Махабат Касейинова: Тушоо тойдо (№110)

ЭССЕ

Эригип отургам. Кошунам келиптир, жакында той беришерин айтып. Анча-мынча ыр жаза коёрумду билет. Тойго куттуктоо ыр жаздырмак элем дейт. Тушоо тоюн кафеге беришерин айтып, кѳп нерсени бежиреп отуруп кетти. Тушоо той демекчи, ѳткѳн жылы болгон окуя, эсиме түшүп жылмайып алдым.

*     *     *

Заңкайып тоолору алыстан кѳрүнгѳн кыргыздын керемет айылдарынын бирине келин болуп келгениме эки жылдан ашты. Кайын-журтум калк сыйлаган кадырлуу үй-бүлѳлѳрдѳн. Эки кайнагам, эки кайнежем – үй-бүлѳлѳрү менен шаарда турушат. Алар келгенде үйгѳ киши батпай ѳзүнчѳ бака-шака түшѳбүз да калабыз. Ушундай күндѳрдүн биринде улуу абысыным экѳѳбүз удаа кош бойлуу болуп, удаа тѳрѳдүк. Эки эркек неберелүү болгонуна жетине албай кубанган кайнатам малын союп, эл чакырып жентек той бердик.

Менин айтайын дегеним жентек эмес тушоо той жѳнүндѳ. Чынында жылмайып эстей турган деле окуя эмес...

*     *     *

Жыл айланып айланбай талпынып басып калган эки баланын тушоосун кесүүгѳ тойго камынып калдык. Коңшу айылдан ата-энем, иним, келиним келди. Алыс болгондуктан абысынымдын тѳркүнү тараптан эч кимиси келе алган жок. Баары жакшы башталды. Улуулатып куда-сѳѳк, туугандарды чакырдык. Тойдуку белгилүү эмеспи, тааныбагандары таанышып бака-шака сѳзгѳ киришти. Сый дасторкон үстүндѳ тамак артынан тамак берилип, конок тосуу шарты ѳз орду менен ѳтүп жатты. Тынчыраак уктасын деп уулумду бешикке бѳлѳп койгон элем. Аңгыча тушоо кесүү ырымын жасоого баары дүрбѳп сыртты кѳздѳй жѳнѳп калышты. Уулумду бешиктен чечип, болгон жакшы деп камдап койгон кийимдерин кийгизип мен да чыктым.

Ал ортодо бул сѳз кимден чыкканы белгисиз, бир баланын гана тушоосу кесилери тууралуу чечим кабыл алып коюшкан экен. Ал эми экинчи баланыкын кийинки келүүчү коноктор – кошуналарга кестирүүнү чечишиптир. Кайнагамдын уулун ортого алып, бутуна жип байлап, эне-атасын ээрчий келген балдарды тизип чуркатып калышты. "Ой, азамат", "чурка!", "тез, бол эле бол!" деген шаңдуу сүрѳѳндѳрдүн коштоосунда тушоо да кесилди. Бул ортодо эмне кармап, эмне койгонумду билбей ар кимдин оозун тиктеп мен жүрдүм. Колумда уйкусу чала ачылган уулум. Менден бешбетер элди маңыроо тиктеп ал жүрѳт. Чачылоо чачылып, улуу-кичүүгѳ камдап койгон белектерибиз да таратылып бүттү.

Жанатан дасторкон четинде отуруп буттары уюп, денелери талыкшыган коноктор эки-үчтѳн сүйлѳшүп, огород тарапты аралап кетишти. “Эки баланын тоюна келдик эле, экинчи уулдукун да кесип, чогуу бата берели” деген сѳз биринен да чыккан жок. Ѳздѳрүнүн чечими ушул чыгар дегенчелик кылып унчугушпады. Атүгүл ата-энем да айта алышкан жок. Уулумду кѳтѳрүп аш үйгѳ келдим, колума эмне урунганын билбейм, үй ичи калдыр-шалдыр эле боло түштү. Ызаланганым ушунча: ѳзүмдү токтото албай калчылдап алгам. Артыман жете келген кайнежем эшикти жапканча шашты.

- Ай, сен таарынып калдыңбы? Бир баланыкын кошуналар кессин дебедикпи, алар дагы байге барбы деп турушпайбы. Тушоо тойдун шааниси ошол эмеспи, кайра-кайра кесе беребизби, - деп сүйлѳнүп жүрѳт.  

- Куда менен куда болуп отурган таята, таенесичи, - дедим аптыгып оюмду жеткире албай: - алар эми качан келип, тамагын жеп, баланын тушоосун качан кесет деп карап отурушабы?

Үй ээси катары конокторго эт кандай тартылды – баам салганым жок. Нары ыргытынып, бери ыргытынып, сүйлѳнүп жатып ушул эле конокторго уулубуздун тушоосун кестирүүгѳ аргасыз кылдым. Ошентип жүрүп да “жолдошум эмне дээр экен, эл кеткен соң кыжыңдашпасак болду”, - деген санаа оюмда турду. Эт жеп чыккан коноктор бата берип тарап кетишти.

Бул келген коноктордун арасында аксакалдар, улгайган байбичелер кѳп эле. Менин оюм дал ошол ата-апалардан бата алуу болгонун эч бирине ачык айтып түшүндүрѳ алган жокмун.

- "Абысын аңдышкан жоо" деген ушул да, силердин балага атаандашып жатат, - деген кайнежемдин сѳзү кулагыма шак дей түштү.

*     *     *

Чын эле атаандаштым беле? Ошондо эмнеге анча ызаланып, кимге таарындым экен? Шаша-буша бешиктен чечип чыгып, тушоосу кесилбей калган уулум үчүнбү же эч нерсе кѳтѳрбѳй келип менин камдап койгон белектеримди элге таратып, уулунун тушоосун кестирип, унчукпай туруп калган абысыныма ачуум келди бекен?.. Бирок абысындык кылып жоолашканым эсимде жок. Бул окуянын таасиринен бир ай чыга албай жүрдүм. Аягы келип ѳзүмдү күнѳѳлѳп, анча кызууланып ачууга алдырбасам эмне деген ѳкүнүч оюмду бийлеп алды.

*     *     *

Мындай кыял-жоругум кыз кезимден бар эле. “Бир жерге барсаң биздин тѳрүбүзгѳ таштап кет”, - дечү апам. Кѳрсѳ кыял-жорук дегениң бирде болбосо бирде кармайт турбайбы дейм ѳзүмчѳ. Ушундан улам “кандай келин болдум?” - деген суроону ѳзүмѳ кѳп берчү болдум. Ырас, сайманы саймадай сайып, түймѳнү түймѳдѳй түйгѳн колунан кѳѳрү тѳгүлгѳн уз келин болгон жокмун. Же эшикке чыгып эркектин, үйгѳ кирип аялдын ишин жасаган тың келиндердин катарында эмесмин. Ѳз алына жараша үй тиричилигин жасап жүргѳн карапайым келиндердин биримин. Демек ушул абалымда жанагынча кыял кѳрсѳтүүгѳ акым бар беле, билбейм?..

*     *     *

Турмушта кызыктар кѳп болот окшобойбу. Дал ошол абысыным экѳѳбүз дагы удаа кош бойлуубуз. “Буюрса, - деп ойго батам, - жентек тоюн чогуу берсек, анан тушоосун кессек баягы жоругун кайталабасын деп мени бир сөз кылышпас бекен, ким билсин? Балким ошондо ачууга алдырып туура эмес кылган экемин деп актанып алуума мүмкүндүк пайда болор. Эмнеси болсо да аман-эсен кѳз жарып алсак болгону...”

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз