Абийрбек Абыкаев: Көз баштык (№46)

(Чоң энемдин жомогу)

1.

Абалкы бир заманда,
Ажо жашайт дүйнөдө.
Ач көздүгү жагынан
Адам атка күйбөгөн.

Алган сайын алсам деп,
Ачылыптыр арааны.
Ага-иниси кошо жеп,
Ата журтун талады.

Элдин шорун ойлобой,
Эл насибин жалмады.
Эри антип жатканда
Эркеси андан калбады.

Капчыктуудан пара алып,
Капчыгы анын толгон дейт.
Каалаганын бий кылып,
Калпыс заман болгон дейт.

2.

Жылдардын бир жылында,
Жылып кырсык келиптир.
Жыргап жаткан жыласка
Жылгыс кесел бериптир.

Кыймылдабай шал болуп,
Кыйын болду абалы.
Табыптары чогулуп,
Таба алышпай дабаны.

Жеткен жердин баарына
Жарчыларды жиберди:
«Сырын тапсаң кеселдин
Сыйлык күтөт силерди.

Каалаганың хан берет,
Ким арылтса дартынан.
Кыйыныңар келгиле,
Дарыгерлер калкыңан!»

Ар кай жактан табыптар,
Келип жатты күнү-түн.
Айыкпады кесели
Таш каптырып үмүтүн.

3.

Шору катты ач көз хан,
Төшөгүнөн тура албай.
Так ошентип жатканда
Шыбырты жок жыландай:

Бир жан кирди үстүнө.
Кары жашы билинбейт.
Дарыгер алып жүрүүчү
Шайман көзгө илинбейт.

Сынай карап ал ханга,
Сөз баштады акырын:
“Айыктырам кеселден
Макул десең акылым.

Айтканымды жасасаң,
Арылтамын дартыңды.
Анча деле көп эмес
Аткар  эки шартымды.

Чукуп алып саламын,
Жакшылап ук сөзүмдү.
Канышанын бир көзүн,
Өзүңдүн бир көзүңдү.

Дартыңыздын себеби,
Дал ошентип арылат.
Бутуңузга тургузам,
Бир ай тынбай дарылап.

Айыккан соң дартыңдан,
Баштыгым бар кичине.
Дүр дүйнөңдөн бересиң,
Толгончо анын ичине.

Макул десең шарт ушул,
Баштайм бүгүн ишимди.
Мөөрүңдү бас, чакыргын
Ишенимдүү кишиңди”.

Болбогон соң башка арга
Шартка макул болду дейт.
Бир заматта ал шумпай,
Бирден көзүн ойду дейт.

Толук бир ай болгондо,
Хан кеселден арылды.
Экинчи шарт: карыздан
кутулууга камынды.

4.

Төгүн жүргөн киши эмес,
Сыйкыр билген жан экен.
Оюп алган эки көз
Чоң ишинин камы экен.

Чел кабыгын сыйырып,
Чел кабыкка жамады.
Каректерин баштыктын
Как оозуна кадады.

Алакандай боз баштык,
Ханга алып келди дейт.
Көрүп алып баштыкты
Хан шылдыңдап күлдү дейт.

“Казыначым бери кел,
Болуп турат жакшы күн.
Дароо толтур, катыгүн,
Дарыгердин баштыгын.

Азайтмакка дүйнөмдү,
Азаптуу дарт жабышты.
Айныбасын тезирээк,
Алып жөнө табыпты!”

Кутулам деп опоңой,
Кудуңдап хан сүйүндү.
Кайдан билди ач көз хан,
Катылган сыр, түйүндү.

5.

Кызык эми башталды,
Казынага келгенде.
Көлөмүнө карасаң,
Батуучудай беш теңге.

Кичинекей боз баштык
Салган сайын чоюлуп,
Кылым жыйган казына
Калбай барат оюлуп.

Салса дагы канчалык,
Толо турган көрүнбөйт.
“Аткарбасаң шартымды,
Ач көз хан сага өлүм!” - дейт.

Карбаластап ач көз хан,
Кеңешчисин жыйнады.
Айлакерин чакырып:
“Айла тап!” - деп кыйнады.

6.

Акылмандар кеңешип,
Шумдук сырын чече албай:
Айланчыктап турушту,
Хандан коркуп кете албай.

Ошол кезде капыстан,
Оозунда бир тиши жок.
Оодарылса бул дүйнө
Он тыйынча иши жок.

Куудай чачы апапак,
Кылым жашап карган дейт.
Кеп уксам деп кайрылып,
Көп ичине барган дейт.

Аңдап иштин чоо жайын,
Ал карыя  кеп айтат:
“Ал толбогон көз баштык,
Апкелгиле!” - деп айтат.

Алдырышты баштыкты,
Акылмандар топурап.
Абышка саал эңкейип,
Алып бир ууч топурак:

Салып ийсе баштыкка,
Баштык толуп калганы.
Таңгалышып көпчүлүк
Жакаларын кармады.

Сырын ачты карыя,
Көз баштыкка катылган:
“Адам көзү сугалак,
Бүт дүйнөнү батырган.

Топурактан башкага
Топук кылбай көз тойбойт.
Топугу бар адамга
Тоодой кырсык кез болбойт.

Сугалак хан, каныша,
Сугунат эл ырысын.
Элиң ачка отурса,
Ээлеген мүлк курусун.

Ач көз болбой ток болгун,
Айланайын, балдарым!
Айрыкча сук болбосун
Алтын тактуу хандарың!”

Бата берип абышка,
Байсал түштү жолуна.
Укканымды жаздым мен,
Калемди алып колума.

http://www.ruhesh.org/2019/11/08/ruhesh-sajty-zha-y-adabij-konkurs-zharyyalajt/

Комментарий калтырыңыз