Жозеф Бручек: Өлүм кайдан келди[1]

  • 20.04.2024
  • 3667

Жозеф Бручектин “Түпкүлүктүү америкалыктардын жомоктору” деген китебинен

Дүйнө жаңы жаралганда Чал менен Кемпир ары-бери басып,  кобурашып жатты.

 - Эми жашоонун эрежесин тактап алалы,- деди Чал.

- Жакшы болот,- деди Кемпир.- Жашоо эрежесин кантип чечебиз?

- Мындай кылалы, - деди Чал.- Бул менин идеям болгондуктан, ар бир маселе боюнча мен биринчи өз пикиримди айтышым керек деп ойлойм.

- Мейли,  акыркы сөздү дайыма мен айтам анда, - деди Кемпир.

Алар тегеректи кыдырып, баарын байкап көрүшкөн соң, Карыя сөз баштады.

 - Мен аңчылык жөнүндө ойлондум. Эркектер мергенчи болушсун. Мергенчилер аң уулагысы келгенде, айбанаттарды чакырышса, бардык айбанаттар аларга келсин.

 -Эркектер мергенчи болгонуна мен макулмун, - деди Кемпир. – Бирок алар чакырганда айбанаттар чогулчу болсо, адамдардын жашоосу аябай жеңил болот. Айбанаттар адамдарды көргөндө дыр коюп качыш керек. Ошондо эркектерге айбанаттарды өлтүрүү оңой-олтоң иш болбойт. Аң уулайбыз деп, кыйналып жүрүп, адамдар акылдуу жана күчтүү болушат.

Бир кыйладан соң Чал сөздү улантты.

 - Мен адамдардын келбети жөнүндө ойлондум. Алардын бир жак бетинде  эки көзү, экинчи жак бетинде оозу болсун. Кишилердин оозу өйдө-ылдыйга ачылып-жабылсын. Ар бир колунда он манжасы болсун.

 - Адамдардын көздөрү жана оозу болсун дегениң туура, - деди Кемпир. - Бирок алардын көздөрү жүзүнүн жогору жагында туурасынан жанаша туруп, оозу ылдый жагында туурасынан болууга тийиш. Алардын колдорунда манжалары болсун дегениңе да макулмун. Бирок бир колунда он манжасы болсо, анда кол эпсиз болбойбу? Ошон үчүн ар бир колдо бештен манжа болсун.

 - Акыркы сөз сеники деп макулдашканбыз, - деди Чал.

Андан соң экөө дарыяны бойлоп, басып жөнөштү.

- Кел эми, өмүр жана өлүм жөнүндө чечип алалы, - деди Чал.-  Менин сунушум мындай. Колумдагы буйвол[2] этин дарыяга ыргытайын. Эгер эт чөкпөсө, адамдар өлгөндөн төрт күндөн кийин кайра тирилип, түбөлүк жашайт.

 Чал этти сууга ыргытты. Эт суунун бетине калкып чыкты.

  - Маселени биздин ушундай жол менен чечкенибизге макулмун,- деди  Кемпир.- Бирок кишинин тагдырын буйвол эти менен чечкенди туура деп санабайм. Мен колумдагы мына бу ташты сууга ыргытам. Эгер таш суунун бетине калкып чыкса, адамдар төрт күн өлүп, анан тирилет да, эч качан өлбөйт. Эгер таш сууга чөгүп кетсе, адамдар өлгөндөн кийин кайра тирилбейт.

Кемпир ташты сууга ыргытты. Таш ошо замат чөгүп кетти.

- Эми ушундай болот, - деди Кемпир сөзүн улантып. - Эгер адамдар өлбөй, түбөлүк тирүү жүрүшсө, алар Жер бетине батпай кетишет. Азык-түлүк тартыш болот, бири-биринин алдында өздөрүн күнөөлүү сезишет. Адамдын өмүрү ченелүү болсо, алар бир-бирин аяшат. Түшүнүшөт. Өлгөндө кайгырышат.

Чал эч нерсе дебеди.

Анча убакыт өттү. Чалдын баласы бар эле. Кемпир жана Чал баланы аябай жакшы көрүшчү жана ушундай баласы бар экенине алар бактылуу эле. Бир күнү бала ооруп, көз жумду. Кемпир акылдашалы деп Чалдын маңдайына барып отурду.

 - Кел, өлүм жөнүндө сүйлөшөлү кайра.

Чал башын чайкады.

- Жок. Акыркы сөздү сен айттың, - деди ал.

Англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу

[1] Жомок АКШнын түндүк батышындагы Монтана штаты менен Канаданын батышындагы Альберта провинциясынын чек арасындагы түздүктү жана тоолорду байырлаган сиксика (siksika) индейлеринин оозунан жазып алынган. Cиксика – “кара аяк” (black fооt) дегенди билдирет. Алар бут кийимдерин  же мокасиндерин такай кара түскө боёп жүрүшкөндүктөн, жергиликтүүлөр аларды  “кара аяктар” же “ Black Moccasins” (blackfeet) деп атап алышкан.

[2] Түндүк Америкада бизонду буйвол деп туура эмес аташат.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз