Эрнест Хемингуэй: Мемиреген Альпы

  • 02.02.2023
  • 1880

Англис тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары

АҢГЕМЕ

Эрте менен өрөөндө тердеп-кургап келаттык. Жонума асылган лыжадагы кар ысык күндөн эрип, дарактар күндөн кагжырай түшкөн. Өрөөндө жаз мезгили, ошого карабай күн куйкалап ысык. Жол менен Галтурду көздөй бараттык, лыжа менен торбону артынып алганбыз. Чиркөө туштан өтүп баратып, эми эле казылып жаткан мүрзөнү көзүбүз чалды. Чиркөөдөн чыгып, жаныбыздан өтүп бараткан попко: «Grüss Gott»[1] – деп салам берсем, поп ийилип алик алды.

- Ушул чиркөө адамдары кишиге сүйлөбөгөнү кызык, – деди Жон.

- Алар деле «Grüss Gott» деп салам берсе өлүшөбү десең.

- Алар эч качан сөзгө жооп бербейт, – деди Жон.

Жолдо бараткан биз токтой калып, көр казып жаткан жайчыны карап туруп калдык. Көр боюнда бутуна узун кайыш өтүк кийген кара сакалчан дыйкан турат. Жайчы ишин токтото салып, белин түзөп туруп калды. Узун өтүкчөн киши жайчынын колунан күрөктү алды да, көрдү казып кирди, топуракты бакка кык чачып жаткансып тегиз жайып ыргытты. Май айынын таңында көр казуу иши көзгө бир калааты көрүндү. Ушундай ажайып күндө бир пенде өлүп кете бергенине анча ишене албай турдум.

- Акыры биздин да барар жайыбыз ушул, – дедим Жонго карап.

- Муну азыр ойлогум да келбейт.

- Ырас айтасың, муну азыр ойлобой койсок да болот.

Шаардагы үйлөрдү жандай басып мейманканага бараттык. Сильвреттеде бир ай бою лыжа тээп, өрөөндө да убакытты шаттуу өткөрдүк. Сильвреттеде жакшы эле лыжа тепкендей болдук, бирок жаз эмеспи, ошого эрте мененки же кечиндеги тоңголокто гана лыжа тепкен ыңгайлуу. Калган учурда ысыган күн кедергисин тийгизет. Экөөбүз тең ысыган күндөн заманабыз куурулду. Же күндөн качып кутула албайсың. Болгону аска-зоонун тескейинен, зоо боорундагы мөңгүгө курулган өжүрөдөн гана көлөкө түшөт да, көлөкөдө кийимге сиңген тер калдырап катып калат. Өжүрөнүн сыртында күндөн калкалаган көз айнексиз олтурууга эч мүмкүн эмес. Күнгө карара күйсөк жакшы болор беле, бирок күн аптабы жүрөктү сыгып жиберет экен. Мындайда эс алгандай деле болбойсуң. Карлуу жайдан алыстай түшкөнүмө бир чети кубандым. Сильвретте тарапка эчак жаз келиптир. Ал жакта көпкө жүрдүк. Өжүрөнүн тунуке чатырынан эрип түшкөн кар суунун даамы таңдайымда калды. Лыжа тепкен учурду ойлосом эле таңдайыма ошол эриген кар суунун даамы келет. Лыжа тепкенден сырткары дагы бир кубанганым – бийик тоонун табигый эмес калаатыдай жазынан качып, ушул өрөөндүн май айындагы жазына түшүп келгеним болду.

Мейманкананын кожоюну мейманкананын кире беришинде олтурат, анын отургучу дубалга такай коюлган. Анын жанында ашпозчу.

- Хай, лыжачандар! – деп кыйкырды кожоюн.

- Хай! – биз да кыйкыра жооп берип, лыжабызды дубалга жөлөй сала торболорду жондон сыйрыдык.

- Чоку тарап кандай? – деп сурады кожоюн.

- Schön[2]. Күндүн ысыганы эле болбосо.

- Ооба. Бул мезгилде күн ысып баштайт.

Ашпозчу отургучта олтурат. Кожоюн бизди кыйгап өтүп, бөлмөсүнүн эшигин ачып, бизге келген каттарды алып чыкты. Бир тутам кат менен кошо кагаздар жүрөт.

- Кел, сыра ичели, – деди Жон.

- Жарайт. Ичкериде ичели.

Кожоюн эки бөтөлкө сыра алып келди. Келген каттарды окуганча сыра ичтик.

- Кел, дагы ичели, – деди Жон. Бул сапар сыраларды бир кыз көтөрүп келди. Ийкемдүү жылмайып бөтөлкөнүн оозун ачып жатты.

- Келген каттар аябай көп, – деди кыз.

- Ооба.

- Prosit[3], – дей салып, бошогон бөтөлкөлөрдү көтөрүп жөнөдү.

- Сыра эмне экенин унута түшүптүрмүн.

- А мен унутпадым, – деди Жон. – Чокуда жүргөнүмдө да эси-дартым сырада эле.

- Жакшы, – дедим. – Ушунусуна да шүгүр.

- Бир нерсеге көпкө көрмөсөктөп жүрбөш керек тура.

- Жок, эч качан. Биз ал жакта көп жүрүп койдук.

- Өтө көпкө, – деди Жон. – Бир нерсени көпкө кылган да болбойт экен.

Терезе аркылуу чайыттай ачык күн тийип, үстөлдөгү сыра куюлган бөтөлкөлөр күндөн жарып турду. Бөтөлкөлөр жарымына дейре ичилген. Бөтөлкөдөгү сыранын үстү көбүк тартып, бирок көп эмес, себеби сыралар муздак болчу. Узун ыстакандарга куйган кезде көбүк өйдөгө быржыктайт. Мен терезеден агарган жол тарапты карадым. Жол боюндагы дарактарды чаң баскан. Арыда жапжашыл талаа, шаркырап аккан суу жатат. Аккан сууну бойлоп дарактар өскөн, сууга курулган тактай тилген тегирмендин чарпалагы айланат. Тактай тилген тегирмендин ачык тарабынан жоон устунду аралап жаткан араанын өйдө-ылдый кыймылдаганы көрүнөт. Тегерек-чети иреттелбеген. Жапжашыл талаада жер термелеп төрт карга жүрөт. Каргалардын бири дарак башында тияк-биягын каранып олтурат. Кире бериште олтурган ашпозчу ордунан туруп, зал менен ашканага көздөй жөнөдү. Бош бөтөлкөлөрдүн ичинен чайыттай тийген күн нуру чагылышат. Жон жаагын таянып олтура кетти.

Терезеден бери көздөй кирип келаткан эки кишини байкап калдым. Ичимдик ичилген бөлмөгө кирип кетишти. Бири бая жай башында турган узун өтүкчөн кара сакал дыйкан. Экинчиси көр казган жайчы. Терезе түбүндөгү үстөлдөн орун алышты. Кыз алардын жанына барып, күтүп туруп калды. Дыйкан кызды көрбөгөндөй колдорун үстөлгө жая салып олтурат. Үстүндө колтугуна жамак салынган эски аскер кийими.

- Эмне ичели? – деди жайчы. Дыйкандын дале эчтеме менен иши жок.

- Эмне ичесиң? – жайчы кайра сурады.

- Schnapps[4], – деди дыйкан.

- Кичинекей бөтөлкөдөгү кызыл винодон да бирди, – деди жайчы кызга карап.

Кыз буюртманы алып келип алдыларына койду, дыйкан аракты тартып жиберип, терезени карап туруп калды. Жайчы аны тиктеди. Жон башын үстөлгө жаздап уктап жатат.

Мейманкана кожоюну кирип келип, алар олтурган үстөлгө барды. Жергиликтүү диалектиде бирдеме деди эле, жайчы ага жооп берип жатты. Дыйкан терезеге карады. Кожоюн бөлмөдөн чыгып кеткенде, дыйкан ордунан турду. Булгаары капчыгынан он миң крон кагаз акчасын алганда, кыз ага жакындай барды. 

- Alles?[5] – деп сурады кыз.

- Alles, – деди дыйкан.

- Винонун акчасын өзүм төлөйм, – деди дыйкан.

- Alles, – деп кайталады дыйкан.

Кыз фартуктун чөнтөгүнө колун салып, бир тутам тыйын сууруп чыкты да, дыйканга кайтарым акчасын сунду. Дыйкан сыртка чыгып кетти. Ал чыгар замат кожоюн бөлмөгө кирип келди да үстөлгө олтуруп, жайчы менен бирдемелерди сүйлөшө кетти. Жергиликтүү диалектиде кобурашып жатышты. Жайчынын таң калыштуу баянына кожоюндун оозу ачылды. Мурутчан кодойгон жайчы ордунан туруп, терезеден жол тарапты тиктеп турду да анан:

- Тигине, ал тиякка кирип баратат.

- «Löwen» тарапка кеттиби?

- Ии.

Алар дагы бирдемелерди кобурашты, анан биздин үстөлгө кожоюн басып келди. Кожоюн жашы бир топко барып калган узун киши. Келди да, уктап жаткан Жонду карады.

- Аябай чарчаптыр.

- Ооба, таң азанда турганбыз.

- Бир аздан кийин бирдеме жеп аларсың?

- Качан болсун боло берет, – дедим. – Эмне бар жегенге?

- Эмне кааласаң, ошонун баары бар. Азыр тиги кыз тамак тизмегин алып келет.

Тамак тизмеги сыя менен калың кагазга жазылып, кагаз жыгач рамкага салынган.

- Мына speise-karte[6], – дедим да, Жонго тамак тизмегин сундум. Ал уйкулуу көздөрү менен ага үңүлдү.

Кожоюнга карап:

- Келиңиз, бирткеден чүңкүлдөшөлү, – десем, жаныма олтура кетти.

- Дыйкандардын айбандан айырмасы жок, – кейинип алды кожоюн (Баягы чыгып кеткен дыйканды айтып жатат котормочудан).

- Биз шаарга келатып аны мүрзө башынан көрдүк эле.

- Аялын жерге берди.

- Иэ?

- Айбан да. Дыйкандын баары айбан чалыш келесоолор.

- Эмнеге?

- Айтсам ишенбейсиң. Сага жалган, мага чын бул.

- Айта берсеңиз эми.

- Мен айтсам ишенбейсиң дедим го, – деди да, жайчыны чакырды. – Франц, бери келчи.

Арыдан виносу менен ыстаканын көтөрүп жайчы келди.

- Бул мырзалар Висбаденерхюттеден эми келишти, – кожоюн ага биз тууралуу айтты.

Кол алышып учураштык.

- Эмне ичесиз? – дедим жайчыдан.

- Эчтеке, – деди жайчы кол шилтеп.

- Бир бөтөлкө шарапка кандайсыз?

- Э, мейличи, – жайчы макул болду.

- Биздин диалекти түшүнсөң керек? – кожоюн менден сурады.

- Жок.

- Эмне болуп кетти? – Жон сурады.

- Баягы көр башында турган дыйкан жөнүндө айтып бергени жатат.

- Баары бир эчтеке түшүнбөйм, – деди Жон. – Булар тез сүйлөсө, мен түшүнбөйм.

- Баягы дыйкан, – деди кожоюн, – Былтыр ноябрда өлгөн катынын жайга койгону эми алып келиптир.

- Декабрда, – деп жайчы түздөп койду.

- Декабрдабы же ноябрдабы, айырмасы канча, – деди кожоюн. – Былтыр өлгөн аялын элге эми угузуп жатпайбы.

- Декабрдын он сегизи, – деди жайчы.

- Күрткү эрибесе, өлгөн аялын жайга кантип алып келмек.

- Ал Пацнаундун аркы жээгинде жашайт, – деди жайчы. – Бирок аларга да биздин көрүстөндөн орун берилет.

- Ошондон бери аялын көрүстөнгө жерге бергени алып келбептирби? – деп сурадым.

- Жок, кайдан. Кар кеткиче алар бул жерге лыжада гана келе алышат. Өлгөн аялын жайга бүгүн алып келсе, поп аялдын жүзүн көрүп, жайга койгусу келбептир. Кел, сен өзүң айтып берсең, – кожоюн жайчыга кайрылды. – Биздин диалект менен сүйлөбөй, буларга таза немисче жай айтып бер.

- Поптун оозу ачылып калбаспы, бул жагы өтө кызык болду, – жайчы кебин баштады. – Дыйкандын айтуусу боюнча аялы жүрөгү кармап өлүптүр. Анын жүрөгү оорукчан экенин мурда эле билчүбүз. Чиркөөдө бир нече жолу жүрөгү кармап жыгылган. Кийин чиркөөгө да каттабады. Тоодон түшүп келгенге алы жок да байкуштун. Поп аялдын бетин ачып көрөр замат дыйкандан шектүү сурады: «Аялың катуу азап тарттыбы?». Анда Ольц (аялын көмгөнү келген дыйкан) мынтип коёт: «Жок, анчалык деле эмес. Үйгө кирсем, керебетте өлүп жатыптыр».

Поп аялдын бетин дагы карады да, буга ачуусу келип:

- Эмнеге бети мындай?

- Билбесем, – деди Ольц.

Анда Поп:

- Сен билбесең, анда мен билеминби, – дей салып, жуурканды кайра жаба салды.

Ольц унчукпай мелтиреди. Поп Ольцко тиктегенде, Ольц да попко карап:

- Муну билгиңиз келеби?

- Билгим келмек тургай, мунун анык себебин такташка милдеттүүмүн.

Жайчы кептин ушул жерине келгенде, кожоюн сөздү жыра тартты:

- Мына эми кызыгына келди, тынч угуп тургула. Ии, жайчым, анда кулак сенде.

Жайчы андан ары кебин улады:

- Поп ошентип жарга такаганда гана дыйканың минтип атпайбы:

- Анын үзүлүп кеткенин билген соң, кыштакчага кабар бердим да, өлүктү отун жыйган сарайга киргизип салдым. Кийин отун алганы кирсем, оозун чоң ачкан бойдон сөөгү катып калыптыр. Өлүктү устундай кылып дубалга тикелеп жөлөп койдум. Түнкүсүн сарайга отун жарганы киргенимде, чыракты анын мойнуна илип койчумун.

- Бул эмне кылганың? – деди Поп.

- Билбесем, – деди Ольц.

- Дайым ушинтет белең?

- Ар убак сарайга түнкүсүн отун жарганы кирген сайын.

- Тозокунун ишин кылыптырсың, – деди поп муну укканда. – Жубайыңды жакшы көрчү белең?

Анда келесоо дыйкан поптун жанын андан бетер кашайтып минтип коёт:

- Ии. Өлө сүйөт болчумун да.

Жайчы ушуларды айтып берди.

- Түшүндүңөрбү, жигиттер? – деди кожоюн бизге карап. – Аялы тууралуу айтылгандын баарын уктуңар да?

- Уктум.

- Тамак эмне болду? – деп сурады Жон.

- Тамакты өзүң буюртма бер, – дедим да, кожоюнга кайрылдым: – Бул чын бекен өзү?

- Албетте. Дыйкандардын айбандан айырмасы жок.

- Кайда кетти ал?

- Менин ашынам тарапка ичкени кетти.

- Мени менен ичкиси келбеди окшойт, – деди жайчы.

- Мен аялы тууралуу уккан соң, мени менен да ичкиси келбеди, – деди кожоюн.

- Кой. Тамак ичеличи, – деди Жон.

- Жарайт, – дедим.

[1] Grüss Gott (нем.) – Саламдашуу сөзү. Германиянын түштүгүндө жана Австрия аймагындагы жергиликтүү диалект сөзү;

[2] Schön (нем.) – Ажайып, эң сонун (нем.);

[3] Prosit – немисчеден түз мааниси ден-соолукта болуңуз дегенди билдирет. Бирок бул жерде кыз «Аш болсун» деген мааниде айтып жатат;

[4] Schnapps (нем.) – Шнапс, немис арагы (нем);

[5] Alles (нем.) – Баары. Бул жерде кыз: «Баарынын акчасын төлөйсүзбү?» деген мааниде ушинтип сураса, дыйкан: «Баарына» деп жооп берип жатат;

[6] Speise-karte (нем.) – Тамак тизмеги, меню.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз