Аброр Зохидов: Кайнатанын чечими (конкурска №8)

  • 07.03.2023
  • 4535

АҢГЕМЕ

Таң атты. Кадыржан жүрөгү кысылып келген бул үйдөгү алгачкы аткан таң. Ордунан туруп далысына чапанын жапты да, короонун аркы четин көздөй басты. Кимдир-бирөөнүн тамак кыра жөтөлгөнү угулуп, караса короодо кайнатасы Бурхан аке жүргөн экен. Бирок ал күйөө баласына карабай, бөлмөсүнө кирип кетти. Кадыржандын салам берсем деген тили тишине такалып калгандай болду. Эмне кылсын, арга жок, мындай тагдырга өзү макул болуп келбеди беле, чыдабай кайда бармак...

Эртең мененки чай үстүндө да сөз коошкон жок. Сыр бербей тымпыйып отурган кайнатасынын оозунан ныпым сөз чыкпады. Кайненесинин «алсаңчы, жесеңчи» деп үзүлө түшкөнүнө карабай Кадыржандын тамагынан бир туурам нан менен бир чыны чай араң өттү. Сүкүт салып отургандан тажаганда:

– Бүгүн күн ачык ко, аба эми ысып кетет окшойт, – деп сөздү жандантмакчы болду эле, тунжурап отурган кайнатасы үксүйгөн коюу каштарынын астынан күйөө баласына карап койду:

– Март аяктаганда жылыйт да...  

Келинчеги Махлиё чайнек көтөрүп сыртка чыкты, артынан апасы жөнөдү. Кайната менен күйөө бала жалгыз калышты, ортодогу ыңгайсыздык ого бетер күчөдү. Дагы жакшы, биртике болсо да алаксыткан телевизор бар экен. Кадыржан Европа футбол лигасындагы оюндардын натыйжаларын кызыгып көрө баштаганда, кайнатасы телевизорду башка каналга которду, ал жакта кончу узун өтүк кийип алган кабарчы камыш арасында ары-бери тегеренип, ылай жерди чукуп аткан эксковатордун иши туурасында маалымат берип жаткан экен.

Күч күйөө деген ушул экен да, жадагалса, телевизорду да каалагандай көрө албайсың, бирок чыдабаска арга канча.  

*       *       *

Тикенек үстүндө жашагансыган бир ай өттү. Кадыржан жумуштан кайтып келгенде дарбазаны кайнатасы ачты эле, озуна кол сунуп салам айтты. Ооз учу менен алик алган Бурхан аке күңк этти:

– Адегенде колуңарды жууп албайсыңарбы, жумуштан келатасыңар го. Саламдашканда адегенде улуулар кол сунчу эле...

Ыза боло түшкөн Кадыржан унчукпай үйгө кирип кетти. 

Кеч кирип калганда дарбаза жактан чакырган үндөр угулду. Сыртка чыкса достору келишкен экен. Төртөөнүн тең колунда көтөрүп алган белектери бар. Орусияда иштеп жүргөндүктөн булар тойго келе алышкан эмес эле. Коңузмурут Халим биринчи болуп аны кучагына кысты.

– Кандайсың дос, тойго келе албадык, бирок самолёттон түшөрүбүз менен эле үйдөгүлөр менен учурашып, сага чуркадык. Куш боо бек болсун, досум!

– Бизге арнаганыңды текчеге алып койгондурсуң, – деди сөздү илип кеткен Курбон.

Баары менен бирден кучакташып көрүшүп атканы менен Кадыржан итин ит тырмап аткандай камтама болуп турду. Бул жагы кандай болор экен эми...

– Кана, үйгө кирбейлиби? – деп калды куркуйган узун Эркин. Аргасыз ой басып туруп калган Кадыржан сыр билгизбей кайратын топтоп, жайдары түр көрсөттү:

– Ичкери киргиле, ыракмат досторум, төбөм көккө жетти силерди көрүп...

Дасторкон жайылды, аялы тамак камына киришти, Кадыржан болсо айнек шкафтын ичинде тизилип турган арактардын бирин алып чыгып ачты. Ал өзү ичкиликке жок эле, бирок кадырман достору келип атса, кантип бир шише бузбай коёт.

– Ушуну жөн эле койсоң болмок, Кадыр, ансыз да орустардын жеринде буга кокобуздан тоюп келдик эле, – деди Халим.

Эркин досунун кебине моюн бербеди.

– Бул эмне дегениң? Орустар үчүн ичет экенбиз да, досубуз үчүн ичпей эле коёлу дейсиңби? – деди шак эле кыдырата куюп, өзү сөз айтты:

– Дос менен аяштын бакты таалайлуу болушу үчүн!

Алып жиберди да артынан туздалган бадыраңдан кырт чайнаган Эркин андан ары бакылдады:

– Төртөөбүз Орусиянын бөлкөсүн төрт жыл жедик. Арак дегениң аякта дарыя болуп болуп агып турат экен, аялдар болсо кадам сайын бутка чалынат... Мобу Курбон да бирин таап, үстүнө кирип алды. Көөнүн гана тапсаң болду, жаткан жериң да, тамак-ашың да белен.

Жигиттер каткырып калышты, бирок Кадыржан гана ыңгайсызданып турду. Ким эмне десе эле анын баары айланып келип анын намысына тийип жатты. Балдардын ичинен акылдуурагы Халим муну кылдат түшүнгөндүктөн, колдон келишинче бул абалдан сылык чыгып кетиш үчүн олуттуу кеп баштады.

– Бирөөнүн жалгыз кызын ата-энесинен айырбай жакшы иш кылыпсың, дос. Карыган чал-кемпирдин батасын алып, үй жайга ээлик кылып, неберелери жанында чуркап жүрсө жакшы да.

Эркин ушул жерден кептин учугун дагы жыра тартты:

– Жакшы эмей эле зор иш кылгансың, дос! Бир ок менен эки коён аткандай, аялды да алып, үйгө да ээ болуп калганың жаманбы?

Кадыржан ичинен зырп дей түштү. «Мунун азабын билбеген соң айта бересиң да...».

Эркин андан ары кебин улады.

– Мисалы, орустарды алалы. Бизге окшоп келин алат элем дебейт. Бир чочкону оодара соёт да той берип, анан күйөө аялыныкына кирип алып жашай берет. Эх, Россия...

Ансыз да тикенектин үстүндө отургандай Кадыржан арак куюлган чыныны шак алып, тартып жиберди. Аз-аздан ичип отуруп кызый баштаган теңтуштар улам бирдемелерди эстеп, дуу түшө каткырып отурушту. Бир маалда эшик шарт ачылып, кабагына кар жааган кайнатасы Бурхан аке кирип келди. Жигиттер ордуларынан атып турушту.

– Силерде уят деген барбы деги? Бул келиндин чилдеси чыга элек үй болсо. Аны башыңарга көтөргөнүңөр аз келгенсип, шайтандын суусунан да шимирип отурасыңар! Билип койгула, бул менин үйүм, ошондуктан бул жерде баары мен айткандай болот!

Анан көздөрү чекчейип туруп калган Кадыржанга атырылды:

– Күйөө бала, досторуң аракеч экенин билгенде кызымды эзели сага бермек эмесмин, буларды жана эле жолотпой койсом болмок, сени гана аядым.

Араң турган Кадыржан тарс жарылды:

– Ушинтип аяганыңды сенин...

Кайненеси менен Махлиёнун жалынып жалбарганына карабай дарбазадан беш жигиттин баары тең чыгып кетишти.

*       *       *

Төрт күн Халим досунукунда жатты. Бешинчи күнү аялы экөө тээ сүйлөшүп жүргөндө кыналышып турчу көчөнүн башындагы тыт астынан жолугушту.

– Ушинтип жүрө бересизби? Үйгө кайтпайсызбы? – деди Махлиё.

– Кайтпайм, мени десең сен да ал жактан чык!

Махлиёнун өңү бузула түштү.

– Мейли, мен чыгып кетейин, бирок мени кайда алып барасыз? Үч абысыным тыгылып отурган атаңыздын үйүнөбү? Чычкан ийнине батпай атып куйругуна калбыр байлаптыр дегендей, өзүңүздүн барар жериңиз жок да, мени кайда тарткылайсыз?

Кадыржан унчукпады. Аялынын айтканы канчалык ачуу болсо да туура эле. 

– Атамдын пейилин билип деле калдыңыз го, унчукпай койсоңуз болмок.

Кайнатасынын атын укканда Кадыржан кайра тонун тескери кийди.

– Мени жерге урган үйгө бутум баспайт эми, өлсөм да барбайм!

Махлиё бырс күлдү.

– Эмне, махалладагы беш-алты аксакалды ортого салалыбы эми, барып апкелиңиздер деп?

Кадыржан аялына жек көрүү менен жалт бир карады да, бурулган бойдон кетип калды. Эртеси эле шаарга жөнөп кетти, эптеп баш калкалаган батир таап, жумушка кирди. Тапканын чып-чыргасын коротпой чогулта берди. Анан жакшы бир батир жалдап ичин керектүү эмеректер менен толтуруп, белек-бечкек алды да айылга кайтты. Күйөө болуп түшкөн үйгө келди. Эшикти кайнатасы ачты. Кир деген жок.

– Махлиёну алып кеткени келдим, – деди түз эле.

Кайнатасы коюу каштарын чимирди.

– Убадабыз башка эле го, күйөө бала? Тогуз жыл бою перзент көрбөй жүрүп тапкан жалгыз кызым көз алдымда болот деп келишпедик беле?

– Бирок достордун алдында мени уят кылганга келишкен эмес элек ко, ата? Махлиё менин никелешкен аялым, каякка алып кетсем ошол жакка кетиши керек. – Анан жооп күтпөй эле аялын атынан айтып чакыра баштады. Ичкериден кайненеси менен аялы чыгып келишти.

– Ой, Кадыржан, сиз белеңиз, куш келипсиз, кана ичкери кириңиз...

– Күйөө балаң башка ой менен келиптир, катын, кызыңды алып кетем дейт...

Буга чейин эринин жүзүнө дегеле тике карабаган аялы чыдай албады:

– Алып кетсе алып кетер. Күйөөсү го! Кана, Махлиё кызым, оокаттарыңды жыйна да күйөөңдүн астына түш.

– Жетишет! – кыйкырып жиберди Бурхан аке, – кызым эч кайда кетпейт. Күйөө келип жашаса ушул жерде жашасын, жашабаса тигине көчө! 

Ушундай сөз угарын билип даярданып келген Кадыржан аялына бурулду:

– Махлиё, сен менин никемдесиң, жүрү, кетели бул жерден. Төбөм менен жер казсам да сени багып алам. Күйөөсүнүн эркинен чыккан аял күнөөгө батат.

Кайнатасы дагы кепке аралашты:

– Сен бала, мага акыл үйрөтпө бул жерде. Эринин айтканын кылбаган аял күнөөгө батат экен да, сенин убадага турбаганың күнөө эмес экен да?! Сендей сандалган неменин кеби кеп экен да, жыйырма жыл бапестеп кыз өстүргөн меники сөз эмес экен да?! Кана, жогол бул жерден, бар да жанагы араккеч досторуңа кошулуп алып ташыңды тер! 

Кадыржан таяк жеген иттей болуп чыгып кетти, аялы артынан ээрчиген жок.

Эки жыл өттү. Беш жолу аялын алып келгенге аракет кылды, ортого киши салды, жалынып жалбарды, бирок Бурхан аке жибиген жок, айтканынан кайтпады. Акыркы жолу барганда көкүрөгүнөн түртүп чыгарды да, ошону менен маселеге чекит койгонсуду. Алдыда бир гана аргасыз жол – ажырашуу күтүп турду. Ага керектүү кагаздардын баары расмийлештирилди.

*       *       *

Жаңы сатып алган эки бөлмөлүү батиринде Кадыржан жарашыктуу кастюмуна шайкеш галстук тандап жатканда досу Халим кирип келди.

– Эй күйөө бала, дагы эле даяр эмессиң го, ЗАГСка кечигип калбайлы, келин да курбулары менен ынтызар боло күтүп отургандыр.

Кадыржан ызалуу жылмайды.

– Он сегиз жашар жигиттин кебин айтасың да досум, экинчи ирет үйлөнүп аткан адамга мындай сөздөр кызыктай угулат экен...

Так ошол маалда эшиктин конгуроосу басылды. Халим ачты. Босогодо туруп калгандарга маани бербеген Кадыржан күзгүнүн маңдайынан жылган жок. Күзгүдөн адегенде Бурхан акенин, артынан кайненеси менен Махлиёнун жүздөрү көрүндү. Көргөн көзүнө ишенбей шарт артына бурулду.    

Демейдегидей Бурхан аке биринчи сөз баштады.

– Кадыржан... уулум. Өткөн ишке салабат... Боорубузга кайт эми, сени абдан сагындык. Кааласаң биздикине барып жаша, кааласаң Махлиё бул жерде калып жашасын. Кызым дагы эле сенин никеңде, кагазды заматта кайра эле кестирип алабыз.

Махлиёнун көздөрүнө жаш айланды.

– Кадыржан аке, менин жообумду күтпөй кантип үйлөнмөкчүсүз?! Жок, мен буга чыдай албайм, сизсиз жашай албайм!

Кадыржандын көз алдына Махлиё экөөнүн тою менен ушу күнгө чейин өткөн азаптуу күндөрү чубуруп өттү. Эриндери титиреп турду, бул сөздөрдү ал үч жыл күткөн эмес беле, үй-бүлөсүн сактап калыш үчүн өзүн от менен сууга урбады беле. Жыйынтыгы болот экен го.

Жылмайып жиберди, аялы менен кайнатасына жайдары карады.

– Куш келипсиздер!

Анан жылмайган бойдон Халимге бурулду да:

– Халимжан дос, эң кымбат коноктор келген тура, буларды сага тапшырдым. Тойго өзүң алып барып, жакшылап сыйла, ресторандын эң жакшы жерине отургуз. Той аяктагандан кийин өзүң узатып коёрсуң...– деди.  

Өзбекчеден которулду.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз