Эрнест Хемингуэй: Бүгүн жума

  • 08.04.2022
  • 2569

Англисчеден которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

Шарапкана. Үч римдик жоокер түнкү саат он бирде ичип олтурушат. Дубал бойлой шарап толтурулган бочкалар коюлган. Жыгач текченин артында шарап саткан жөөт киши турат. Үч жоокер тең кыйла кыйла кызуу.

1-Жоокер: Кызылынан ичтиң беле?

2-Жоокер: Жок, татып көргөн эмесмин.

1-Жоокер: Татып көр анда.

2-Жоокер: (сатуучуга карап.) Жарайт. Жорж, бизге кызылынан куйчу.

Шарап саткан жөөт: Болду да, мырзам. Муну ичкенде, мага ыракмат айтасыңар. (Бочкадан чопо кумурага толтура шарап куюп келип, алдыларна коёт.) Мынакей, сонун шарап.

1-Жоокер: Кана, тарттык, жигиттер (Бочкага жөлөнгөн үчүнчү римдик жоокерге карап). Ой, сага эмне болду?

3-Жоокер: Ашказаным курулдап турат.

2-Жоокер: Суу ичсең ошол да.

1-Жоокер: Кызылынан биртке ичип койсоңчу.

3-Жоокер: Бул кызыл балакетиңди ичким жок. Ашказанды кыжылдатат экен.

1-Жоокер: Ал жерде какайып жанатан бери турасың.

3-Жоокер: Сенден сурап жатамбы?

1-Жоокер: Айтчы, Жорж, мына чечектин ашказанына шыпаа болор бирдемең барбы?

Шарап саткан жөөт: Тигине койбодумбу!

Үчүнчү римдик жоокер шарап саткан жөөт чыныга даярдап берген аралашманы ууртап көрөт.

3-Жоокер: Буга эмне төөнүн тезегин чыладыңбы?

Шарап саткан жөөт: Көп сүйлөбөй тартып жибер, лейтенант. Ич оорунун дабасы бул.

3-Жоокер: Жарайт, мындан өлбөстүрмүн.

1-Жоокер: Тарт, алып жибер. Жорж өткөндө мени да ушинтип айыктырган.

Шарап саткан жөөт: Сен мындан да жаман акыбалда элең, лейтенант. Бул ич оорунун эң жакшы дабасы.

Үчүнчү римдик жоокер чыныны так көтөрүп ичип жиберет.

3-Жоокер: Ыйса Христос! (бети-башын бырыштырып.)

2-Жоокер: Жок нерсеге ызылдай бербечи!

1-Жоокер: Билбейм, бирок ал ошондо өзүн татыктуу кармап турду.

2-Жоокер: Кресттен түшөм деп эмнеге жандалбас кылбады?

1-Жоокер: Жөн гана түшкүсү келбеди. Ал андай пасчылыкка эч качан барбайт.

2-Жоокер: Койчу ай. Кайсы келесоо түшкүсү келбесин.

1-Жоокер: Ой, энеңдурайын, эчтекеге баам-парасатың жетпейт экен сенин. Тиги Жорждон сурачы. Эй, Жорж, ал эмне кресттен түшөм деп жандалбас урдубу ошондо?

Шарап саткан жөөт: Мен ал жерде жок элем, жигиттер. Мен мындай нерселерге кызыкпайт эмесминби.

2-Жоокер: Мени уксаңар, аларды бул жерден да, башка жерден да көргөм. Силер мага качан болсун ушундай кезеңде кресттен түшпөй кыжыйып турган адамды көрсөтөсүңөр, аны менен кошо мен да чыкмакмын дегеним.

1-Жоокер: Ал ошондо азаматтык кылды деп ойлойм.

3-Жоокер: Чынында азамат экен.

2-Жоокер: Эмне деп жатканымды түшүнгөн жоксуңар, жигиттер. Мен аны жакшы же жаман дедимби? Мен ошол учурду айтам. Мынтип төө бастыга алып мык кагып баштаганда, көпчүлүктү токтотуп калар бирөө-жарымдын табылышы кыйын.

1-Жоокер: Сен муну көрбөдүңбү, Жорж?

Шарап саткан жөөт: Жок, мага андайдын эч кызыгы жок, лейтенант.

1-Жоокер: Мен анын турганын көрүп таң бердим.

3-Жоокер: Мага эң жакпаган жери – аны крестке кадап мык кагышканы болду. Мындайда жан көзгө көрүнөт.

2-Жоокер: Бул да эчтеке эмес (эки алаканын өйдөгө көтөрүп көрсөтөт.) Мына ушинтип мыкка өз салмагы менен асылып калганда энеңди таанытат. Мына ошондо жан көзгө чындап көрүнөт.

3-Жоокер: Муну көргөндө алардан айрымдары жаман болушту бейм.

1-Жоокер: Мен эмне аларды көрбөдү дейсиңби? Алардын көбүн көрдүм. Дагы айтам, ал бүгүн өзүн татыктуу кармады.

(Экинчи римдик жоокер шарап саткан жөөткө жылмайып карап.)

2-Жоокер: Сен чыныгы Христиан экенсиң, кайраным.

1-Жоокер: Албетте, азыр тамаша кылып тургула. Бирок мен айтканды угуп тур. Ал өзүн өтө татыктуу кармады.

2-Жоокер: Аманы ушунча болду, шараптан дагы ичсек кантет?

(Шарап саткан жөөт аларга карап калат. Үчүнчү римдик жоокер башын шылкыйтып олтурат. Көрүнүшү жакшы эмес.)

3-Жоокер: Жок, мага болду.

2-Жоокер: Жорж, экөөбүзгө дагы алып кел!

(Шарап саткан жөөт мурункуга караганда чаканыраак кумурага шарап алып келип, алардын алдына коёт да, ордуна барып, жыгач текчеге жөлөнүп калат.)

1-Жоокер: Аны ээрчип жүргөн кызды көрдүңбү?

2-Жоокер: Мен анын жанында турбадымбы.

1-Жоокер: Сулуу болуп кетиптир бейдаба.

2-Жоокер: Ал шуркуя биринчи менин колумдан өткөн [1]. (Шарап саткан жөөткө карап көз кысып коёт.)

1-Жоокер: Аны мурда шаардан көрүп калчу элем.

2-Жоокер: Анын жашоосу ошондо жакшы болчу. Кийин тигини (Ыйсаны, котормочудан.) ээрчип кетип барынан кур калды.

1-Жоокер: Ал өзү деле жарып кеткен жок да. Бирок ошол күнү өзүн татыктуу кармап турганын айт, атаңгөрү.

2-Жоокер: Аны коштоп көлөкөдөй ээрчип жүрчү шагыраган эркектер кайда кетишти ошондо?

1-Жоокер: Жан керек болгондо туш тарапка житип жок болушту го, энеңдурайындар. Аялдар гана кетип калбай, аны тегеректеп орошту.

2-Жоокер: Жаныңда жүрүп, башка азап түшкөндө ошентип таштап кеткен адамдардан кудай сактасын. Аны өйдөгө асканы көтөрүп жатканын көрүшкөндө: «Кой, айланайын, тынч эле жүрөйүн» - дешти окшойт.

1-Жоокер: Аялдар азамат экен, кетип калышпай, аны жабалактап акыр аягына чейин  корголоп турушту.

2-Жоокер: Ооба десең.

1-Жоокер: Мен анын ичине найзаны матып алганымды көрдүңбү?

2-Жоокер: Акыр бир күн ошол кылганың өз башыңа көрүнөт.

1-Жоокер: Аны дагы бир аз аяп койдум. Мага ошондо ал өзүн татыктуу кармагандай сезилди.

Шарап саткан жөөт: Мен жабышым керек, мырзалар.

1-Жоокер: Биз дагы ичет элек (Аңкайып шарап саткан жөөттү тиктейт).

2-Жоокер: Койчу, эй. Мындан эмне мүйүз чыкмак беле. Жүр, кетели андан көрө.

1-Жоокер: Аттанар аякка эч болбосо бирден ичели.

3-Жоокер: (Ордунан козголуп.) Кой, башты оорутпачы, эй. Кеттик. Өзүмдү иттей жаман сезип турам.

1-Жоокер: Кел, бирден алалы.

2-Жоокер: Чыгып баратканда жөн басчы, энең… Жакшы кал, Жорж. Бизге жазып коё бер.

Шарап саткан жөөт: Жакшы баргыла, мырзалар. (Чыгып бараткан үч жоокерди бир аз кыжаалат карап.) Биртке тыйын таштап кетсеңер жакшы болот эле, лейтенант.

2-Жоокер: Карызга жазып тур дедим го, энең!.. Келаткан шаршембиде айлык тиет.

Шарап саткан жөөт: Жарайт, лейтенант. Жакшы баргыла, мырзалар.

(Үч римдик жоокер сыртка чыгышты.)

(Үч римдик жоокер көчөдө баратышат.)

2-Жоокер: (Шарап саткан жөөт тууралуу айтат.) Чокусун жей турган жөөт. Жөөттүн баары ушундай.

1-Жоокер: Жок, бул жакшы киши.

2-Жоокер: Сага азыр жашоо жыргал да, элдин баары көзүңө жакшы көрүнүп.

3-Жоокер: Нымтырабай казармага эртерек баралычы. Өзүмдү иттей жаман сезип турам.

2-Жоокер: Сен бүгүн эртеден кечке көпкө дейдип жүрдүң.

3-Жоокер: Кеп анда деле эмес. Негедир табым айнып турат.

2-Жоокер: Кечке дейдип жүрсөң ошол да.

КӨШӨГӨ.

[1]. Бул жерде сөз бир кезде жаман жолго түшүп сойкулук менен алектенип, кийин Ыйса пайгамбарга кезиккенде, кылган ишине тообо кылуу менен өкүнүп, аны ээрчип элге дин жайылтуу ишине аралашып жүргөн кыз тууралуу болуп жатат.

Берилген пьсада жазуучу азыркы америкалык тилде каармандар – шарап саткан жөөт жана римдик жоокерлердин диалогу аркасында Ыйсанын мүнөзүн ачып берген.

Көпчүлүк адабий сынчылар муну жөн гана чакан аңгеме катары кабылдап, драматикалык сүйлөмдөрдүн текстте метафора катары колдонулушу анча көзгө байкала бербейт. Чыгармадагы «Ал өзүн татыктуу кармап турду» – деген сөздүн кайра-кайра кайталанышына көңүл бөлүү абзел. Хемингуэй өспүрүм куракта бокс менен машыгып, өмүр бою спорттун оор түрү – бокстун күйөрманы бойдон калган.  «Ал өзүн татыктуу кармап турду» – деген фразанын кайра-кайра кайталанышы менен Ыйсанын образын рингде өзүн татыктуу кармап, акыр аягына дейре тайманбай кармашкан мушкердин образы менен берген. Римдик жоокерлер да метафоралык таризде мушкерге атаандаш башка мушкерлер катары сүрөттөлүп, адам жашоосунун өзү – рингдеги мөөрөй үчүн кармаш катары сыпатталат. Жалпысынан чыгарма спорттук метафора аркылуу жазылганы ырас.

Пьесада көрүнгөндөй үч римдик жоокер тарыхый улуу бурулуш күндө – Ыйса пайгамбар дарга мык менен кагылып асылган күндүн кечиндеси шарапканада анын дарга кандайча асылгандыгы тууралуу бейкапар гана кеп салганча, шарап ичип олтурушат. Адамзат өз жашоосунда күбө болгон тарыхый белгилүү бурулуштарга, тарыхый инсандарга, улуу доорго анчалык деле маани бере беришпейт. Аң-сезимдүү пендени Жараткан «жашоо - рингде» бири-бири менен мөөрөй талаштырып жаратып койгон, б.а., адам өзү жаралышынан койнунда жашаган табиятка, социалдык коомго анча шайкеш эмес, кемтик менен калыптанып калганы өкүнүчтүү. Адамга пайгамбар да жаккан эмес. Адам Атадан таркагандан бери адамзат согушуп, кырылышып келатканы да ушундан. Муну белгисиз акылмандын: «Ар бир адам аздыр-көптүр кайсы бир деңгээлде шизофреник» – дегени да ырастагансыйт. Канчалаган доорду басып өтсө да, акылына кирбеген адамзат адам баалуулуктарын толук сактабай, өз башына өзү мүшкүл жаратып жашап келатканына азыркы күндө дүйнөдө болуп жаткан окуялар да күбө. (Котормочудан.) 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз