Михаил Веллер: Соцреалист (конкурска №3)

  • 22.02.2023
  • 1819

Сүрөт minval.az булагынан алынды.

АҢГЕМЕ

Москва олимпиадасынын алдынан Штаттарга качып баса бергендердин арасында «Ленжемишжашылча» соода мекемесинин деректинин орун басары да бар эле. Эми бул кишинин Ленинградда канчалык мартабалуу болгонун элестете бер. Чылк алтынга көмүлгөн, миллиондогон сол акчаларды күрөп алып турган магнат болчу. Шаар кожоюндарынын бири эле.

Калаанын чок ортосунда, кымбат баа көөнө буюмдар шыкалган жүз метрлик батирде турчу, тепкени алкынган ак «Волга», жадагалса, итинин тиштерине чейин алтын эле. Бирок качан караба, дайыма актанып, пара берип, документтерди «тууралап» жүрө берген жерде бизнестин генийи үчүн өсүүгө мүмкүнчүлүк жок, ошондуктан ал чыныгы өсө турган өлкөгө баса берген.

Бирок кайрымы жок таш боор Америкада аны менен иттин иши болбой калды. Курсагы ток буржуйларга жашылча-жемишиңдин, жемиш база деректиринин андан бетер кереги жок. Таңкыстык деген буларда түк болбойт экен, акелеп-жакелеген да эч ким жок, кесипкөй жумушчу күчү болсо ашып-ташып турат. Мунун жаш курагы бир топко келип калгандыктан, колунан эч нерсе келбейт дешеби, жумушка да ала койбойт экен. Ошентип мурдакы магнат бул жерге келгени кеңкелес бирөөгө айланган байкуш орун басар деректир алган жөлөкпулун жалаң аракка жумшап, күчүн ичкиликтен чыгарат, отурса турса алыста калган орус турмушун арман кылып күн көрөт.

Америка менен Союз так ошол учурда кырды-бычак болуп турган кез. Ошентип арсар жашоодо аргасы куруп жүргөндө шуулдаган бирөө (адабий агент имиш) жолугуп калып, антисоветтик роман жазсаңчы, бул абдан керек болуп турат, акчасы да жакшы деп акыл айтып калбаспы. Ойлоп бакса анын кебинде жан бар, өзү мээси иштеген ири менеджер болсо, анан Сибирге сүргүнгө айдалып кеткенден коркуп бул жакка качып келип отурса, жазбай эмине. Ал дароо агентке чап жабышып, келишим түзгөнгө да жетишти, алтургай, иштин көзүн пукта билген бүйрө адам катары калем акынын теңин да алдын ала өндүрүп алып, жазуучу болуп чыга келди!

Брайтондогу кеңсеге чаап бара калып, ижарага орус тамгалуу жазма машинке алды, бир таңгак ак кагаз сатып келип, роман жазууга киришти. Ал антисоветтик роман болмокчу. Советтик түзүлүштү көрөйүн деген көзү жок да. Бирок кашайып ушул жазмакерликке таптакыр шыгы жок экен да; тердеп-кургап кечке жазды, бир жума, эки жума жазды, иши алдыга кетпей, таптакыр маанайы чөгүп, алган авансы пулду да ичип салды. Колунан келбесе эмне кылсын, бул таптакыр башка кесип тура. Мындай машакат иш менен дегеле алектенип көргөн эмес, мурдакы өмүрүн конкреттүү иштерге – жалаң алдамчылык менен уурулукка жумшаса, кайдагы кыялкечтик... Кыялыңды агытсаң эле темир тор артына кире кал деп турушса...

Ошентип кол жазманы тапшыра турган күн да келип, жанагы шуулдаган адабий агент коңгуроо какты. Иш өлдү! Болочок жазуучулук даңкы менен кошо кулкунга кирип кеткен авансты кайтарышы керек! Бирок адабий агент алчы таасын жеген неме, келе калып коколобой, аны менен жайбаракат тамырын тарта сүйлөшүп отурду.

– Сиз негизи ким болуп иштегенсиз?

– «Ленжашылчажемиштин» деректиринин орун басары болгом.

– Аа, соодада иштепсиз да. Орустар муну жактыра беришпейт ко.

– Жактырбайт, бирок бул... өзүн актайт...

– Оу! Пайдасы чоң иш беле?

– Болгондо да кандай!

– Чоң акча, адамдар да көп беле?

– Болгондо да кандай акча дейсиз, кымбаттуум! Адамдар да көп, бирок баары келе дебеле турчу.

– Кызык окуялар көп болгондур?

– Болгондо да укмуш окуялар болгон!

– Совет бийлиги сизди куугунтуктады беле?

– Кудай сактасын! Менден кенедей да кынтык таба алышчу эмес!

Агент нааразы болгондой түр көрсөттү.

– Бирок сиз жазаланып калам деп коркуп жүргөнсүз да?

– Ананчы, эки ирет инфаркт болбодумбу.

– Балким андан да олуттуу жазалашмак. Кайсы күнөөңүз үчүн?

– Эмне үчүн болсо да жазалашмак. Керек болсо атып да салышмак.

– Оау! – кабагы ачыла түштү агенттин. – Мына ушуну жазыңыз, өз жашооңузду! Эмне үчүн атылып кетмегиңизди жазыңыз. Калганын көрө жатарбыз.

Ал кетери менен алган авансты келе дейби деп жүрөгү түшкөн мурдакы орун басар чекесинен чыпылдаган терин улам аарчып, эпсиз манжалары менен тамгаларды тыкылдата ургулап жазып кирди:

«Мен Ленинградга 1961-жылдын 19-июнунда келгенмин. Днепропетровскийден келгем. Эртең мененки саат 9-30да Витеб вокзалына түштүм. К-1-89-90 номурун терип, жашылча саткан №23 дүкөндүн деректири Петр Сергеевич Амбарцумовго коңгуроо кактым. Тимофей Иванович Левченкодон келгенимди айттым. Ал мени № 9 троллейбуска түшүп келе бер деди...».

Ошол күндөн тарта ал күн сайын көшөргөн мээнеткечтик менен өз таржымалын аки-чүкүсүнө чейин тизмектеп жаза берди, дүкөнчүнүн жардамчысынан тарта базанын орун басар деректирине чейинки басып өткөн даңктуу жолун жазды. Балким, фантазиясы жетишпесе жетишпегендир, бирок эстутуму баягыдай эле мыкты, алмаздай бекем эле. Эки айдан кийин жазмакерликтен кыйла арыктай, жүзү да жарашып, акылдуу тарта түшкөн орун басар жазганын бир таңгак кылып байлады да, маанайы кушу-курсан бойдон адабий агентке алып жөнөдү. Калыңдыгы «Согуш жана тынчтыктан» калышпаган баянды көрүп көздөрү чекчейе түшкөн тиги күдүктөнө сурады:

– Мен орустар абдан мээнеткеч экенин билем... эмне, сиз жөөтмүн дейсизби? Аа, анда ого бетер... катуу иштепсиз, көрүп турам...

Жылуу кеп жага түшкөн орун басар деректир эрдемсингендей жооп кайтарды:

– Ээ, достум, сиз али менин таржымалымды укпапсыз. Дюма деген шоона эшпей калат.    

– Билбейм, Дюма менен иштешкен эмесмин. Кана, окуп көрөлүчү, – деди агент кайдыгер гана.

Баш жагын окуп көрүп, акча бөөдө чачылганын түшүндү, анткени жазганы таптакыр окуганга жарабайт экен. Мындай китепти сата да албайсың. Шаабайы сууй түшкөн агент иш чатак экенин айтып кейиди. Бирок авторуң түшкүр уялып капалангандын ордуна орустарга мүнөздүү өкүмзорлугун көрсөтсө болобу. Ананчы, канатын жайып делдектеп алган биздин деректирди жыйырма доллар менен коколой албайсың. Ал мындай кызматчы сөрөйлөрдүн жумшак көчүгүнө темир учтуу калемсапты кантип матырып алыш керектигин Брайтондогу чала орус, чала жөөт бир юристтен абдан такып сурап, билип келген. Андыктан багарман агентке гангстердин тоңгон муздай сылыктыгы менен кол жазманы келишимдин шарттарына ылайык бүтүрүп бергенин, мүмкүн агенттин мекемесиндеги соттон утулса утулаарын, бирок анын кадыр-баркына адилеттүү түрдө төлөнүп берилер калем акыдан алда канча жогору доо кетирерин ныгыра айтты.

Аргасы куруган агент сөгүнүп кеткен бойдон кол жазманы ар кайсы жакка түртмөлөп чыкты! Анан эле мындай керемет болбостур! – аны кайсы бир ортозаар басмакана ала калса болобу. Басманын пикиринде бул абдан өзгөчө стиль менен жазылган, башкысы, СССРдин жашылча-жемиш бизнесин аябай майын чыгара майдалап, түшүнүктүү баяндаган даяр окуу куралы имиш. Дүйнө жүзүндө дегеле буга окшош китеп жок дешти, ошондуктан бул совет таануучулар, бизнесмендер, экономисттер жадыбалдай жаттап, колдон түшүрбөй окуй турган чыгарма болот дешти. Китеп чын эле азыраак нуска менен жарык көрүп, алтургай, айрым адистердин көңүлүн да бурду, иши кылса, өзүн актады. Баары ыраазы эле, айрыкча деректирдин кубанганын айтпа. Алгачкы китеби жарык көрүп атса оңойбу. Бирок бул анын акыркы китеби болду, башка жазар эч нерсеси жок эле. Адабий ишмердүүлүгү ушуну менен тамам болду. Бүттү деген менен бирок бул тарыхтын экинчи бөлүгү алыста калган өз шаары Ленинградда уланды.

Литейный көчөсүндөгү Чоң үйдө (КГБ имараты – котормочу) университеттик билими бар филологдордон куралган тийиштүү бөлүм бар эле; булар жашоодо китеп окугандан башка колдорунан түк иш келбеген чыныгы филологдор эле. Мамлекет буларды пайдаланганга аракет кылчу. Кылган иши – керели кечке отуруп эмигранттардын Батышта жарык көргөн зыяндуу китептерин калтырбай окуу. Мамлекет аларга СССРда гуманитардык билим кереги жок деп наалып, алтургай, маанайы чөгүп өлжүрөгөн немелер диссидентке айланып кетпесин дегендей кылып, КГБ офицери алчу олчойгон маяна төлөнчү. Ал эми алар окуган китептер туурасында жыйынтык бүтүмдү башка бөлүм чыгарчу. Ата мекенди каралаган немелерге кандай чара көрөрдү, көккөз балдардын колдору узун экенин, андай чыккынчыларды бир күнү машине тебелеп же сакал кырган устарасынын тогу уруп мерт кетип калышы ыктымал экенин унутпоону эскертип турганды да ушул бөлүм чечер эле.     

Биздин орун басар деректир жазган жашылча-жемиш симфониясын да бул жерде абдан дыкаттык менен окуп чыгышты. Чынында бул эч кимдикине окшобогон укмуш китеп деген ойго келишти да, аны өзгөчө көңүл бурууга арзыган эмгек катары башкы Башкармалыкка өткөрүп беришти. Ошентип жупуну соодагердин чампалаган китеби баалуулугу жагынан дүйнө адабиятынын алптарынын чыгармаларына теңелди да калды; китеп автордун эркинен тыш өз жашоосун баштады.

Ал мындайча болду. Күндөрдүн биринде «Ленжашылчажемиш» соода мекемесинин начальнигинин кабинетинде телефон шыңгырады. Начальникти үнү майин бирөө жөн эле бейрасмий түрдө, тигини-муну сүйлөшүп отуруу үчүн Литейныйга кире кетүүсүн сылык өтүндү. Литейныйдын атын уккан начальник мырза валидолдон жакшылап сугунуп, дароо шектүү кагаздарын жоготту, алдыда турган аңгемелешүүнүн болжолдуу варианттарын ойдон сыдырды да ичинен тобо келтире айтылган дарекке жетип барды. Аны аякта сырт келбети жагымдуу жаш жигит сылык тосуп алып, кабинетине таклип кылды, тамеки сунуп, анан абдан маданияттуу түрдө жумшак суроо узатты:

– Иван Иванович, айтсаңыз, Одессада сиз Федор Федорович менен апельсин туурасында гана сүйлөштүңөр беле же кийинчерек Москвада банан туурасында да кеп болду беле?

Соодада жедеп бышып, алчы-таасын жеп бүткөн Иван Иванович түк кебелбей, чым дебей, эч кандай Федор Федоровичти билбей турганын айтты. Кайдагы апельсин, кайдагы банан, деги мени эмне үчүн чакырдыңар деп бөөшсүнүмүш болду. Жигит туура айтасыз дегенсип баш ийкеди да, үстөлдүн суурмасынан беттеринин арасына жайранын ийнесиндей ичке тасмалар сойлотулган калың китепти алып чыгып, бир жерин ачты да ыракаттана окуп кирди: баланча жылы, түкүнчө жерде, баланча күнү, саат мынчада, түкүнчө адамдар чогулуп (фамилиялары, ээлеген кызматтары менен) үлпөттө отурган. Ким кандай кийинип, ким ойношу менен келгенинен өйдө, жыйын кандай чечим менен аяктаганына чейин так жазылыптыр.

– Улантып окуй берелиби? – деди жигит. Иван Иванович лам дебей, оозу менен гана дем алып дымый түшкөнүн байкап, андан ары баланча жылдын августунда, баланча күнү Астрахандан келген бир эшелон дарбызды баланча адамдар түкүнчө жакка айдаттырып, андан түшкөн мынча мыйзамсыз пайданы ичара бөлүшүп алышканын окуду.

Иван Ивановичтин көздөрү алая чанагынан чыгып, тула бою муздап чыкты, мээсин ушунча жыл аларды кайсы шүмшүк сатып жүрдү экен деген ой жанып өттү. Тиги жигит бүткүл совет элин жаңы жыл менен куттуктап жаткан президенттин кырааттуу үнүнө сала андан ары окуй берди. Көп өтпөй эсинен тана кулап түшкөн Иван Ивановичке тез жардам чакырып, үкөл сайып эсине келтиришип, ооруканага алып кетишти. Берки жаш жигит болсо китепти шашпай барактап, кезектеги каарманды чакыруу үчүн телефон номурун кайрадан терип кирди. Ошентип чакырылгандардын баары шар менен урган кеглидей бирини артынан экинчиси отургучтан кулап атышканы. Мунун баарын кайдан чукуп чыгышты?! Бул иштерди эч ким билбеши керек болчу... Карасаң-ой, баарын байкап, аңдып жүрүшкөн экен да... Бу КГБ дегениң шумдук экен го!..

– Биз силер жөнүндө баарын билебиз, – дейт «канталаларды» четинен бычырата тепсеген жигит. – Мыкый-чыкыйыңарга чейин. Ошондуктан моюнга аласыңарбы же унчукпай кутулуп кетебиз деп турасыңарбы?

Тимеле булардын колуна жылаңач түшүп бергенсип баары айдан ачык болуп турса, кайда качып кутуласың?.. Айтор, «Ленжашылчажемиш» бир ай бою солкулдап турду, иши калды, дирилдеген жалбырактай титиреген чоңдору болсо биринин артынан экинчиси темир тор артына отуруп жатышты.

Бул иш үчүн соода мафиясынын бетин ачканы үчүн сыйлык менен ыраазычылыкка марыса, колдорун муздак сууга уруп койбой отурган ушул көккөз жигиттер марышты; ал эми мунун баарын уюштурган китептин авторуна жадагалса, милициянын Күнүнө карата шылтоолоппу, ыраазычылык тургай, бир барча грамотаны да ыраа көрүшкөн жок; мафияны да түптөгөн, китепти да жазган шордуу автор болсо темселеп Брайтондо жүрдү; эми ал да Санкт-Петербургдан бир күнү жалданма жоокерлер жетип келерин туйгандай, опкоолжуган жүрөгү ордунда эмес эле. Адабияттын тикен таажысы, көрсө, ушинтип жанды оорута саят тура! Жок: кесиптештер адабий ийгиликтин генийин кечирер түрү жок!.. Себеби адабияттын турмушка таасир этери кашкайган чындык, болгондо да кандай таасир этет; эгерде ал албетте, турмуштук материалды терең билүүгө негизделген чыныгы адабият болсо.

Ошол окуядан соң Ленинграддын дүкөндөрүндө жарым жыл бою жашылча-жемиштин түрү жайнап турду. Ленинграддыктар бир чети таң калып, кубанып да жатышты, обкомдун башчысы жолдош Романов болсо революция бешиги аталган шаарда молчулукту камсыз кылгандыгы үчүн орденге татыды. Анан албетте, баары кайра ордуна келди, баягыдай эле ит оору адат – уурдамайлар уланды. Ошондуктан кайсы бир америкалык басмакана жылына бир жолу ушундай китеп чыгарып турса, ал Россияны азык-түлүк менен камсыздоо ишине абдан чоң салым болмок экен.

Орусчадан оодарылды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз