ЖАПИЕВ Жылкычы: ЖЫЛКЫЧЫ ЖАПИЕВ: КИЧЕНЕКЕЙ АЙНЕК ИЙДИШ

АҢГЕМЕ

Бул үй бүлө төрт адам. Кыз, уул, анан алардын ата-энеси. Улуусу эркек – Арман. Кызы – Үмүт.
Эрди-катын бир нече жыл балалуу боло албай жүрүп, ушул уулу төрөлгөндө арманыбыз чыкты деп баланын ысмын Арман дешкен. Үмүтүбүз акталды, турмушубузда жакшылыктар боло берсин деп кызын Үмүт коюшкан.
Атасы профессор. Тилчи. Тил боюнча окуу китептери бар.
Ал ооруп калды. Оорусу өтүшүп кетиптир дешти. Төшөк тартып калгыча ишин таштаган жок. Бирок лекцияны мурдагыдай окуй албай, күйүгүп кетет. Оорусун студенттерге билгизбейин деп чымырканып жүрдү. Студенттер небак эле билип алышкан анын кеселдеп калганын.
— Жатып калса экен,- деди студенттердин бири.
— Өлөт го,- деген дагы бири.
— Өлтүрүп эмне кыласың, сага эски боз костюму артмак беле, — деген студент кыз курсташ жигиттин сөзүн жактырбай.
— Сессияда кыйнаганын айтам, — деген жигит.
— Өзүңдө күнөө окубаган,- деп кыз бетине айткан.
Кээ бир студенттердин тилеги кабыл болду; Сады институтка бара албай, жаны менен алек болуп калды. Ооруканада жата берип, жадап кетти. Күчтөп дарылашканы менен жылыш болбоду, төмөндөгөңдөн төмөндөй берди. Үйүнө эки жолу чыгып, кайра эле келген. Үчүнчү ирет ооруканага баргысы келбеди; жылыш болбогон соң аерде жата бергенден майнап жок экен деп ойлоду. Садыны ооруканадагы догдурлар деле күткөн эмес. Оорусу айыкпас болгондон кийин кеселмандын үйүндөгүсү жакшы буларга.
Сады улам алсырай берип, акыры төшөк тартып калды. Мурда айыгып кетермин деген ой менен догдурдун айткан дарыларын калтырбай ичип жүрдү, кийин дарыдан тажады. Табыптарга түштү, мындан дабаа болгон жок чыгымдан бөлөк.
Институттан кеткенине беш ай өтүп кетти. Ушул беш ай беш кылымга, бир күнү бир жылга татып турду.
Сады күндө кызын күтөт жалдырап.Үмүт окуусунан келип эле атасынын жанына отурат.
— Ата, кандай болуп калдың?- деп сурайт күндө.
— Жакшымын,- дейт атасы өйдө обдула кызынын келгенине сүйүнүп.
Кызы адегенде чындап эле жакшы болуп калган экен деп ишенип жүргөн, бул жөн эле көңүл жубаткан сөз экенине анан түшүндү.
Кыз атасынын каруусуна жөлөп ордунан тургузуп, жөлөп-таяп ары-бери бастырат.
— Кыймыл болбосо муундар катып калат,- дейт кызы.
— Ыракмат,- дейт атасы кызына ыраазы болуп. — Басканга эки көзүм төрт, каруу жок. Апаң болгондо…
— Анда балким оорумак эмессиң,- деди кызы.
Төшөк тартып калгандан бери Садынын оюна көп нерселер келчү болду, тээ капкайдагыны эстейт. Эстегенде да бардыгы ирети менен майда-баратына чейин элестейт. Бүгүн жети жыл мурда кайтыш болгон аялын эстеген. Айна тирүү болгондо балким оорумак эмесмин деп ойлогон. Кызы да ошону айтып отурбайбы.
Айна институтта дене тарбиядан сабак берчү. Жаш кезинде сууда машыккан. Рекорд коюп, чемпион болбосо да шаардын биринчилигине катышып, дайым байгелүү орундарды ээлеп келген. Институтта сууда сүзүүдөн инструктор.
Сады экөө жайкысын жылда Ысык-Көлгө барып эс алучу. Сууга сүзгөнгө күйөөсүн өзү үйрөткөн.
Экөө катар сүзгөндү жактыра турган, экөө сүзүп кете беришип, кете беришип, бир кезде Сады кайра артка кайтат. Айна көздөн кайым болуп көрүнбөй калгыча сүзүп, көптөн кийин кайрылчу. Сады жээкке жетип, аялын күтүп отура берет. Адегенде кечиккенине чочулап жүрдү.
— Сен антип алыс кетпе,- деген биринде.- Ар нерселерди ойлойт экенсиң.
— Коркпой эле кой, бул көлдө крокодил болбойт,- деген келинчеги.
— Акулачы?- деген эри тамашалап…
— Ал да жок. Адамдардын акуласы болушу мүмкүн.- Келинчеги да тамаша менен жооп берген.
Кийинки жылдарда күйөөсү көнүп калды, жээкте күтүп отура берет. Айна бир кезде, көптө келип, демин басып, далайга эс алат.
Мындан жети жыл мурун Айна сүзүп кеткен бойдон өзү кайра сүзүп келбеди. Арадан үч саат өткөндө Сады кооптоно баштады. Төрт саат өттү, Айна кайрылбады. Күн бешимден ооп кетти, Сады коопсуздук кызматына айтты. Моторлуу кайык минип, үчөө көл үстүндө зуулдап, Айнаны издеп жүрүштү. Табылбады. Караңгы киргенде издөөнү токтотушту. Эртеси таң кылайып атканда издөө кайра башталды. Бу жолу моторлуу кайыктан үчөө көл үстүндө кыйма-чийме зуулдап жүрдү, биринде Сады да бар.
— Сүзгөндү билбегендер жээктен алыстабоо керек эле,- деди куткаруучулардын бири.
— Ал сууду сүзүү боюнча институтта тренер,- деди Сады.
— Анда бир кырсык болгон го,- деди куткаруучу.
Ана табабыз, мына табабыз менен күн заматта өтүп кетти. Эртеси да табылбады. Аялынын тирүүлүгүнө Садынын үмүтү эми четинен кетиле баштады.
Төртүнчү күн дегенде Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы Барбулак пансионатынын жээгинен табылды. Түнү шамал болуп, толкун өлүктү тээп салыптыр. Ичи сууга толуп, чаначтай тарсыйып кетиптир. Медициналык сот эксперти суудан аялдын эки бутунун тарамышы түйүлүп калып, чөгүп өлгөн деген жыйынтык чыгарды.
Сады мындан аркысын: балдары менен ыйлап-сыктагандарын, Айнанын сөөгүн үйүнө алпарып, тууган-туушкандары чогулуп көмгөнүн эстебөөгө аракеттенди. Оюн улам чулгуп, өмүрүндөгү жакшы күндөрүн элестөөгө аракеттенди. Бирок ою уйгу-туйгу түшүп, ошол кайгыдан арыла албады. Көзүн ачып-жумуп, ал элестерди бир жакка, мээсинин бир кычыгына адаштырып салууну көздөдү. Ошентип, ою менен алпуруша берип, далай убакыт өтүп кеткен.
Бир кезде о, илгери, илгери эмей эмне, беш жыл мурдагы бүтүрүүчү курста окуган бир кыз эсине түштү. Сады буга сүйүнүп алды. Ал кыз сулуу эле, ашык болгондор көп. Кыз өзүнүн сулуу экенин, көп эркектердин көзү түшүп, шилекейлери агып турганын жакшы билчү. Ал ансайын кылыктанып, назданып, кылтыңдап эркектаналардын көздөрүн күйгүзүп турар эле. Сады андан көп улуу, мугалими болуп туруп ал сулууну карагандан тажачу эмес. Бир нерсеге капаланып, түйшүк тартып, маанайы түшүп турганда ошол кызды эстегенде көңүлү көтөрүлүп, каны дүргүп, шайма-шай боло түшчү.
Сады ал кызды сүйгөн эмес, атүгүл аны менен жакын мамиле түзүүнү каалабаган, болгону кыздын чырайына гана суктанчу. Табияттын мындай сыйкырына там берчү. Бүгүн да ошол кыз эсине түшкөндө бир сүйүнүп алган. Сүйүнүчү ооруга сеп боло албаса да убактылуу алаксый түшөт. Эртең да ошол чырайлуу кызды эстейм деп дагы бир сүйүнүп алганда Үмүт келип калды.
— Бүгүн ыраматылык апаң эске түштү,- деди атасы.
— Ооруп калганыңды арбагы көрүп, сезсе керек. Аяп аткан го…
Атасы кызына көптөн бери айталбай келаткан бир өтүнүчү бар. Күндө эртеңкиге калтырат. Батынып сурай албай жүрөт, аны бир эбин таап айтпаса болбойт. Адеп укканда кызы так секирип, капаланышы турган кеп. Андыктан чочутпай угузуу керек. Ал сырды экөөнөн бөлөк жан укпасын.
Сады ал сөздү бүгүн айталбады. Адатынча эртеңге калтырды, эртең сөзсүз айтамын деди. Уулу жумушуна, кызы окууга кеткенде Сады үйдө жалгыз калат. Жалгыз калганда өз оюнда кызы экөө сүйлөшүп, кызы атасын туура түшүнүп, мүдөөсүн аткарат. Анан, кийин атасы өлгөндө кызы көп деле ыйлабайт, атасы бейишке түптүз чыгарына ишенет. Муну Сады күн сайын көзүнө элестеткени менен ал сөзү күндө айтылбай калат. Ошол күн өткөн сайын оорусу дагы күчөп, ахбалы оордой берди. Өзүнчө ордунан туруп, басалбай калды. Күндүзү көзү алаксып, убакыт тезирээк өтөт; үйдүн бир ыптасында тирелип кырынан коюлган китептердин кайсыдан кийин эмне китеп турганын, автору ким экенин жатка билет; окууну бүткөндөрүнө он жыл толгон мааракеге чогулган мурдагы студенттери кураторуна тартууга беришкен узундугу бир метрге жакын, туурасы жарымдан ашыгыраак “Кеч күз” аттуу полотнодо канча дарак, алардын жалбырактарынын сарысы канча, жашылы нечөө, бутактарынын санына чейин жаттап алган. Ал да кызыксыз азыр. Мурда күндүзү буларды бирден санап чыкчу. Түндөсү уйкусу качканда аябай кыйналып жүрдү. Күн баткан менен таң атпайт. Түн узарып кетти.
Кеч кирип, караңгы коюуланган сайын кеселмандын маанайы бузула баштайт. Түнү оорусу күчөп, алаксыш үчүн сааттын чыкылдаганын санайт. Санай берип уктап калып жүрдү. Ойгонуп кайра санап кирет. Жүз… миң… беш миң… жыйырма миң… Көбүнчө сандан адашып калат, анан кайра башынан баштайт…
Саат чыкылдагын санап атканда ушул түн, ушул санап атканы акыркы түнүнүн санагы болбосун деген ой кетет. Адегенде бул оюнан чочулап, коркуп жүрдү, өлүм деген аябай сүрдүү, коркунучтуу туюлду, кийин, «ушул түнү ушинтип саат чыкылдагын санап, жымжырт тынчтыкта өлүп калсам экен” деп тилей баштады. Андан бери саат тынбастан чыкылдаганы менен Садынын ажалы жакындабаган шекил.
Сады адегенде жыйырма миң чыкылдакка жетпей өлүп калсам экен деп ойлогон, кийин ал санды улам азайтып, беш миң, үч миңге кыскартып көрдү, бирок бул сандарга тез эле жетип калып, кайра узак сандарга оогон.
Өзү туруп баса албай калганы аз болгонсуп, эми үнү да пастап, шыбырап калды. Догдур үч күндө бир келип, дары-дарымектерин тууралап, оорулуунун ахвалын көрүп кетет.
-Ушул дарыларды эрте менен, анан кечинде бересиңер, булар адамдын ткандарын кубаттандырат,- деп догдур оорулуунун кызына бир топ дарыларды апкелген.
Догдурдун дагы бир келгенинде Үмүттү атасы тышка чыгарып жиберип:
-Айтыңызчы, дагы канчага жашайм?- деген.
— Баарыбыз кудайдын берген жашын жашайбыз, — деген догдур жигит күлүп.
— Жашырбай айтсаңыз,- деп Сады жалдырап сураган.
— Бир кудай билет,- дейт догдур ийнин күйшөп. – Сиздин кеселиңизден айыгып кеткендер көп. Сиз деле айыгып кетесиз…
-Айыккым деле келбей калды.- Сады чынын жашырбады..
— Антпеңиз,- деди догдур жигит. –Айыгасыз. Ажеп эмес…Түңүлбөңүз…
— Мен сизден бир нерсе сурайын дедим эле, мүмкүн болсо…
— Айтыңыз, колдон келгенин аянбайм…
— Мага ичкендей…Эч кимге айтпайм… Төлөп берейин…
— Бул дарылар сизге камсыздандыруу компаниясынан бекер берилет. Сиздикиндей дартка азыр дүйнөдөгү эң күчтүү дарылар болуп ушулар эсептелет. Кабатыр болбоңуз…
— Аныңа ыракмат, уулум. Мен бөлөктү сурайын дегем…
— Айтыңыз. Аянбайбыз.- Догдур жигит кулак кагып калды.
Кеселман эрдин кыбыраткандай болуп калды, бирок догдур уккан жок.
— Сиз эмне, уу дейсизби?!- деп догдур чочуп кетти артка бир кадам кетенчиктеп.
— Акырын,- деди кеселман каалга жакка көз таштап. Кызы угуп калбасын деген окшойт. Бу жолу үнү мурдагыдан бекемирээк чыкты.
— Сиз… сиз…кантип…- Догдур эмне айтаарын билбей калды.
— Төлөп берет элем,- деди Сады жалдырай карап.
— Мындай маселе менен мага кайрылбаңыз,- деди догдур эми эсин жыйып.
— Кечиргейсиз,- деди Сады. Бирок сөзү угулган жок. Эрдинин кыбыраганынан догдур оорулуунун оюн түшүндү.
Анан догдур жигит коштошкон болуп башын ийкеп, тышка чыгып кетти.
Кыз сырткы бөлмөдө отурган.
— Атам эмне деди, доктор?- Кыз ордунан лып тура калды.
— А… жөн эле…- Догдур жигит эмне айтаарын билбей калды алактап. Кыз атасынын өтүнүчүн билет турбайбы деген ой кетти. — Өзүбүзчө,- деп башын ийкеп алды жалгандан жылмайып.
— Атам өлүмдөн коркпой калды, доктор,- деди Үмүт үнүн пас чыгарып. Догдур унчукпады. “Атасынын оюн билет экен” деген оюн бышыктады.
— Мындай кеселден айыгып кеткендер көп,- деди доктор. Бөлөк сөз оозуна келбеди.
— Атам өлүмгө моюн сунуп калды,- деди кыз.
Доктор оорулуунун цианид калий сураганын кызга айта турган болуп, оозун таптап барып токтоп калды.
— Бирдеме айтайын дедиңиз беле, доктор?- деди кыз.
Доктор эки колун жайып:
— Аны өзүңүз деле билип турасыз,- деди.
Кыз башын ийкеди.
— Анда көрүшкөнчө,- деди доктор сыртка чыгып баратканда.
“Шайтан түртүп, кыз атасына уу алып келип бербесе болду. Анын жарым жылдык өмүрү бар али…”
— Доктор эмне деди? – Кызы бир нерсени билгендей сурады кирип келип.
— Эчтеме,- деди атасы кыска. Күнөөлүү болуп кызын тике карай албады. “Догдур айтып койгон экен” деген ой турду.
— Сага бирдеме айттыбы?- деди атасы.
— Мындай дарттан айыккандар көп деди.
— Бөлөк эчтеме дебедиби? – Атасы оңдонуп, турмакчы болуп обдулуп, бирок ордунан бир нукум да козголо албай тынчып калды.
— Өйдө тургузайынбы?- деди кызы.
— Жок. – Атасы баш чайкады.
Ушуну менен экөөнүн сөзү бүттү.
“Догдурдун айтканы келип, атам оорусунан айгып кетсе сонун болот эле,- деп ойлоду кыз. – Догдур экөө эмнени сүйлөштү экен?”
— Арман иши боюнча эртең Пекинге кетет,- деди кызы.
“Уктум, түшүндүм” дегендей атасы башын ийкеп койду.
— Бир жумага,- деп кызы кошумчалады.
Уулу кеткенден кийин айтайын деп ойлоду Сады ичинен.
— Оорудан тажадым,- деди атасы. – Силерди да кыйнадым…
Кызы укмаксанга салды.
“Арманга бир ооз айтып көрбөймүнбү” деген ой кылт этти кеселмандын көкүрөгүнө.
Эртеси уулу Пекинге он күнгө кетти. Сады айтам дегенин айталбады, кызына айтмай болду.
Түнү кеселман кыйналып чыкты. Күн чыга догдур чакыртып, морфий сайдырды. Аздан соң жаны жай алып, көшүлүп кетти.
Сады көптө барып ойгонду.
— Ата, ойгондуңбу? Түзүгүрөөк болуп калдыңбы?- деди кызы отурган жеринен.
Атасы бирдеме айтты. Кыз түшүнбөдү.
— Уккан жокмун,- деп жанына келди.
— Сен, кызым мага бир жакшылык кыл,- деди Сады.
Кызы кулак түрүп калды.
Сады сурайм деген ууну сурай албай койду. Эрки жетпеди.
— Өйдө кылып койчу,- деди. Деп алып, айталбаганына жини келди.
Кыз атасын өйдө отургузуп, артына эки жаздыкты катар койду.
— Мынча кыйналбай кете берсем жаным жыргап калат эле,- деди атасы шыбырап.
— Каякка кетип?- деди кызы түшүнүп турса деле.
— Тиякка, кетип бараткан жагыма,- деп атасы ээк какты.
Кызы бул сөздү укмаксанга салды.
Атасы мүрт өлүмдү жактырчу.
“Өзүң кыйналбай, элди да кыйнабай тырс этип кетип калганга жетеби?”- дей турган.
Оорусу жаңы башталганда эле ушуну айткан. Адеп укканда уулу менен кызы чок басып алгандай секирип кетишкен. Андан кийин да көп жолу айтты. Кийин уулу менен кызы бышыкулак болуп, унчукпай калышкан. Алар бул сөзүнө макул болушканын же жактырбаганын Сады биле албай койду. Оорусу бир аз пастай түшкөндө көзү илинип мемиреп бараткананда “ушул уктаган бойдон кете берсем сонун болот эле” деп ойлойт. Мурда уйкусунан ойгонгондо сүйүнүп кетчү. Анан оору менен кармашы башталат. Мындай кармаштан Сады жадап кетти. Кармаш, кармашпа, дарт күч ала берди. Сады эмес, дымагына эт бышкан не бир менменсингендерди алып түшкөн бул дарт. Ушул оорунун дарысын табамын деп өмүр бою тыным билбей иштеген окумуштуу-академиктердин далайын бул кесел тырайтып салган. Алардын жанында Сады ким болуп калыптыр бул дартка…
Ортодон бир жарым апта өтүп Арман келсе, атасы мурдагыдан алсырап, көзүндөгү өмүр үмүтү түгөнүп калыптыр. Өңү топуракка окшой түшүптүр. Морфийсиз күн жок экен ага. Оорубай-сыктабай тырс эте түшсөм экен деген тилегин бербеди кудай. Дагы канча күн азап тартып, бул кыйноодон качан кутуларын эч ким билбегени жаман. Акыры бир күн өлүп кутулат дечи, бирок качан? Атасынын ахбалын көрүп, Арман аяп кетти. Мурда кыйналганда онтоп жиберчү, эми көзүн жалдыратып жата берет.
Азыр го жөлөтүп-таятып эптеп жетип, даарат ушатканга жарайт. Эми бир аптага жетип-жетпей, жаман айтпай жакшы жок дейт, басалбай калганда ошондо азап болорун ойлоду кеселман. Ошо азаптан коркту. Андан кутулуунун эки гана жолу бар: бири — өлүм, бири – айыгуу. Айыгууга үмүт калбаган, өлүм болсо, чындык. Кыргызда: “Өлүмдөн башкасынын эртеси жакшы”- дейт. Садынын ою азыр буга карама-каршы. Ага өлүмдөн азап оор болуп турган кез. Өлүп калсам экен дейт. Үмүтү ушуга ооп кетти. “Эки күндөн кийин, жумага карата кете берсем жакшы болмок,- деп ойлоду.- Эки күндөн кийин бул азаптан кутулам. Таң атса ары жагында бир күн калат…” Бир күн деген Садыга узак, аябай узак…
Кызы кечирээк келди. Сады бир чыны чайды түгөтө албады. Тамактан аткес кылды. Мээсине: “Таң атса дагы бир күн калат, бул азаптан кутулам”,- деген ой орноп алды.
— Сен мага цианид алып келчи,- деди кызына.
Кызы каңырыш угуп калдымбы деп атасын жалт карады.
Атасы сөзүн кайталады.
Кызынын кабагы тырышып, эмне үчүн мынчалык каңырыш угубатам деп ойлоду.
— Ошо… ошо… мени аячы, аясаң алып келип бер… бул азаптан кутултчу, кызым. – Садынын аркы сөзү билинбей калды. Ал ыйлап атты. Үнү буулуп калды. Көзүнүн жашы чубура берди ээк ылдый.
Кызы атасынын башынан сылап сооротуп, жашын сүртүп, бетинен өпкүлөдү.
-Ата, карман… сен чыдамкайсың… сен ооруну жеңип чыгасың… антпе… чыда, ата…
Кыз карманалбай, өпкөсүн кагып ыйлай берди, атасына жалына берди.
— Атаке, антпечи… сурабачы аны, ата…
Атасы бар күчүн жайнады:
— Сурабайм, болду,- деди.
Кыз ыйын токтотту.
— Ата, сурабачы ээ?..
— Макул. – Сады баш ийкеди.
Кызы атасынын арык эки бетинен, жупжука чекесинен өптү.
Сады эреркеп кетти.
— Догдур да бербей койгон урушуп,- деп айтып алды.
— Алар ант беришкен, Гиппократ антын,- деди кызы. – Бербейт…
— Эми сурабайм,- деди атасы.
“Бир күндөн кийин бул азаптан кутулам” деген ою бир жылт этип кетти. Сураганымды таап берет деп ал кызына ишеним арткан. Бүрсүгүнү бул азаптан кутула албай калганын эстегенде көңүлү чөгө түштү. Онтоп алды. Бир күндөн соң жан кыйноодон кутулмак. Өзү айткандай “тырс” этип, анан жаны жай алмак. Эми бул азап дагы канчага созулат, кудайдан бөлөк эч ким билбес!
Эртеси Сады жалгыз калганда догдурдан да, кызынан да бекер сурапмын деп ойлоду. Алардын бербесин билген, бирок үмүт көкүрөгүн кытыгылап туруп алды. А кокус макул болуп… Сураганы туура болбой калыптыр да…
Догдур кечкурун морфий атып кетти. Сады ошо бойдон эртеси ойгонду. “Бир күндүк өмүрүм калмак сураганымды тапканда” деп ойлоп алды.
Кызы атасынын жупжука чекесинен өөп, окуусуна кетти. Сады уулу берген чайдан жарым чыны ичти. “Аш болуп кетсе экен”,- деп ойлоду уулу. Атасы жарым чыны чайды кусуп салды, сиңире албады.
— Бул азаптан качан кутулар экенмин?- деди Сады. Күн санап пастап бараткан үнү угулар-угулбас чыкты.
Уулу жооп эткен жок, атасын үнсүз карап турду аяп.
— Кудайга жакпаган иш жасап, күнөөгө баткан жок элем,- деди Сады деми энтигип. – Кудайда калыстык болсо мынчалык кыйнабай алып кетмек…. калыстык кылбай жатпайбы… бул бүтпөгөн азап болду го…
Уулу унчукпады, атасынын кыйналганын сезип турду. Кудай чын эле болсо, мынча азапка салмак эмес…
— Эки дүйнө ыраазы болоюн, аталык милдетимен кечейин… ыраазы кыл мени… мынча кыйнаба, айланайын… бетиме жаздыкты таштап койчу… акыркы өтүнүчүм, сураганым ушул болсун… батамды берейин, ыраазы болоюн…- Сады бар күчүн жыйнап айтты. Айтып, көзүнөн жашы куюла берди.
Уулунун зээни кейип кетти. Атасынын кыйналып атканын карай албай койду. Көзүн ала качты.
Кечкурун догдур келгенде:
— Атам айыгышы мүмкүнбү, чынын айтыңызчы, доктор?- деп сурады.
— Айгып кетиши кыйын,- деди догдур,- дарт канына өтүп кеткен, мындай стадияда айыгуу теориялык жактан мүмкүн эмес…
— Практикалык жактанчы?
— Анда деле… кепилдик жок.- Догдур кесе айтып салды.
— Анан эмне болот?
— Ажалы жетмейин ушул. Мындан катуу болот.
— Кыйналганын карап тура албай койдум…
— ? – Догдур эки колун жайды.
Эртеси Арман кызматынан келсе, атасы катуу кыйналып аткан экен. Морфийдин күчү анча жетпей калыптыр. Арман атасын аяп турду. Анан ички төш чөнтөгүнөн кичинекей айнек ийдиш алып чыгып, үстөлдүн үстүнө койду. Атасы ал айнек ийдишти көрдү. Көзү жайнап, оорусун бир паска сезбей калды.
— Кудай тилегиңди берсин, ыраазымын сага…- Садынын үнү бекем чыкты.
Арман атасын ваннага алып кирип, жуундуруп, тазалады. Жуундуруп атканда баласын алкап, ыраазылыгын айта берди. Эми бул азаптан, кыйноодон кутулам деп турду. “Арманга догдур же Үмүт айтса керек,- деп ойлоду атасы.- Кимиси айтты экен? Мен айтканда көнмөк эмес…”
Сады түнү үзүлдү. Эртеси тууган-туушкандары, жоро-жолдоштору келишти. Маркумдун уулу менен кызына көңүл айтышты.
— Эки жылдан кийин элүүгө чыкмак экен,- дешти.
-Кырк сегизде болсо мүчөл жашы турбайбы. Ушул мүчөл жаш эркектерге аябай кооптуу…
— Бул кесел кимди болсо акыры алып тынат…
— Жашабай калган жашын, жакшылыгын балдарына берсин…
Келгендер ушуну айтышты. Арты жакшылыкка кайрылсын деп тарашты.
“Шайтан кыз атасынын көңүлүн кыя албай, сураганын апкелип берсе керек”,- деп ойлоду догдур.
“Атам догдурду көндүрүп, акыры максатына жетсе керек”,- деди ичинен Үмүт догдур жигитти жек көрүп.
Сөөктү жашыргандан үч-төрт күндөн кийин кыз үйдү жыйнап жүрүп, атасы жаткан керебеттин астынан киченекей айнек ийдиш таап алды. Оозу чапталуу экен. Ары-бери карап, мөөнөтү өтүп кеткен дары болсо керек деп акыр-чикирге кошуп ыргытып жиберди.
Анын эртеси Арман киченекей айнек ийдишти издеп, үйдү үч көтөрүп таппай койду.