ЖАПИЕВ Жылкычы: ЖЫЛКЫЧЫ ЖАПИЕВ: КОРОЗ ЭМНЕ ҮЧҮН КЫЙКЫРАТ?

ЖОМОК

Бул илгери-илгери болгон экен. Ал убакта деле күндүзү асмандан Күн нуру чачырап, түндөсү миң-сан жылдыздар жыбырап, Ай каалгып жылчу экен. Анан күн менен түн улам алмаша берип, ай, айлардан жыл, жылдардан кылым куралып, бу жомок да тээ байыртадан биздин күнгө чейин жетип туру.

Ошол илгери-илгери канаттуу куштар өздөрүнчө бир хандыкка баш ийип, алардын ханы Жору болуптур. Жору хандыкка карөзгөйлүгү менен жетет. Ал мындайча:

Мурда куштар өз алдынча,эркин жашачу экен. Бүркүт бир күнү болот тырмагын чечип коюп күнөстө уктап жатканда Жору шырп алдырбай, жыла басып келет да болот тырмагын кийип качып кетет. Бүркүт артынан кубалап жетип барат. Жору зордукка салып бербейт. Ортого далай куштар түшүп, Бүркүткө болот тырмагын кайрып бергин дешет. Бирок Жору буга макул болбойт. Анан ал өзүн канаттуулардын ханымын деп жар салат. Канаттуулар болот тырмактан корккондон баш ийип беришет.

Жору оюна келгенин жасайт: майда куштарды тытып жеп, не бир кулпунуп турган кооз куштардын сулуулугуна ичи күйүп көралбай, канат- куйруктарын жулуп, бир шылтоолорду таап, капаска каматып коёт. Таңдайынан күү куюлгвн акын куштарды ханды мактап ырдоого буйрат, ырдабаса тили жулунат. Жорунун зомбулугу жөнүндө ооз ачып, шек алдырды дегиче бүттү, анда эле ал куштун башы жулунуп, хандын жеми болот.

Ушундан улам ырчы куштардын катары суюлуп, чындыкты айтуудан чочулап калышат, мындай кордукка чыдай албай айрымдары кулак укпас, көз көргүс тарапка качып кетишет. Жорунун хан сарайында бара-бара зордукчулук, зомбулук, зөөкүрчүлүк күч алып, кошоматчылык күчөй берет.

Күндөрдүн биринде хандын адилетсиздиги жөнүндөгү Булбулдун ырын кулагы чалып калган жору жөкөрлөрүнө булбулду алып келгиле деп жашыруун буйрук берет. Муну сезип калган ак пейил куштар хан жөкөрлөрүн алаксытышып, Булбулду алыс тарапка качырып жиберишет.

Жору өзү баш болуп, беш-алты жөкөрү менен аны кууп жетпей калат. Ошондон баштап Жорунун жарчылары болуп Карга менен Сагызган, нөкөрлүккө Кузгун менен Короз дайындалат.

Карга “карк-карк” этсе, Сагызган басса-турса шакылыктап, Жоруну жерге-сууга тийгизбей эртеден кечке, кечтен таң аткыча мактай берет. Экөө эки жагынан мактап жатканда хан канаттарын жайып, үргүлөй муюп отура берет. Мактоо угуп уктап, мактоо менен ойгонот. Анан “карк” этип алат да Карга менен Сагызганга алтын, каухардан бердирип, ырдаганда ушул экөөнөн үйрөнгүлө деп жарыя салат.

Ал эми Кузгун менен Короз экөө Жорунун эң жакын кеңешчиси болуп, хандыкты кандайча башкаруу, куштарды кантип коркутуу керектигин шыбырап турушат. Куштардын кайсы бири жакпай калса ханга барышат да.

— Таксыр, мынабу неме сиздин акылмандыгыңызга, баатырдыгыңызга шек келтирип жатат. Сизге ою жаман экен, хандык тактыга отурсам деген кара ниети менен жүрүптүр,- деп жамандап салышат.

Ким ак, ким күнөөлүү экенин териштирбеген аңкоо Жору баш кесерлерин чакырып алат да, ак пейил, күнөөсү жок момун бечераны өлүмгө буйрат.

Өзгөчө, Кузгундун мындай карасанатайлык кесепетинен далай куштар балдарынан айрылып, далай балапандар ата-энесинен ажырап, томолой жетим калышат. Ошентип, куштардын арасына бүлүк түшөт.

Кузгун ошондо эле тарпчыл экен, ал эми короз болсо азыркыдай таңды кеч заңкылдап кыйкырбай, “чук-чук, курк-как” деген үн чыгарчу экен.

Бул экөөнүн, Жору үчөөнүн, анан Сагызган менен Карганын азабынан көптөгөн куштар өз мекенин таштап, бөлөк жакка кетүүгө аргасыз болот. Туулуп-өскөн мекенин таштоо алар үчүн өтө оорго турду, кетпейли дешсе үчөөнөн көргөн кордук сөөктөн өтүп, чучукка жетти. Баш калкалоого алакандай жер табылбай арга түгөндү.  Азаттыкты туш тараптан издешет, бирок аны эч кимиси таппай койду… Жети тоодон ашып өтүп, алты деңиздин ары жагына чейин барышат, элкин тоонун үстүнө чыгышат, канаттуу жандык мурда жетпеген жерлерге жетишет, бирок бир чымчым азаттыкты көрө алышпайт.

Анан алар кеңеш куруп, биз эркиндикти таппай жүрүп өмүрүбүз өтүп кетет экен, андыктан эркиндикти өзүбүз жасап алышыбыз оң деген чечимге келишет. Эң башкысы, кан ичкич Жорудан болот текөөрдү алуунун амалын табуу керек болду. Айрым куштар:

— Азыр эле Жоруга барып болот тырмакты кайрадан өз ээсине, Бүркүткө бергин дейбиз,- дешти. Айрымдары:

— Анда эле шорубуз шорподой төгүлүп, ичер суубуз солуп, көрөр күнүбүз түгөнөт. Бөлөкчө акыл калчоо керек,- деп айтышты.

Бу жолу канаттуулар бир жыйынтыкка келе алышпай тарап кетишти. Эртеси кайрадан чогулушту. Кайрадан акыл калчашып, далай пикирлер ортого салынды. Куштардын чогулгандарын байкап калган Кузгун менен Короз экөө жолуккандардан анткорлонуп сурамжылай башташты.

— Силер чогулуп, эмнени сүйлөштүңөр? Бизге деле айтып койсоңор колдон келген жардамды аябайбыз. Баардыгыбыз кушпуз, тууганбыз,- дешти.

Бирок канаттуулар эмне үчүн чогулгандарын айтышкан жок.

— Жөн эле чогулуп калдык. Жайынча эле,- деп коюшту..

— Тиги экөө ар нерседен шекшинип, бул окуяны Жоруга айтып барышты. Жору болсо тереңдеп билип келгиле деп буйрат.

Кузгун менен Короз экөө Чабалекейге келип:

-Каалаганыңды берели, эки күндөн бери эмнени сүйлөшүп жатасыңар?- деп сурашты.

Чабалекей:

— Билгеним, көргөнүм жок. Жыйынга бармак тургай балапандарымды бага албай жүрөм,- деп жооп берди.

Экөө андан ары жөнөп Күкүккө барышты.

— Күкүк! Күкүк!- дешти экөө.- Эки күндөн бери чогулуп, эмнени сүйлөшүп атасыңар? Бизди хан атайын сага жиберди.

— Мен жыйынга бармак тургай жумурткамды кайсы куштун уясына таштаарымды билбей башымды катырып отурам,- деди ал да билмексен болуп.

Кузгун менен Короз андан ары жол тартышты. Жолдон мажрүм талда учуп-конуп жүргөн Короолу чымчыкка жолугушту.

— Короолу! Короолу,- дешти экөө,- эки күндөн бери эмнени сүйлөшкөнүңөрдү айтып берсин деп бизди хан сага жиберди.

— Чыйт- чырлыйт, чыйт- чырлыйт,- деди Короолу бутактан бутакка секирип. – А… жыйынбы? Жыйындагы кеңешти сурап жатасыңарбы?

— Ооба, ооба. Хан сага каалаганыңды берет. Тезирээк айт,- дешти экөө жарыша.

— Улуу урматтуу хандын мага болгон чоң ишеничине терең ыраазымын,- деди Короолу таазим этип.- Бул мен үчүн чоң сыймык. . Мындай чоң сыймыкка ээ болууну силерге да каалаймын. Эмнеге чогулганыбызды айтайынбы?

— Айт, айткын,- дешти экөө жарыша.

— Андай болсо кеп мындай. Адегенде мен өз соболумду берейин, каалаганымды айтайын,- деди Короолу.

— Айт каалаганыңды,- дешти экөө шашыла.

— Каалаганым эле ушул,- деди Короолу чыйрылттап,- акылсыз, арамза, зөөкүр кошоматчыларына хан жаза берип, капаска камакка алсын.

— Жаза берет, капаска салат,- дешти экөө жанталашып.

— Хан жөнүндө мактоо ырын чыгарабыз деп башыбыз катып жатат,- деди Короолу тигилерди алдыртан карап.

— Ушул элеби?- дешти тиги экөө анча ишенбей.

-Ушул жаманбы?- деди Короолу мостоюп.

— Тиги экөө Жоруга тезинен жетип барышты да уккан-көргөндөрүн төкпөй-чачпай түгөлдөп айтып беришти.

— Андай болсо ырды тез чыгарышсын, угуп көрөйүн,- деди Жору көкүрөгүн сылап короздоно. — Мага ыр жагып калса, экөөңөргө кымбат белек тартуулайм.

— Марыйт экенбиз,- деди Кузгун жанындагы корозго шыбырап.

— Жыргайбыз,- деди Короз да сүйүнүп.

Анан экөө алдастаган бойдон Короолуну таап:

— Ырыңарды тездеп чыгаргыла, хандын буйругу ушундай. Адегендеи бизге ырдап берсеңер, биз жактырсак, хан алдына алпарабыз,- дешти.

Бул экөө амалында ырды угуп, анан аны өзүбүз чыгардык деп ханга айтмак болушат.

— Андай болсо биз тездетели,- деди Короолу тигилерге.- Силер буякка келип жолтоо болбогула, бизден канчалык алыс жүрсөңөр, биз ырды ошончо тез, сапаттуу чыгарабыз.

Экөө сүйүнүп кетип калышты. Короолу чогулган канаттууларга  барып Кузгун, Короз экөө менен сүйлөшкөнүн айтат. Куштар Короолунун акылына ыраазы болушат.

— Мен мындай ыр чыгардым,- деди Короолу чырлыйттап:

Жору биздин ханыбыз,
Жоор болдук ко баарыбыз.
Соксоңдогон акмакка,
Сорулду го каныбыз.

Күйүтүбүз ок болот,
Көкүрөктө чок болот.
Кандай айла кылганда,
Канкор Жору жок болот.

Кантип ханды жыгабыз,
Азаттыкка чыгабыз.
Колго тийсе Жоруну,
Тор капаска тыгабыз.

Кошоматтан жагышкан,
Карга менен Сагызган.
Кузгун, Короз көп куштун
Көздөн жашын агызган.

Баарыбыз бек турабыз,
Батыл сокку урабыз!
Ээнбаштарды алыс кууп,
Эркиндикти курабыз!

Бул ыр куштарга жагып калды. Короолунун мындай өнөрүн макташып, ыраазы болушту. Эми болот текөөрдү алуунун амалын издешти. Ары-бери тартышып, бир жыйынтыкка келе албай жатканда Короолу сөз алат:

— Мага мындай акыл келди,- деди ал. – Кузгун менен Короз менин айткандарыма ишенип калышты. Экөөнүн ортосун чок салып, бир амал жасайын деп ойлоп турам…

Ал оюн куштарга айтып берди. Баары Короолунун акылын туура көрүштү. Эми өтө сак болгун, кокус шекшип калышса, башыңды алып салышат дешти. Короолу тобокел деп Корозго барып:

— Короз аке, куштардын ырын өзүңүзгө айтып берейин деп жүрсөм, кечээ Кузгун келиптир, ырды Корозго айтпагын, мага айт, хандын сыйын экөөбүз бөлүп алабыз дейт. Мен макул болбой койдум,- деди.

— Ырас кылыпсың,- деди Короз сүйүнүп,- Кузгунга айтпагын. Хандын сыйынын жармынан көбүн сага беремин,- деп убадасын айтты.

— Короз аке,- деди бир маалды Короолу,- сизден бир өтүнүч бар, ошону орундатсаңыз жакшы болор эле…

— Айт, аткарамын,- деди Короз койкоңдоп.

— О, анда сонун болбойбу,- деп Короолу сүйүнүп кетти.- Хандан алган сыйдын баары сизде калат, мен албайм.

— Келе колуңду,- деди Короз муну укканда.- Сен албайсыңбы? Баардыгы меники болобу?

— Сиздики. Мен албаймын,- деди Короолу убадасын тактап.

Экөө кол алышты.

Короолу сөзүн баштады:

— Бүркүт экөөбүз кыйыр тууган элек. Жети суунун ары жагында  кайындары бар. Ошолор той берип, Бүркүттү чакырган экен. Барайын десе бутунда кепичи жок. Жылаңаяк баргандан уялат. Эрдик кылып хандын кепичине кепил түшүп бериңиз,- деди.

— Болбойт ко ,- деди Короз башын чайкап.

— Анда Кузгун менен сүйлөшөйүн. Ырды ошого айтып, хан сыйлыгын Кузгун алсын,- деди.

Ачкөз Короз хандын сыйлыгын укканда көзү чакчая түштү. Анан сыйлыкты көз алдына элестетип, Кузгундан кыскана баштады.

— Өзүңүз билесиз да анда, — деди Короолу камырабай.

Короздун жаны чыгып кете жаздады муну укканда. Акыры кепичине кепил өтүп берүүгө макул болуп, ханга жөнөдү.

Хан адегенде так түйүлүп, жолотподу. Короз анын ары-бери жагына чыгып, калп менен чынды теңме-тең айтып, акыры көндүрдү.

— Айткан мөөнөттө алып келбесең Бүркүт экөөңөрдүн тең башыңарды жулуп салам!- деп катуу айтты.

Короз ханга катар-катар убадасын берип, болот текөөрдү Бүркүткө алып берди. Бүркүт болот тырмакты кийип, асманды жара шаңшып алды да көккө типтик зымырады!

Ошентип, күн артынан күн өтүп, ай артынан ай өттү. Бүркүттөн дарек жок. Короз күндө акыйып жол карап. Бүркүттү күтөт. Жору болсо жаныңдан үмүт этсең болот текөөрдү алып кел деп Корозду кыйнайт.

Жорунун жаалы кармап, алы жеткен куштардын көкүрөгүн жара тилип, моюндарын толгоп, баштарын жулат. Көп куштар жансоога издеп, туш тарапка көчө баштайт. Мындай чуулгандуу кабар Бүркүткө жетет.

Бүркүт аба жарып шаңшыган бойдон зыпылдап учуп жөнөйт. Асман-жер шаңга бөлөнө жаркылдап, куштардын баардыгы бири калбай Бүркүттү ээрчийт.

Бүркүт күүлөнү келип болот текөөрү менен Жоруну жалпайта тебээрде ал жан соогалап араң кутулат. Мындан кийин эч кимге зыян келтирбейм деп убадасын берет. Анан Бүркүт баштаган куштар чогулуп, Жоруну алыска кууп салышат. Ошентип, канаттуулар азаттыкка чыгышып, залимдиктин торунан кутулушат.

Ал эми Короз болсо мурдагыдай сайрандап жүрө албай калды, Жорудан жашынып, качып жүрөт. Күндө таң азандан туруп, асманды тиктегени тиктеген. Анан заңкылдап: “Болот текөөрүн берип ко-о-ой!”- деп Бүркүткө кыйкырат. Ошондон бери эсине түшкөн сайын кыйкыра берет.

Кээде түндө уктап жатып түшүнө Жору кирсе да “Болот текөөрүн берип ко-о-ой!”деп кыйкырып калат. Короздун кыйкырганы ушундан экен. Ал эми Короолу болсо Жорудан коркуп, бактын жалбырактарына жашынып калыптыр.

Бул жомокту мага бала кезде апам айтып берген. Апам кичене кезинде чоң энесинен угуптур. Чоң энеси да чоң энесинен уккан экен. Ошондо бул жомоктун жашы канчада болот, балдар?