Даурен Куат: Мүйүз тарак (конкурска №5)

  • 24.02.2023
  • 1983

Даурен Куат 1973-жылы мурдагы Талды коргон облусунун Капал районундагы Ачууулак айылында туулган. М.Кашкари жана Г.Мусирепов атындагы сыйлыктардын лауреаты. «Алкысса» аталышындагы прозалык китеби жарык көргөн.

АҢГЕМЕ

Адегенде артына бурулуп, отурганга ыңгайлуу тегерек үстөлдүн үстүндөгү дасторкондун четин бүктөп, алаканын жайып бата кылды: «Аллахым, ашыбызга адалдык, башыбызга аманчылык бер!» Түш оой, батыштагы уясына сапарын улантып бараткан күн боорун жерден жаңы көтөрүп, там-туң баскан баланын боюндай терезенин энине толо нурун чачып эңкейип шыкаалап өттү. Кечки иңир менен түнкү сууктун илебин алигиче сактап калган терезенин жука айнектеринин ары жагынан алп теректердин карааны дүпүйөт. “Бир кезде бул теректер чыбыктай ийилген жаш көчөттөр эле. Эми тамдын чатырынан ашып шуулдашат” – деп ойлоп койду кемпир ушул айылдагы эң эле бийик өскөн чынар теректер өз короосунда бой тиреп өскөнүнө сыймыктангандай.

Абышкасынын топурактан салган тамы кичирейип баратабы же теректер ушунчалык бийик өсүп кеттиби, айтор, азыр кемпир терезеден караса, анын бутагы жок кабыктары катып калган сөңгөгү менен сыртка чыгып, адырайган тамырлары гана көрүнөт. Мындан беш-алты жыл... жок андан да көбүрөк болсо керек, Тойшаным кошунанын эчки-улактары жаш бутактарын кемирип жеп кетпесин деп коруп жүрбөдү беле. Эми мына, катуурак шамал болсо, жалбырактарын дирилдетип, башы жерге тийчүдөй ийилип, силкилдеп тамырынан бери омкорулуп түшчүдөй адамдын үрөйүн учурчу болду.

Кемпир темтелеңдеп барып мештин жанына олтурду. Ашкананын бир дубалына жабыштыра салынган мешке кургак отундан калап тутандырды. Астына кургак тамызгы салып каланган көң сыя көк жалын чыгарып күйө баштады. Кемпир үргүлөп олтуруп, алеки заматта көзү илинип кеткенин сезбеди. Оозу-мурдунан кадимкисиндей түтүн менен жалын бүркүй баштаган москоол меш иңир караңгысы уюп жаткан бөлмөгө заматта жылуулугун төгүп, ачык кызыл нурга толтуруп жиберди.

Магдырап таттуу уйкунун кучагына жаңыдан кирген кемпир капысынан чочуп ойгонду. Айланасын карап оозун чоң ачып эстеп алды. Кемегедеги от дуулдап күйүп, төркү бөлмөдөгү качанкы бир эски сааттын жаагы тынбай чыкылдап жаткан экен. “Аа, курган жаным, карашалап уктап калганымды кара. Тойшаным келчү маал болуп калган го? Жумуштан өзөгү катып ачка келет, баламдын тамагын камдабай көзүм кашайып уктап калганымды кара!”.

Кемпир кайрадан теңселе басып эшиктин жанына жетти, беш бүктөлгөн белин эптеп түзөп, электр жарыгын күйгүздү. Бөлмөнүн булуң-бурчтарында жабышкан караңгылык көз ирмемде качып жок болду. Күнү бою кетпеген түндүн нымдуу боёгу да өңү өчүп калган жыгач керебеттин түбүнө агылып кире качкансыды.

Кемпир баягы эле басыгы менен бастырмага барып, казан алып чыкты. Казанды асып карайган бир сөөккө кошуп бир кесмелик эт салды. “Карагым азыр келип калар” деп чети кайрылган дасторкондун бүктөлгөн жерлерин жаза баштаганда сырткы эшик калдырап ачылып:

– Сүр эттин жыты ай! – деп уулу кирип келди.

– Карган энеңдин этти күн менен желге жайып кургатпай казан асканын көрдүң беле? Азыркы катындар этти сүрсүткөндү билишпейт, билишсе да аны кылгандан эригишет. Териси жаңы эле сыйрылган жаш этти канын шорголоткон боюнча тоңдургучка тыгышат. Тоңдургучта тоңуп, эриген малдын этинде эмне даам болсун. Бүгүнкү кесири башынан ашкан шалаакы катындардын кайсы жоругун айтайын. Ошолордун бири биздин жылмаңдаган келинибиз эмес беле.

– Апа, ал каапырды оозуңа албай эле койчу.

–“Кутургандан – кутулган” дейт, ал биротоло кеткенден бери жаным тынып, курган башым өз ордуна келди көрүнөт.

– Коюңузчу апа, “катын кетирет деген эмне шумдук” деп далай жолу айныткан өзүңүз го?

– Ээ балам, мен анын андай шүмшүк экенин кайдан билдим. “Келинге келин болсоң жагасың” деген ой менен жанында болуп, анын союлун чапканым чын: бара-жүрө түзөлөр, ойлонор дебедимби, курган жаным. Мен ойлогондой болбоду. Көңүлүм үч көчкөн журттай калды.

Кемпирдин келин-кесекке, катын-калачка нааразы кептери тамак ичилип, дасторкон жыйналгыча бүткөн жок. Кейип-кепчип чыгдан менен тегерек үстөлдүн ортосунда кыбырап жүрдү. Бир колунда атайылап жасатып алган кичинекей орундукка окшогон жөлөнгүчү, бир колунда – чайнек. Чыгдандын оозуна араң жетип, эми кайра артка кайтып кумшекер салган идишти алып барды. Эптеп кыбырап жүрүп жарым-жартылай бошогон чөөгүндү ордуна койду. Жөлөнгүчтүн кыры өтүп ооруксунган манжаларын, талыган алсыз билектерин ушалап үйлөп койду. Кайрадан жөлөнгүчүнө сүйөнүп далиске бет алды. Далиске баратып кара челекти калдыратып жыгып алды. Көң апкелип мешке калоо керек, антпесе азанга чейин жыртык-тешиги көп, жамаачыланган үй тез эле муздайт.

Кара челекти көң жагылган мештин жанына алпарып койгон соң жоолугун чечип, жылаң баштанды да, түйдөктөшүп кире баштаган чачын коё берип, чөнтөгүнөн мүйүз тарагын сууруп чыкты. Саамай чачы тегиз агарып, төбөсү чала буурул тарткан куйкасына мүйүз тарактын тиши тийгенде кемпирдин кычышкан башы дуулдап, кычуусу кана түштү. Мүйүз таракты сагынып калган экен. Мүйүз тарак... бул кемпирдин нечен жылдан бери башынан өткөн далай окуяларга күбө болуп келген шериги сыяктуу.

*     *     *

Толукшуп бойго жетип турган чагында агасы Турсынахмет берген күмүш тарагы бар эле. Ээ, ал да бир заман тура. Турсынахмет агасы жигиттин көй кашкасы эле. Журт бири калбай “абылып-жабылып” түп көтөрө саясатка аралашкан учур. Эл ач-арык. Колуңдагы малды адалдап союп жей албайсың. Аркы өйүзгө (Советтик Казакстан жакка. – авт) өткөн агайыны тууралуу оозун ачкан адам “кош жүрөк, чыккынчы” атанып түрмөдө чирийт эле. Ошонтсе да агасы муну чегарадан алып өтүүнүн амалын тапты. Анын ойлоп тапканы балагатка жаңы толгон карындашын жашы кыркка таяган кырма сакал жигитке берүү экен. Кырма сакал өзүн токтоо кармап көп сүйлөбөгөн, өкмөткө аласа-бересеси жок, кылмыш кылбаган жан болгондуктан жолдош Мао анын совет тарапка өтүшүнө каршы болбоптур. Ал өзү менен бирге жаңы үйлөнгөн жаш келинчегин ала кетүүгө акысы бар экен.

– Кагылайын Ак ботом-ай, – деген ошондо агасы муну бооруна бекем кысып, ата-энеңе каралап мында калганда көргөн күнүң кандай болот? Кайдагы бир отко-сууга сыйынган неменин колоңсо жыттанган колтугунда кордук көргөнчө, өз насилиң, өз улутуң, ушул эриңдин өтүгүнө жабыш да, андан айрылба.

Ушуну айткан агасы алп денесин титиретип, солкулдап ыйлап жиберген. Кийин... көп жылдар өткөн соң жаны ачыган бир агайынын оозунан эшитти: агасы “кош жүрөк” атанып, кытайдын караңгы, сыз абагында: “Ак ботомдун асыл башын кордукка бербей сактап калдым. Аттиң, арман дүйнө-ай, ошентсе да анын аппак жүзүн бир көрүп өлсөм эмне”, -- деп жатып көз жумуптур.

Ал эми агасы өзүн аманат кылып берген жигит кытайдын ичинде боюн жашырып жүргөн жигиттин султаны болуп чыкты. Ата журтуна, баба конушуна келген соң анын чыныгы жүзү ачылып чыга келди. Өзү ырчы десең ырчы, шайыр десең шайыр. Аз жылдардын ичинде айланасында жоро-жолдош күтүп, элге алынып, жигиттин боз тайлагы атанды. Булардын үйүнөн конок үзүлбөйт. “Келиндин тамагы даамдуу, колу ачык” деп шылтоолошуп, айылдын башчы-билермандары жогорудан улуктар келсе, улардай чубатып тобу менен булардыкына алып келишчү болгон.

Бир күнү ак жакалуу улуктар коомунун кезектеги өкүлдөрүн күтүүгө туура келди. Бул улуктар мурда келип жүргөн улуктардан даражасы алда канча бийик сыяктуу. “Дасторкондун четинде айылдын чолок атка минерлери мындай турсун, аймактагы акимдердин карааны да болбосун, алар менен облустагы сот, прокурор гана табакташ болот” деген сөз Салкын белдин жайыгында жылкы багып, бээ байлап отурган буларга дүбүрт-даңазасын алдыга салып дүңк дей түшкөн. Мунусу да эч нерсе эмес, эрди-катындын мазесин алган нерсе: “улуктардын бири кулундун этин гана жейт” деген сөз болду.

Эри экөө тең кулундарды жанындай жакшы көрүшчү. Баш кошуп үй-бүлө кургандарына 5-6 жылдан ашса да наристенин жыпар жытына зар болуп жүрүшкөндүктөн эки муңдуу жан бээ тууса да үйрүлүп түшүп, кулундун жанынан чыгышпайт. Быйыл бир ак жал сары бээ учуп өлүп, кулунун жылкычылар ичин жарып жиберип, аман алып калышкан эле. Жетим калган кулун ошондон бери колдон сүт ичип, колдон жем жеп, татынакай болуп оңолуп алган. Куйругун көтөрүп текиреңдеп оюн салып жүрсө – Кудайдын бир кызыгы, кереметиби дейсиң. Кээде ал керемети аз келгенсип, алтын түктүү ай кашка кулун мунун алкымына тумшугун такап, буга энесине эркелегендей эркелеп, жыттагылап калмайы бар эле. Ошондо жаш келиндин алтымыш эки тамыры ийип, кандайдыр бир кызык абалга туш болчу. Мына эми, кулун жечү конок келатат. Ак жакалуу зор улук.

Улуктар күн нуру Жунгардын көк тиреген чокуларына чачырап тийип, Алтын чамгарак тоосунун кырынан кылтыйып жаңы чыга бергенде жинигип жетип келишти. Баары кызуу. Чала мас. Арашандын эс алуучу жайында таң атканча аракка чылангыча ичишкендей. Шилекейлерин жутуп араң сүйлөшөт.

– Тамак дайынбы?

– Дайын, начандик жолдош.

– Эмнең бар?

– Койдун сүр эти. Казы-карта, жал-жая.

– Кулундун этичи?

— Сөзүңүздүн маанисин түшүнбөдүк, начандик жолдош.

Начандик жолдош бакырып, таңкы тынчтыкта тамылжып жаткан тоо арасын азан-казан кылып жиберди. Кимдир-бирөөлөрдү боктоп сөгүп жатты. Орусча сөктү. Орусча сөккөнүн түшүнбөгөн да жакшы тура, бирок бу капырдын түрү жаман, каары катуу.

Орусча сөккөнү менен иши канча, ошол кезде үйүрдөн суурулуп чыгып, ак жал сары кулун текиреңдеп чуркап, энесин издегенсип жакындай бергени...

– Карма мобуну! Жык, муузда!

Келин оозу түктүү желмогуз боорундагы баласын тартып жечүдөй денеси бир башкача жыйрыла түшкөн. Андан ары бул жерде калууга дарманы жеткен жок. Ал артына бурулуп басып жөнөгөндө, кулундун ай кашка маңдайы Жунгардын жондорунда чачылган күндүн кандай кызыл нуруна аралашкан канга чыланып калды.

Улуктар сүрсүгөн койдун этинен каалашынча жеп, эзилип бышкан кулун этин тойгуча сугунду. Салкын белдин шылдырап аккан мөлтүр булагынын жээгинде жыргалга батышты. Эки-үч күн тойлошту. Эң башкысы, начандик жолдош ыраазы. Тизесин жапкан курсагын бүлкүлдөтүп карк-карк күлөт. Начандиктин кулун этине болгон таңсыктыгы – аял кумарлыгынан экен. Жанында улугунун кирпиги менен кошо айланган, жылмаңдаган бир казак бар. Улугун кулун этинин кудуретине ишендирип көндүргөн ошол экенин билгендер кийинчерээк айтып жүрүштү.

Алиги неме казан-аяктын жанынан кетпей жүргөн келиндин кашына, коноктор бир эс алууга чыккан маалда ыржалактап жетип келди. Ыржыйганда териси кулагынан чекесин карай түрүлүп, бетинин баары ылжыраган оозго айланып кетет экен.

– Жүрү, – деди ал келе сала, – жүрү. Совет аялы очоктон арыла турган заман бул. Биз сизди жумшап коюп карап олтура албайбыз.

Аял эрине карады. Эри “бар” дегендей башын ийкеген соң амалы жок, чай куюп берүү үчүн жөнөдү. Өңчөй эркектер, анын үстүнө жарым-жартылай жылаңачтанып, кызара бөрткөн “бөрктүүлөрдүн” жанына адептүү казак аялы аяк таштабайт. Келинчек “очоктон арылган замандын” салтына амалсыз баш ийип, улуктардын алдына тизе бүктү. Башында кызыл шалы жоолук. Үстүндө кең, жасалгалуу узун көйнөк болсо дагы, жамбашы менен алда немеден чочуп титиреген көкүрөгү байкалып турду. Боёнбогон, упа-супаны билбеген аялдын жүзү уялганынанбы же намыска буулуккан ызаданбы, албырып кызарган сайын “айгыр жалдуу” топ эркектин көзүн арбап баратты.

Чай куйганы да кандай керемет. Бир колу менен чай сунса, мөлтүрөгөн кара көздөрүн узун кирпиги менен жашыра коёт. Боюнан ай астында оонап аккан түнкү өзөндүн шыбырындай айласыз дирилдөө байкалат. Начандик жолдош орусчалап бирдемелерди былдырады. Жылмаңдаган казак ага көшөкөрлөнө карап:

– Жолдош, – деди, – сиздин кызматыңызга, берген тамак-ашыңызга мына бул улуу адам ыракматын жаадырып жатат. Сиз да кысылбай эркин олтуруңуз. Собет аялдары эркин, ачык болуш керек. Андыктан оболу башыңыздагы жоолукту чечип салыңызчы. Кытайдын ирип-чириген аялдарындай, биздин казак-собет аялдары муну азыр буюм катары көрбөйт. Кана, чечип салыңыз, шайтан алгырдыкы!

Келин кирерге жер тапсачы. Бирок ошол убакта жоолугу башынан шыпырылып түштү. Жылмаңдаган казак жоолуктун учунан кармап жулуп алганга үлгүрүптүр. Жоолук менен кошо буралган кара чачы да далысына куюлуп түштү.

– Охо! – деди төрдөгү эң сыйлуу жерди ээлеп олтурган кулун жегич жексур, – мына бул эмне?

Кулун этине кумар, кулкуну чоң улукка жагынып олтургандардын баары элейе түштү.

Бул – келиндин агасы белек кылып берген күмүш тарак эле. Таңга жуук карбаластап шашып жүрүп чачын чала-була өрүп, тарагын чачына сайып алган. Булардын мастыктан тамылжып, майланышкан жүздөрүн жарк эткизген ошол күмүш тарак эң алды менен начандик жолдоштун колуна тийди. Ал таракты үңүлө карап, эч уялбастан тиштеп көрдү. “Күмүш”. Анан адатынча көпкө чейин орусча былдырады. Андан соң жылмаңдаган казак сүйлөдү. Ал кайдагы бир сөздөрдү айтып буркулдап жатты.

Келиндин түшүнгөнү: мындай таракты алып жүрүү туура эмес экен. Бул саясый ката имиш. Муну кайдан алганын, кимден алганын териштирүү керек. Бул кыйын, өтө кыйын чатак иш. Балким начандик жолдош бир жолкусун кечирим кылат. Начандик жолдош мээримдүү, өтө кең пейил адам. Ошондуктан эскинин саркындысы болгон бул тарактын көзүн куруткан абзел.

Шордуу келин “агамдын белеги эле” дей албады, көз жашын төгүп, үн чыгарбай ыйлап кала берди. Кулундун этине ыксырап тоюп, күмүш таракты олжолоп, денесинде ашып-ташып кайнап турган кандын кызуусу менен кутурган улук калаасына кайтты.

Ошондон кийин... күмүш тарагын ойлогон сайын ичи күйүп капаланып жүргөн келинге собет дүкөнүнөн эки кырдуу: бир жагынын тиши майда, экинчи тарабынын тиши кесек ушул мүйүз тарак жолуккан. Майда тиши менен битти, сирке менен какачты тарап кетирсе болот экен. Ушунусуна да ыракмат. Көп жылдан берки шериги. Жан чөнтөгүнөн түшпөй калсын...

*     *     *

Мүйүз тарак кемпирдин муштумдай болуп кичирейип, жукарып бараткан баш терисин моокум кандыра тытып жатты. Тишин төбөсүндөгү куйкасынан баштап, саамайын карай батырып өткөндө бир ууч чач жулунуп чыкты. Аялдын чачы тебелендиде чачылып жатпаш керек. Аялдын чачы жерде чачылып жатса, бул жалган дүйнөдөн көзү этип кеткен урпактары ар бир талын жыйнап, кыйналышат дейт. “Астапыралла, алжыган башым эмне деп сандырактайт? Балам аман, боорум бүтүн. Тойшаным. Томпоюп алып уйкусу катуу. Бейкапар уктай гой, ай маңдай кулунум менин. Сен ойгонгуча энең очоктун отун өчүрбөйт”. Кемпир мүйүз тарагынын тишине оролуп, куйкасынан жулунуп түшкөн бир ууч чачын тоголоктоп алды да, чогу күлгүн тарткан мештин оозун ача берди.

*     *     *

Мектепте окуп жүргөн кезибиз. Айлыбызда Ырымчыл аттуу карыган кемпир боло турган. Ал жападан жалгыз тургандыктан мектеп окуучулары үйүнө барып майда-барат иштерине жардам берчүбүз. Эркек балдар отунун жарып, суусун ташысак, кыздар кемпирдин кир-когун жууп, тамак-ашын бышырып беришер эле.

Абышкасынын жылкы бакканын билчүмүн. Түнүчүндө ай жарыгында жылкыларын дүбүрттөтүп биздин үйдүн жанынан айдап өтчү. Тойшан аттуу уулу боло турган. Аскерден кайтып келатып шаардан турна шыйрак кыздын бирин колтуктай келген экен. Кийин анысы бузулуп кетти. Жеңил-желпи жүрүш-турушу койдун кумалагындай саналуу адам жашаган айлыбызда тез эле билинип, акыры кетип тынган. Катыны жаман атты кылып кеткен соң, Тойшан агамды айылдагы шарап саткан дүкөндүн маңдайынан көп көрүп жүрдүм. Өзү ак көңүл, кишиге жамандыгы жок жакшы адам эле.

Тагдырга айла жок тура, минген атыңдын кулагы көрүнбөгөн жөө туманда бараткан жолунан адашып трактору менен Аксуунун тик жарынан учуп өлдү. Абышка жалгыз уулунун күйүтүн көтөрө албай, көп өтпөй уулунун артынан узады. Экөөнөн кийин кемпир байкуш да айнып калды. «Тойшаным олтургузган теректердин жалбырагын жуласыңар» деп бакырып урушуп, бизди калың өскөн теректерге жолотпой далай ирет кубалады. Кийин ошол теректердин түбүндө олтуруп Тойшаны менен күбүрөнүп сүйлөшкөндү адат кылып алган. Тойшандын баягы турна шыйрак катынын тилдечү. Аны жер-жебиресине жетип тилдеп бүтүп, Тойшаны эмне дейт дегенсип унчукпай тыңшап калчу.

Андан кийин ак жал сары кулуну тууралуу айта баштачу. Ыйлай берип тарамыштары чыгып, бели беш бүктөлүп калган. Кичинекей орундукка жабышып эптеп кыбырап жүрөр эле. Бирок ал Тойшанын өлгөнүнө ишенген жок. Биз отун-суусун ташып жүргөндө: «Тойшанымдын жумуштан келер маалы болуп калды» «Ой, Тойшанымдын тою алдыда» – деп кайталап олтурганын көрчүбүз.

Бир күнү уктук, кемпир мүйүздөп бүтүргөн тагдырына түбөлүккө моюн сунуп, мүйүз тарактан чыккан чачын оролгон боюнча кармап, күйүп жаткан мештин оозунда көз жумуптур.

Казакчадан оодарылды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз