Жерди жонуна көтөргөн Ташбака

  • 08.10.2020
  • 3651

Жозеф Бручектин “Түпкүлүктүү Америкалыктардын жомокторунан”

(Түндүк америкалык индейлердин жомогу)  

Жер жаралгандан мурда суу гана болуптур. Жээги көрүнбөгөн бул суунун бетин түрдүү канаттуулар үйүрлөшсө, суунун өзүндө сан түркүн жандыктар сүзүп жүрүшчү. Көз жетпеген бийиктеги булуттардын үстү жагында Асман Жер жайгашып, анда аябагандай чоң жана керемет кооз дарак өсөт. Дарактын төрт тамыры дүйнөнүн төрт касиеттүү жагын карай созулуп, анын бутактарында ар түркүн жемиштер бышып, жылдыздардай сан жеткис  гүлдөр бажыраят.

Асман Жерде каары кол башчы болуп, анын жаш аялы кош кат экен. Бир күнү жаш аялга түш кирет. Түшүндө Чоң дарактын тамырлары кыйылып калыптыр.  Аял түшүн күйөөсүнө айтып берет. Ал түшүн айтып бүткөндө кол башчы башын ийкеп мындай дейт:

- Аялым, сенин түшүң мени капа кылды. Бул улуу кудуреттин жышааны. Ошого сен көргөн  касиеттүү түштү чындыкка айлантуу үчүн биз колубуздан келген бардык аракетти жасап, Чоң дарактын тамырларын тегиз кыйышыбыз керек.

Анан жаш жигиттерди чакырып, даракты тамыры менен жерден сууруп алгыла деп буйруйт кол башчы. Дарактын тамыры күчтүү жана терең кеткендиктен, жигиттер канча аракет кылышпасын, даракты ордунан былк эттире албай коюшат.  Айлалары куругунда каары кол башчыга кайрылышат. Карыя тизесине чөгөлөп отуруп, даракты эки колдоп бекем кучактап,  катуу-катуу толгоп туруп, жерден тамырлары менен кошо жулуп алат. Дарактын ордунда түбү көрүнбөгөн чоң чуңкур пайда болот. Кол башчынын аялы келет чуңкурду көрөйүн деп. Ал чуңкурдун ичине түшүп кетпес үчүн Чоң дарактын жоон шагын бир колу менен бекем кармайт. Чуңкурдун жарык жетпеген түпкүрүндө жылт-жылт этип, суу бардай көрүнөт ага. Аял моюнун каркыдай созуп, ийилип үңкүрдүн тереңине үңүлүп карайм деп жатканда, денесин тең салмак кармай албай, колу жылмышып, аңга кулап кетет. Анын  бир уучу толо дан эле. Суу үстүндө ар түркүн куштар калкылдап учуп жүрүшкөн.

 - Асмандан бизди көздөй кимдир-бирөө түшүп келатат,- дейт башын чалкалатып көккө тигилген куштардын бири.

- Биз ага кантип болсо да жардамдашалы,- дейт башка бир канаттуу. Эки ак куу канаттарын жайып, утурлай учуп жөнөйт. Алар Асмандан кулап келаткан аялды канаттары менен тосуп алышып, суу бетиндеги көккө кадалып турган канаттуулар менен айбанаттарды көздөй ылдыйлап учуп жөнөшөт.

- Бизге окшош эмес экен, - дейт айбанттардын бири. – Буттарынын таманы биздикиндей жаргактуу эмес турбайбы!?  Ал сууда жашай аларына мен ишенбейм.

 -Анда эмне кылалы? - дейт үчүнчү жаныбар.

- Мен билем,- канаттууулардын биринин үнү чыкты.- Суу астында Жер бар экенин эшиткенмин. Эгер биз суу астына шумкуп барып, жерден алып келсек, ал жашагандай орун болмок.

Канаттуулар менен айбанаттар арабыздан бирөө болбосо бирөө Жерди суунун бетине алып келе алар дешип, ар бири  кезек менен аракеттенмек болушту. Обол соно[1] шумкусун деген сунуш айтылды. Соно канча терең шумкуганы менен суу түбүнө жете албады. Кийинки кезек кемчеттики эле. Кемчет соного караганда алда канча терең шумкуганы менен суу түбүнө жетпей, аргасыз артка кайтты. Эмки кезектеги маймакказ[2] кубаттуу канаттары менен сууну калап, бир кыйла убак терең көздөй шумкуп барды. Ал да акыр аягында күчтөн тайып, куру кол кайтты. Анан бир ичке үн угулду.

- Мен жерди алып келем же ошо жакта өлөм.

Бардык жан-жаныбарлар бул кайсы бачагар болду экен дешип, үн чыккан жакка баштарын бурушту. Ал чоңдугу корто келемиштей ондатра экен. Корто ондатра сууга башы менен куштай чумкуп кирип, ылдый көздөй сүзүп жөнөдү. Ондатра башка жан-жаныбарлардай күчтүү жана шамдагай болбосо да, жеткен көк мелтей эле. Бу сапар да көк мелтей мүнөзүн көрсөтүп, улам тереңдеп, караңгыга сүңгүп сүзүп баратты. Улам тереңдеген сайын өпкөсү жарылчудай болуп, жүрөгү да дүкүлдөп, тез-тез согуп жатты. Ага карабай эле өжөрлөнүп сүзө берди. Бир кезде ондатранын алдыңкы оң аягы суунун түбүнө тийди. Бирок ошо учурда ал эстен танып, суу үстүнө анын өлүү-тирүүсү белгисиз денеси калкып чыкты. Бардык жан-жаныбарлар “ондатра да куру кол кайткан турбайбы” деп ойлошуп, анын жанына келишсе, оң колун бекем түйүп алган экен. Алар илгери үмүт менен чурулдап жиберишти.

- Ондатра топурак уучтай келиптир. Топуракты кайда төгөлү?

- Менин жонума төккүлө!

Кирилдеген  үн угулду. Бул суунун ириминен сүзүп келген көрөсөн ташбака эле.

Бир нече жан-жаныбар  ондатраны көтөрүп келип, анын оң колун этият алып, ташбаканын жонуна коюшту. Ондатранын оң уучундагы топурак ташбаканын жонуна төгүлдү. Ошо замат жанагы топурак чоңою баштады. Ал тынбай чоңоюп отуруп, кадимки Жердей чоң болду. 

Эки ак куу көктөн кулап түшкөн аялды алып келип, жаңы жаралган Жердин бетине коюшту. Асман аял алканын ачты эле, алаканындагы уруктар кыртышка түшүп, Жер бетинде дарактар өсүп, көйкөлгөн көк шибер пайда болду. Жерде жашоо башталды.

Ал эми ташбаканын калканында ошо күндөн ушу күнгө чейин ондатранын топурак ууштаган оң колунун тырмактарынын изи сакталып калган экен.

Англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу

[1] Соно – өрдөк.

[2] Маймакказ – гагара (лат. Gavia).

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз