Эрнест Хемингуэй: Таптаза, жарык жайда

  • 12.01.2021
  • 3881

АҢГЕМЕ

Түн бир оокумда кафеде бир жан жок, болгону бир чал электр жарыгы тийген жалбырактардын көлөкөсү түшкөн сырткы орундуктардын биринде олтурат. Күндүзү көчөдө чаң ызгып, бирок кечиндеси көчөдөгү ызгыган чаң шүүдүрүмгө жуулуп, ызы-чуулар азайып, мунун кыныгын алган кулагы жакшы укпаган керең чал тээ бир убакка дейре олтура бергенди адат кылган. Чалдын бир аз кызып калганын байкаган эки официант чалга көз салганча кафенин ичинде аркы-беркиден кеп салып олтурушат. Бечара чал бул кафенин жакшы кардарларынын бири, бирок каран калгыр керең чал кээде катуу мас болуп калганда, кафенин акчасын төлөөнү унутуп «качып» кетет. Жигиттердин ага утур көз салганча, аны күтүп олтурушканы да ошондон.

- Өткөн жума бул өзүн өлтүрүүгө аракет кылган имиш, – официанттардын бири кеп баштады.

- Эмне үчүн?

- Жашоодон тоюп кетсе керек.

- Эмнеге?

- Ит билсинби. Жөн эле өлгүсү келген го.

- Жөн эле өлгүсү келгенин кайдан билдиң?

- Бул чалда акча деген саман.

Алар кафенин кире беришиндеги дубалга такала коюлган үстөлдө шамалга акырын дирилдеп жаткан жалбырактардын көлөкөсү түшкөн жердеги аңгырап бош калган террасада жападан-жалгыз олтурган чалды карашты. Көчөдө кетип бараткан жаш жоокер менен бойго жеткен кыз көрүндү. Жоокердин жакасындагы жез жылдызчалар көчөгө илинген чырак жарыгына жаркырай түштү. Жылаңбаш кыз жоокердин артынан жете чуркап, бат-баттан басып баратат.

- Муну азыр күзөт кызматкери кармап кетет, – деди официанттардын бири чалды карап.

- Муну алып кетип башына тартабы.

- Чал, бул жерден азыр жылып кеткени оң. Болбосо муну күзөт кызматкери даана кармап кетет. Мен аларды беш мүнөт мурда көргөм.

Көлөкөдө олтурган чал ыстаканы менен табакты тыкылдатты. Жаш официант ага чыгып барды.

- Сизге эмне керек?

- Бренди [1] барбы дагы? – чал ага карады.

- Мас болуп каласыз, – деди жаш официант. Чал аны элейип караган бойдон калды. Официант кетип калды.

- Бул кашайгыр эми таң атканча олтурат, – деди жаш официант өзүнчө кейип-кепчип. – Уйкум келип, араң турам. Дегеле бир түнкү үчтөн эрте жаткан күнүм болбоду. Өткөн жума өлүп калса болмок экен.

Жаш официант өзүнчө сүйлөнүп, текчеден бренди ичимдигинен бир бөтөлкө жана табактан бирди алды да, чал олтурган үстөлгө барды. Табакты үстөлгө коюп, ыстаканга толтуруп бренди куйду.

- Өткөн жума өлүп калсаң деле болмок экен, – деди кулагы керең чалга карап.

- Куй дагы бир аз, – деди чал колу менен жаңсап. Жаш официант ичип жат дегенсип, ыстакандан ашыра куйду.

- Ыракмат, балам.

Жаш официант бөтөлкөнү ичкериге алып кирди да, ашынасынын жанына олтура кетти.

- Дагы мас болуп калды бул.

- Бул кудайдын куттуу күнү мас.

- Эмнеге жанын кыйгысы келген экен, ээ?

- Мен кайдан билейин.

- Кантип өлгүсү келди экен?

- Өзүн жипке байлап, асынган имиш.

- Ким көрүп калыптыр анан?

- Карындаш тууганы.

- Эмнеге чечип алат десең муну жиптен?

- Өлүп калса балээсинде калбайын десе керек.

- Бул какшаалда канча акча бар экен, ээ?

- Акча саман бул түгөттө.

- Жашы сексенге келип калган го дейм?

- Сексендин кырынан ашса керек.

- Кетип жоголсо да болот эле. Төшөккө дайыма үчтөн кийин жатам. Түнкү үчтө төшөккө жатат деген эмне?

- Бул какшаал ушул жердин кыныгын таап алды.

- Бул го жападан-жалгыз бир кемпай. А менчи? Мени төшөктө келинчегим күтүп жатат.

- Мунун кемпири болгон да бир кезде.

- Буга азыр кемпирдин эмне кереги бар.

- Кой, андай дебе. Кемпири болсо жакшы болмок байкушка.

- Карындашы карап жатпайбы муну, болот ошол.

- Билем. Жиптен чечип алыптыр дедиң го.

- Ушинтип карыганда калжаңдап калгандарды көрүп, ушул жашка чыккың да келбейт.

- Андай деле эмес. Бул аябай пакиза чал. Ичкенде да кусуп-чычып, балжырап жатып калбай тыкан ичет. Мына азыр өлгүдөй мас болбосо. Карасаң.

- Көрөйүн деген көзүм жок муну, кетип жоголсунчу ары. Бул жакта өлгүдөй иштеп, чарчап турганың менен иши жок.

Чал ыстакандан көзүн буруп айланасын тиктеди, анан официант жигиттерге карады.

- Дагы бренди, - деди чал ыстаканын көрсөтүп. Үйүнө шашып жаткан жаш официант ичкериден чыгып келди.

- Бүттү! – деди чалга карап. Бул ирет ичкенде чектен ашып кеткен айрым макоолорго жана ашыкча ичип өзүн билбей калган чет элдик конокторго кайрылгандай, колдорун кайчылаштырып, зекип сүйлөдү. – Башка жок эми. Жабылабыз азыр.

- Дагы бир ыстакан куйчу, балам.

- Жок дейм! – жаш официант айласы түгөнгөндөй башын чайкап, үстөлдүн бетин сүлгү менен аарчып кирди.

Чал ордунан козголуп, табактарды мыжырып жатып эсептеди да, чөнтөгүнөн булгаары капчыгын алып чыгып, акчасын төлөдү, чай ичип койгула деп жигиттерге бирткеден акча берди. Жигиттер чыгып бараткан чалды көз менен узатып кала беришти. Бир кыйла кызып калган чал жигиттердин алдында өзүн кадырлуу, салабаттуу кармоого далалат кылып, кылтаңдай басып кафеден чыгып кетти.

- Бечараны бекер кубаладың, – деди жашы улуураак официант терезени жаап жатып. – Саат али эки жарым боло элек.

- Мен эртерээк үйгө барып, жатышым керек.

- Бир саат деген эмне?

- Мага бир саат да кымбат азыр.

- Убакыт баарына бирдей.

- Сен да чал баштанып жатасың. Андай ичкиси келет экен, бир бөтөлкө сатып алсын да, үйүнө алпарып, мага демектен шишенин түбүнө түшүп ичсин.

- Ал жерде окшошпойт да.

- Ал жерде окшошпойт, - деди жубайы бар жаш официант. Өзүнүкүн өтө деле туура дебеди, болгону үйүнө шашып жаткан.

- А сенчи? Үйгө эртерээк баргандан коркпойсуңбу?

- Эмне? Мени шылдыңдап жатасыңбы?

- Тамаша, дос.

- Жок, - деди үйүнө шашкан жаш официант темир эшиктерди ылдый түшүрүп. – Антип ишенимден чыккым келбейт.

- Ээ, иничек. Сенде азыр кырчындай жаштыгың, ишенип күткөн адамың жана иштеген ишиң бар, – деди жашы улуурагы. – Сенде азыр баары бар.

- А сага эмне жетишпейт?

- Менде ишимден башка эчтеке жок.

- Сенде деле баары түгөл эмеспи?

- Кайдан, иним. Ишенген адамымдын ишеничине эч качан турбадым да, актабадым. Жаш да өйдөлөп калды.

- Кел, кереги жок сөздөрдү жыйнаштыралы да, эртерээк жабалы.

- Ошого мен дагы кафеде түнөгүсү келген жанмын, – деди улуусу жылмайып. – Мен да түнкүсүн уктай албагандарга кирем. Мен да түнкүсүн таптаза, жарык жайга зар адамдардын катарындамын.

- Кой, мен үйгө кетейин да, эртерээк жатайын.

- Экөөбүз такыр эки башкабыз, иним, – улуусу сөзүн улады кетүүгө кийимдерин кийип бүтүп. – Жалындуу жаштык, жубайлык ишеним дегендин баары ажайып дечи, бирок маселе мында деле эмес. Оюма койсо кафени таң азанга дейре иштетип коймокмун. Түнкүсүн жарык жайга зар болгон кургурга бул кафе керек болот беле.

- Түнкүсүн иштеген башка майда-чүйдө шарапканалар деле толтура, тууган.

- Сен муну түшүнбөйсүң, иним. Бул кафе таптаза, жарык жана олтурганга жагымдуу жай. Жарык да шоолдоп тийип, жалбырактардын көлөкөсү түшүп турат.

- Жакшы кал, – деди жаш официант кетип баратып.

- Жакшы бар, - деди улуусу электр жарыгын өчүрүп. Анан өзүнчө бирдемелерди күңгүрөп сүйлөй баштады. –  Бул жай таза жана олтурууга жагымдуу болсун үчүн албетте, жарык болуп турганы жакшы. Музыканын кереги жок. Албетте, тарактаган музыканын кимге кереги бар. Барлар азыркы саатта иштеп жатканы менен ал жерде текчеге таянып олтурганың көңүлгө анча татыбайт. Бечара эмнеден коркот?  Бул коркунуч да эмес, шумдук да эмес, бул эчтеке эмес экенин керең чал эң сонун билет, эң сонун. Бул жалганда башкасы деле, адамы деле эч нерсеге арзыбаган нерсе. Анын ичинде жарык, таза жана тынч жайдан башканын баары эчтекеге арзыбас тура. Кээси мунун ичинде жашап жүрүп сезип да өлбөйт, туюп да өлбөйт. Бир керең чалдан башкасы. Чал үчүн бул жалгандын бүткүл ыры да, чыры да акыр барып кумга сиңген суудай житип жоголор нерсе. Испандар айтмакчы бул жалганда баары «nada y pues nada y naday pues nada» [2], эчтеке, эч нерсе жана эчтеке. Эчтекенин ичиндеги эч нерсе, сен жашагандын баары эч нерсе, сен бар дегендин баары эчтеке, анын ичинде сен да эч нерсе. Мурда да эч нерсе эле, азыр да эч нерсе, кийин да эч нерсе. Сенде да эч нерсе, менде да эч нерсе, эч кимде эч нерсе, анын ичинде сен да эч нерсе, мен да эч нерсе, баары эч нерсе. Англисче түшүнбөсөң, испанча айтам –  Nada y pues nada y naday pues nada. Эч нерсе болбогондой, бир нерсе болбогондой. Жашасын эч нерсе, гүлдөсүн эчтеке, – Бул айтканына кайра өзү күлүп жиберип, жаркыраган кофе демдеген самоору иштеп жаткан бардын алдына келип, токтоп калды.

- Сага эмне болду? – деп сурады бармен.

- Nada [3].

- Otro loco mas [4] – деди да, тескери бурулду.

- Кичинекей чыныдан бирди.

Бармен кичинекей чыныга толтура куюп берди.

- Жарык, олтурууга жагымдуу жай. Бирок үстөлдөрүн тазалап коюшкан эмес экен да, каран калгыр, – өзүнчө сүйлөндү официант.

Бармен аны ормоё тиктеп алды да, бирок үндөгөн жок. Азыр ар ким менен кажылдашып, алым-сабак айтышып олтура турган убак эмес.

- Дагы бир чыныбы? – бармен тигинден сурады.

- Жок. Ыракмат, досум, – дей салып, ал жерден чыгып кетти. Ушундай барда, шарапканада олтургандан көрө, таптаза, жарык баягы кафеде олтурган такыр башка эмеспи. Азыр эчтекени ойлонбостон, түз үйгө барганды ылайык көрдү. Үйгө барып, шыр эле жаздыкка баш коёт да, таң агарганга дейре кирпик ирмебей чакчайып жатып, анан уктап кетет.

- Акыр аягы барып, - ал дагы өзүнчө сүйлөнүп баратты, – Мунун баары жөн гана уйкусуздук. Жаш өйдөлөп калганда, адамга уйкусуздук деген балакет жармашат тура, атаңгөрү.

1933-жыл.

Англис тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ,  Москва шаары.

Аңгеме тууралуу котормочудан кыскача нускоо

Бул аңгеме түпнускада «A Clean, Well-Lighted Place» (Таптаза, жарык жайда) деген аталышта жарык көргөн. Качан жарыкка чыкканы белгисиз. Кээ бир булактарда 1926-жыл деп берилсе, башка булактарда 1933-жыл деп жүрөт. Бизди курчаган дүйнө, жашоо-турмуш бир гана нерсе. Хемингуэй бул чыгармасында адамдардын жашоого болгон көз караштарынын түрдүүлүгүн талдоого алган. Карыган кезде ар бир жан жалгыздыктан, жашоого болгон олуттуу максаттардын жоктугунан, депрессиядан жабыркашы адамзат турмушунда болуп келген нерсе.

Эки офицант бир эле чалга көз салып олтурушат. Бирок экөөнүн чалга (анын ичинде жашоого) болгон көз карашы эки башка. Улуусу орто жашка келип, турмуштун азап-тозогуна, ысык-суугуна тапталып, жаштык кездегидей ашынган амбициясы жоголгон. Ошого чалдын абалын түшүнүү менен кабылдап, ага жана ушул өңдүү адамдарга жан тартып турганы. Бул жашты айтылуу төкмө акын Жеңижок төмөндөгүдөй сүрөттөп кеткен:

...Кыркка жашың барганда,
Кыйкырып турган чагыңда,
Кыя салып алдыңдан,
Өтүп кетет балалык.
Өткөн эмей эмине?
Кырда болот кызыл таш,
Кырктын өзү кыйла жаш.
Кыйла да болсо азсынат,
Кыялында жашсынат.

Жашсынган менен болобу,
Жакшы ат камчы чаптырбайт.
Жакындап жашка кеп урсаң,
Жакшы көрүп жактырбайт.
Жашынып калган балалык,
Жалынган менен таптырбайт.

Кыйынды билбес жаштык кез,
Кыйлага чейин бөлүнбөйт,
Кыйытып аста кеп айтсаң,
Кыйкымдап сени бөлүн дейт.
Кыз-келин менен жүрчү убак,
Кыр ашып кеткен карасаң,
Кыйкырган менен көрүнбөйт!

Кесирлүүдөн кыз алсаң,
Өз теңтушуң болбосо,
Келиндерге кеп айтсаң,
Эч убакта жактырбайт.

Ошондо түшөт оюңа,
Орой сөз уксаң жаштардан,
Төккөндөй шорпо мойнуңа.
«Өткөн экен убак» деп,
Жатасың тынчып ордуңа.
Чачың буурул болгондо,
Чардап өткөн балалык.
Чаап кетет жолуна,
Чакырсаң келбейт ордуна...

Андан айырмаланып, жаш официанттын алдыдагы максаттары такыр башка. Жашоодо олуттуу, опурталдуу учурлары али баштан өтө элек. Күчү кирген суудай ашып-ташып, аш десе ашка, иш десе ишке тойбой турган учуру. Үйүндө жубайы, алдында иштеген иши бар. Жайдын толуп турган кезинде жаңыдан жетилген мөмөлүү дарактай бардык жагынан бүтүн. Жашоодо азырынча эч нерсеси кемий элек. Ошого жашоого болгон көз карашы, максаты жана тажрыйбасы али толук бышып-жетилбеген. Бул курак Жеңижоктун ырында мындай берилет:

...Жыйырма бешке барганда;
Жылкыдай туйлайт жүрөгүң,
Жыландай сойлойт билегиң.
Жылытат музду илебиң.
Жымыңдап турат жаныңда,
Жылдызы көркөм кыз-келин!
Эргиген куштай жүрөгүң,
Эңишсең жыгат билегиң.
Эритет музду илебиң,
Эрикпей жүрөт жаныңда,
Эндиксиз сулуу кыз-келин!

Жыйырма бешке отуз жыл,
Жашатып койсо эмине?
Жаңылантып өмүрдү
Жасатып койсо эмине?
Жыйырма бешке кырк жылы,
Кондуруп койсо эмине?
Жаратканы чын болсо,
Каалаганын адамдын
Болдуруп койсо эмине?
Кайран өмүр жыйырма беш,
Өтпөй турган болсочу!
Жок дегенде он жылга,
Кетпей турган болсочу!..
Кайран гана жыйырма беш,
Кайраты толук арткан кез...

Чыгармага испандын «nada» сөзү киргизилип, которгондо  «эчтеке» дегенди билдирет. Муну менен жазуучу аңгемеге философиялык нигилизм көз карашын камтыган. Нигилизм философиясына ылайык баалуулуктар, идеалдар, адеп-аклак нормалары, жана билим, бар болуу жана жашоонун маңызы сыяктуу жалпы кабыл алынган түшүнүктөр, анын ичинде Кудайдын бар экендиги да четке кагылат. Демек, нигилизм философиясынын көз карашында өлгөндөн кийинки тиги дүйнөнүн бар экендиги да жок нерсе. Философиялык нигилизм көз карашы аңгемеде жашы улуу официанттын социалдык абалы жана диалогу менен чалдын учурдагы акыбалы аркылуу символдоштуруп берилген. Чал бир топ жашка келип, жашоодогу көп нерселерден кол жууп калгандыгы аңгемеден байкалат. Кулагы да жакшы укпайт, б.а., карылык (нигилизмдин көз карашында анын ичинде дүйнө да) жалаң гана «эчтекеден» куралат. Караңгылык, жалгыздык көңүлүнө көк таштай тийген чалга таптаза, жарык жайдагы кафеде олтуруу ыракат тартуулайт. Карылык Жеңижоктун ушул эле ырында мындайча сыпатталат:

...Сексен жаштын өзүндө
Сенделип жеткен кезиңде,
Сер сакалың сербейтип,
Сереп салып турасың,
Эрте
-кеч малдын четинде.
Эки тизең ийрейип,
Эпке келбейт кечинде.
Эңкейсең белден күч кетет,
Эки колдон иш кетет.
Эмшеңдеп комсоо жарашпай,
Ээктен кашка тиш кетет.
Эндиксиз кызыл бет кетет.
Ээндетип өзүңдү
Эл ичинен четтетет.
Эриктүү жаштык түгөнүп,
Эрме чөлгө беттетет.
Ак бото белден кур кетет,
Айнектей жүздөн нур кетет.
«Кейикчээл болбой отур» деп,
Кемпириңе тилдетет.
Көркүнөн кеткен карылык,
Көңүлүңдү зилдетет.
Маңдайда чырак көз кетет,
Балдарга жакпай сөз кетет.
Адаштырып оюңдан
Акылың менен эс кетет.
Карчыгадай жигиттик,
Катаал кез менен кездешет.
Калжаңдатып текедей,
Карылык түбү жеп кетет.
..

Аңгемеде философиядагы бири-бирине карама-каршы багыттагы экзистенциализм жана нигилизм көз караштарына орун берилген. Экзистенциализм, бар болуунун философиясы – адам болмушунун уникалдуулугуна басым жасаган ХХ кылымдын философиясындагы багыт. Персонализм жана философиялык антропология багыттарына жарыш өнүккөн. Экзистенциалдык психолог жана психотерапевт Ролло Мэйдин көз карашына ылайык, экзистенциализм – бул философиялык багыт гана болбостон, өзү дуушар болгон психологиялык абалын сүрөттөгөн азыркы адамдын терең эмоционалдык жана акыл-ой мерчеми, адам баласы кез келген уникалдуу психологиялык кыйынчылыктардын туюнтмасы болуп саналат. Убакыттын чектелүү экендигине байланыштуу экзистенциализм жана нигилизм философиясына бул жерде кенен токтолгон жокпуз. 

Бренди [1] – алкоголдук ичимдиктин бир түрү.

Nada y pues nada y naday pues nada [2] – Эчтеке, эч нерсе жана эчтеке (исп.).

Nada [3] – Эчтеке (исп.).

Otro loco mas [4] – Дагы бир келесоо (исп.).

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз