Котормо конкурсу
Котормо өнөрү – маданият көпүрөсү. Кыргыз адабиятынын казынасын, тилин байытуу максатында котормо жанрындагы чыгармаларга конкурс жарыялайбыз.
Конкурс максаты – дүйнө элдеринин адабиятын кыргыз тилине түпнускадан түзмө-түз көркөмдүк деңгээлде жеткирүү. Конкурска англис, немис, кытай, француз, түрк, украин, жапон, грузин, италия, испан, өзбек, казак, фарс, араб, ж.б. ж.б... авторлордун чакан чыгармаларын кыргыз тилдүү окурмандарга жеткиликтүү которгон эмгектер кабыл алынат.
Жобобуз жарыяланган күндөн тарта көркөм котормолор ruheshsaity@gmail.com почтасы аркылуу кабыл алынат. Конкурска аңгеме, новелла, эссе, жомок жанрындагы чыгармалар кабыл алынат.
Кабыл алуу мөөнөтү: ушул жылдын 31-майына чейин. Жеңүүчүлөргө байге тапшыруу аземи 15-июнда.
Конкурстун шарты: ар бир котормочу бир нече чыгармалар менен катыша алат. Ар бир котормочу 1200 сомдон взнос акы төлөөгө (ар бир чыгармага) тийиш. Аталган конкурстун байге фонду катышуучулардын взнос эсебинен чогултулат. 1200 сомдун 200 сому редактор, корректорго, 1000 сому байге фондго жумшалат.
Агер 200 калемгер катышса, байге фонд эсеби 200 000 (эки жүз миң) сомду түзөт. Агер 50 калемгер катышса, байге фондубуз 50 000 (элүү миң) сом байге фондун түзөт. Негизинен конкурска канча чыгарма келип түшсө, байге фондубуздун көлөмү конкурска катышкандардын санына жараша түптөлөт.
Конкурс жыйынтыгы чыкканга чейин калыстар курамы жана котормочулардын эч биринин аты-жөнү ачыкка жарыяланбайт.
БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАР
(Азырынча болжол менен)
1-орун: 100 000 (жүз миң) сом
2-орун: 70 000 (сексен миң) сом
3-орун: 30 000 (отуз миң) сом
Байге фондубузга демөөрчүлүк кылууга ниети бар өндүрүш жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен да кызматташууга даярбыз! Агер аталган конкурска кызыкдар болгон бизнес өкүлдөрү кошулса, байге фонддун көлөмүн өстүрөбүз...
Эскертүү: ӨҢҮ тамгасы жок чыгармалар жана мурда жарыяланган эмгектер кабыл алынбайт! Ар бир котормочу канчадан чыгарма жөнөтсө да ар бир котормо үчүн 1200 сомдон взнос которот.
Взносту “РухЭш” сайтынын Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк- 4169585342113619 эсебине которосуздар!
Конкурсту “РухЭш”сайты уюштурат.
Каракалпак калемгерлеринин кыска аңгемелери (конкурска №1)
- 14.02.2023
- 3296
Сагыныч Кызымды боорума басып дийдарына тоюп-тоюп алсам. Өмүрлүк жолдошумдун колунан бир чыны чай ичсем экен деп жаңы га...