Виктор Шендерович: Чакан аңгемелер тутуму (конкурска №2)

  • 20.02.2023
  • 2272

Автордун сүрөтү ru.DELFI.lt булагынан алында

Өлкө конституциясынын долбоору

1-берене. Өлкөнү Чоң ата башкарат.

2-берене. Элдин жыргалчылыгы үчүн Чоң ата чыгып баткан күндүн кепилдиги болуп эсептелет.

3-берене. Чоң эне Чоң ата тарабынан дайындалат.

4-берене. Калган башкалардын баары Чоң ата тарабынан дайындалат, кызматтан алынат, сыйланат жана бир сыйра «мүчөлөнүп», башка ишке которулат.

5-берене. Чоң ата төрт жылда бир жолу Парламентти шайлоого уруксат берет.

6-берене. Же уруксат бербейт.

7-берене. Парламент милдети – Чоң атага тоскоолдук кылбоо.

8-берене. Чоң атанын оң жана сол – эки буту бар.

9-берене. Чоң ата сол бутунан турат.

10-берене. Эгерде Чоң ата эки бутунан тең турбаса, анда Өлкөнү жатып алып башкарат.

11-берене. Чоң ата таптакыр жараксыз болуп калган учурда Өлкөнү эч ким башкарбайт, бардык иштер кандай жүрсө, ошондой жүрөт.

12-берене. Чоң атада Рома Абрамыч жана ошондой эле кызыл кнопка – топчу бар.

13-берене. Кызыл кнопканы басканга чейин Өлкө федеративдик түзүлүштө болот.

14-берене. Өлкөдө Федерациянын 89 субъектиси бар.

15-берене. Же 88.

16-берене. Же 47.

17-берене. Федерация субъектилеринин башчылары Курултай-Диванды түзөт.

18-берене. Курултай-Дивандын милдети – Чоң атага тоскоолдук кылбоо.

19-берене. Курултай-Дивандын ар бир мүчөсү Чоң ата болууну каалоого укуктуу.

20-берене. Адамдар, жолборстор, бүркүттөр жана кекиликтер Чоң ата болууну каалоого укуктуу.

21-берене. Бирок муну эл чечет.

22-берене. Анткени Чоң атаны эл шайлаган.

23-берене. Эл... (2-беренени кара).

24-берене. Элдин милдети – Чоң атага тоскоолдук жаратпоо.

ГЕРБ туурасында. Өлкөнүн Герби болуп колуна БФВнын траншын кармап турган эки баштуу Чоң ата болуп эсептелет.

Сеанс

ГИПНОЗЧУ. Сиз өзүңүздү абдан сонун сезип жатасыз.

ПАЦИЕНТ. Ой жок, жаман сезип атам.

ГИПНОЗЧУ. Сонун, тимеле сонун сезип жатасыз.

ПАЦИЕНТ. Кайдагы сонун, болбой баратам.

ГИПНОЗЧУ. Сизге ошондой сезилип жатат, бирок сиз жаныңыз жыргап, магдырап баратасыз.

ПАЦИЕНТ. Өзүңүз жыргап атсаңыз керек, мен өлгөнү калдым.

ГИПНОЗЧУ. Сизге канчалык сонун болуп атканын өзүңүз да билбей атасыз.

ПАЦИЕНТ. Ой! Өзүмдү ого бетер жаман сезип атам.

ГИПНОЗЧУ. Жакшысыз, азыр андан бетер жакшы болот.

ПАЦИЕНТ. Кереги жок, ого бетер жакшы болгум келбе-ейт! Токтот!

ГИПНОЗЧУ. Кеч болуп калды. Азыр эми ушунчалык жакшы болот – апаңыздын аты ким экенин да унутуп каласыз. 

Комсомолдук доордон эскерүүлөр  

КОМСОРГ. Васин, жооп бериңизчи: эмне үчүн сиз Жаштардын бүткүл союздук лениндик уюмуна мүчө болсом деп кыялдандыңыз?

ВАСИН. Эмне-е?

КОМСОРГ. Васин, сиз коммунизмди куруучулардын алдыңкы сабында турууну абдан каалап турат окшойсуз?

ВАСИН. Түү, иттики десе!

КОМСОРГ. Муну айтыңызчы, Васин, комсомолдун канча ордени бар?

ВАСИН. Эмне?

КОМСОРГ. Васин, комсомолдун алты ордени бар экенин сиз билесизби?

ВАСИН. Түү, неңди урайындыкы десе!

КОМСОРГ. Биз сизди алдыңкы, активдүү комсомолдордон болот деп ишенебиз.

ВАСИН. Эмне-ее???

КОМСОРГ. Түү, энеңди урайын, Васин, бар, комсомолдук билетти аркы бөлмөдөн ал!

Эл менен жолугушуу

ФАРАОН. Мен сиздердин сар-санаа болуп турганыңыздарды сезип турам. Азыр кыйын учур болуп турат. Ошондуктан биз феодалдык нукка түшүүнүн бардык механизмдери иштелип чыкмайынча эмоцияга алдырбай, сабырдуу болушубуз керек.

КУЛДАР. Батыраак өтсөк болот эле, улук төрө.

ФАРАОН. Мен момундай айткым келет: жакшы жашоо үчүн жакшы иштеш керек. Эң негизгиси, биз туура жол менен баратабыз. Менимче, буга баарыңыздар макул болсоңуздар керек?

КУЛДАР. Макулбуз, улук төрө, бирок өзүңдүн көзөмөлчүлөрүңө айтып койчу, бизди сабаганын токтотсун!

ФАРАОН. Бул бир жактуу чечип коёр маселе эмес. Биз азырынча камчысы жок жашай албайбыз. Бирок билип койгула, мен египет элине ишенем! Менимче, бул түшүнүктүү болсо керек.

КУЛДАР. Түшүнүктүү, мырза. Сага терең ыраазыбыз.

ФАРАОН. Чакырганыңыздар үчүн сиздерге ыракмат. Бизди алдыда көп кыйынчылыктар күтүп турат, бирок мен келечекке оптимисттик көз караш менен карайм.

Дүркүрөгөн кол чабуулар, «дагы кел» деген кыйкырыктар.   

Туура жооп

Дөдөйлүк кыязы, тукум кууйт окшойт. Мен муну көп жылдан кийин, кызым чоңоюп, аялым аны тестирлөөдөн өткөрүү үчүн атайын мектепке алып барганда байкадым. Кызым алты жашта болчу, анын кантип өнүгүп атканын текшере турган мугалим эжей – отуз жаштар чамасында эле. Ошентип ал кызымды отургузуп алып, анын кантип өнүгүп атканын билүү үчүн суроо бере баштаптыр:

- Карышкырдын иттен айырмасы эмнеде?

Мындай жөнөкөй суроону күтпөгөн кызым (канткен менен алты жашта эмеспи) күлүп жиберип, анан минтип жооп кайтарат:

- Итти адамдын досу дешет, карышкырды болсо адамдын досу деп айтканга болбойт, - деп кайра күлөт.

- Түшүнүктүү, - дептир мугалим.

Анан баа коюлчу жерге минус коюп койуптур.

Менин кыраакы аялым муну көрөр замат эмне үчүн минус деген суроо узатпайбы.

- Себеби жооп туура эмес, - дептир кебелбеген мугалим.

Аялым болбой эле туура жоопту көрсөтүүсүн суранат. Туура жоопто: «Ит – үй жаныбары, карышкыр – жапайы жаныбар» деп жазылыптыр.

Аялым:

- Кандай дейсиз, биздин кызыбыз деле ушуну айтты го? - дейт.

Тиги болсо өзүнүкүн такыр бергиси жок дейт. Талашып атып чарчаганда акыры аялым кызымды жетелеп да таланттуу балдар окуган бул борбордон алыс эле бололу деп үйгө кайтыптыр эле.

Бир жылдан кийин ошол борборго биздин досубуз да уулун алып барыптыр. Тестирлөөгө атайын окуган жанагы мугалим аял баладан автобус менен троллейбустун айырмасын сураптыр. Андрюша болсо андан эч нерсе жашырбай, болгонун болгондой айтып жооп бериптир: автобус өзү от алган кыймылдаткыч менен, троллейбус болсо алмашма токтун күчү менен жүрөрүн айтыптыр. Көрсө, мындай жооп таптакыр туура эмес имиш. Туура жооп: троллебуста мүйүзү бар экен да, автобуста мүйүзү жок имиш. Ошондуктан башымды оорутпа дептир мугалим аял.

Үрөй учурган сөздөр

«Жид» (жөөттөрдү басынткан аталыш) деген сөздү мен өмүрүмдө биринчи жолу төртүнчү класста окуп жүргөндө Саша Мальцев деген классташымдан уктум. Ал бул сөздү жийиркенгенсип айтты эле. Ошондо мен өзүмдө Саша Мальцевдей кадимки эле орус адамдарынын мага жакшы мамилесине тоскоол кылар кандайдыр бир тубаса кемчилдигим бар го деп калдым, эми муну оңдоого да болбостур дедим.

Мен болсо балдардын баары мени жакшы көрсө экен дечүмүн. Төртүнчү класста окуган бала үчүн мындай сезим түшүнүктүү да. Бирок бул каалоомдун ишке ашпай калганынан мен азырга дейре жабыркап жүрөм.

Кырк жашка келип калганда гана мен «жөөт» деген сөздү укканда селт этпей калдым. Бала кезде үйдөгүлөр менен чогуу тамак ичип отуруп бул сөздү үн чыгарбай, акырын айтышчу. Бул тыюу салынган тема болбосо деле ушу сөздү айткандан уялышчу. Тимеле үй-бүлөлүк каргыштай угулган «жөөт» деген бул сөз кийин совет бийлиги бүтүп баратканда сөккөн сөз эмес, улуттун аталышы экени анык болду.

Дагы бир коркунучтуу сөз бар эле. Мен аны биринчи жолу адабий гезиттен окугам. Жайдын күнү, Рига булуңунда эс алып жүргөнбүз. Мен алтынчыга көчкөм, колума эмне тийсе окуй берген адатым бар эле. Бирок окуган менен бул сөздүн маанисин түшүнгөн жокмун, анан аны чоңдордон сурабайымбы. Атамдын карындаштары эжелерим ошол замат ызы-чуу салып, мындай коркунучтуу сөз жазылган гезитти балага ким берген деп калаймакан түшүп калышты. Ал «секс» деген сөз эле.

Мага азырга чейин мунун эмне экенин түшүндүргөн жан болбоду. 

Галич       

Студенттик курулуш отрядына жол тарттык: плацкарт вагондун бир купесин колунда гитарасы, баштарында либерализм ашып-ташкан жетимишинчи жылдардын жаштары басып алганбыз. Жыйырма чактыдай балдар, кыздар баратабыз.

Ылдыйкы текчеде түпкүчтөй ийиле бүрүшүп бир кемпир уктап жатат, бою жарым метрден ашып ашпаган чүкөдөй неме. Ага көңүл да буруп койбой, шатыра-шатман түшүп чай ичтик, анча-мынча ичимдиктен да таттык, анан гитараларды кабынан алып чыгып, кезектеше ыр баштадык: Высоцкийдин, анан Кимдин, дагы бирөөлөрдүн, Визбор менен Окуджаванын ырларын созолонтуп, акыры Галичтин ырларына жеттик. Жүрөк кайнап турган, эч нерседен кайра тартпаган жаштарбыз да! Кемпир болсо туңкуйган бойдон уктап жатат, кудай жалгап, кулагы да укпайт окшойт, кебетеси деле шаардык эместей. 

«Булуттарды» ырдадык, анан «Эстеликти» созолонттук. Ырдын аягына жеткенде поёзд кыйчылдап келип бир жерге токтоп калды. «Барабандар согулат, тра-та-та!» деген саптарга жеткенде кемпирге жан кирип, кыймылдап калды. Башын көтөрдү да нуру жок көздөрү менен айланасын кыдырата карап:

- Аа.. Галичпи... – деп коюп кайра жата кетти.

Муну укканда эч нерседен тайманбаган биз, жаштар, коркконубуздан ичиркене түштүк. Бул соо кемпир эмес, чини кандай болду экен дедик. Ортого тунжураган жымжырттык чөктү. Так ушул учурда поёзд калдырап-шалдырап ордунан козголуп жыла берди да, терезеден станциянын аталышы көзгө урунду. Галич – станциянын аты тура.

«Аморалдар» жана «моралдуулар»

Менин досум Володя Кара-Мурзаны ошол жылдары «аморалдык жүрүм-туруму» үчүн комсомолдун катарынан айдап чыгышты. «Аморалдуулугу» – ал Окуджаванын ырларын ырдачу.

Эки жылдан кийин Володяны комсомолдон кууп чыккан комсорг аялы менен ажырашып, аты дүңк этти, көрсө, кайниси диссиденттик иштери боюнча камакка алынган экен. Ажырашуу жөнүндөгү арызына бул мыкты жигит «эл душманынын тууганы менен жашай албайм» деп түз эле жазыптыр. Булардын «моралдуулугу» ушул экен. Баса, ал азыр ГРУнун полковниги.  

Тур, каргыш тамгасы басылган...

«Большевиктер» деген спектаклдин аяк жагында Ленин али өлө электигине байланыштуу Совнаркомдун толук курамы ордунан туруп «Интернационалды» аткарган эле. Зал да ордунан турган. Турбаска аргаң барбы?

Мен да келесоо ал кезде жаш экем, чын дилимден ордуман тургам. Бирок досум Володя Кара-Мурзанын гана атасы ордунан турган жок.

Бир нече убакыттан кийин Маяковский аянтында экөө ага келип, а эмне үчүн сен ордуңан турган жоксуң деп сурашты. Кара-Мурза түшүндүрдү эле, ошол замат кармап кетишти. Искусствонун сыйкыр күчү деп ушуну айт...

Жынсы – болот!

Бродвейге бир жылга баралы деп атсак совет бийлиги эки жумага Венгрияга гастролго жөнөтүп жиберди. Ошентип 1980-жылдын май айынын этегинде мен Будапештти абада каалгыган канаттын талындай эркин кыдырып жүрдүм. Будапешт мага абдан жакты, бирок толук эркин экениңди сезүү андан бетер жагымдуу эле. Ошондуктан көзүм түшкөн жакты көздөй туш келди басып жүрүп, витринасында жынсылар боо-боо басылып жаткан дүкөндү көрүп калдым. Булар Подольскиде колдо тигилип, кастрүлдө кайнатылган жынсы эмес, нукура «левайстар» эле. Муну эми мен курдуулар гана түшүнбөсө, азыркы жаштарга түшүндүрө албайсың.

Дароо чөнтөктөрүмдү сыйпалап калдым, кашайып, жарыбаган акчам (форинт) мейманканада кала берген экен. Жүрөгүм зырп дей түштү, бирок акылым сааттай так иштеп жатты. Дароо көчөнүн атын, үйдүн номурун жазып алдым, дүкөн турган жерди картадан тактап алдым да, мейманкананы көздөй зуу койдум. Акчаны ала коюп эле чуркап чыгып келатып, кире бериштен котормочубуз жана коштоочубуз Катарина карпа-күрпө астыман чыга калды.

- О, Виктор! – деп кубанып кетти ал. – Бул жерде экениңиз абдан жакшы болбодубу! Биз музейлерге баратабыз, Эль Греко, Гойяны көрүп келебиз...

- Кайдагы Эль Греко, тиякта левайс жынсылар боо түшүп жатпайбы! – деп колуман келишинче кырдаалдын курчтугун түшүндүрдүм, бирок ынандыра албадым.  

- Жынсы эртең, - деди ал.

Ушул жерден мен Катаринанын жүрөгүн түшүрдүм:

- Эртеңге чейин калбай калат!

- Эмне үчүн калбайт? – мадьяр кыздын көздөрүндө чочулоо пайда болду. – Эмне, Варшава Келишиминин (СССР баш болгон социалисттик өлкөлөрдүн аскер блогу – котормочу) пландары өзгөрүп кеткенин мен билбей калдымбы? Эмне үчүн эртең Будапештте жынсы шым калбайт экен? Бирок мен Генштабдын кишиси болбогондуктан, Катарина жоошуй түштү.

- Болот! – деди ал. – Жынсы эртең болот! Азыр – музейге...

Мен маданияттуу жаш жигит болгондуктан баш ийдим. Музейге барып жанагы Эль Грекону баштан аяк кыдырдым, бирок жаным жай алалбай, жынсылар сатылып кеттиго деп ичимен кейип аттым. Талап кетишкендир эчак деп колдон алдыргандай болуп турдум. Бирок Катаринанын айтканы чын чыкты. Эртеси шаарга чыксам, кечекидей жынсылар ар кайсы дүкөндөрдө басылып жаткан экен. Маа демектен мүшөктөп ала бер. Ошентип апкелген жынсыны мен он беш жылдай кийдим. 

Чоң атам менен чоң энемдин үйлөнүү тою   

... мен аскерде кызмат кылып жүргөндө өттү. Бул мындайча болду. Чоң атам эски троцкийчи большевик эле, эски партиячыларды дарылаган ооруканага алып барышыптыр. (Чоң энем да карт большевик болчу). Анан догдурлар чоң атама кайсы бир кагаздарды каттап жатып чоң энемден нике тууралуу күбөлүк сурушпайбы, көрсө, чоң атам чоң энемдин эч кандай күйөөсү эмес экен, болгону чогуу жашаган «ойношу» экен.

Миң жыйырма бешинчи жылы алар коммунизм жеңет, ошондо мамлекет деген баары бир жоголот дешип өзүлөрүнүн жеке жашоосун мамлекетке билдиришпептир, мындайча айтканда, никеге турушпаптыр. Бирок коммунизм жеңбей калып, 1981-жылы абышканы чоочун адам катары партиялык оорукана дарылоодон таптакыр баш тартат. Эмне кылуу керек? Атам экөөнүн атынан арыз жазып, аны ЗАГСка алып барат. Нике күбөлүктү ошол жерден эле кармата коёт десе керек, кайдан... ЗАГСтагылар чоң атам менен чоң энеме бири бириңерге болгон сүйүү сезимиңерди текшергиле деп эки ай убакыт бериптир, тартип ошондой имиш. Элүү алты жыл чогуу жашаган экөө болгон сезимдин баарын текшерип бүтсө да арга жок, дагы бир жолу текшеришет. Анан алгачкы жолу никеге туруп жаткандар катары экөөнө таңкыс товарларга жана шакекти арзан сатып алууга талон беришет. Анан атам такси жалдап абышка-кемпирди никеге тургузуучу мекемеге алып барат. ЗАГС кызматкери ал жакта нике расмисин кылып, «жаңы турмуш баштап жаткан жаш жубайларга ак жол, бакты-таалай каалайт».

Үйлөнүү тоюнда болсо үстөлдө «жаш жубайлардын» пенсия жашына жетип калган үч баласы гана отурду.

Баалуу кадр

Cексен сегизинчи жылы мени шайтан айдап, документтеримди ГИТИСтин аспирантурасына тапшырып калдым. Адистик боюнча сынактардан жалаң беш менен өтүп, партиянын тарыхы боюнча экзаменге жеттим (башка тарых бизде жок эле да). Билетти алаарым менен бешке тапшырарымды ошол замат түшүндүм. Биринчи суроо улуттар маселеси боюнча, экинчиси Ю.Андроповдун СССРдин 60 жылдыгына карата жасаган доклады экен. Жоопторду даярдадым да, боордош республикалардан жолдонмо менен келгендер сынактан кантип өттү экен деп кызыгып карап отурдум.

Лена аттуу кызга кезек келген экен, кабыл алуучу комиссия мүчөлөрү ага жөнөкөй суроолорду берсе да тиги кыз жооп таба албай кыйналып атты. Бул кызга караганда Зоя Космодемьянская немистерге алда канча көбүрөк маалымат айтып берсе керек. Сынак алуучулар Ленаны таптакыр жыгып сала алышпайт экен, көрсө ал абдан баалуу республикалык кадр болгондуктан аны аспирантурага сөзсүз кабыл алынышы керек экен. 

- Сиз толкунданбаңыз, Лена, - дешти окутуучулар. – Бизге граждандык согуштун коммунист каармандарын атап бериңизчи!

- Чапаев, - деди Лена абдан катуу ойлонуп туруп.

- Туура, - дешти көмиссиядагылар оор улутунуп. – Дагы?

- Фурманов, - деди дагы бир топко ойлонгон кыз.

Отургандар мындан дагы бирдемени суроо майнапсыз экенин түшүнүп, жапырт үшкүрүп жиберишти.

- Лена, - деди отургандардын бирөөсү. – Сиз деги кайдан келгенсиз? Кайсы шаардансыз?

- Фрунзе, - деди Лена.

Отургандар жеңилдене түшүп, баш ийкеп калышты.

- Азаматсыз, көрдүңүзбү, сиз каармандарды жакшы билет турбайсызбы, болгону толкунданып турасыз, - дешти.

Ошентип советтик Кыргызстандан келген өкүлгө «төрт» деген бааны коюшту да, кезек мага келди. Буюрса, беш чөнтөктө деп ишенимдүү бардым. Болгон билимимди көрсөтүп, булардын оозун ачыргым келди. Лениндик, андан кийин сталиндик улуттар саясаты туурасында кенен токтолдум. Рыков-Пятаковдун топторунун ортосундагы талаш-тартышка чейин айтып бердим. Мунун баарын угуп отурган сынак алуучулардун кабак-каштары барган сайын түнөрдү. Ашыкча бирдемени айтып ийдим окшойт деп калдым.

- Бүттүңүзбү? – деди кайдыгер гана бир айым мугалим. – Экинчи суроого өтүңүз.

Мен баш ийкедим да, билгендеримди кайра татыратып айтып келип токтодум.

- Доклад качан жасалган? - сурады айым.

- Сексенинчи жылдын декабрында.

- Кайсы күнү?

- Союзбу? Жыйырма биринде.

- Мен докладды сурап атам, - зирк этти айым.

- Билбейм, декабрда болсо керек.

- Числосун билбейсиз, - деди айым, анан жанында отурган шериктери менен кейиштүү тиктешип койду.

Мен ошол замат аспирантурага өтө албасымды түшүндүм. Ошондой эле болду. Калган жыйырма мүнөт ичинде мен эң эле жөнөкөй суроолорго жооп бере албадым. Алардын ичинен эң оңою – Вьетнамдагы согушту токтотуу туурасындагы Париж келишими качан түзүлгөн деген суроо болду. Мен анын качан кол коюлганын айткан күндө деле сынакчылар эми каза болгон вьетнамдык жоокерлердин аттарын бирден атап бер дешмек. Айтор, шанс жок эле. Костя Райкин айткандай, «артисттин эң коркунучтуу түшү эмне? Сенин керегиң жок, бирок сен барсың» дегендей иш болду. Мен керегим жок экенин түшүндүм да эки деген бааны алып чыгып кеттим. 

Орусчадан оодарылды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз