ЖАПАРБЕК Азат: АЗИЗ НЕСИН: ТОКМОК ЭЛЕ ЖЕГИМ КЕЛИП КАЛДЫ…

Которгон Азат ЖАПАРБЕК

АҢГЕМЕ

Автобустун ичи жык-жыйма болчу. Ичинде кетип бараткандардын бирөө жаңылышып, башка транспортко түшүп алгандай эле. Автобус эмей эле, тез жардамга түшсө болмок. Сол колу бинт менен чүргөлүп, жоолук менен мойнуна илинген эле. Башы да таңылган болчу. Бир көзү көгөрүп шишип, берки көзүнүн ичи канталап кеткен экен. Таягын таянып алып, оозуна чейин толгон автобустун ичине бата албай кыйналып жүрөт. Улам сайын:

— Ох… Ааай!!! Кокуй!!! – деп кыңкыстап коет. Бери жактан карап турган кишиге автобус токтору менен анын колу-буту, бүт тулку бою чачылып кетчүдөй эле.

Отургандардан бирөө боору оорудубу, орун бошотуп берди. Ай-ийлеп барып көчүк басты. Жер бергенге кайрылып:

— Алла ыраазы болсун, — деп койду. Жанында отурган киши аны таанып калды.

— Ассалоому Алейкум, Салман аке!

— Ох… Иий…Ваалейкум салам, Шарапиддин… Ох!.. Кокуууй, такыр эле оңбой калдым окшойт…

— Ии, эмне болду деги?

— Ай, эмнесин айтайын, үч айдан бери ушинтип…

— Оо кудаа! Деги батыраак сакайып кетиңиз. Эмне болду, ооруппу?

— Эх! Ушу оору болду окшойт. Ооба, оору эле. Оо кокуй, кудай!…

— Кудаа! Доктурга көрүндүңүзбү деги? Эмне дешти?

— Ай, акырын айдаса боло, кокуй!.. Доктурларга көрсөтчү деле нерсе эмес, алар мындайды айыктыра албайт… Ой, кокуй… кудайдан мындайды душманыма да каалабасмын. Кокуй, болгон жерим бөлүнүп кетчүдөй болуп ооруп атат. Жамбашты да кыймылдата албай калдык….

— Доктурга барбасаңыз болбойт ко, Салман аке. Жок дегенде бир жума жатып дарыланышыңыз керек.

— Ал жактагылар айыктыра албайт. Жиндиканада эле айыкпасам… Жугуштуу да экен… Жанындагы Шарапиддин акырын кетенчиктей берди.

— Анда көчөгө чыкпашыңыз керек…

— Эх, чыкпай гана тура алганда кана, айтып коюш оңой да. Сен өзүң бир ооруп калчы,  чыкпай көр, көрөйүн. Мага баламдан жукту…

— Ал дагы ооруп атабы?

— Аныкы меникинен беш-бетер. Меники чаңында эле калат… Оо, кудай!!! Кандайча ооруп калдым дебейсизби… балам мектепти такыр эле бүтүрө албай койду. Тогузунчу класста эки жыл катары менен калып калды. Онунчуга келгенде дагы ошол болду. Экөөндө тең топтун айынан. Ай, оххх!!! “Э, балам, таштачы ушул тобуңду” десем, “Кантип таштайм, ата?” дейт. “Оо, кудай, деги келечегиң эмне болот?” десек дагы болбоду, аны койдук, жашоо-турмушу да оңбой калгыдай. Топ ойногон күнү эле кечинде согушка катышкансып, тамтыгы чыгып келип калат. Кудай жалгап, бир күнү сол буту сынып, топ ойной албай калды. Айла жок кудайга шүгүр дейт экенсиң, ойной калса эле оңбой, өлүп калышы мүмкүн. Жок дегенде буту сынса да жалгыз уулубуз ушул балээден кутулсунчу дедик. Ээй, айланайын акырын айдачы бираз! Ах!!! Анан көп өтпөй эле кайра жиндилиги кармады.

Топ ойногондорду көргөнү барбаса тура албайт. Анкарада футбол болуп жатса Анкарага, Измирде футбол болсо ал жакка деле кетип калат. Барса мейли дечи, келгенде эле “күп” этип төшөккө кулайт. Сүйлөй албай, үнү бүтүп калмай болду. “Ай, балам эмне үнүң чыкпай калган?”, “Кыйкыра берип, ата”, “Анда ченеп кыйкырбайсыңбы?”, “Ай, ата, айтканга оңой. Сен кошо келчи, кыйкырбаганыңды ошондо көрөйүн…”. Бир күнү башы жарылып, бир күнү мурду сынып, бир күнү көзү көгөрүп келет. “Ээ, кокуй балам, эмне болду деги?”, “Стадиондо согуша кеттик…”, “Андайлар боло берет дечи, бирок согушпай койсоң деле болот да…”, “Ай, ата айтып коюш оңой, сен да келсең көрөт элем согушпай койгонуңду…”

Деги эмне балээ болгон оюн? Антпечи, минтпечи десең эле “Ой, атаке, кантип? Сен келсең көрөр элем антпей коеруңду” эле дейт. Бир жолу аны милициядан чыгарып келдик. Мачта согуша кетип түшүп калышыптыр. Эки-үч жолу ооруканадан чыгарып келдик. Акырында ага жалынып-жалбарып калдым. “Ай, айланайын балам! Кудай урбадыбы, жок дегенде өз жаныңды аясаң боло? Бир күнү ушинтип кете берсең ким жооп берет?”. “Атаке, билем жаман адат болду, бирок токтото албай атпаймынбы… Ооз менен айтып коюш оңой экен. Бирок токтотуу кыйын…”. Ошентип, мен да кызыктым да, күндөрдүн биринде “Кана, мени да ээрчите барчы ушул оюнуңа” дедим. Ээрчишип чогуу бардык. Оюн башталды. Мага эмне, кайсы тайпа жеңсе да баары бир. Оюнчуларды койдум, аларды сүрөп отурган элди карап, мыйыгыман күлүп отура бердим. Бир кезде эле тиги күн чыгыш жактагы дарбазага гол кирип кетти. Болгондо да иттей сонун… бирок тиги оюндун башында турган калыс кашайып санабай койду. Башынан эле адилетсиздикти жек көрөм. Чыдабай кетип “Фууу-фууу!!! Калыс кетсин!!!” деп кыйкырып атыптырмын. Мен эле эмес башкалар деле. Бир кезде эле арка жактан бирөө “Калыс туура эле кылды, гол эмес болчу” деген үн чыкты. “Ой, койчу, жаныңды жебей, соп-сонун эле гол болчу. Тиги командадан акча алса керек” дедим кыртышым сүйө бербей. Ал мага “Энең, кантип эле, ошондой да гол болмок беле?” деди эле, мен кайра “Кыйраттың, атаңдын гана чокусу!” дей салдым. Биринчи жолу оюнга барып атканым үчүн тартип, усулун билбей калдымбы ким билет, негизи бирөө бир нерсе айтса жооп кайтарылбайт экен. Жооп кайтарарым менен эле тигиниң тумшуктан ары бир салды, мен болсо жерге тоголонуп-жумаландым. Кудай жалгап, ортого эл кире калып, бөлүштүрүп калышты. Болбосо, былчыйып эле калмакмын. Жыгылып калып, мурдуман шорголоп кан жая бергенде, ары жакта турган балам келе калат ко десем, кайдан… Мен ага “Ай, балам, келчи бери” деген сайын:

— Ий, ата, кое турчу, гол кирген атат, — дейт.

Мурдума кол арчымды тыгып алып, өйдө турдум. Анан болбогон жерден голу саналбай калган тайпага жан тарта баштасам болобу. Ошол тайпада ойногон бирөөнүн бутуна топ илине калса, тим эле топ менин бутума тийгендей толкунданып бутумду шилтей калам десең… анан кайра эсиме келе калып, эмне жинди болуп баратамбы деп токтолуп калам. Ошентип, бир саамга тургандан кийин эле кайра өзүмдү жоготуп ийип, топту жалгыз мен тээп аткансып кайра бир шилтеп жиберем. Жөн эле тебинип туруп калсам кана, тим эле тиги дарбазанын торлорун айрып барып, ракетадай болуп айга чейин жетип барчудай тебем десең. Ушинтип канча жолу тебиндим, ким билет… Бир кезде эле иттей тырышып туруп, алдымда турган кишинин жамбашына бир тепкен экемин. Ага “Ой, кечиресиз…” деп, актана карай кеттим. Ал болсо “Ой, эч нерсе болбойт. Мындай жерде боло берет андайлар. Андан көрө гол киргени калды, ошону көрөлү” деп койду.

Көп өтпөй эле артыман бирөө жамбашка тепти. Жөнөкөй тепки болсо мейли дечи, көзүмөн от чагыла түшпөспү. Ошондо араң түшүндүм: мындай жерде жамбашка тепкилешүү деле жаман иш эмес экенин. Карасам, баары эле бири-бирин жамбашка тээп коюп турушат. Эми атайылап тээп аткан жок да. Сени таанып, кас болуп жүрсө бир жөн. Толкунданып кеткенинен, топ деп сени тээп алганы да. Ишенүү кыйын, Шарапиддин аке. То-обо! Топ сенден бир километр ары жакта, а сен бери жактан эле тебинип жинди боло бересиң десең. Биз ошентип тебишип эле жатып калдык. Алар мени, мен аларды. Бирок жүрөктө кенедей жаман ой жок. Андайда адам токмок жегенин да билбей калат экен. Бир кезде эле биздин дарбазага гол кирип кетти. Тиги бети жок калыс мунусунда голду санап койду. Мен мындайга такыр эле чыдабай кеттим. Өкүрүп-бакырып:

— Эшееек! Өлүп кееет! – дей бердим.

Өзүмдү токтото албайм, бүткөн денемди калтырак басып кетти. Жанымда бирөө газдалган суу сатып жүргөн экен. Анын колунан бөтөлкөлөрүн жулуп алып, калысты көздөй ыргыта баштадым. Дагы жакшы, бөтөлкө экен, бомба болсо бомба деле ыргытмак окшойм. Эл толкуп, көтөрүлө кетти. Гол беле, гол эмес беле дегиче болбой, ошол жердегилердин баары бири-бирин жакадан алып, согуша кетти. Бирөөбүз калбай, жакалашып жүрөбүз. Мен болсо кандай болуп кетти ким билсин, муштумду түйгөн бойдон он жаштагы бир баланы тоголото чаап, үстүнө чыгып алып муунта баштаган экенмин. Болбогон жерден бирөөнү өлтүргөнү жүрөм. Кудай жалгап ал бала “Ай акебай, мен силер менен чогуу бир тайпаны колдоп атпадым беле?” деп үлгүрүп, аман калды. Аны кое берерим менен аркаман килейген бирөө келип басып алды. Койгулай берди, койгулай берди, ии! Балам келеби дейм, кайдан! Эчак талаага чуркап барып, калысты баса жыгылып былчылдатып атыптыр. “Милицияяяя!” деп бакырсам, аларың да былчылдашып жүрүшүптүр. Кээси оюнчуларды тепкилеп, кээси элден токмок жеп жүрөт. Айла жок үстүмө чыгып алып койгулап аткан дөөгө “Эй, акебай, кое турчу деги, экөөбүз тең бир тараптык болуп калбайлы” дедим, бир тараптык болуп чыктык дечи. Бирок ал бети жок үстүмөн түшчү түрү жок. “Мен эми тиги тайпанын балдарын кайдан тапмак элем” дейт уялбай. Кайра койгулай баштаганда, чыдай албай калып, араң качып кутулдум. Карасам, ары жакта бирөө жакалашканга киши таппай калып, тосмонун тактайын тиштегилеп жүрүптүр.

Анан бир топтон кийин эл эсине келе түштү окшойт, оюн кайра башталды. Биздин оюнчулардын тарапташтары кайра күпүлдөп сүрөп кирдик. “Алга, алга, алга! Биздин тайпа, алга!”. Бакыра берип, үнүм да бүтүп калыптыр бир кезде. Эмне кыларды билбей ары жактагы бирөөнү көрүп мен да отургучтарды ургулап кирдим. Даана чыр ошондон көп өтпөй эле башталып кетти. Тээ талаада жүргөн эки оюнчу уруша кетти. Биз да бири-бирибизге жармаштык да калдык. Бирөө мени буттан көтөрүп, ары ыргытып ийди. Учуп баратканымды бир билем. Андан кийин “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болду… эсиме келсем, ооруканада жатыптырмын.

Шарапиддин:

— Аа, кокуй, эми түшүндүм.

— Ошону менен эле бүтүп калса кана. Эртеси күнү биздин команда башка бир команда менен ойномок экен. Эми токтоно алсаң баатырсың. Айтып коюу оңой. Сен ордумда болгонуңда көрөт элем. Байлап коюшса да тура албайсың. Ай, оххх! Акырын, ай!

Автобус токтору менен Салман акенин таңылган колундагы баштык түшүп кетти. Эңкейип аны алаарында:

— Бул добулбас. Бакырып-айкыра берип үнүм чыкпай калганда ушуну ургулап турайын деп алып алдым.

Автобус токтоду. Колу-башы таңылган орто жаштардагы киши акырын ордунан туруп:

— Макул, эми Шарапиддин аке! Көрүшкөнчө! – деди.

— Каякка азыр? Доктурга барасызбы?

— Ой, кайдан? Оюнга да… ай, оххх!…