарда жазган ырларында ал өксүктөр жоюлуп калган экен.

Табылды Муканов бүткүл болмушу менен акын эле. Анда мүнөзүнөн баштап жүрүш-туруш манерасына чейин акындыктын белгилери жатчу. Бардыгын акынча жашаган: түз сөз айтса да акынча айткан, жаңылганда да акынча жаңылган, сүйгөндө да акынча сүйгөн, жек көргөндө да акынча жек көргөн. Баары үчүн акынча күнөөсүз, акынча айыптуу болгон. Ал адабий ыйманын да нукура акындарча таза сактаган. Кээ бир шылуун жулкунбай жаштарга окшоп ыр жазганды үйрөнө албай жатып, китеп чыгарууга, үч кишиге таанылбай жатып жазуучулар Союзуна мүчөлүккө өтүшкө жол издеп чуркабай, оболу жакшы ыр жаратып алуу керек экендигин ойлогон. Мансап күтүүгө эмес, поэзияга ак кызмат етөөгө кантип жетишүү керек деген маселеге жүрөгүн өйүткөн. Бүткүл өмүр жолу менен калтырган мурасы ушул ойду ырасташат. Ушунусу менен да көптөргө сабак берет, өрнөк көрсөтөт, көзүн ачат.

Табылды Муканов жөн эле ыр жазган акын эмес, акындык тагдыр күтө баштаган акын эле. Ага чоң башталмалар келип жаткан. Өзүнүн субъективдүү мамилелерин иштеп чыгуу жагы активдешип, чыгармаларынан личносту башбактап калган. Жеке стилин тапкан, бөлөктөрдөн кадимкидей айырмалап аласың. Тыныш белгилерин коюуга чейин өзүнчө кийлигишет, барында Мукановдун бузуусу менен түзөтүүсү.

Акын бир ырында «Өзүмдүн тагдырым да тарткандай эмес зымга» дейт. Ал тагдыр тек гана өмүр баянда калган эмес, ырларына да кирип турган. Көпчүлүк ырларынын таржымалы да зымга тарткандай эмес. Мындан он беш-он алты жыл мурда жаралган айрым мыкты ырларынын убагында таанылбай эми жарыяланып жатышы көптү айтып салбадыбы. Мына эми, өзү да өлгөндөн кийин признаниеге ээ болгону жатат. Дагы кандай тагдыр керек?! Бул жыйнак чыгаары менен «каны жерге тамбай» таланат. Буга жадыңдай ишенип коё бер.

Дегинкиси Табылды Муканов сөз өнөрүнүн түп табият-сыры менен акындык парзды эрте түшүнүп, эрте көзү ачылып, эрте жетилген. Бактысы экен, кыргыз поэзиясында өзүнчө бир күчтүү толкун көтөрүлүп, адабий атмосфера аябай катуу жанданып, чуулуу талаш-тартыштар чыгып турган учурда (60-жылдардын чок ортосу) чыгармачылыгын баштап, дал ошол кезде Университетке кирип калды.

Чоң чөйрөгө аралашып, чоң сабактар алды, айтыштарда ысымдары мисалга түшүп турган гигант акындардын баарын өз маалында окуп улгүрдү. Алдында ориентация кылчу үлгүлөрү, адашса багытын түздөп берчү тажрыйбалуу акылчылары болду. Ушулардын баары ага эртелеп өзүн өзү издеп, өзүн өзү таап, өз жолун өзү чаап кетүүсүн шарттаган.

Табылды Муканов — сабаттуу окурмандардын акыны, кечегисинен бүгүн түшүнүктүүрөк, бүгүнкүсүнөн эртең көбүрөк окулат. Анын аты мезгил менен кошо өсүп, мезгил менен чыгат. Ал сөздүн кеңири жана тар маанисинде стих-ырдын акыны, бүткүл ойлоо стихиясы ошого ыңгайлашып калыптанган. Обон менен ырдалбаган да поэзия болобу деп ойлоо — бир жактуу тар түшүнүк. У.Уитмен, Г.Апполннер, В.Маяковский, П.Неруда, Н.Хикмет, Э.Межелайтис сыяктуу дүйнөлүк алптардын ырларына кайсы композитор обон чыгарып, ким ырдап жүрүптүр? Же ошондон алардын популярдуулугуна доо кетип, кичирейип калышыппы? Билгиңер келсе Табылды Мукановдун ырларына башка обон чыккан. Өзүнөн угалычы: «Ырыңа обон неге чыкпайт деп капа болбо, обонун ырларымдын небак эле чыгарган жаратылыш жана турмуш!» Туура жооп.

Акын кыска сапарында узун өмүрүн жасады. Өзүнүн мукановдук стиль, колорити бар, жекече архитектуралык чечилиштерге бай, жакшынакай поэтикалык имаратын тургузуп кетти. Анын пайдубалы бекем, нечендеген мезгил сыноолоруна солк этпей туруштук бере алат. Азыркысынан да келечегине көбүрөк кам көрүлгөн, бактысы ошол жагында. Анткен менен ал имараттын ич бөлмөлөрүндө кем-кетиктер калган, айрымдары жарым-жартылай бош, айрымдары жарым-жартылай аземделген, жарашыгына ылайык керектүү буюмдар киргизилип, жай-жайына коюлган эмес. Баарын ойдогудай жасалгалап, айланасын гүлбактап чыгууга акынга шум ажал тоскоол болду. Бирок ошол оңдолуп, толукталчу жерлердин ордулары белгиленип, түшүрүлгөн чиймелери көрүнүп турат. Аларды баамчыл окурман өзү толуктап улап, өз логикасы менен маани-жайын бузбай окуп алсын…

Бул жыйнакка акын бизге таштаган мурастын баары эле кирген жок. Ченелип берилген көлөмгө ылайык бир топ ырлар алынып ташталды. Кээси жөн эле редактор менен рецензенттин сын элегинен өтпөй калды, көбүнчө алгачкы тажрыйбалары. Мурдагы китептерине жарыяланган чыгармалары кошулбады. Балдарга арналган татынакай ырлары да өзүнчө китеп болуш керек, котормолору бар. Калемдеш досторунда каттары жүргөн чыгар. Эми ошолордун баарын чогултуп, тартипке салып, акындын келечекте өзүнчө томдугун чыгаруу жөнүндө камылга көрүшүбүз зарыл. Орусчага которуу жагын колго алуу милдети да кошо турат. Акын өз парзынан абийирдүү кутулду, айтчу сөзүн айтып, ачар дүйнөсүн ачып кетти. Эми аларды кастарлап күтүп алуу жагы — биздин карызыбыз.

Табийгаттын катаал мыйзамына айла барбы, бир улуу ырчы айткандай, «ак-каранын ичинде ар кыл өмүр сүрүп» жүрүп, өлчү адам Муканов өлүптүр. Ага бизден пенделик таазим. Эми кийинки муундарга карай аттанган акын Табылды Мукановго АК ЖОЛ!

Кадыркул ДАУТОВ, филология илимдеринин кандидаты.

Август, 1985-жыл.

Эскертүү: Белгилүү адабий сынчы К.Даутов агабыздын бул жолдомосу акын Табылды Мукановдун «Жан дүйнө» аттуу китебине жазылган баш сөз… Ал эми Т.Мукановдун аталган жыйнакка кирген тандалма ырлары менен «РухЭш» сайтынан жакында тааныша аласыздар.

Табылды МУКАНОВдун тандалма ырларынан