Эрнест Хемингуэй: Көпүрөдө турган чал

  • 28.01.2022
  • 3936

Англис тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

АҢГЕМЕ

Жол боюнда үстү-башы чаң, кырбуусу темир көз айнекчен чал олтурат. Дарыяга салынган көпүрө аркылуу арабалар, жүк ташыгыч унаалар, эркектер, балдарын жетелеген аялдар агылып жатты. Качырларга чиркелген арабалар көпүрө башындагы кайкы жерге келгенде жоокерлер арабаны дөңгөлөктөн кармай түртүп жардам кылышты. Жүк ташуучу унаалар уңулдап шашып, жол боюнда бараткан дыйкандар чаң жолдо кызыл ашыктан топурак кечип жөө-жалаң. Чал ордунан дале козголгон жок. Аябай чарчап, басканга алы жок.

Менин милдетим – көпүрөнүн аркы башына өтүп, атышуу болор жерге душман канчалык жакындап калганын байкоо эле. Күжүрмөн милдетимди аткардым да, көпүрө менен кайтып келдим.Кербендин аягы сээлдеп, эрбеңдеп бирин-серин адам калса да, чал баягы ордунда былк этпей олтурат.

- Ии, аксакал, кайдан келатасыз? – ага жакындап барар замат суроо узаттым.

- Ыя? – чал укпай калгандай бир кулагын мен тарапка бурду. – Эмне дейсиң, балам?

- Кайдан келатасыз дейм? – үнүмдү катуурак чыгардым.

- Менби? Сан-Карлостон келатам, – жылмайып жооп берди.

Туулуп-өскөн шаары тууралуу айтканда жүзү жаркып, ууртунда жылмаюу пайда болду.

- Үйдөгү жаныбарларга карбаластап калбадымбы, – абалын ушинтип түшүндүрдү.

- Ыя? – деп жиберипмин муну укканда, түзүк түшүнбөй.

- Ошондой, балам, – деди чал. – Үйдөгү жаныбарларга күйүп-бышып карбаластап жүрө бергенимди айт, атаңгөрү. Темселеп Сан-Карлостон эң акыркы болуп мен чыгып кеттим.

Мындай карасаң, же мал кармаган адамга, же койчуга окшобойт. Бозала чаң кийимине, кырбуусу темир көз айнегин чаң баскан бопбоз жүзүнө карап дагы сурадым:

- Кандай жаныбарлар?

- Ар кандай, – деди чал баш чайкап. – Пай-пай, катыгүн, баары калып кетти да, каап…

Көпүрөнүн ары жагында Эбро тумшугунун[1] Африканы караган тарабына көз чаптырып, душман көрүнгөнгө чейин канча убакыт калганын боолгоп, алдыдагы али табышмактуу кыл чайнашкан салгылаштын кабарын билдирген ар кандай үнгө кулак төшөп турганымда, чал дале бир ордунда былк этпей олтурду.

- Ыя? – чалдан кайра сурадым. – Кандай жаныбарлар дейсиз?

- Бүт жаныбар чогуу бойдон калып кетти, – чал дагы кейиди. – Эки улак, бир мышык анан төрт жуп көгүчкөн.

- Ошонун баарын таштадыңызбы?

- Ананчы. Замбирек менен аткылап баштаганда, капитан: «Бул жерде той болуп жаткан жок, аксакал. Эртелеп чыгып кетиңиз» – деп катуу эскертти.

- Үй-бүлө жокпу, аксакал? – көпүрөнүн аркы башындагы кайкыда жанталашып бараткан бирин-серин арабаларды караган бойдон суроо узаттым.

- Жок. Жаныбарлар гана калып кетти. Мышык бечара эптеп жолун таап жан багып кетет. Берки окшошкон кургурлар кантет десең.

- Туугандардан бирөө-жарым барбы?

- Бирөө-жарым тууганым деле жок. Жетимиш алтынын чайын ичип калдым. Он эки километрди темселеп араң басып келбедимби, басканга шайым деле калбады.

- Бул жерде туруу өтө кооптуу, аксакал. Эптеп чоң жолго жетсеңиз, Тортосага[2] кайрылчу унаалар табылат.

- Бир аз олтурайын, балам. Анан туруп кетем. А унаалар кай жакка барат?

- Түптүз Барселонага.

- Ии, ал жакты жакшы билбейт экенмин. Бирок ыракмат, балам, сага чоң ыракмат.

Чал мага чарчаңкы жүзү менен кайдыгер карап, бир маалда ички дартын бөлүшкүсү келип дагы асанкайгыланды:

- Мышык жаны жогум эптеп жолун таап кетет, аны билем. Мышыкты ойлоштун кажети жок. Калганычы? Берки кургурлардын көргөн күнү не болот?

- Аларга да кудайдын айтканы бардыр.

- Ошондой де.

- Ананчы, – бир да араба калбаган аркы жээкти караган калыбымда жооп бердим.

- Замбирек менен аткылаганда эмне болот десең? Мен го баш алып чыгып кеттим.

- Капастан эшигин ачып койдуңуз беле? – дедим.

- Ооба.

- Көгүчкөндөр капастан өздөрү учуп кетишет анда.

- Ооба, алар учуп кетишер бир жакка. А калганычы? Эх, баарын кудайга аманат койдум. Эми ойлонуп кыжаалат боло бергенден не пайда.

- Бир аз эс алсаңыз, туруңуз да, бул жерден ылдам кетиңиз, аксакал, – чалды шаштырдым.

- Ыракмат, балам, – чал ордунан эптеп туруп, теңселе басып кайра топурак үстүнө көчүк басты. – Мен үйдө калып кеткен жаныбарларды ойлоп кыжаалат болуп жаттым эле да, – чал олтурган жеринде өзүнчө күбүрөнүп койду. – Ошолорду эстеп…

Чалга жардам беришке эч мүмкүнчүлүк болбоду. Пасха майрамынын алдын фашисттер Эброго капыстан кол салып кирип келген маал. Буурул туман жерге салаңдап тургандыктан, душмандын согуш учактары азырынча учуп кире элек. Дагы жакшы, чалдын тоодой бактысына мышык жаныбар ар кандай оор кырдаалдан жол таап чыгып кеткени.

[1] Эбро тумшугу – Испаниянын Таррагона аймагындагы Эбро дайрасынын жака бели.

[2] ТортосаИспаниядагы шаар.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз