Эрнест Хемингуэй: Өмүргө тете күн

  • 03.01.2022
  • 2782

Англис тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

АҢГЕМЕ

Бөлмөгө кирип келип, терезени жапмай болду. Ал кезде төшөктө жаткан мага анын табы айнып турганы байкалды. Калчылдап титиреп, өңү кубарып, кыймылдагысы келбей араң басканын айт.

- Эмне болду, каралдым?

- Башым ооруп жатат.

- Төшөктө жылуу жатсаңчы.

- Жок, ыракмат. Жакшы элемин.

- Ыракматты кой, балам. Жат төшөккө. Азыр кийинип алып, сени карайм.

Ылдыйга түшкөнүмдө, ал от боюнда кийимчен олтуруптур. Тогуз жашар тестиердин көздөрү муңдуу, маанайы суз. Чекесине колумду койсом, денеси оттой ысык.

- Үстүгө чык да, жат төшөккө, – дедим. – Денеде ысытма бар.

- Жок, менде баары жакшы, – балам дагы тээжиктенди.

Доктур келип, температурасын өлчөдү.

- Табы кандай? – доктурга суроолуу карадым.

- Жүз эки.

Ылдыйкы кабатта сыртында колдонуу эрежеси жазылган түрдүү түстөгү капсулаларга салынган дары-дармектин үч түрүн калтырып кетти: биринчиси температураны түшүргөнгө, экинчиси ичти тазалоо үчүн, үчүнчүсү кан кычкылдануусуна каршы. Балам бир аз састумоолоп калганын айтып, эгер температурасы жүз төрттөн ашпаса, буга өтө кабатыр болуштун кереги жоктугун айтты. Балам жеңил тумоолоп калганын, тек, өтүштүрүп жибербөөнү эскертти.

Бөлмөгө келип баламдын температурасын, дарыларды кай убакта бериштин убакты-саатын жазып алдым.

- Китеп окуп берейинби? – балама кайрылдым.

- Жарайт. Эгер кааласаңыз, – деди балам.

Баламдын өңү купкуу, көзүнүн алды көгөрө түшкөн. Барына кайдыгер жатты төшөктө. Ага Говард Пайлдын «Деңиз каракчылары тууралуу китебинен» деңиз каракчылары тууралуу окуп берсем, аныма көңүл бурбай, өзүнчө ойго батканын байкадым.

- Кантип калдың, чырагым?

- Мурдагыдай эле. Жылыш жок.

Бир аздан соң балама экинчи капсуланы ичириш үчүн өз маалын күтүп, керебеттин этегинде өзүмчө китеп окудум. Баламды уктаса керек деп үңүлсөм, керебеттин этегин мелтиреп тиктеп жатат.

- Эмне уктабай? Дары берерде өзүм ойготом.

- Жок, уктабай жатканым дурус.

Бир аз туруп дагы үн катты:

- Мага алагды болбоңуз, ата. Эгер тынчыңызды алсам.

- Тынчымды алган жоксуң.

- Жок, эгер тынчыңызды алсам.

Баламдын башы да ооруп тургандай. Саат он бирде ага капсуладагы дарыдан дагы бирди ичирип, сыртка кеттим.

Күн ачылып, аба муздак, жер бетинде суу кар музга айланып, жылаңач дарактар, көчөттөр, бутак-шактар, чөп жана жердин такыр бети жука музга капталган. Тайганымды ээрчитип, бети музга тоңгон суу боюндагы жол менен ууга кеттим. Тоңголокто басыш кыйын да: тайган жолду катар улам тайгалактан мөңкүп, өзүм эки жолу тайгаланып куладым. Жыгылганда да колумдан мылтык ыргып, менден оолак сыйгаланып кетти.

Ылайлуу тик жантык бет менен ылдый түшүп келатканда бадал арасынан бир нече кекилик пыр учкан бойдон абага көтөрүлдү. Жээктин аркы башына учуп көрүнбөй калганга дейре ок чыгарып, эки кекилик аттым. Биртоп кекилик даракка консо, калган бөлүгү чөп-чардын арасына житти. Аларды үркүтүү үчүн мага бадалдын тоңгон шактарына чыгып, бир нече жолу секирүүгө туура келди. Тоңгон шакка сүйөгөн бутум ордунан тайчудай калтаңдап, атканга ыңгайсыз үчүн экини атып, бешөөнү качырып жибердим. Ошентсе да алардын үйүрүн үйдөн алыс эмес жерден тапканыма кудуңдап, артка жол тарттым. Бул жерге дагы бир күнү аңчылыкка келем буюрса.

Үйгө келсем, балам бөлмөгө эч кимди киргизбей жатканын айтышты.

- Сизге киргенге болбойт, – дейт балам кирип баратканымда, – Сизге да жугат.

Бөлмөгө кирсем, мурункудай ордунан былк этпеди. Өңү кубарып, безгектей калтырактан жаактары кызарып, дагы деле керебеттин этегин мелтиреп тиктейт.

Температурасын дагы өлчөдүм.

- Табым кандай? – дейт балам.

- Жүздү көрсөтүп турат, – дедим. – Бая жүз эки бүтүн ондон төрт эле.

- Жүз эки болчу, – айтканымды түзөдү балам.

- Ким айтты эле?

- Доктур.

- Температура жайында, – дедим ага, – Кабатыр болуштун кереги жок.

- Кабатыр болгонум жок. Бирок ойлонбой коё албайт экенсиң.

- Ойлонбо эч, өзүңдү жоготпой, бош карма, – дедим.

- Өзүмдү жоготподум, – бир нерсеге кыжаалат түрү бар.

- Мэ, муну суу менен ичип жибер.

- Кандай дейсиз, муну ичсем айыгып кетемби?

- Албетте.

Олтуруп «Деңиз каракчылары тууралуу китепти» дагы окуп кирдим, бирок балам көңүл бурбай жатканын көрүп, токтоп калдым.

- Мен эми качан өлөм? – дебеспи бир маалда.

- Эмне дейт бу?

- Өлүшүмө дагы канча калды дейм?

- Сен өлбөйсүң. Ким айтты өлөт деп?

- Мен өлөм баары бир. Менде температура жүз эки болуп турат.

- Температура жүз экиге чыкканда эч ким өлгөн эмес. Болбогон сөз бул.

- Жок, өлөт. Францияда окуп жүргөнүмдө классташтардан температура кырк төрткө чыкканда адам токтоосуз өлөт деп уккам. А меники жүз экиге чыгыптыр.

Чунак балам эртең мененки тогуздан кечке дейре качан өлөм деп жаткан тура!

- Эх, курган балам, ай! – шаңдуу кыйкырдым. – Мунуң аралык өлчөөдөгү миль жана километр дегендей эле кеп, эси жогум. Өлбөйсүң. Франциядагы ал башка термометр. Ал термометр боюнча адамдын нормалдуу температурасы – отуз алты бүтүн ондон алты. Бул биздин термометр боюнча токсон сегизге туура келет.

- Коюңузчу?

- Чын, – дедим. – Бул миль жана километр дегенге окшош. Мисалы, машина жетимиш миль аралыкты басып өтсө, бул километрге чакканда канча болуп калат дегендей кеп да.

- Иэ, ошондойбу? – балам мага суроолуу карады.

- Ананчы.

Керебеттин этегин тиктеген баламдын мелтиреген көздөрү эми бир аз жай ала түштү. Карышкан денеси аз-аздан бошошо баштады. А эртеси денеси талыкшыса эле болор-болбоско бышактап иймей адат таап алса болобу.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз