Котормо конкурсу
Котормо өнөрү – маданият көпүрөсү. Кыргыз адабиятынын казынасын, тилин байытуу максатында котормо жанрындагы чыгармаларга конкурс жарыялайбыз.
Конкурс максаты – дүйнө элдеринин адабиятын кыргыз тилине түпнускадан түзмө-түз көркөмдүк деңгээлде жеткирүү. Конкурска англис, немис, кытай, француз, түрк, украин, жапон, грузин, италия, испан, өзбек, казак, фарс, араб, ж.б. ж.б... авторлордун чакан чыгармаларын кыргыз тилдүү окурмандарга жеткиликтүү которгон эмгектер кабыл алынат.
Жобобуз жарыяланган күндөн тарта көркөм котормолор ruheshsaity@gmail.com почтасы аркылуу кабыл алынат. Конкурска аңгеме, новелла, эссе, жомок жанрындагы чыгармалар кабыл алынат.
Кабыл алуу мөөнөтү: ушул жылдын 31-майына чейин. Жеңүүчүлөргө байге тапшыруу аземи 15-июнда.
Конкурстун шарты: ар бир котормочу бир нече чыгармалар менен катыша алат. Ар бир котормочу 1200 сомдон взнос акы төлөөгө (ар бир чыгармага) тийиш. Аталган конкурстун байге фонду катышуучулардын взнос эсебинен чогултулат. 1200 сомдун 200 сому редактор, корректорго, 1000 сому байге фондго жумшалат.
Агер 200 калемгер катышса, байге фонд эсеби 200 000 (эки жүз миң) сомду түзөт. Агер 50 калемгер катышса, байге фондубуз 50 000 (элүү миң) сом байге фондун түзөт. Негизинен конкурска канча чыгарма келип түшсө, байге фондубуздун көлөмү конкурска катышкандардын санына жараша түптөлөт.
Конкурс жыйынтыгы чыкканга чейин калыстар курамы жана котормочулардын эч биринин аты-жөнү ачыкка жарыяланбайт.
БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАР
(Азырынча болжол менен)
1-орун: 100 000 (жүз миң) сом
2-орун: 70 000 (сексен миң) сом
3-орун: 30 000 (отуз миң) сом
Байге фондубузга демөөрчүлүк кылууга ниети бар өндүрүш жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен да кызматташууга даярбыз! Агер аталган конкурска кызыкдар болгон бизнес өкүлдөрү кошулса, байге фонддун көлөмүн өстүрөбүз...
Эскертүү: ӨҢҮ тамгасы жок чыгармалар жана мурда жарыяланган эмгектер кабыл алынбайт! Ар бир котормочу канчадан чыгарма жөнөтсө да ар бир котормо үчүн 1200 сомдон взнос которот.
Взносту “РухЭш” сайтынын Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк- 4169585342113619 эсебине которосуздар!
Конкурсту “РухЭш”сайты уюштурат.
Орхан Памук: Атамдын окуясы: бермет сырга (конкурска №11)
- 11.03.2023
- 6160
Cүрөт gorets-media.ru. булагынан алынды. Июндун башында, кудалашууга тогуз күн калганда, бейшемби күнү атам менен Эмирга...
Мухтар Ауэзов: Үйлөнүү (конкурска №10)
- 08.03.2023
- 6197
АҢГЕМЕ Жай чилденин аптаптуу күнү. Чак түштүн маалы. Асман шаңкайып ачык, таза. Төбө сызгырган күн жер куйкалап, бир баш...
Өткүр Хашимов: Ак мармар, кара мармар (конкурска №9)
- 07.03.2023
- 5559
АҢГЕМЕ Көктөм дубалдардын күңгөй бет этегинен башталбайт. Көктөм арыктардын күңгөй жээгинен башталбайт. Көктөм көрүстөнд...
Аброр Зохидов: Кайнатанын чечими (конкурска №8)
- 07.03.2023
- 5595
АҢГЕМЕ Таң атты. Кадыржан жүрөгү кысылып келген бул үйдөгү алгачкы аткан таң. Ордунан туруп далысына чапанын жапты да, к...
Мухиттин Гүмүш: Сүйүүдөн да башкага өтүү (конкурска №7)
- 06.03.2023
- 4958
АҢГЕМЕ Илхан университетке өткөндө үй-бүлөсүнүн, туугандарынын ушунчалык сүйүнүчүндө чек жок эле. Ошол учурду көрсөңүз к...
Нигинабону Ахмедова: Кексе аялдын ибараты (конкурска №6)
- 03.03.2023
- 2509
АҢГЕМЕ Менин үч уулум бар. Күндөрдүн биринде улуу баламдын үйүнө бардым. Эртеңки багымдат намазына даарат алайын ...
Даурен Куат: Мүйүз тарак (конкурска №5)
- 24.02.2023
- 3040
Даурен Куат – 1973-жылы мурдагы Талды коргон облусунун Капал районундагы Ачуу-Булак айылында туулган. М.Кашкари жа...
Николай Лесков: Сологой (конкурска №4)
- 23.02.2023
- 3059
(Тулалык чалыр көздүү Сологой уста жана болот бүргө жөнүндө жомок) БИРИНЧИ БАШАТ Император Александр Павлович Вена кеңеш...
Михаил Веллер: Соцреалист (конкурска №3)
- 22.02.2023
- 2926
Сүрөт minval.az булагынан алынды. АҢГЕМЕ Москва олимпиадасынын алдынан Штаттарга качып баса бергендердин арасында «...
Виктор Шендерович: Чакан аңгемелер тутуму (конкурска №2)
- 20.02.2023
- 3574
Автордун сүрөтү ru.DELFI.lt булагынан алында Өлкө конституциясынын долбоору 1-берене. Өлкөнү Чоң ата башкарат. 2-берене....