Кундуз Суранбаева: Атакемдин жайыты

  • 24.09.2023
  • 7557

Муз-Булактан муздак суу жутуп алып,
Мулуңдатып оозуна курут салып.
Чыт көйнөкчөн чыйрак кыз козу-улагын
Чыбык менен кубалайт чурулдатып.

Көккө тойгон көп козу көлөкөлөп,
Көк арчага жабылат бөлөк-бөлөк.
Мал малдыгын кылбаса май куйрукка
Малчы кайдан жөнү жок төпөштөмөк.

Кыр башында атасы кыңылдаган,
Дүрбү салат кызына тызылдаган.
Он баладан өзгөчө жакшы көрөт,
Сары кызын мектепке быйыл барган.

Муз-Булактын муз тоңбойт башатына,
Бирок жетпейт кыштоонун кашатына.
Жаз келгенде көбөйөт бир арык суу,
Кардын суусун улаган канатына.

*     *     *

Жалгыз-Арча желе жортуп жеткен жери,
Жаңылбасам андан бери эңкейбеди.
Бир чакырым жерден суу ташып жүрүп,
Апам байкуш, белиң кантип бекчейбеди?

Тоо койнунда алыскы, жалгыз кашар,
Ак кой баккан чабан бар очор-бачар.
Короосунда козулар жамыраса,
Коюн толо көп бала, үйү базар.

Короо койдун артынан кезген атам,
Кой багам деп мектептен кеткен атам.
Төлүн түгөл алгыча өтүк чечпей,
Төшү толгон медалга жеткен атам.

Атак-даңкы айылдан алыс кетип,
Айыл эмес борборду жарып өтүп.
Алтымыштан ашканда коюн берип,
Тоону таштап айылга келдик көчүп.

Бир өрөөндүн бийиндей кенен жүргөн,
Бир боорундай тоо-ташты бекем сүйгөн.
Айылдагы турмушка көнбөй атам,
Таң агарса тоосуна кетет үйдөн.

Көчүгүнө көк ташты басып алып,
Карта ойногон чалдарга калчу наалып.
Жылдар өтүп, таягын тыкылдатып,
Кейип жүргөн чалдарга калды барып.

Баягыдай тоо-ташка дарман кайда?
Үйү эми капаска айланган да.
Күн чубактап отуруп, "Атаң гөрү-ү",
Күңгүрөнүп көз салат аскаларга.

Эстелиги ээн калган ата-журттун -
Таш дубалда тарбаят эки устун.
Эгемендик келгенде "эңип кеткен",
Кашар, үйдү бийликтүү киши-кузгун.

"Кашар менчик, тийбейт" деп ишенимдүү,
Камырабай жүргөндө билем бир күн:
“Камаз” айдап бир чоңдун эрке уулу,
Таш-талканын чыгарган ишемби күн.

Өзөгүнө өрт түшүп апам байкуш,
Өң-алеттен кеткенде акем жалгыз.
"Нысабы жок пендеге теңелбе" деп,
Кол шилтеди ооруган атам алсыз.

"Вагон калды, сүйрөтүп келем" деди,
Эртеңкиге көлүгүн белендеди.
Кыштын күнү кылчылдап үч күн барып,
"Болбоду ата, жазда алып келем" деди.

Көралбаган бирөөлөр тынчы кетип,
Вагон-үйдү өрттөдү түн күзөтүп.
Ичи түтпөй акемдин алып келди,
Кара көсөө темирин сүдүрөтүп.

Түтүнү жок, а түгүл мору да жок,
Күлдөбөдө чыгарган кору да жок.
Күн чубактап бозоргон боз шыйпырлуу,
Биз чоңойгон төрт бөлмө үй ордунда жок.

Камгак учса калдаңдап төрдөн түшүп,
Козу-улактай жамырап көздөн учуп.
Боз шыбактар бозорот күңгөй бетте,
Беш жүз койдун бейити өңдөнүшүп.

Азан-казан дүйнө эле убагында,
Аркар, элик суу ичкен булагында.
Ак кой жуушап, козулар оюн салчу,
Тукабадай жайылган тулаңында.

Мотор үнүн чөп кыркып дүкүлдөгөн,
Дүкү тарткан абамы күшүлдөгөн.
Дүрбүсүнөн секелек мезгилимдин
Кээде көрүп жүрөмүн түшүмдө мен.

Тоолор калды, жылгада булак калды,
Ээсиз калган таш коргон турак калды.
Капылеттен дүйнөдөн атам өтүп,
Караан туткан аска-зоом урап калды.

Жылдар өтүп булактын көзү толуп,
Бир ат чабым агалбай жолдо соолуп.
Кекиликтер кезинде сууга келчү,
Келбей калды алар да үйүр болуп.

Булак үстү арчалуу тектир болчу,
Төр жагында зоосу бар бүркүт кончу.
Таң атканда ышкырып уларлары,
Жылга ичи ажайып шаңга толчу.

Кайда? - бүркүт андагы көк жиреген,
Кайда? - арчалар жапжашыл көк тиреген.
Кайда? - улар, кекилик сайрап турчу,
Калды атамдын жайыты ээнсиреген.

Атам баскан жолду улап күйүп-жанып,
Кетмен-күрөк карууга илип алып.
Таш коргондун жанына эки бөлмө
Тамды салды бир акем кийин барып.

Жайдак калган жаны ачып талаасына,
"Түбү сенин жериң" деп баласына.
Булактын дал көзүнөн түтүк улап,
Суу чыгарды кыштоонун кашатына.

Жан киргизип атамдын жайытына,
Жашоо берип булактын агымына.
Кош өрүм чач чыйрак кыз козу-улагын
Кайтарсын деп коюптур мага мына!

"Аккан арык - суу дайым агат" дешет,
"Үмүт оту үзүлбөйт, жанат" дешет.
Балдарымды жетелеп баратсам да,
Балалыкка ой чиркин алып кетет...

Козу-улагым чыккыла корооңордон,
Чыт көйнөкчөн кызыңар келди эңсеп.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз